
Кыргыз эли ырым-жырымдарга бай эл. Аларга айрымдары бөркүндөй ишенишсе, кээлери маани да беришпейт. Биз көптөгөн ырым-жырымдардын ичинен кош бойлуу айымдарга таандык болгон ырымдарды бөлүп карадык...
Кош бойлуу айымдарга мышык менен ойноого жана мышыкты колуна алууга болбойт. Антсе келечекте наристенин душмандары көп болуп калат. Мунун медициналык дагы аныктамасы бар. Мышык алып жүрүүчү токсоплазма козгогучтары аялдын организмине кирип кетсе, түйүлдүктүн нерв системасына терс таасир этет да, бала ар кандай оорулар менен төрөлүшү ыктымал.
Босогого отурганга болбойт. Ата-бабаларыбыз босогону чоочун дүйнө менен өз ааламын бөлүп туруучу катары кабылдашкан. Так ошол жер - терс энергиялардын чордону деп баалашып “эшикти кулачтабаш керек”, “босогого турбаш керек” деген түшүнүктөрдү пайда кылышкан. Заманбап көз караш менен алып караганда, босогодо отурганда түйүлдүккө суук тиет.
Кош бойлуу айымга бутун кайчылаштырып олтурууга болбойт. Мындай шартта баланын буту ийрейип же май таман болуп төрөлүп калышы ыктымал деген ишеним бар. А чындыгында мындай абал баланын бутуна эч кандай таасир тийгизбейт. Бирок кош бойлуу айымдын бутунун кан айлануусу начарлап кан тамырлардын көөп кетишине, варикоз оорусунун башталышына алып келет. Анын таасиринде түйүлдүктүн да тынчы кетери турган иш.
"Бала төрөлчү болжолдуу күндү эч кимге, жадагалса жолдошуна да айтпаш керек. Жашыруун төрөт жеңил жана тез болот. Эгерде кош бойлуу толготуп жатканын көп адам билип аны күтсө, бала ичтен ошончолук көп кыйналат" дешет. Бирок бул төрөткө эч кандай тиешеси жок. Болгону бала төрөлчү мөөнөттөн өтүп кеткенде башкалардын «сен дагы эле төрөй элексиңби?» деген суроолору боюнда бар аялдын нервин козгошу ыктымал. Анын таасиринен ичтеги бала дагы жабыркайт.
"Төрөрдүн алдында чачын кырктырууга болбойт. Бала өлүү төрөлүп калышы ыктымал. Чачта адамдын энергиясы катылган. Аны кыскартуу менен ичтеги баланын өмүрүн кошо кесет" деген түшүнүк бар. Медицина бул куру шектенүү гана экенин айтат.
Кош бойлуу коркунучтуу фильмдерди жана кейпи сууктарды көрүүгө болбойт. Антсе баласы түрү суук болуп калат. Бул аныктаманы медицина адистери дагы тастыктаган. Өзүнө билинбегени менен коркунучтуу тасмаларды көргөн эне бир топ эле стресс алат. Анын таасири баланын борбордук нерв системасына доо кетирип, денесинде тактары бар же өңү серт болуп төрөлүп калышы ыктымал экен.
Жаңы үрөн айдалган жерден аттап өтүүгө болбойт. Уламыштар боюнча "жер өзүнүн "түйүлдүгүн" өстүрүп жатканда аны сыйлабастык кылып аттап өтсө, жер эне дагы кош бойлуунун ичиндегисин алып коёт" дешет. Ал эми медициналык жактан алып караганда, чоң аттоо бойдон түшүп калуу коркунучуна алып келет.
Боюнда барда түймө түйүүгө же бир нерсе жамоого тыюу салынат. Айтымдарда баланын өмүрүн бычак, кайчы өңдөнгөн курч куралдар коштоп калары белгиленет. Чын-чынына келгенде эне менен баланын киндиги бир болгондуктан ийне менен колун сайып алган эненин чочуусу баласына эки эсе болуп барат. Экинчиден кош бойлуунун кечке бир калыптан жылбай отура берүүсү наристенин ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет.
"Алдын ала балага кийим алып камданууга болбойт. Анткени аларды камдаган күндөн баштап наристе кийимдерин кийүүгө шашылат" деп түкшүмөлдөшөт. Медицинада бул түшүнүктүн эч кандай таасири жок деп белгиленет.
Иттин толгоосу жеңил болгондуктан толгоону жеңил тартуу үчүн итке тамак берип, баскан жолун басып, “ит толгоо бер” деп сураныш керек. Ал эми медицинада “боюнда бар аялдын көп басуусу өтө пайдалуу” деп кеңеш беришет.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2