
Кайнене менен келиндин ортосундагы пикир келишпестик маселеси жаңы кѳрүнүш эмес. Илгертен эле келин кайненеге болгон, ал эми кайнене келинге болгон нааразычылыктарын билдирип келишет. Ал эми кимиси туура экенин аныктоо абдан кыйын. Үй-бүлѳдѳ тынчтык жана сүйүү орношу үчүн келин да, кайнене да ѳз милдеттерин, ордун билүүсү абзел.
Кайнененин кайсы түрүнө киресиз:
Тилин табыш үчүн адегенде кайнене кайсы түрүнѳ кирээрин аныктап алып, анан ошого жараша мамиле кылыш керек.
Курбу-кайнене #—
Жаш, турмушта тажрыйбасы жок келинине мыкты кеңешчи. Ѳтѳ жабышып, курулай тажата бербейт. Керектүү учурда жакшы энциклопедия. Адатта мындай кайненелер тамашакѳй, ачык-айрым келишет. Эгер ушул түрүнѳ туш болсоңуз сиздин бактыңыз тоодой.
Атаандаш-кайнене#
-Тапкан ташыганын, жаштыгын баласынын тарбиясына жумшап ага дээрлик бүт ѳмүрүн арнаган эне. Мындай кайнененин түрү жалгыз бой аялдарда кѳп кездешет. Ага бүт ѳмүрүн арнаса анан кийин кайдан-жайдан жаш келин келип анын үйүнѳ ээлик кыла баштаса ал үчүн кыйын кырдаал жаралат. Келинине болгон кыжыры күчѳп ага атаандашканга ѳтѳт. Баласынын кѳзүнчѳ басынтып, бул үйдѳ ким кожейке экенин баса белгилегенден да кайра тартпайт. Келинин кылган оокатына, баскан-турганына оңой менен ичи жылыбайт.
Тынчы-кайнене —
Жаш жубайларды андыгандан тажа6айт.
Келини эмне кылып жүрѳѳрүн шимшилегенди адатка айландырат. Уул-келини эмне тууралуу сүйлѳшүп жатканын тыңшап туруу ал үчүн катардагы кѳрүнүш болушу мүмкүн. Жогорудагыдай жоругу келин үчүн абдан эле жагымсыз болот. Барынан кабардар болгусу келген кайнене уккан-кѳргѳнүн келинине каршы колдонушу мүмкүн.
Ишкер-кайнене —
Карьераны биринчи орунга койгон келин менен иши жок кайнене. Ач кулактан тынч кулак деген кайнене кири жуулдубу, баласы тамак ичтиби, үй жыйналдыбы кѳп деле кызыкдар эмес. Келин мындай учурда ѳзү кожейке катары толук эркиндикте болот. Кайненем эмне дейт деп заарканбай каалаган тамагын жасап оокатын кыла алат.
Башкаруучу кайнене
— мындай кайненелер бардык жагдайды ѳз кѳзѳмѳлүндѳ кармагысы келгендер. Кечки тамакка эмне бышыруудан баштап келини кандай кийим,буюм алат ошого чейин кѳзѳмѳлдѳгүсү келет. Жаш жубайлардын ар бир ишине мурдун тыгып кийлигишип атканын ѳзү байкабайт. Балдарына ѳзүнѳ жаккан кызды алпермейин жандары жай албайт. Келиндери ар бир жумушту кайненесинен уруксат алып жасоого туура келет.
Тили заарлар —
Кээ бир кайненелер чучукка жеткен ачуу сѳз менен тилдейт. Анысы аз келгенсип, сѳз арасында келиндин тѳркүнүнѳ да асыла кетет. Бул туура эмес жорук. Мындайларга же башында каяша айтып ордуна коюп коюу керек же кулакты жапырып, сүйлѳнүп баштаганда ичиңизден ырдап такыр көңүл бурбоо керек. Жүрѳгүңүзгѳ жакын кабыл ала берсеңиз турмушуңуз болбой калышы мүмкүн
***
Кыргызда «тѳркүнүңѳн сѳз ташыбай тѳш ташы» деген жакшы сѳзү бар. Кайненени ѳз апаңызга жамандап, ага арманыңызды айтып наалыганда ѳзүңүз үчүн эки зыяндуу нерсе табасыз. Биринчиси, апаңызда ашыкча санаа, кудагыйына болгон жек кѳрүү ѳсѳт. Экинчиси, эртели-кеч ал сѳз ортого чыкса кайненеңиз сизди мурдакыдан да жаман кѳрүп калат. Андыктан ѳз үйүңүздѳгү уруш-талаш, кайчы пикирлер сыртка «саякаттап» кетпей ошол жерде калуу керек.
Барган жериңизден бак таап, алтын келин аталгыңыз келсе баарына чыдап жашаш керек,акыры жеңесиз.
Кошумча ой:
Кайнененин да келиндин да ,кыздын да өз орду бар
Кыздын кыздай,келиндин келиндей.
Көп учурда аялдар келин алып жатканда,,мага келин эмес өз кызымдай болосуң"-деп алкап жалкап калышат.Бул туура эмес.
Сөз кудуретине маани берип келген элбиз,келин келин эле болот,кыз болбойт.
Келин бир өзгөчө бир керемет кут.Башка үйбүлөгө жапжаш болуп келип,эртең ошо жерде журт энеси болуп тукум улай турган өзгөчө зат.
Ал эми кыз конок,аны жаштайынан жакшы адепке үйрөтүп,жакшы тарбиялап тууруна кондуруш керек,кыз өз жашоосу менен кете турган керемет жан.
Андыктан келин кайненени кайненедей сыйлап жашаш керек,кайнене да келинге насааттарын айтып,келинди урматтап алышы зарыл.
Кумар.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7