
35-36-БЕТ
ЭСКИ ТААНЫШ
Жолдо бара жатканда эле Каныбектин эки көзүн таңып,колун байлап салышкан болчу.Ошол боюнча эч кимиси бир да сөз сүйлөп унчугушкан жок.Алар көпкө,узак жол жүрүшкөнсүдү. Каякка,эмне максат менен алып баратышат Каныбек эч түшүнбөй жол карата ар нерселерди ойлоп башын катырып баратты." Балким менин Абдурасил эмес экенимди билип калышып Абдурахмандар атайын биротоло көзүмдү тазалашканы алып баратышкандыр. Балким,Карабаев айткан башка топтор болуп жүрбөсүн.А балким мунун башка бир сыры бардыр?Мейли, кандай болсо да,көрө жатарбыз.Менде зажигалка бар эмеспи,тигилер менен байланышып алам.Куралдуу жүргөндөрүнө караганда булар жөн адамдар эмес.Кызык,кийинки мезгилдерде күтүлбөгөн кокустуктарга көп кабылып калчу болдум.Эми мени алдыда дагы эмне сюрприз күтүп турат болду экен?"Бир аздан кийин жеңил машине токтоп,бир аз турду да кайра ордунан козголду.Каныбектин көзү таңылуу болчу,туюу сезими менен бир жакка киргенин сезип атты.Бир аз жүргөн соң машине токтоду да,мотору өчтү.Андан соң эшиктер ачылып эки адам эки жактан колтуктай Каныбекти кайдадыр алып жөнөштү.Эки колу артына байлануу болгондуктан эч каршылык көрсөткөн жок,тигилер алып бара жаткан жакка бутун шилтеп жүрүп отурду.Кандайдыр бир үстү жабылган чоң үйдүн ичинде кетип баратканы сезилип турду.Эшик ачылып бөлмөнүн ичине киришкендей болду.Тепкич менен төмөн түшүштү.Аны жер төлө деп ойлоп жатты.Түрмөнүн эшигиндей болгон темир эшик шарак-шурак деп ачылгансыды. Кандайдыр бир жытты,болгондо да тааныш жытты сезди,кадимки түрмөнүн,хатанын жыты."Кызык мени кайтадан түрмөгө алып келе жатышабы?Эми менин түрмөгө керегим деле жок да".Алар бир аз басышкан соң дагы бир бөлмөгө киришкенде болду.Канча жол басышканын, канча эшиктен киргенин Каныбектин башы айланып калды.Бир жерге келип токтошту.Айланасында анча-мынча кобур-собур үндөр чыккансыды. Анан дымып калышты.Жымжырттык. "Мени эмне,бул жакка жалгыз таштап кетиштиби?" Жок ал жаңылышыптыр, бир аздан кийин бирөөсү анын таңылган көзүн чечти.Чоң болмөнүн ичинде өзүн курчап жалдырай карап турушкан чет элдик ар түрдүү автоматтар, пистолеттер менен куралданышкан, сакал-муруттары өскөн,жаштары ар кайсы курактагы он чакты киши унчукпастан аны теше тиктей карап турушуптур. Каныбек өзү Ооганыстанда кызмат өтөп келгендиктен көзүнө кадимки ооган басмачылары элестеп кетти.Төрдөгү столдо жашы элүүлөргө чукулдап калган,көз карашы аябай сүрдүү,толмочунан келген тармал чачтуу киши отуруптур.
Баары жымжырт боло бир топко унчугушпай турушту.Каныбек акырын айланасына бир сыйра көз жүгүртүп өттү,дегеле бирин да тааныбайт экен.Анын үстүнө түспөлдөрү да,бири да кыргыздарга окшобойт.Афган, арабдарга окшошуп кетишет экен.Чачтары тармал,каштары кара,сакал муруттары коюу,өңдөрү кара түспөлдөш.Бир аздан кийин төрдөгу отурган киши ага акырын сынагандай көз караш менен карап үн катты.
-Абдурасул сенсиңби?
Каныбек бир пазга эмне деп жооп берерин билбей унчукпай турду.
-Мени кайдан тааныйсыңар?
-Адегенде менин суроомо жооп бер,Абдурасулсуңбу?
-Жок,силер жаңылышып жатасыңар,башка бирөө менен чаташтырып алсаңар керек.
-Азыр аны бат эле далилдей коёбуз.-Алиги киши бирөөлөргө колун жаңсап белги берип койду эле,сырт жактан бир кишини ээрчитип келишти.Аны көрүп Каныбек эмне кылаарын билбей унчукпай туруп калды.Ал турмөдө чогуу отурган Хусейин деген уйгур жигит эле.Мөөнөтү бутуп түрмөдөн бошоп чыкканына эки айдай болуп калган.Эсинде, алтынчы хатанын паханы болуп жургөн,төртүнчү жолу кесилип түрмөдө отурган Азим деген киши дайыма Хусейиндин бацилласына кол салып,дачкаларды өзүнө ыйгарып алып,атүгүл ага тынчтык бербей баланданы да тартып алып кез-кез ага муштумун тийгизе коюп жүргөнүн байкап калган.Бир жолу ашканада жаңыдан тамак ичкени отурушканда ал Хусейиндин тамагын бүт бойдон тартып алып,аны да ичпей ары жактагы парашага төгүп салганын көргөн.Азимге Хусейин аянычтуу карап бир нерсе деп сөз айткансыды, сыягы курсагым ачка тамак ичким келип атат дедиби.Анын бул сөзу азимге жакпай калды ойшойт,өзү аябай далдайган чоң киши болчу,көпчүлүгү аны великан деп коюшчу.Илмийген арык Хусейинди бир колу менен таптак көтөрүп туруп тамак ичип отурган столдун үстүнө ыргытып жиберген. Тамак ичип отургандар алдыларындагы харчаларын(тамак) ташташа,ордуларынан туруша туш-тушка чачырай беришти.Аны экинчи жолу таппатак көтөруп туруп бурч жакка ыргытканда өзү менен кошо стулдарды чапчый камгактай учуп барып түштү.Карап тургандардын эч кимиси ага кийлигишкен жок,байкушту эмне кылар экен деп үрөйлөрү уча карап турушту.Бир кезде аны сол колу менен так көтөрүп туруп барскандай колу менен бетке урмакчы болуп,жаңы эле колун көтөрүп баратканда Каныбек аны колдон кармап калган.Эгер бул муштум Хусейинге тийчү болсо,аны оңдурбайт болчу. Сен ким элең дегендей ал каныбекке башын бура карап калды.Ал кезде анын каратэ менен машыгып кара пояс экенин көпчүлүгү биле элек мезгил болчу.
-Кереги жок,жөн кой жайына аны,-Каныбек муштумун катуу кармаган боюнча тигини тике карай туруп калды.
belka
19 Январь 2015 - 03:27
-Сен кимсиң мени тыйгандай,кийлигишпей тур мындай төрт бүктөп коё электе!
Чындыгында буга чейин бул дөөгө эч ким каяша сүйлөчү эмес.Ал жалгыз гана положенецтин оң колу болуп жүргөн корей жигиттен гана ийменчү.Башкаларына болсо өз билгенин жасачу.Жинине тийгендерди эч аячу эмес,колун,кабыргасын, бармактарын сындырып таштачу.Бир жолку ачуусу менен жаңы келген өзундөй болгон далдайган жигит экөө уруша кетип катуу кысып,мойнун сындырып,өлтүрүп койгон.Буга эч ким эч нерсе кыла алган эмес.Ошондон кийин мындан баары чочулап калшыкан болчу.Зөөкүр болгону аз келгенсип,кекчил да эле.
-Ыя,сен кимсиң мени тыйгандай?!
-Жайына кой,пусть өз оокатын өзү кылып жүрө берсин.-Каныбек буга каяша кылган түрмөдөгү биринчи адам эле.
-Сен тың жигит көрүнөсүң,келгениңе бир жарым ай боло элек жатып каяша сүйлөп,атүгүл колумдан кармап атканын карасаң.Кабыргаңды карыштырып коёюнбу ыя,азыр?-Ал Каныбекти чап билектен кармады дагы белден кучактап өйдө көздөй тапатак көтөрүп туруп кайсыл жакка ыргытсам дегендей ары-бери басты.Анан ары жактагы төрдө тамак ичип отруган столдогуларды көздөй ыргытты эле,ал столду буту менен тирей калып кайра тикесинен туруп калды.Экинчи жолу кармаганы баратканда өтө тездик менен карматпай буйтап кетти.Азим аябай карылуу болгону менен олдоксон болчу.Экинчи жолу обдулганда буйтап арт жагына өтүп кетти да,желкеге тээп калды.Бери бурулганда көкүрөккө тепти эле дубалга жабыша түштү.Тигил аюудай айкыра ачууланган боюнча Каныбекти качырып сала бергенде,ал бир секирим менен столдун ары жагына өтүп кетти.Азим буга сыр көрсөткөнү алдында турган тамак иччү столду тапатак көтөрүп туруп тигини көздөй шилтеп калды.Бирок, стол жеткиче тигил ары көздөй буйтап кеткенге үлгүрдү.Экөөнүн мушташы бир топко созулду.Ал бут менен бетке эки-үч жолу катуу жегенден кийин гана эч нерсе кыла албай шалдырап отуруп калды.Бир жагынан башы сендиректеп, жер айлан-көчөк боло,экинчи жагынан өтө чарчап да калган эле.Мышыктай болгон аябай шамдагай немеге күчү жетпесин сездиби,ордунан тура эч сөз айтпастан ары көздөй басып кеткен эле.Ошондо Каныбек ага биринчи кол кайыргандардын бири болчу.Хусейинге ал ошондон кийин экинчи тийишпей калган.Кийинчерээк Хусейин экөө жакшы мамиледе болуп кетишкен.Каныбек түрмөдө жүргөнүнө беш айдай болгондон кийин Хусейиндин мөөнөтү бүтүп,эркиндикке чыгып кеткен.Ошол Хусейин бет маңдайында турду.
-Кандай Абдурасул,көрүшпөгөнүбүзгө да бир топ болуп калды го дейм.Түрмөгө дачка киргизейин деп барып силердин качып кеткениңерди угуп калдым.Ооба, бир эсептен туура эле кылдың.Аны укканда мен аябай кубанбадымбы. Тогуз жыл бою ал жакта түрмөнүн баландасын ичип,төрт тарабы кыбыла болгон бийик дубалдын ичинде эзилип жатмаксың.Мына мен да ашык кеми жок жети жыл толук мөөнөтүмдү өтөп чыкпадымбы. ..
-Коё турчу,булар ким,силер кимсиңер вообще..?
-Чочулап,кабатыр болбой эле кой Абдурасул,булар өз кишилериң болот ,сага эч жамандык кылышпайт.
-Түшүнбөдүм. ..
-Эми кандай десем...Булар менен мындан ары чогуу иштешесиңер же тагыраак айтканда чогуу иштешебиз.
-В каком смысле?
-В прямом смысле,баса сени менен кошо качып чыгышкан беркил үчөө каякта?
-Кайсыл үчөө?
-Абдурахман, Жафар,Сулаймандар. .?
-Аларыңды билбейм,мен өзүм гана качып чыктым...
-Калп айтып жашырбай эле кой Абдурасул,биз бардыгын билебиз.Кандай жол менен качканыңарды да билебиз.
-Айткылачы менден силерге эмне керек?
belka
19 Январь 2015 - 03:56
Төрдө отурган алиги толмочунан келген киши ордунан козголду.
-Болуптур сөздү чойбой ток этээр жерине өтөлү.Кыскасы, сен биз менен иштешишиң керек,кандай да болсо Абдурахмандан казынанын картасын алышыбыз керек.
Каныбекти курчап турган куралчан топ аны эмне дээр экен жымжырт болуп күтүп турушту.Бир аздан кийин алиги төрдө отурган киши кайрадан үн катты.
-Албетте,биздин бул сунушубуз сен үчүн күтүлбөгөндүк, туурабы.Мен дароо эле макул же жок деп айт дебейм,убакыт бар,ойлонуп көр.Биз абдурахмандын тобундагыдай эмеспиз.Акча Кудая шүгүр жетишет,профессионал куралдуу тобубуз бар.Чет элдиктер менен да байланышыбыз күчтүү.
-Бизде казынанын картасы бар экенин кайдан билдиңер?
-Мен айтып атпаймынбы чет элдиктер менен да байланышыбыз бар деп,аны билүүнүн кыйынчылыгы деле жок.
-А балким силер бирөолөр менен чаташтырып жаңылыш угуп алган чыгаарсыңар, ал эмне болгон казына экен?
-Арамзаланба Абдурасултээ тарыхта калган Кокон хандыгынын кыргыздар менен болгон кагылышуусун, көп жылдар бою алардын үстүнөн үстөмдүк кылган эзүүсүн кимдер билбейт.Кокон хандыгынын бийлигинин аяктап бараткан акыркы жылдары бир жолку катуу чабышта казынанын төрттөн бир бөлүгүнүн жоголуп кетиши,жакында гана анын картасы тарыз музейиндеги кылычтын ичинен табылышы,ал мурун сенин колуңда болуп,кийинчерээк абдурахмандын колуна өткөнүн эң жакшы билебиз.Билмексен болуп арамзалангандан эч майнап чыкпайт Абдурасул.Керек болсо алар сени өлтүрмөкчү болушуп,картаны алып алып бычак менен эки-үч жолу көкүрөккө урушуп,өлүгүңдү сууга ыргытышкан, туурабы.Сен мындайча айтканда Кудайдын шарапаты менен орусча айтканда чудом аман калгансың.Кайра картаны алыш үчүн атайын түрмөгө тушүп,тигилер менен кайра элдешкенсиң. Түрмөдөгү окуяларыңды да билебиз.Ал жактан качуу планын да сен уюштургансың. Майрам күнү төртөөңөр түрмөдөн качып чыккансыңар. Азыр ызы-чуу болуп ички иштер органдары тарабынан силер издөодө журөсүңөр.Жетиштүү го дейм,же дагы айтып берейинби?Так что,арамзаланганыңдан эч майнап чыкпайт.
-Болуптур...мага ойлонуп,бир чечимге келгиче бир аз убакыт бергиле.
-Албетте,биз сага мүмкүнчүлүк беребиз,бирок кароолчуларды ыргыта чаап качып кетем деп ойлобо.Сенин кыйын мушташаарыңды билебиз,эсиңде болсун менин кишилерим көзгө атаар мергендер.Кымындай эле артыкбаш кыймылдасаң атып салышат.Эгер биз менен иштеше турган болсоң шикарный жашоо болот.Болуптур, ойлон жакшылап кабыргаң менен кеңешип,тигилериңден сага эч пайда жок.Убагы келгенде өлтүрүп коюшу да мүмкүн.
Анын кайрадан көзүн таңышты да,бир жерге алып барып көзүн чечишти.Заңгыраган кооз залдын ичинде отуруптур.
-Мына телевизор,музыка, каалаган тамак-аштар, ичкилик десең тигил муздаткычта баары бар.Эмне тамак керек болсо тигил сулуу кыздар алып келип берип турат.Эгер кааласаң алар менен да развлекать этсең болот.Кыскасы каалаган шартың бар.Биз кеттик,ойлон жакшылап.-Аны узатып келген кишилер акырын чыгып кетишти.Жумшак жеңил креслого чалкалай отуруп өзүнчө ойлоно кетти."Эмне кылыш керек,макул боло берсемби же ыңгайын таап качып чыксамбы? ...Кой болбойт,андан көрөкчө Карабаевдер менен байланышып, кеңешип көрөйүн,алар эмне дешээр экен..." Ал ордунан шар атып турду да,аны акырын ачып сыртка көз жиберди.Узунунан кеткен коридордогу жумшак отургучтарда далдайган эки жигит өздөрунчө сүйлөшуп отурушуптур. Колунда кичинекей чет элдик автомат кармаган бирөөсү туруп алып эч нерседен бейкапар экөөнүн сөздөрүн тыңшап турат.Каныбектин жылчыктан карап турганын байкашкан жок.Ал акырын кайра эшикти жаап койду.Анан терезе жакка барып анын айнегинен сыртка көз жүгүрттү.Эки- үч жигиттин сүйлөшүп турганын көрдү.Бирөөсү башын буруп Каныбекти карап койду.Үйдүн шыпкасынан берикөз жүгүртүп,болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын карап чыкты.Катуу кайтарууга алынып,качууга эч мүмкүнчүлүгү жок экен.Видеокамералары жок бекен деп бөлмөнүн ичин дагы бир сыйра кылдат текшерип,эч нерсе жок экендигине ишенгенден кийин гана кайра ордуна келип отурду.Чөнтөгүнөн фильтрлүү сигарет алып чыгып оозуна салды да,зажигалкасынын кнопкасын басып Карабаевге акырын кырдаалды баяндап кирди.
belka
19 Январь 2015 - 04:06
ТҮНДӨГҮ ҮЧӨӨ
-Та-аак,абышка, нам пора уходить,-Абдурахман Игордун жанына келди.-Бирок биз кетээрдин алдында силерди байлап,сыртыңардан бекитип кетишибиз керек.Биздин ким экенибизди эми беш колуңардай эле билип калдыңар.Биз кайра түрмөгө кайрылып баргыбыз келбейт.Ошол себептен силерди байлоого туура келет,эң башкысы силер биздин айтканыбыз менен болуп бердиңер,ошондуктан биз да силерге эч кандай жамандык жасабайбыз, бирок учтите,милицияга дароо кабарлайбыз деп ойлобогула, өзүңөргө кырсык,жамандык тилеп аласыңар.
Сыртта айланага күүгүм кирип,көчө кыймылы сээлдеп калган маал болчу.Үчөөнү кыймылдай алгыс кылып аябай бекем чырмап байлап,ооздорун да таңып,үйдүн жарыгын өчүрүштү.Анан эшигин бекем жаап,дарбазасын сыртынан ачкычы менен бекитишти.Ачкычты короонун ичине ыргытып коюшту.Айланаларында ары-бери өткөн киши жокпу дегендей бир сыйра акырын көз жүгуртүп чыгышты.
-Каяк тарапка баралы?
-Жолго чыгып Бишкек тарапты көздөй бараткан такси же жеңил машине кармайлы.
-Милиция кызматкерлерине кармалып калсакчы?
-Кармалбайбыз, Кудай сактасын.Алар караңгыда бардык машинелерди эле токтотуп текшере беришпейт да.
Үчөө эки жактарын алактай караша,машинелер көп жүрчү жолду карай кетип бара жатышты.
-Токтогула,каякка бара жатасыңар?
Капыстан чыккан үнгө үчөө тең сактаныша туруп калышты.Алар бак түбүндө арак ичип отурушкан жергиликтүү жаш балдар болчу.
-Силер кимсиңер?-Алиги үн кайрадан чыкты.
-А силер өзүңөр кимсиңер?-Абдурахман жооп ордуна кайра тигилерге суроо салды.
-Тамекиңер барбы?-Бирөөсү ширенке жандырып тигилердин жүзүнө үңүлдү.Алар жергиликтүү эмес бейтааныш кишилер экенин көрүшүп,кызуу болуп турган жигиттер үчөөнө асыла кетишти.-Тамекиңер жок болсо ичкенге бирнерсе таштагыла.
Бокмурун кызуу балдар менен акыйлашып турганга убакыт жок болчу.
-Бар жигиттер өз оокатыңарды кылгыла,бизге тийишпегиле, итак шашып баратабыз.
Анын сөзу беркилерге жаккан жок.Алигиси түз эле анын алдын тооруп ар жактан да үч төртөөсү жабыла басып келип курчап калышты.Биринчиден карангы,экинчиден бул бейтааныштар башка жактан экенин билишкен боз балдар аларды эрмектей башташты.
-Бул жакка чужойлор келбеши керек,келишсе сөзсүз отметка жасашы керек.Давай отметка жасагыла.
Аларды ары айтса да,бери айтса да көнбөй коюшту.Ортодон чатакташа кетишти,кызуу балдар жөндөн жөн эле коё берчү түрлөру жок.Бешөө үчөөнү тепкилемек болуп курчоого алыша улам омуроолоп киришти.Бир маалда боз балдардын бирөөсү катуу бакырып жиберди "Аа-аа-аа! Санга бир нерсе менен сайып жиберди! " Аларды курчап тургандардын бирөөсү ширенке мене жарык кылды эле,үчөөнүн тең колдорундагы бычактарды көрүшүп туш-тушка качып жөнөштү.Ар бири бирден бычакты кокус бирдеме болсо деп үйдөн ала чыгышкан.
-Каргашадай болуп булар кайдан чыга калышты эле.Иштин баары чатакка айланмай болду.Кой,тигилер айылга барып кайра кайтып келишкенче биз көздөн кайым болуп кетели.
Уландысы бар


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1