
Илгери-илгери Бишкек деген баатыр киши жашаптыр. Жылдардын биринде эл Аламүдүндүн Чуңкурчак деген жайлоосуна көчүп барганда, Бишкек келте менен ооруп калат. «Келте» оорусунан эл жугуштуу деп абдан коркчу экен. Бишкекти үй-бүлөсү менен Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз калтырып, эл башка жайлоого көчө качып кетет. Бишкек өлөрүн билгенде:
— Балдарым! Бишкек деген ат керт башыма, эрдигиме да таандык. Алдуу-күчтүү кезимде эрдигиме таянып, журт башкарган билермандар мени караан кылып урматтап, өздөрүнө жакын алып жүрүштү. Мурда тирек кылган бир дагы байдын, манаптын көңүлүмдү сураганын көрбөдүм. Армандуу дүйнө деген мына ушундай, балдарым. Эми мен жарык дүйнө менен түбөлүккө коштошомун. Бирок менин сөөгүмдү Чуңкурчак жайлоосуна жалгыз бейит кылып калтырбай, Аламүдүн суусунун боюна, жолдун түндүк жагындагы жээктеги дөбөгө койгула. Ал жерде да эч көрүстөн жок. Бирок Анжиян, Ташкен тараптан Токмок жана Ысык-Көлдү карай өтүп турган жүргүнчүлөрдүн карааны мени жалгызсыратпайт. Колуңардан келсе күмбөз тургузуп койгула, — деп Бишкек керээзин айтып, дүйнөдөн кайтат.
Балдары атасынын керээзин аткарышат. Бир жылдан кийин күмбөз да тургузушат.
Өткөндөр ал жерге токтоп, куран окушат. Соодагерлер кербен сарай салышып, чайкана ачышат. Бара-бара ал жер Бишкек деп аталып, жыл өткөн сайын чоң шаарга айланат. Кийин ал шаар Республиканын борбору болуп калат.
К. Күмүшалиев


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев