
20-БӨЛҮМ
АЯГЫ...
Энем дүйнөдөгү эң мээримдүү, акылдуу, жан дүйнөсү таза адам эле. Ар дайым алдыңа кетейин, өмүрлүү бол дечү. Тилеги орундалып балдарынын алдында кетти, Келиним жакшы болуп калсын деп, бото салынып Кудайдан ажалды тилеп-сурап алды. Жакын адамымдан айрылуу мен үчүн өтө оор болду. Анткени мен эс тартканы энем экөөбүз бир күн да айрылган эмес экенбиз. Азыр кирип келчүүдөй чоң энемди күтө бердим, эшиктен "шырп" эткен үн чыкса, "эне" деп чуркап чыгам. Мен эмес эсин жоготкон абам жетимсиреп жүрдү. Биздин үйдүн устуну кулады, эшикке чыгып эркек, үйгө киргенде мээримдүү эне экендиги даана билинди. Атам болсо бүк түшүп жатып калды. Батма чоң эне ар күнү келип куран окуп, бизге тээк болуп жүрдү. Бир күнү атамды урушуп кирди, - "оо жолуң болгур, тур! Сени көргөн балдарың кантет, Раманкулдун күнү эмне болот? Жатып алганын кара, энеси өлгөн жалгыз сенсиңби?" - Деп урушту. Бас, - деп, мени жетелеп, атамды ээрчитип мүрзө башына бардык. Атамды куран окуп деп, коюп менин оозума каттуу топуракты такап, - тилиңди чыгар, деп жалатып жатты. Кызыңды карасаң өтө куса болуп жатыптыр, мүрзөнүн топурагын жалатып койсо, көксөсү сууп калат, деди Батма чоң эне. Ага деле болгон жок, мүрзө биздин үйдөн көрүнүп турчу, жакшыраак көрүнсүн деп, аткананын үстүнө чыгам, дагы даана көрүнсүн деп жыйган чөптүн үстүнө чыгып караганда энемдин караанын издейм. Туруп шашып-бушуп неберелерим кантти экен, - деп келе жаткандай сезилет. Бир саам карап туруп, карааны көрүнбөсө түңүлүп кайра түшөм...
Бул жалгандын айныгыс мыйзамы мени кадыресе кыйнады. Ишенчээк, баёо балалыгымды колдон жулуп кетти, тез эле эркелигим калып, чоңоё түштүм.
Андан бери жарым кылым өтсө да ошол күн, ошол жоготуу күнү бүгүнкүдөй эсмиде... Ойлонуп көрсөм энем аялзатынын асылы, сулуусу, чыдамкайы, акылдуусу болгон экен. Рамакул абамды атам жылына бир-эки жолу алып келип багып, кайра ооруй баштаганда ооруканага алып барып коюп жүрдү. Абам секскен жети жашында каза болду. Сиздин сүйүктүү уулуңуз Наркул, менин атам жүз эки жашка чыгып уул-кызынын сый урматына жерге берилди. Сиз өмүрүн тилеген апам азыр жүзгө таяп калды. Күүлү-Күчтүү уул-кыз, неберелеринин кучагында дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп жатат. Баягы оорудан толук айыгып кетти. Сиз жаныңыздай жакшы көргөн небереңиз мен жетимишке аяк таштап калдым. Энеме арнап эчен жолу ыр жаздым, бирок өмүр жолун таржымалына биринчи жолу кайрылдым.
Аягы
Тоту Арзыкулова.
Урматтуу окурмандар чыгарма кызыктуу болсо комментарий жазып класс басып колдоп кетиңиздер...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 24
Чыгарманы окуп
Озумдун апамды
Баккан апамды
Кайын энемди элестетип окудум!
Рахмат !
Ийгиликтер!
Дагы коп чыгармаларды жазгыла