
Оштун базарынан чыгып баратып, алма сатып отурган аял көзүмө тааныштай учурап, жүзүнө кайра карап калганымды
өзүм да байкабай калыптырмын. Ал эже менден жүзүн алып качканы менен, дароо эле таанып, таң калганымды жашыра албадым. Ооба, дал өзү ... бирок, бул эжени ушундай абалда көргөнүмө ишене албай турдум...
Мындан жети-сегиз жыл мурда жаз айынын алгачкы күнү болсо керек эле, жаңылбасам ... Бир белгилүү эле айымдын юбилейи өтүп жаткан, залда ушул эже экөөбүз жанаша отуруп калдык.
Сөзгө чыккандар юбилярдын эл үчүн жасаган эмгегин, адамдык сапаттарын мактап жатышты.
-- Жок дегенде, үстүндөгү кийимин жаңылап албайбы десең, 5 жыл мурунку кийимин кийип ... уят эмеспи, негизи, өзү деле жарытып кийинбейт, үйүнө барсаң, көзгө толумдуу эч нерсеси жок, эмнесин макташат, кызык,- деп, кулагыма шыбырап.
-- А бул жерде кийим, байлык эмес, эмгеги бааланып жатпайбы, мактоого татыктуу, чыныгы иштерман аял, иш дегенде, жеген тамагын да унутат - дедим.
Ошол боюнча сөз уланбады.
Салтанат аяктап, бир кафеге сый тамагына да чогуу бардык, негедир ал жер да жага бербей калды көрүнөт:
-- Ай, ушинтип да сыйлайбы, неге келдим десең, убара болуп, мен кеттим ң, кафенин арзанын тааптыр да, тамактын да мааниси жок экен, дасторкону да эптемей эле, ушинтип эл сыйлап зарыл экен да,- деп, юбилей ээсине жолукту да, кете берди.
Столдун үстүндө дүйүм тамак, бош жери жок, эмнесинен айып тапты, анча неге өзүн жогору сезип алды экен деп кала бергем.
Ошол эженин азыр маңдайымда жерге түшкөн алманы сатып отурганына ишенбей турганым ошол себептен болчу, өзү айткандай, кийимдин жакшысын кийген, тамактын өзгөчөсүн жеген, акчаны самандай сапырып жүргөн доору
эмне болуп бүтүп калды экен...
(Көз ирмемге ошол учур тартыла түштү)
-- Эже, сизди көргөнүмө ишене албай турам, келиңиз, калган алманы мага тартып бериңиз - дедим да, алманы сумкага салып, акчасын колуна карматтым, үйдө алма көп болгонуна карабай алууга мажбур болдум, боорум ооруй түштү, кеч күз болчу, суук ... а эженин кийими жука, үшүгөнү билинип турду.
-- Эми үйүңүзгө кайтсаңыз, жүрүңүз, чогуу кетели, айтмакчы, кайсы тарапка кетесиз?
-- Мен ...(көзүнүн жашын бекитип, тескери карады)
Эмнеге ыйлаганын сурабадым, бирок, жөн ый эмес болчу ...
Барчу жери мен бараткан жолдо экен, сүйлөшкөнгө даай албадым, барчу жерине жетип келдик.
-- Убактыңыз болсо, чай ичели, менин курсагым ач, түшкү тамактын орду бош турат, мага шерик болуңуз -дедим, тамашага
салып.
-- Убактым жок болгудай кайсы ишим бар дейсиң, анан, курсагым да ач болчу, тоюп албасам, мени күтүп, аздектеп тамак берчү деле эч кимим жок, базардан шам-шум этип кайтчу элем, сени ээрчип баса бербедимби..
Экөөбүз жол четиндеги чайканага баш бактык. "Эмне заказ берейин?" десем, "мен тандабай калгам, жегенге бирдеме болсо, жей берем" -деп койду...
- Күндө эле сендей адамдар жолуга бербейт, сүйлөшкөн деле адам жок, сүйлөйүн, угасыңбы? Билип турам, кызыгып турасың, кантип ушул абалга түшүп калганымды сураганга оозуң барбады окшойт.
--- Эми ... кызык десем, капа болуп калбаңыз, бирок, таң калганымды жашыра албайм.
Тагдырды эч ким биле албайт да, кимди кандай күн күтүп турганын...
Ошентип, бир кезде көбүн сулуулугу менен суктандырган, сүйлөшкөн адамын байлыгы менен баалаган эже башынан өткөн күнүн баяндап отурду...
Атамдын байлыгына чиренип, жөнөкөй адамды теңсинбей, акчага муктаж болуу дегенди билбей жүргөн күнүм тез эле бүтүп калаары оюма келбептир. Дос -жарды да байлыгына карап тандадым, (ошол досторум мен оор күндө калганымда бири да басып келбеди, бизди байлык эле бириктирип турган экен да ),
ишимде да кармаганым акча болду,(кассада иштеген ), үйдө ойлоно турган көйгөй жок болчу. Шаарга көчүп келдик, үй жумуштарымды аткара турган кызматчым бар эле, кыскасы, жомоктогудай жашоо баштан өттү. Жолдошумдун иши да жүрүшүп, жогорку тепкичке көтөрүлдү.
Эки уулум шаардагы мыкты деген мектепте окушту. Чоң уулум жогорку окуу жайга тапшырып, өз күчү менен өтүп алды, аны белгилеп коелу деп, досторду мейманга чакырдык. Мактоо сөздөрдү айтып жатышып, жолдошумдун мыкты адам экенин айтып жатышкан болчу, " балаң да өзүңө окшоп аракетчил, мээнеткеч, азаматсың " деген сөздөр айтылганда, негедир ичим тарый түштү...
-- Досуңар деген менин артымдан ушул күнгө жетишти, кызматка атамдын колдоосу менен келди, өзү колунда диплому бар, жарты тыйыны жок болчу.
Мага айткыла, рахматты ... Мен адам кылдым, ошол силер мактаган уулду да мына мен тарбияладым. Эски чокоюн эстей жүрсүн, жанатан бери жөн койсо, мактайсыңар, силерди сыйлап коелу деген да мен ... деп, көп сөздөрдү айтып жиберипмин.
Ошентип, сыйдын аягы суз болуп, баары тез эле кетүүгө шашып калышты. Үйгө келгенде гана жолдошум агынан жарылды:
-- Ушуга чейин унчукпадым эле, сөздү ырбатпайын, баягы сүйлөп жүргөн сөзү да деп ... Досторумдун арасында кемсинтейин дедиң беле? Кайын атамдын эмгегин баалайм, колдоосун аябай көрсөттү, ыраазымын ал кишиге ... Мен унутуп койгудай деңгээлде эмесмин го, же сага жакпаган нерсе жасадымбы, алар менин мээнеткеч экенимди эле айтты, байлык жөнүндө сөз болгон жок болчу - деп, ызасын жашыра албады.
Бир жумадай сүйлөшпөй жүрдүк, анан, балдарын чакырып :
-- Мен апаңар менен жашай албай калдым, бирок, силерди таштабайм, кабар алып турам, бир квартира таап ,ошол жакка чыгып кетем, мени кечиргиле, жакшы эле чыдадым, уруш чыгып кетпесин деп жүргөм ң, кедей экеним анык, бирок, кемчонтой эмесмин, тебелеп жашаса да, чыдай берген, мени кечиргиле , -деп жаткан экен, үнүмдүн болушунча кыйкырып урушуп баштаганымда , кийим
салган сумкасын көтөрүп жөнөдү. Жолун тороп, " бул кийимдер да менин акчама келген " десем, дароо эле сумканы таштап койду ...
-- Үстүңдөгүнү да таштап кет,- десем, үнүн акырын чыгарып:
--Эртең алып келип коем, жылаңач кетсем, уят эмеспи, -деп, чыгып кетти. Жөн кала бербей:
-- Курсагың ачкан күнү босогомду аттап келчү болбо, көчөдө калдым дей бер, кайда бармак элең, кутулганыма сүйүнөм, экинчи көзүмө көрүнчү болбо - деп, айкырып жаттым...
Мен байкуш экенмин, акчадан башкага баа бербеген, аны кайра келет дедим да, үйү турса, квартира издемек беле деп ...
Эртеси келди, пакетте кечээги кийимдери бар экен, жууп, кургатып коюптур, колума карматып, балдарын баштан сылап коюп, чыгып кетти ...
Кекенип жүрдүм, кайра келсе, кечирбейм деп, өзүмдүн айыбымды сезбеген экенмин
убагында. Бир жыл өтүп, үйлөнгөнүн угуп, сурамжыласам, өзүнүн айылынан экен, үйү, иши жок ..." окшошкондор " деп, мыскылдап коем, ичимде ... Досторума чалып, каткырып күлөм, " эми тааптыр теңин" деп ...
Балдарым мага айтпай, атасы менен байланышат экен эле, телефондон сүйлөшүп жатканын угуп, ачууландым да " жогол, ошол атаңа" деп, чоң баламды кууп чыктым.
Көрсө, мен аны кууп чыкпай эле, ал мага таарынып кетиптир, атасы "апаңдан кабар ал, сен баласы болосуң, кайра бар, кечирим сура" деп жөнөткөн тура, кийин уксам ...
Жакын арада үйлөнгөнү жаткан болчу, кызына жолукканы баратып, жолдо кырсыкка учураптыр ... сөөгү келди, урушканымды эстеп, баламдан айрылып калганыма ичим туз куйгандай ачышып, кала бердим.
Таянаарым кичине уулум экөөбүз эле калдык, чоң тамды ээлеп. Бир күнү балам
үрөй учурган сырын айтты:
-- Апа, мен чоң сумма карыз болуп калдым, же төлөшүм керек, же түрмөдө отурушум керек, эгер, ага жеткирбей өлтүрүп коюшпаса ... (Бизнеси бар болчу, ошондон карыз деп ойлогон экенмин ) Үрөйүм учуп кетти, жан далбастай түштүм.
-- Атаңа айттыңбы?
-- Жок ... айтканда эмне, анын колунда жок да, болгон дүйнөсү, жада калса, кийими да бизде калды го.
-- Кандай кылайын дейсиң?
-- Эми, сиз мен айтканга макул болсоңуз дегеним, болбосо, башка түшкөнүн көтөрөм
да. Үйдү сатып, мен карызымдан кутулайын, калган акчага кичирээк үй алалы...
Балам мени үмүт менен карап туруптур, ыйлап жибердим.
--- Сени карызга батырып коюп, мен кантип жок демек элем, кутулсаң эле болду, чоң үйдүн деле кереги жок...
Ошентип, үйдү саттык, жатка кетпесин деп, сиңдиме айтсам, үй алабыз деп жүргөн болчу, дароо макул болушту.
Шорум ошону менен эле бүткөн эмес экен, жыл айланбай уулум үйдү сатып, айылга үй салам деп калды. Макул болбодум, үйдө өзүм калдым, үч ай келбей койду, анан эле бир күнү кирип келди, "кандай чечимге келдиңиз, апа?"-деп ...
Үйдө жалгыз калбайын деп, анын сунушуна макул болдум.
" Сиз үй бүткөнчө, сиңдиңиз менен жашап турасыз, 2 айда бүтөм, усталар даяр, атам жашаган үй ээн калбасын " десе, айласыз абалга кептелдим. Ошентип, биртике буюмдарым менен кайра мурдагы үйүмө көчүп бардым. Эми, үйүм деп коем да, ал башка бирөөнүн үйү болуп калганы качан.
Эки ай өтүшү тозок болду, иштебей отурам, бир пенсиямды күтүп. Сиңдим дегеним менен балдары, күйөө балам башка экен да, жаман көздөрү менен караганда, өзүмдү коерго жер таппай калам. Акыры чыдабай, үй бүтпөсө жок, кете берейин деп, балам там салам деген жерге барсам, эч нерсе жок, өң - алеттен кетип, атымды таппай калдым,
ары-бери чуркайм, сурап жүрөм ... эч ким келбегенин укканда, өз балам алдаптыр деп, арданып ыйладым. Балам жөнөөрдө
" мен барган жерде телефон тартпайт, кыжалат болбоңуз, ар кимге сүйүнчүлөбөй туруңуз, туугандарга да, сизге да сюрприз болсун " деген да, ага чыдабай чалып көрдүм, чын эле байланыш жок экен деп жүргөм. Кайра сиңдимкине келип, жашай баштадым, ооруп калдым , бир эле сиңдим күйүп жүрдү , " Ой, көп кайгыра бербеңиз, эми аман эле бекен десеңиз, менин угушумда, Россияда экен, аман келсин деп тилеңиз" деген сөзүнө ынанып, өзүмдү кармадым. Анан, оңойбу, бир паста эле жолдошумдан, кичүү уулумдан тирүүлөй ажырап, бир уулумдан түбөлүккө ажырап калыш, үй-жайдан кол жууп калыш деген оңой эмес экен, карый түштүм ... Ошентип жүрсөм, жолдошум келди, "үйдү сатып жатабыз деп бир ооз айтып койбойт белең, укпаптырмын, баламдын тескери жолго түшүп алганын эми уктум, дүйнө жерге кирсин, аман болсо болду эле," мага
киришпеңиз, мен чоң адам болгонум качан деген, телефон чалсам өчүрүп коюп жаткан, мурда жакшы сүйлөшчүбүз, капа болгон го деп койгом ... Эми, аман экен, үй алчу акчаны топтогондо барам дептир, эгер, макул болсоң, биздикинде жашай бер, алып кетейин, минтип калганыңды көрүп түтпөдүм " деп калды.
Сиңдиме айтсам, секирип кетти, " мен тирүү турганда, ушул үйдө жашай бериңиз, уят эмеспи, батырбай коюптур дейт да, күндөш менен кантип бир үйдө жашайт элеңиз"- деп, жөнөтпөй койду.
Ошол боюнча, эч ким деле менден кабар албады, балам иштеп жүрөт экен, үйлөрдүн акчасын кумар ойноп, уттуруп жиберген тура ... Азыр эптеп жашап жатам, өзүмдү алаксытайын деп, бакта түшүп калган алмаларды терип, базарга чыгып кетем.
Кечке үйдө отурсам, жаман көрүнөт экенсиң, сиңдим деле кечке иште, кечинде келип, өзүнүн тирилиги бар, сүйлөшүп отурганга чарчап келет окшойт, көрбөй деле калам. Өздөрү жашаган үйгө кире албайм, тиктеп коем сыртынан ...ыйлайм,
бир кезде, ушул үйдө өзүм ханыша элем деп. Ошондо үй кызматчы жашайт деп,
кичинекей үй салган элек, ошол үйдө азыр мен жашайм ... Ойго келбеген нерсе, бирок, адам баарына көнөт экен, өз катамды эми түшүнүп жатам, бирөөнү кемсинте сүйлөчү элем, азыр өзүм угуп жатам. Таянаар жолдошума бир да жакшы сөзүмдү айтпаптырмын, " тигини алабыз, мынча акча бар, түкүнчө акча керек "деген эле сөздөр
жашаптыр, ортобузда. Балдарыма да акча баарын чечет деп көп айтчу элем, чын эле менин жашоомду терс жакка буруп койгон ошол акча болуптур ... Эми акча менен кайтарып алганга болбой турган нерселер көп экенине ынандым. Мээримди, жүрөктөгү сый-урматты, тарбиянын кемтигин акча менен түзөй албайт экенсиң. Азыр акчам деле жок дечи, убагында сезбей жүргөнүм арман болуп калды, өкүнгөнүм менен пайда жок ...
Кой, сени жолдон кармабайын, менин жашоом ушул, эгер оор көрбөсөң, сырттан ичимди жылытчудан бир бөтөлкө алып берсең, жакшы болот эле, жалгыз жашагандан жадап, ошону эрмектеп калгам...
Бул айткан суроосун канааттандырбай койсом, дагы ичим түтпөйт эле, ушул жашында ичимдикти эрмектеп калганына боор ачый да, ачуум келип да турдум, акыл айткан менен анын зарылчылыгы жок экени айдан ачык эле ... Жана айтып жаткан сиңдиси да, анын балдары да жактырбай калганынын, алар жашаган үйгө эмне үчүн кире албай калганын себебин түшүндүм да, колуна тыйын карматып, коштошуп чыгып кеттим ...
Бул жашоодо дүйнөгө карк болгондор көп эле болсо керек, акчаны кимдер сүйбөйт, бирок, биринчи орунга коюп алып эмес ... Акчаны жаман дегендерге мен деле кошулбайм, айта жүргөндөй, ал жаман эмес, болгону сыйкыр күчкө ээ, кимдин ким экенин даана көрсөтүп коет , жан дүйнөсү жарды болсо, чарадагы камырдай көптүрүп жиберет тура ...
Жашоонун эрте жазында көргөнүң жашооңдун кеч күзүнө чейин коштой берет деген жазуу жок, бешенеге эмне жазганын билип болбойт. Ал аралыкта эмнелер гана болуп өтөөрү бир кудайга маалым. Бирок, илгеркилердин айтканы туура экенине ынанып кетесиң ..." Баары пейилге жараша болот, пейилди оңдош колуңдагы нерсе, анан, жашоо оңолот " деп калышчу, чындыгы бар экенине ынанып, ушул ойлорго чулганып бараттым.
Үсөнбаева Ф.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4