
АНГЕМЕ!
Бөтөлкөнү колуна кармай чачтары уйпаланып, жүзүн санаа баскан кишини көпчүлүк жактыра бербей карап өтүп жатышты. Өзү деле адамдардан корунгандай. Бүжүрүйгөн селсаяк олтурган ордунан жазганып, көпчүлүктөн четтей барып олтура калды. Өзүн ушул күнгө кептеген тагдырына наалый оор үшкүрүнүп, өткөн күнү көз алдына тартылды...
Бактылуу үйбүлө
Башында баары жакшы болчу. Самат менен Айсалкындын жашоолору эл катары болуп баары жетиштүүдүй сезилээр эле. Жубайлар бири-бири үчүн жанын бергенге даяр болуп, түз жолунан жаңылбоочудай дээринен ишенишээр эле. Айсалкындын көзүнүн агы менен тең айланган Саматты көргөндө өз бактысына ыраазы болуп, бажырайган капкара көздөрү менен арбашканда Саматка ушул гана жетишчүдөй жубайына жанындай ишенип:
- Айсалкын...
- Ии...
- Жумушка барсам эле сени сагына берем да...
- Эмнеге?..
- Сүйүүнүн күчү го...
- Кайдан сен, жумушуңа барганда эле мен эсиңден чыгам да...
Айсалкындын күйөөсүнө болгон кызганыч эмес, ички чыныгы үнү Саматка коркунучтуу угулду. Жанында өзү менен чогуу жаткан жубайын, кимдир бирөөлөрдөн кызганып алганын өзү да сезбей калды. Бирок, көөдөнүндү күдүк ой пайда болуп: "Өзүң мени унутуп коюп, бирөөгө алмаштырбайсыңбы? " деген оюн айта албады. Бул сөздү айтууга жандай көргөн асылынан айбыкты.
Кыянаттык
Айсалкын баласын балдар бакчасына табыштагандан кийин цехке жумушка келчү. Бул жолу да адатынча жумушуна кечигип барды. Өзгөлөргө катаал кожоюну сылык сүйлөп:
- "Чоң кыз, менин бөлмөмө кирсең" деп артына кылчая карап басып кетти. Кол алдында иштеген кызматкерлер корсулдаган кожоюндун сыпайылыгына таң кала карап калышты. Артынан кирип барган Айсалкынга:
- "Келиңиз, бул олтургучка олтуруңуз", - деди кабагындагы кат-кат болгон бырыштарын түйө жылмайып. Андан ары жай сөзгө өтүп эмнегедир мукактана:
- "Мынчалык келишимдүү буттарды аёо керек эмеспи!" Ордунан туруп олтургучту жылдырды. Айсалкынга жакындаган сайын көздөрү тереңге сүңгүп, карылуу колдору менен аны аяр кармап, өзүнө тартып баратты. Аял артына кетенчиктей:
"Жок. Рахмат, ушундай эле тура турам", - деди кулагы тунуп баратып.
- "Олтуруңуз! Сиз менен сүйлөшчү сөздөр бар". Айсалкынга улам ыктап кулагына шыбырап бирдемелерди айтып жатты.
" Аял кулагы менен сүйөт" деген ырас белем, анын жүзү тамылжып чыкты. Анан экөө тең бирдемеге ынангансып бири-бирине ыкташа калды. Бул азгырыктын аягы көздөй көргөн жолдошуна жасаган алгачкы кыянаттыгы менен аяктады. Бирок, аял мунусуна эмнегедир өкүнүүнүн ордуна кубангандай.
Кайрадан жолугушуу
Алгач Самат менен бирге турмуштун таза даңгыр жолуна аттанганда минтип күйөөсүнүн көзүнө чөп салам деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Кожоюну болгон Канаттын шайкелеңдигиненби же жарыбаган акчанын азгырыгынанбы үч жыл чогуу жашаган Саматтын жылуу мамилесине, анын тапкан акчасына алымсынбаган Айсалкын акчанын кулуна айланып баратты. Бара-бара жумушунан кеч бошоп, баласын бакчадан алууга да барбай калды. Бул жумуш Саматтын мойнуна илинди. Ошол күнү жолдошунун кесиптик майрамы болуп, уулун алып келүүсүн алдын ала эскерткен. Достору менен көңүл ачып келүүгө Айсалкынга жалбарса да эмнегедир ар кайсы жок шылтоону айтып, Саматтын көңүлүн жайгарган болду.
Үйдө күйөөсүнүн жоктугунан пайдалана Канатты чакырып, өзүнүн жосунсуз жоругуна өзү да таңдана:
"Мен сүйүүдөн жаңылышкан белем" -деп койду максатсыз сааттын жебесин карап жатып.
Саматтын түнү келбесин эстеген сайын көз алдына Канат тартыла, анын батыраак эле келүүсүн күттү. Караңгы коюуланып адам аягы суюлуп калганда Айсалкындын күткөнү белегин көтөрүп, эшиктен кирип келди. Кубанганынан жүзү тамылжый кабыл алды. Табиятынан шайыр жаралган Айсалкын көңүлдөшүнүн ою менен болуп, түн бир оокум болгонун да сезишпей махабаттын сересинде сайран куруп, таттуу уйкуга көшүлүп кетишкенин да сезбей калышты...
Ачылган чындык
Бул учурда Самат конокто жалгыз олтуруудан тажап, эт тартылгандан кийин досторунун жатып кал дегенине көнбөй, үйүнө такси менен келген. Уктоочу бөлмөсүнө түн бир оокумда келгенине күнөөкөр кишиче бир топ босогодо туруп калды да лампаны жакпай коюуну ойлоду. Үч-төрт кадам алдыга басып барып, өзүнүн жаздыгында кимдир-бирөөнүн жатканын байкады. Оюнда уулум го деп ойлогон. Сыртка бөлмөсүнө жатууга барып, ал жакта уулунун жалгыз жатканын көрүп, турган ордунда тушалып калгандай бут алдынан жер көчүп баратты. Тамагы кургап ашканага суу издеп кирип, стол үстүндө жайнаган бош бөтөлкөлөрдү көрдү. Каны ичине тартылып кетти. Колуна кандайча аш бычак алганын да сезбей, сыртынан күбүрөнө "Мен сага ишенип!" лампаны жагып жиберип дивандын үстүндө эч нерседен кебелбеген бейтааныш эркек менен моюндаша жаткан аялын карап, жүз төмөндөп жашы кулап жатты. Алгач, эч нерседен жазыгы жок баласын анан жубайын өлтүрмөк болуп, баласынын жанына барды. Уйкунун кучагында термелген жазыксыз наристени өлтүрүүгө жүрөксүнбөй, кайрадан бычагын көтөрүп тиги экөөнүн жанына келди. Бул учурда жарыктан чукурана көзүн ачкан Айсалкын катуу бакырып жиберди. Таттуу уйкудан ойгонгон экөө эмне кылаарын билбей жазганып, жүзүн калкалай калышты. Самат ачуу менен бычакты Айсалкынга шилтегенде бычак анын башынан өйдө учуп кетти. Андан ары эмне жасап жатканын өзү билбейт. Шарапка мас болгон эргулду тепкилеп кирди. Караса эркек сөрөйүнүн бети-башы алда качан канжалап кетиптир. Өлтүрүп койбодумбу деген ойдо тамырын кармап көрдү тирүү экен. Ары жакта аялы оозунун канжалап кеткенине карабай, бут алдына бүгүлө:
- "Самат, кечир мени! Мен итти кечир!"- деди улам жалбара. Айсалкындын кол алдынан бутун сууруп алды. Бул учурда таң агарып келе жаткан. Эсине келе:
- "Тез, жуунуп кийин" -деди Айсалкынга буйра. Ал үн катпастан кийимдерин алып сыртка жөнөдү.
Кордолгон сезим
Самат колуктусунун көңүлдөшүн, "түн ката үйгө кирген ууру" деп жар салды. Арадан аз убакыт өтпөй, Самат жалынган колуктусунун сөзүнө кулак салбай , өзү менен өзү болуп жүрүп, селсаяктык жашоого байланып баратты. Ал абийиринин кордолгонуна ичтен сызып анысын ачуу суу менен дабалоого өткөн. Жалганчы жашоосуна кол шилтей, жазыксыз сүйүү толгон ишенимдеги өткөн күнүн эстеген сайын көзүнүн мончок жашы таамп кетээр эле...
Аягы...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5