
67-БӨЛҮМҮ
Көл көйкөлүп бышып турган убагы, элдин көптүгүнөн башың айланат. Өзгөчө жакынкы Өбекстандан, Казакстандан, Орусиядан келген эс алуучулар.
Жансайдын ата - энеси эс алуучу номерди алып коюп Жансайга жоолугу үчүн чыгышты.
Номерин такылдатса кичинекей Зарлык ачты,
- оо баатыр саламатсыңбы, эмне жалгызсыңбы, - деп сурады Парат.
- Ооба Жансай жездем менен Кубат байкем тамактанганы кеткен, азыр келишет, деди Зарлык.
- Сиздер Жансай жездемди издеп келдиңерби, - деди Зарлык.
- Ооба, кел бери сен Зарлыксың го деп учурашты Фарида.
Аңгыча Жансай менен Кубат кирип келди.
Ата-апа, сиздер кайдан, көлгө келем деп айткан жок элеңиздер, - деп учурашты.
Фрунзеге келип, кайын журтуңа жоолугуп, той күнүн белгилеп койдук баатыр, деди атасы.
Саламатсыздарбы деп учурашты Кубат.
- Саламатчылык Кубат, жаңылбасам Кубат ээ.
Экөөңөр куюп койгондой окшош экенсиңер, эгизсиңерби деп эч ким сураган жокпу, деди Парат.
Эгиздей болгон кагылайындар, деп Фарида өөп учурашты.
Үч күн эс алалы да Алма - Атага карай жол тарталы балам, туугандарга кеңешели.
Аңгыча болбой кыздар кирип келди.
Төртөө тең бой жеткен сулуу кыздар экен деп төрт кызды суктана карап турду Фарида.
- Кыздар эс - алуулар кандай өтүп жатат деп үчөөнү өөп, Алтынайды бекем кучактап сагындым го кызым жакшы жүрөсүңбү деди.
- Жакшы, өзүңүздөр жолдон чарчаган жоксуңарбы, деди Алтынай.
Ооба куда - кудагыйларга жоолугуп келдик, ата - апалар мыкты кишилер экен, өзгөчө Сабырбек ата менен Валя апа жакты, деди Фарида. Силерди көрдүк, эми эс алалы, жолдон чарчадык, деди Парат.
Үч күндөн кийин Алымбек келип баары Фрунзени көздөй жөнөдү.
Үйгө келип эле Алтынай, - апа мен атамды издеп айылга барып келейин, деди Күмүшкө карап.
Мейли атаңарга айталы анда деп төркү үйдү көздөй жөнөдү.
Ата, - Алтынай атасын издеп айылга барып келейин, деп жатат деди Күмүш, Сабыр атаны карап.
Мейли барып келсин, Илимбек менен Бурма да барып келсин, куда - кудагыйды да тойго чакыра келишет, эрте менен эрте чыгышсын деди. Аны уккан Жаркынай чоң ата мен да барсам болобу, деп сурады, эмнеге болбосун, барып кел кызым, атасын издеген акылдуу кыздарым бар, деген менин деп чекеси тырыша түштү. - Кудай урган ошол атаңарды, бир да жолу кыздырым деп издеген жок, деп кейиди Сабырбек ата.
Илимбекти чакырып, машинаны оңдоп эртең эрте жөнөгүлө, куда - кудагыйды, Болот менен Берметти тойго чакыра келгиле. Кыздардан көзүңдү алба, деп дайындады.
Таң эми атып баштаганда жолго чыгышты...
Жол катар Алтынай атасын элестетип бара жатты, боюу узун, кең далылуу, кашы- көзү кара, бир караганда киноактерлорго окшоп кетчү. Кыздар атасына окшош, ошондуктан биринен бири өтүп сулуу...
Ичип келгенде апасы Күмүштү күнөөлөп, сага үйлөнбөйт элем, сүйлөшкөн кызым чыкпай коюп сени ала качкам, деп урчу эле.
Кийин, Каныш тайежеси ошол сүйгөн кызына кетип калган, ал да күйөөгө тийип ажырашкан экен, деп айтканын уккан.
Азыр жүрөгү сагынычка толгон кыз, кандай болсо да аман болсо болду, деп бара жатты...
Бурма сөз баштап эки жыл өтүптүр ушул жол менен ата - энеме келбегениме акыркы жолу Мамбет үйлөнгөндө келген экенбиз, деп айтты.
Мамбет болсо бир совхоздун зоотехниги, Момун атасынын жеңилин жерден, оорун колдон алган элпек, күйүмдүү бала болгон, Перизат да келин жумшап калган кез..
Машинанын үнүнөн улам сырка чыккан Перизат, ии кагылайындар силер кайдан, жакшы жетип келдиңерби, деп учурашып жатты.
Апа жакшы жүрөсүзбү, - деп учурашты Илимбек.
Апоо деп кучактады Бурма , санындым го деп өпкүлөп жатты.
Ии кыздар бой жетип калыптыр, айланайындар деп маңдайынан өөп Алтынайсыңбы, келегой сен Жаркынайсың ээ деп маңдайынан өптү Перизат.
Үйгө киргиле деп киргизди, келиңиздер эже, деди үйдөн чыккан Айым жүгүнүп.
Өмүрлүү бол деп алкап бетинен өптү Бурма.
Кирип отурганда эле Бурма келген жөнүн айтып: - тойго чакырып келдик Алтынайды күйөөгө узатып жатабыз, деди Бурма.
Ии жакшы болгон турбайбы, убакыттын өткөнүн кара кече эле кичинекей кыздар эле...
Бак айтсын кызым, тойго барабыз буйруса, - деди Перизат.
Атаңды жакында эле көргөм, Кайыңдыга тойго барганда... Сурма менен баш кошкону бир уул, бир кыздуу болгон...
Баягы кычыраган Мерген жок ооруп жүрөт деп уккам... же санаа тартып жүрөбү... биз шаарга барып келгени Момунга жоолугуп, силерди сурап турат, деди Перизат.
Сурап турат деген сөздү укканда, араң чыдап турган Жаркынай ыйлап жиберди.
Кой ыйлаба кызым, силерди барып көрүп келейин десе ажаан Сурма жеп койбойбу, ошондон коркот, быякка чакырып эле учурашкыла деди Перизат.
Жок барып эле учурашканыбыз оң, тойго чакыруу алып келдик, ини - сиңдим менен катышып алсак дегем, - деди Алтынай.
Аның деле туура кызым, барсаңар барып келгиле, деди Перизат.
Эртеси туруп эле Кайыңды айылын көздөй жөнөштү...
Мергендин үйү кайсы деп сурап таап, жете барып токтоду. Секелек кыз чыгып кимге келдиңиздер деп сурады, Алтынай түшүп эле атам үйдөбү деп сурады эле, ары жактан ким, деген эркек кишинин үнү угулду.
Ата мен Алтынай деди эле, костюмун чала кийген Мерген чыкты эшикке.
Алтынай менен Жаркынай атасын кучактап ыйлап жатышты.
Мерген да ыйлап эсине келгенде, жүргүлө кыздарым үйгө киргиле деп ээрчитип жөнөдү.
Салкынай төшөк сал бул кыздар сенин эжелериң деди Мерген.
Ой байкемди кир дейин деп Илимбекти чакырды Жаркынай.
Аа кел кыздарымды көрүп сени унутуп калган турбаймынбы, сен Момундун күйөө баласы болосуң го деп учурашты, Илимбек менен.
Алып келишкен баштыгын көтөрүп ашканага чыккан Салкынайга жардам берейин деп чыкты Жаркынай.
Кызым, мени кечиргиле, силерге бир жолу барып кабар алып келе алган жокмун, деп ыйлап жатты Мерген.
Көп кейий бербеңиз, турмушта ар кандай болот, биз сизди тойго чакырып келдик, Алтынайды күйөөгө узатып жатабыз, - деди Илимбек.
Ээ кызым өзүңдү издеп келет деп ойлогон жок элем, Момун айтты эле сени Москвада окуйт деп... ызасына чыдабай үзүп - үзүп сүйлөп жатты Мерген.
Мен анда бара берейин кечинде келем, деп чыгып кетти Илимбек.
Кыздар алып келген баштыкты ачып, атасынын астына коюп, чай иче баштаганда аялы Сурма, уулу Адил кирип келди.
Бир азга карап таң калып турганда,
- Сурма кыздарым келиптир, - деди Мерген.
Көптү көргөн куу Сурма кыздардын кийингенин карап, столдун үстүндөгү баштыктарды карап,
- ии кагылайындар десе келгиле деди калп жылмайып.
Мындайды күтпөй жүрөкзаада болуп турган Мерген сүйүнүп кел уулум эжелериң келди таанышып ал, - деди.
Сурма кыздарым; - Алтынай менен Жаркынай, бул аялым Сурма, уулум Адил жана сиңдиңер менен тааныштыңар да, деди Мерген.
Кыздар саламатсызбы деп учурашты.
Адил сүйүнүп эжелерим бар деп уккам, силерди көрөт экем ээ, атама канча жолу айткам, барып таанышалы дегем, деди Адил. Жаркынай Адилди кучактап ыйлап жиберди эле, кой кызым ыйлаба мындан кийин катышып турабыз, деди Мерген.
Эмне отурабыз конокторго тамак жасайлы, кел Салкынай мага жардам бер, деп кам көрүп баштады Сурма.
Апа эжелерим мага көйнөк алып келиптир деди Салкынай. Айиий сонун жарашып калды сага кызым, дагы эмне алып келиптир деди, баштыкты жаңсап Сурма.
Билбейм көрсөтө элек деди Салкынай.
Адил баштыкты алып келчи деп суранды Алтынай.
Атасына алып келген пальто, костюм - шым, Сурмага көйнөк - жоолук, эң башкысы Адилге алып келген кийимдер чапчак келгенине сүйүндү Алтынай.
Эжелерим, ыракмат бирок атамды дарылатсак болот эле, андан көрө атамды доктурга көрсөтөлү. Оор ишке жарабай калды, боору ооруйт, деди Адил.
Фрунзеге келгиле ошондо доктурга көрсөтөлү, деди Алтынай.
Мен өлбөйм, мени эмне кыласың кызым, андан көрө силер бактылуу болгула, деп көзү жашылдады Мергендин.
Мага кудай сооп деле ыйгарбаса керек, силерди талаага таштап коюп өз жанымды күтүп кеттим деди.
- Ата суранам антип айтпаңыз, сиз бизге керексиз, бизди тагдыр эркелетти, жакшы адамдарга туш болдук. Сизден башка үч атабыз бар, бизден эч нерсени аябайт, бирок сиз өз атабызсыз да, ошон үчүн издеп келдик, эми сизди таштабайбыз.
Сөзсүз дарылатабыз, деди Алтынай.
Аны уккан Адил , - ата көрдүңүзбү сиз сакайып кетесиз деди.
Аңгыча тамак көтөрүп Сурма менен Салкынай келишти, тамак ичип бүтүп калганда Илимбек келип калды машина менен.
Биз кеттик анда ата - апа деп кыздар коштошуп, силерди тойдо күтөбүз, эки стипендиясын не бар, не жок деп чөнтөгүнө салып алган Алтынай, Сурманын колуна карматып, атамды жакшы мүнөздөп тамак берип караңыз, деди.
Кыздарым мейли тойго барабыз, көрүшкөнчө, деп коштошту Мерген.
Каап мурда эле катыша бербей кыздар менен, мени апа дешти, мынча акчаны карматып, эмнеге ич күйдүлүк кылдым экен. Биз карабай койгон менен кудай колдогон экен буларды деп уяла да түштү, Сурма. Нече жолу Күмүштүн жазган катын көрсөтпөй өрттөгөнүнө өкүнүп турду Сурма.
Эми кеч тойго Мергенди уул - кызы менен жиберейин кийинкисин көрө жатарбыз, деп ойлонду Сурма.
Уландысы бар...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6