
(аңгеме)
Наристелүү болдум. Тун балам. Кубанычым койнума батпайт. Өзүмдү ушунчалык алсыз сезип, ушул турган керебетке жетүүгө алым келбечүдөй болуп турсам да, көздөрүмдөн бакыт нуру чачырап турду. Мен жаткан палата 4 кишиге ылайыкташып, мага чейин да эне болуу бактысына туш болгон эки эже жайгашкан экен. Алар да, мед кызматкерлер да же менин жузүмдөгү кубанычты көрүп туруштубу, же баардыгы эне болгон соң чын жүрөктөрүнөн сезип туруштубу айтор "азаматсың" деп жылмая карашып, жумшак сүйлөп жатышты. Мен ансайын дердеңдеп, өзүмдү эң бактылуу адам сезип, кубанычым койнума батпайт. Палаталаштарымдын бири бешинчи кыздуу, экинчиси жетинчи уулдуу болуп, жаштары да тажрыйбалары да менден улуу эле. Алар менен таанышып, кеп-кеңештерин угуп жайланыша баштадым. Жаңы эле жарык дүйнөго келген балапаным колумда. Ууз сүт эмген баланы, канчалык кыйылганыма карабай ак халатчандар "сен бир аз уктап эс ал, балаң биздин козөмолдө болот, ушундай болуш керек" деп алып кетишти. Көзүм жумулуп уйкуга тартып баратканы менен, деги уктай албай койдум. Жарым күн мурда курсагымда жаткан баланы, башка бирөөлөр эле алып кеткени мага анчейин ынабай турду.
Эже, бала ыйлабай эле уктап аткан го, мобул жерге эле жаныма алып келип алсам эмне болот дедим? Жанымдагы палаталаш эжелердин биринен
Ай иий, баласаактыгын кантесиң, укта, эс ал. Балаңды догдурлар карап, текшерип чыгышы да керек го. Коркпо, жаныңа алып келип беришет аздан соң эле, азыр мурдагыдай эне-баланы бөлүп жаткырбайт союз кезиндегидей - деп күлүп койду.
Козүмдү ачсам, күн түштөн ооп калыптыр. Чочуп кеттим, канча уктадым, десем маңдайымда күлө карап турган медайым, чочубаңыз, аз эле, могу градусникти коюп, дене табыңызды өлчөп бересизби деди жылмая. Мен оозумду таптап баламды сураганча, азыр алып келип беришет деди да колундагы көп градусниктен бирди таштап чыгып кетти. Дене табымдын бир калыпта экенин көрсөткөн градусникти тумбанын үстүнө коюп жатып, мандайымдагы керебеттеги эженин ыйлап атканын эми байкадым. Ымыркайын бир колу менен бекем кучактап, экинчи колу менен жузүн жаап алган. Акырын бутумду жерге коюп, басканды жаңы үйрөнгөн баладай кадам таштап эженин жанына жеттим.
-Эжеке, эмне болду тынчылыкпы? адамдын ою күлүк, мен дароо ымыркайга бир нерсе болгон го деп ойлоптурмун. Жок, кичинекей периште момоюп уктап атат.
Көпкө бышактаган эже, мени жалооруган коздөрү менен, сулуу жүзүнө куюлган көз жашын сүртө карап, "менин төрөгөнүмө бир суткадан ашып атат, эртең чыгышыбыз керек, а жолдошум келбей жатат"-деди. Саамга нес болуп туруп калдым. Анчейин тушүнө бергеним жок, анан олжо таап алган мергендей сүйунүп кеттим. Телефонумду корсөтүп, чалалыбы, сиз чалып көрдүңуз да, ал укту беле? деп өзүм да анча тушүнбөгөн , бир чети орунсуз суроолорду жаадырдым.
Эже, телмирген бойдон палатанын төрүндөгү терезеден кайдадыр узаак, узактарга карап туруп, "ал келбейт" деди...
Денем суу сепкендей муздай туштү.
-Кандайча? ??-дедим копол үн менен.
Бул биздин бешинчи перзентибиз, деди да эже көпкө үн катпай калды, а мен дале жакшы түшүнбөй турдум уккан сөздөрүмдү. Бирок сөзүн да бөлгүм келген жок. Анткени анын көз карашы ушунчалык оор эле.
Бир топтон соң кайра кайталады. "Бул биздин бешинчи перзентибиз. .., бешинчи кызыбыз" деди күдөрү үзүлгөн адамдай.
Албетте, мен тушүнөм, бардык ата артынан туяк калуусун каалайт. Бирок, кандай азап менен толгоо тартып, аны омурткаң сыздап тогуз ай көтөрүп төрөгөн энеде эмне айып???
Эже, андан эместир, кантип эле төрт кызын жакшы көргөн ата бешинчисин жактырбай калсын. Мүмкүн, жөн гана, жолдошуңуз. .. деп андан ары сөзүмдү таппай калдым. Менин болгон мээм, күч кубатым, өмүрүмдө топтогон жашоо тажрыйбам бул энени сооротууга жетпейт турду.
Аңгыча жаныбыздагы бош керебетке, коляскага салып дагы бир келинди алып келишти. Өзүм теңдүү жаш кыз экен, улуту орус. Аны да жанагы мендей кылып мед кызматкерлер жылуу жумшак сүйлөп жайгаштырышкан соң, колуна куурчактай болгон наристесин карматышты. Бирок, эмнегедир бул эненин жузүнөн кубанычты байкай албадым. Көзүнөн мөлт деп аккан жашты, шашыла алаканы менен аарчып, көпкө ыйлап соолуган адамдай энтигип кетти.
Болду эми, андан көрө өмурүн тиле, ыйлай берс™ң сүтүң качып кетет. Колуңдагы кызыңды ойло, а балаң ал убактылуу гана. Эгиздер ушинтип көп учурда бири чабал болуп калат, эч нерсе эмес. Аз күн аппаратта жатат да, адам болуп кетет. Керилген гана эр жигит болот”- деп медкызматкерлер сооротуп жатышты. Бул келиндин бир уул , бир кыз эгиз төрөп, уулуу өтө эле чабал төрөлүп, адам болот болбойт дешип атканын эми тушүндүм.
Кеч да кирди. Балдарыбыз жаныбызда, келген тамак-аштар менен бири-бирибизге бөлүшүп, озүнчө божурашып баарыбыз бири-бирибизге көнө түштүк. Ал тургай, балдарыбызга кандай ат коебуз, кандай деп элестетип, кантип кыяданып жүргөндөрубүздөн бери айтып берип жаттык. Жаш экенибизге карабай, силер жаңы эле төрөдүнөр, биринчи балаңар, биз эртең чыгып кетебиз деп, эки эже Лида экөөбүздү ордубуздан жылдырбай, чай,шорпо куюп берип тейлеп жатышты. Медкызматкерлер баарыбызды бир сыйрадан текшерип, жанагы эки эжеге эртең чыгат экендиктерин жарыялашып, бейпил түн каалап чыгып кетишти. Момпоюп эле уктай берген бөжөгүмдү карап, искеп, искеп алып мен да уйкуга кирдим. Түнүбүз тынч өттү. Таң атаары менен медиктер салтка айланган текшерүулөрүнөн соң, эки эже тең кетүүгө камынып жатышты. "Кудайым күч кубат берсе, элүүгө чыкканча бир кыз төрөп албасам болбойт. Бул жети эркек, чоңойсо үйлөнүшөт да кетишет. Кыз жароокер болот" деп тамашалай сүйлөп, тилек кылган эжени күйөөсү, улуу уулдары келип чыгарып кетишти. Акырын кыймылдап, кызын ороп, андан соң өзү кийинип, менин маңдайымдагы эже да камына баштады. Суроого оозум барбай турса да, "эжеке, келиштиби чыгарып кетүүгө?" - дедим. Өзүнө өзү кайрат бере "ооба, улуу кызым менен апам келди" - деди да биз менен коштошуп, медайымдын коштоосунда баштыгын алып палатанын эшигин жапты. Анын кубарган жүзүндо кубаныч менен санаркоонун, беш баланын энеси болдум деген сыймык менен, ошону менен катар эле бармактайынан баш кошкон түбөлүк түгойүнүн алдында бул эч нерсеге татыбай жаткандагысына болгон ызасы, алдыда дагы кандай күндөр болуп, балдарымдын тагдыры эмне болот деген тээ жүрөгүнө катылган бушайман ойлору окулуп турду.
Спорт залдай аңгыраган чоң палатада Лида экөөбуз калдык. Маектешип отурдук. Аны да сооротуп, “уулуңдан кабатырлана турган эч нерсе жок дешти го догдурлар, көп ойлоно бербе “ деп жаттым.
Мен ага эмес, башка нерсеге катуу капа болуудамын деп көзүн жашылдантты. Мен мындайды күтпөгөм. Ушул мажүрүм талдай ийилген жаш кызга тагдыр неге мынчалык оор сыноо берди экен?!
"Менин тукумумда эгиз жок» - деп таштап кеткен күйөөсүн, бир уул бир кыз төрөгөнүн уккан өз атасы, уулун алып,кызын таштап чыкса келсин үйгө, болбосо ошондон ары жоголсун " деп атканын апасы эрте менен келип ыйлактап айтып кеткенин, анан да сени чыгарып кетүугө келе албай калсам кечир. Атаң карыш бастырбай кайтарып атат деп, көгөргөн көзүн жүзаарчы менен жаап, бир аз акча таштап, " сени таенең чыгарып кетет, атан неберелерин көргөндө ачуусу басылаар, сөзүнөн кайтаар, ага чейин айылда таенеңдикинде болуп тур, мүмкүн балдары төрөлдү деп угуп, жолдошуң деле кайра келээр"-деп кеткенин угуп, дүнүйөм аңтар-теңтер болду. Жакамды карманып, кудайга тобоо кылуудан башка аргам жок эле. Эмнеге адамдар ушунчалык мерез боло алышат?! Мындай жүрөктөр эмнеден жасалат болду экен?! Ушундай адамдар эмнени ойлоп жашайт болду экен?! –деген сансыз суроолор жан дүйнөмдү мүлжүп жеп жатты. Лиданын тагдырында менин сөздөрүм текейге тең келбесе да “ чыйрак бол, башкысы апаң бар бактыңа,көчөдө калган жоксуң, таенең бар, анын үйүнө барасын, эжең, сиңдиң каралашышат” деп сооротуп жаттым. Сен менин атамды билбейсиң да, ал мен таенемдикинде экенимди билсе, таенем экөөбүздү да сабагандан кайра тартпайт деди улутуна.
Келип аткандар, кетип аткандар, шашып аткандар, жылмайган жүздор, аккан көз жаштар, терезелердин тушуна үймөлөктөшкөн тууган-урук. .. Бул жерде да озүнчө бир дүйнө,өзүнчө бир тагдырлар. Ойгонгондон бери барылдап ыйлап аткан чүрпөмдү “баланын курсагы жакшы тойбой ыйлап атат, биз тойгузуп келели, сен жатып эс ал, эч нерсе эмес,бүгүн кечинде, эртеңдерден тойгузуп каласын деп ойлойм” деп баламды көторүп кеткен медайымды күтүп отуруп, чыдабай артынан жөнөдүм. Эмне бул жакка келип алдың деп урушат экен деп ууру мышыктай акырын басып, узун коридордон улам бир эишкти акмалап жүрөм. Эшиги кыйгач ачылган бөлмөдө чабалекейдей катар тизилип жаткан үч,төрт бобөктү көрдүм. Дароо ошол жакка баш бактым, көзүм менен өз баламды издеп жүрөм. Ай кыз, эмне кылып атасың бул жакта?! – деген өктөм үндөн селт эттим. Колунда чака, резина мээлей кийген эжеден жалтана “балдар бөлүмүн издеп келгем, менин балам бул жакта” дедим. Кой, кудай сактасын, балаң бул жакта болбой эле койсун ал коридордун тиги жагында деп ээк жаңсап койду. Шашыла чыгып кеттим, бирок эмнеге кудай сактасын деди деп ойлонуп бараттым. Медайымдын козөмолүндө кыркалекей тизилген наристелердин арасында барбайып уктап аткан чүрпөмдү көрүп жүрөгүм тынчтана туштү. Дароо боорума кыса рахмат айтып жөнөй берээримде “көрдүнбү апасы, сенин эле баланды алып келип койбойт бекенбиз бул жакка” деп жылмайган врачтан чынында уялып кеттим. Келген коридорум менен палатаны коздөй баратсам, жанагы санитрка эже терезеге кыйгачтап жолөнүп, көчө жакты карап, жылмайып туруптур. Жанынан өтө берээримде кайсы палатадасын? -деп сурап калды.
-Жетинчи дедим, андан ары сөз күтө. Эже мени деле укпагандай “ээ кагылайын” деп алды ыраазы боло, терезени караган бойдон. Анын бул абалы мага да кызык болду. Анын көз карашын ээрчий мен да терезеге үңүлдүм. Төрөт үйүнүн дарбазасынан чоң жол тарапка чыгып бараткан улгайган кемпир менен тыпырайган 6-7 жашар баланы көрдүм. Уулум деди эже жылмайган тейде, Жакшы дедим мен анын бул маанайын кубаттай. Быйыл биринчи класс, ушинтип мен сменде кезде таенесин колунан жетелеп алып, бир жолу жумушка келип кетет деди да мен жакка бурулду.
-Канчанчы балаң?
- Биринчи дедим.
-Аа, бактылуу болсун,ат койдунарбы деп калды. Ооба, төрөлө электе эле ойлонуштуруп койгонбуз дедим. Жакшы, кана эми, ар бир бала мына ушундай бакытка ээ болсо. Тилекке каршы бул жашоо да деп оюн аягына чейин айтпагандай улутуна кетти.
Бул сиздин кичүү уулуңузбу- дедим эжени сөзгө тарта. Жок, бул менин жалгыз уулум деди. Ошентип сөз сөзгө уланып отуруп, эжени палатага чакырдым. Күнгө жекшемби болуп, эртеси дүйшөмбү да майрам күнгө туура келип калгандыктан, медкызматкерлердин тиешелүулөрү гана калган болчу. Мунун айынан биз палаталашым Лида экөөбуз 48 саат эмес, 4 сутка төрөт үйүндө жата турган болдук.
Лида уктап калыптыр. Аны ойготуп албайлы деп, санитарка эже экөөбуз кобурашып отурдук. Эжеге термосто турган чайдан куюп, сундум. Баланы өзүнүн керебетине эмес, эмнегедир өзүмдүн ордума жаткыргым келип, жаздыктын үстүнө жаткырып койгонумду көргөн эже. “көп эле баласаак боло бербесеңчи, азыртан жытыңа көнүп алып, үйгө барганда карыш бастырбай коет го” деп күлүп калды.
Мен бул жерде көп жылдан бери иштейм деп сөзүн баштады эже. Кыштын чилдесиндеги күндөрдүн бири болчу. Өзүн деле уккандырсың, биздин врачтардын ичинен эн мыктысы Малика эже да, ага тээ борбордон бери жазылып келишет атайын анын колунан төрөгөнү деди эже сыймыктана. Ошол күнү мен жумушта элем. Малика эженин сменасы эмес болчу. Бирок ал түшкө жакын келип, кабинетин ачты. Дароо эле сырт кийимдерин чечип, кудум төрөткө даярдангандай даярдана баштады. Анан мага азыр бир чоңдун аялына аборт жасаарын кобурап калды. Ийгиликтүү өтсө экен, баш тартканыма болбой, сиңдимди ортого салып атып макул кылдырышпадыбы деди. Деди да ийне, жабдыктарын көтөрүнүп чыгып кетти. Айткандай эле коридорго чыга калсам, күпкүрөң жылтыраган шуба кийген, кулагындагы сөйкөсү кулагынан чоң болгон, жашы менден бир аз улуурак же мен курактуу, толугунан келген, бирок курсагы кадимкидей билинип калган аял жанымдан шашыла басып өтүп кетти. Сырттагы капкара чоң машинасынан дагы бир келин, баштык көторүп, тушүп келатканын көрдум. Өз иштеримди жасап жүрүп, булар тууралуу унутуп да калган экенмин. Бир кезде сени төрөт залда Малика эже чакырып жатат деген медайымдын үнүнөн чуркап бардым. Айтылган аборт жасалыптыр. “Ийгиликтүү” болгондой. Малика эже жылмайып жайдары. Келинди акы төлөнүүчү палатага бир күнгө жаткырып коюшканын, абалы жакшы экенин, өзү болсо бир жакка шашып атканын айтты. “Мен барып, кабинетимди жаап кете берейин, бул жерди эмне кылышыты өзүң билесиң да, макул жакшы калгыла деди да, ии баса, тиги коробканы унутпа ээ” деп терезеде турган коробканы ээк кага көрсөтүп коюп чыгып кетти. Төрөт керебетин кийинки төрөй тургандарга даярдап, жууп тазалап бүтүп коробканын жанына келип туруп калдым. Анткени андагы алакандай наристе мага дем алып аткандай көрүндү. Акырын жалаякка ороп чыгарып алып тыңшасам угулбайт. Өлүү же тирүүсү белгисиз бул адам тукумун кучактап көпкө турдум. Эмнегедир аны жөн эле ыргытып сала албай койдум. Калыңдап ороп, уйгө алып жөнөдүм. Демейде эки мүнөттө жетчү жолум, кылымга созулгандай болуп кетти. Уурулук кылгандай, шаша-буша чалыштап отуруп үйгө жеттим. Улам баланынын жузүнө үңүлө карап коем. Билинээр билинбес кыймылдап да ийгендей туюлду мага. Эшиктен кирээрим менен окуяны тушүндурбөй эле баланы апама сундум. Байкуш апам, бир чүрпөнү бир мени карап алып, термостон жылуу суу куйдуруп, ага наристени салып, андан соң эми эле энесинин жатынынан түшкөн баладай чапкылап, күбүрөнүп бирдемелерди айтып Жаратканга жалынып ырым-жырымдарын жасап жатты. Мен туманда жүргөндөй эле, өзүмдүн эмне кылып салганымды аңдап тушүнбөй, тек гана жетелеген бир күчтүн айтканын жасап жаткандай болдум. Кырылдап барып, мышыктай алсыз үн чыгарган баланы көргөндө гана көздөрүм умачтай ачылды. Айланайын, ичээр суусу бар экен, айланайын жашап кетет деп атканын уктум апамдын. Ушул күндөн тартып, баланы оозуна пипетка менен сүт тамчылатып бага баштадык. Чийки эт жегендей бир жумадай ойлонуп жүрдүм, бирок көпко минтип ката албашымды билип, жанагы врач Малика эжеге болгонун болгондой айтып бердим. Бир дем менен уккан Малика эже, эстүу аял да кантсе да,жашоодо көптү көргөн. “Эч жерге каттоого турбаптыр, бул бала төрөлсө үй бүлөм талкаланат эже деп караманча каршы болуп туруп алган мен канчалык төрөп ал дегеним менен. Алты ай болду деди эле, жети айга бир күн болсо да өтүп калган го, карачы Жараткандын касиетин. Бул да болсо буйруктур, Кудайым сага берип атат бул баланы табериктеп, багып ал” деди да туруп кетти. Мен эжени деле күнөөлөбөйм. Баары буйруктан да. Эгер менин иш күнүм эмес болгондо, мүмкүн бул бала жашабай калат беле, жашаса да жана сен адашып кирип алган бөлмөдөгү балдардын катарынан орун алат беле, ким билсин. А мен ушул бойдон эне болу кандай экенин билбей отуп кетээр белем. Айтор 40 ка чыкканда Кудайым берген белегим - деп сөзүн бүтүрдү санитарка эже. Токтобой сүйлөдү... Кудум гипноздолгондой, 7жыл мурдагы окуя дал азыр болуп жаткандай опкоолжуп айтып жатты. Уккан кулагыма, көргөн козүмө ишенип ишенбээримди билбейм, өзүм бала кучактап эне болуп турсам да, өзүмдү жаңы эле бул дүйнөго келген балапандай сезип турдум. Кайда??? Кайда мен угуп, көрүп чоңойгон баалуулуктар, эрежелер??? Кайда жашоонун табигый мыйзамдары? ?? Алар же, жалан гана китеп беттеринде, кинолордо гана болобу? Мага коркунучтуу сезилди. Бул жашоо, айла-чөйрөм, ушул турган адамдар, баары... Бул беш күндүк өмүрдү эмнеге татыктуу жашап өто албайбыз, ал үчүн ыйман менен акылдан башка эч нерсенин деле кереги жок экен го. Ал үчүн напсини тыйып, байлык менен мансаптын кулу болбой пири болуп жашагандан артык эч нерсенин деле кереги жок экен го?! Эмнеге муну билип туруп, кылымдардан бери сакталып келе жаткан жашоо мыйзамдарын озгөртүүгө умтулабыз?! Эмне үчүн?! Ким үчүн?! Албетте, бул суроого маңдайымда турган баатыр эне, мен санитарка эжени ушинтип атоону эп көрдүм, жооп бере албайт эле . Түбүң түшкүр дүнүйө. Колумдагы эч нерседен бейкапар уктап жаткан наристемди ушунун баарынан калкалап калгым келди. Ушул мүнөттөрдон тарта, энелик жоопкерчиликти бүткүл дүйнөм менен сездим окшойт. ..
Райондук ушул төрөтканада өткөн төрт күнүмдүн ар бир күнү, он жылдык жашоону көрсөткөндөй болду мага. Ар бир күнүмдө мен он жылга алдыга жашоо тажрыйбасын алып жаткандай сездим өзүмдү. Канчалаган өмүрлөрдүн башаты да, соңу да болгон ушул муздак боз дубалдар дагы канча деген кандай тагдырларга күбө болоор экен.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4
Сонун жазылыптыр.