
Сүт дос- адамдын балалык күнүнөн башталган таттуу, ынак мамиле. Ал мамиле кийин-кийин сакталабы, унутулуп калабы, ал алардын турмуштук көз караштары калыптана баштаганда билинет. Ошон үчүн балалык күндөгү достук мамилесин сактагандар бар, сактабагандар бар. Сактагандар бир ата-эненин балдарындай болуп, улгайганга чейин кыйышпай катышышат. Эл ичиндеги: «бармактайда табышканбыз», «тырмактайда жолукканбыз» деген сыпаттама сөздөр ушундайларга байланыштуу айтылгандыр?
Жарма дос- мындай достор эресеге жеткендердин өз ара жылуу мамилесинен улам башталып, кээде чакырышып чай ичип, бой кезинде ынак болуп, кийин үйлөнгөндө үй-бүлөлүк катышы менен уланат. Андай достордун өтө деле кыйышпастык мамилелери деле жок, антсе да көңүлдөрүн табышып, жылуу мамиледе болушат. Мунун эл арасында тамаша менен аталган «арак дос» деген да түрү бар.
Шеринелеш дос- достуктун бул түрү жетилген курагында туугандар, кызматташтар, бирге окугандар арасында мамилени алыстатпаш үчүн үй-бүлөлүк катыш менен уюштурулган жылуу мамиленин натыйжасы. Анда ортодо милдеттүү түрдө топтолуучу акча каражаты болот да, катышкандар арасында милдеттүүлүк алдыга чыккан учурлар да бар. Мындай достук кээде өтө узакка чейин улантылбай калган учурлар бар.
Кызматташ дос-бул, албетте, кызматтык кызыкчылыктардан улам келип чыккан мамиленин натыйжасы.Бул достук кызматташ, идеялаш, көз карашы бир, саясатта же экономика тармагында жүргөн адамдардын өтө жоопкерчиликтүү, өтө так жана бири-бирине өтө ишенген мамиле менен коштолот. Мунун да ар кандай шарттарга жараша узакка созулган жана созулбаган учурлары жок эмес.
Аке дос, ини дос- бул улуу-кичүү көңүлү жакын адамдардын достук мамилесин билгизет. Улуу адам өзүнөн бир канча жаш кичүү болсо да, көңүлү жакын болуп, а кичүүсү канча жаш улуу болсо да, сырдаш болуп, бирин-бири колдоп, өтө урмат жана ызаат менен мамилелеш болушат.
Кан дос- бул достук –антташкан достук, достуктун бийик туусу, өтө ыйыгы жана аныгы катары бааланат. Андай достор бирин-бири өмүр бою кыйышпаган, өтө оор тагдыр башка түшкөн күндө да, жай турмушта да ой-тилеги, максат-мүдөөсү, ысык-суугу, кубаныч-кайгысы, жакшылык-жамандыгы бир, бирге ойлонгондой, бирин-бири сүйлөшпөй түшүнүшүп мамилелешип, жогунда каралашкан, барында ырыскысын бир бөлүшүп наарлашкан, сеники-меники дешпеген, тагдыры кошкон өзгөчө мамиледеги адамдар десек болот.
Жүрөктөш дос- бул чанда-чанда кездешкен, аял менен эркектин ортосундагы өтө ыйык мамиле. Ар биринин үй-бүлөсү болсо да, аял менен эркек өзүнүн очогун буспай, ортодогу таза мамилеси да сактап, иште, турмушта бирин-бири өтө урматтап-сыйлап, жылуу мамиледе жүрүүсү.
Акыреттик дос- достуктун бул түрү -өтө ыйык милдет, бул тушмушта ысык мамиледе боло албасак да, тиги дүйнөдө бир бололу деп антташып, төш тийгизип, кучак кысышкан айрыкча адамгерчилик мамиленин туу чокусу.
Элдик айтымдар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2