
Кабул шаарында жашоочу эки адам өз өмүр— тиричилигин жакшы өткөрүүнү каалап Султан Махмуддан жардам суроо максатында Ганза шаарына сапарга аттанышты.Жол үстүндө бир адам буларга жолдош болду.Ал абдан оор— басырыктуу, барга— жокко канаат кылган адам болчу.Өмүр бою өз кол күчү менен күн кечирип, ак эмгектен тапканына канаат кылып жашаар эле.Жанагы эки адам ошол оор— басырыктуу кишиге эмне максат менен өздөрүнү Ганзга бара жатышкандыктарын айтып,ал адамдын дагы сапарынын себебин сурашты.Ал адам аларга.
—Мен жыгач устамын.Өзүмдүн адал эмгегимин арты менен тапканыма шүгүр кылып жашаймын.Эч кимден эч нерсе үмүт кылбаймын.Султандын тартуу сыйы мага керек эмес.Болгону сейилдеп Ганза шаарын кыдырып келүү үчүн гана сапарга чыктым,— деп жооп берди.
Булар Ганзага жетип келээри менен, эки жолдош Султандын кашына келишти.Бирок шүгүр кылган адам барбады.Баягы эки киши Султанга эмне максат менен Ганза шаарына келгендерин айтып,кошо келген кишинин эмне үчүн Султандын алдына келбей койгондугун дагы айтып өтүштү.Султан адам жиберип ошол үчүнчү шүгүр кылган кишини дагы алдырып келди.Анан алгач эки жолдоштун каалоолорун сурады.Алардын бирөө Султандан бир баштык алтын сурады.Экинчиси болсо ал үйлөнө электигин, мүмкүн болсо сарайыңыздагы кыздардын бирөөсүнө үйлөндүрүп койууну өтүндү.Султан булардын тилектерин аткараарын туюндурган соң,шүгүр кылуучу адамдан.
— Ганзага эмне максат менен келдиң?
—Эмне үчүн менин кашыма келүүнү каалабадың? — деп сураганда,шүгүр кылуучу адам мындай жооп берди.
— Мен Ганза шаарын бир сыйра кыдырып көрүп кетүү үчүн гана келдим.Өзүм болсо чыныгы ак эмгегим менен гана адал кесибимдин саясында өмүр кечирүүнү каалаймын.Эч жерде ар— намысым төгүлүп,абийиримди ойрон болушун каалабаймын. Сиздин тартуу— сыйыңыздын мага бир тыйыны да кереги жок.Ошол себептүү алдыңызга келүүнү каалабадым.
Султан Махмуд тартуу берген, сыйын көрсөтмөк болсо шүгүр кылуучу адам эч макул болбой койду.Султан эки жолдоштун тилектерин орундатты.Ошентип алар Султандын уруксаты менен өз айылына кетүү үчүн жолго чыгышты.Шаардан чыгып бир аз жүрүшкөн кийин алтын ээси чаалыгып, баштыкты баягы шүгүр кылуучу адамга тапшырып андан бир азыраак жерге чейин көтөрүп барууну өтүндү.
Шүгүр кылуучу адам эч кандай тартуу албай койгондугуна каарданган Султан Махмуд өзүнүн бир кызматчысына шашылыш түрдө.
Желкесинде баштыгы жок,ээрчиөкен аялы жок бара жаткан адамды өлтүрүп,башын кесип келгин — деп буюрду.Кызматчысы тезинен аларды кууп жетип,баягы бара жаткан баштык ээсин өлтүрүп, башын кесип Султанга алып келди.
Султан баштыктын ээсинин башын таанып, кайра кызматчысына, жаңылыш өлтүрүпсүң, тезинен кайра барып жанында ээрчиткен аялы жок бара жаткан адамды өлтүрүп,башын кесип келгин деп буюрду.
Дал ошол маалда баягы күң аялдын күйөөсү аялын шүгүр кылуучу адамдын жанына таштап коюп,зарылдык туулган себептүү, караңгыраак жерге чуркаган болчу.Кызматчы шашылыш барып ай— буйга келбей,сурабай— эетпей туруп эле баягыны өлтүрүп, башын кесип Султанга алып келди.Султаг абдан тазданып.
Баштык асынып,жанында аял ээрчиткен адамды өлтүрбөстөн тирүү боюнча алдыма алып келчи,— деп кызматчысын кайра жөнөттү.Кызматчысы барып жанагы адамды Султандын кашына алып келди.
— Султан жылмайып.
— Жолдошторуңа эмне болду?— деп сурады.
Мындай деп жооп берди, шүгүр кылуучу адам.
— Сиз кимге алтын менен аял тартуулаган болсоңуз, акыбетинде алардын жанын дагы өзүңүз алдыңыз.Мен сизден эч нерсе албаганым үчүн аман калдым.
Султан анын сөзүнө ыраазы болуп.Менден каалган нерсеңди тилегин,— деп андан өтүндү.
Шүгүр кылуучу адам мындай деди.
— Макул мен сизден үч нерсе сураймын.Адегенде баштыктагы алтындарга дагы көбүрөөк алтын кошуп,өлгөн жолдошумдун үй бүлөсүнө жөнөтүп,аларды ыраазы кылыңыз.Өз күнөөлөрүңүздү кечирүүлөрүн алардын үй— бүлөсүнөн сураныңыз.Мындан кийин ачууга алдырып, күнөөсүз бирөөнү өлүмгө буюрбаңыз.Өзүңүздү адилеттүү башкаруучу катары көрсөтүңүз.Үчүнчүсү сизден эч нерсе тилебеймин. Эгер уруксат берсеңиз аял бала— чакамды Ганзага алып келип өзүмдүн адал кесибим менен тиричилик кылайын.
Султан Махмуд анын тилегин орундаткан соң,мындай деди.
—Менин да үч тилегим бар.Сиз да ошону кабыл алыңыз,Биринчи менин кетирген каталарымды кечириңиз.Экинчиси ар бир жасаган ишиме мага кеңеш берип туруңуз.Үчүнчү ар бир жума күнү кечкиси менин жаныма келиңиз.Сырдашууңуздан ырахат, акыл алайын.
Ошентип шүгүр кылуучу адам Султандын өтүнүчүн ксбыл алып,өз макулдугун берди.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4