
А Ң Г Е М Е (16- бөлүм )
Кундуз абысыны Жыргал апанын сырттан
келген киши менен эмне жөнүндө сүйлөшүп
атканын түшүнбөгөндөй отурду . Жыргал апа
да , анын акыбалын күнүгө көрүп жүрөт
эмеспи .Эр ортону элүү жаштан эми гана ашкан Самарбек жаш кезинде , кызуулукка ,
ичкиликке алдырып , кол көтөрүп жүргөнү болбосо , бешинчи кызы Дүрдана төрөлгөндөн
кийин андай өзү айткандай , ,,итчилигин ,, тып
эле токтотууга эрки жетип , ичкиликти да ,
кызыл камчылыкты да , экинчи ирет кайталаган жок . Кундуздун кабагын карап
отурган Жыргал апа Шамилдин атасына "- Э, жээним ,ойлобогон жерден ушундай иш болуп
кетти . Кайним раматылык ушу кызын өзгөчө
жакшы көрчү эле . Кудай аман койсо , окуусун
бутуп алса , жетилген куракка жетилип , бир
кесиптин ээси болуп алса , анан шашпай турмуш жолуна аттанаар . Ал эми силердин
уулуңар ,биздин кызды жакшы көрүп калган
окшойт . Неси болсо да , окуусун бүтүп , атасынын. жылдык , аш- суусун бергенден
кийин кол кармашса , жарашат го -" деп , оюндагысын ортого сала салды Жыргал апа .
Баятан унчукпай отурган Кундуз "- Ооба , жеңем
туура айтат . Кызыбыз абдан жаш , окусун ,
дагы билимин жогорулатсын . Бала да ,азыр"-
деп эле Дурдананы бугун же эртен эле
сурап келгендей , Жыргал апанын сөзүн
коштоду .Чайдан улам уурттап коюп отурган
Шамилдин атасы да , "- Албетте , сиздерге
мен да кошулам . Менин балам деле он сегизге
эми чыкты , армияга чакыруу келсе , аскердик
кызматын өтөп келет . Ошондо да , балдар
жаштыгына карабай , сүйлөшүп калышкан экен,
жакшы кеңешибизди аябай эле коёлу , белегин
берем десе , жалгыз жибере албай келип калдым . Кудайдын буйруганын көрөөрбүз.
Бул жактан сиздер аман , тигил жактан биз
аман болуп , эл- журтубуз тынч болсо , жакшы
күндөрдөн үмүт кылалы . "- деп , бир кыйла
салмактуу кептерден козгоп отурду .
Ал учурда , Шамил. Дүрданага алып келген
телефонун аркы- беркисин көрсөтүп , эки
номур бар экенин айтып , казакстандан ,
кыргызстандан да , байланыша берээрин ,
айтып , Дүрдананын бир аз да , болсо алаксып,
экрандуу телефонду чукулап отуруп үйрөнүп
алганына кубанды .
Кыштын күнү кыска эмеспи . Шамил атасы
экөөбү , бир сааттай ,болуп эле Дүрдананын
үйүнөн узашты . Жолдо баратышып , уулуна
,,Балам ! Дүрданага бир күнү сырга салып
кетебиз ээ? Атасынын кыркылыгы өтсүн !
,,Энесин көрүп , кызын ал , эшигин көрүп төрүнө
өт ,, дегендей , энеси жакшы адам экен .
Апаң жакшы эле , кыздын кулагына сырга
салып , энчилеп коёлу деп айтты го .Жанагы
чоң апасы да , жакшы киши экен ,апаң менен
тил табышып кетмек экен "- деп , рулду башкарып келе жаткан атасы бажырап келе жатты . Ал эми , Шамил "- Ата ! Сиздер неге ашыгып жатасыздар ? Мен жакында ,
армияга кетем гой ! Дүрдана болсо , он алтыга
эми чыкты . Ал техникумду бүткөндөн кийин,
Бишкекке. жогорку окуу жайына тапшырам .
деп атпайбы ? Ал мага сырга салынбайм , деп
койсочу . Апам да , ашыга берет . Азыр илгерки
заман эмес го , билесиз . Менин бир тааныш
байкем , сүйлөшкөн кызына сырга салган экен,
экөөбү бир күнү урушуп кетип , кулагынан чечип , колуна карматып кетип калган . "- деп,
атасынын оюна такыр макул болгон жок .
Арадан билинбей жылдар өттү . Шамил
армиядан келип , кайрадан окуусун улантып ,
техникумду Дүрдана менен тең аяктады .
Армияда жүрсө да , алардын ортосундагы
байланыш үзүлгөн жок . Шамил армияга кетип
атканында , Дүрданага жашоо кунарсыз ,
кызыгы жоктой сезилип , бара- бара , күтүүдөн
чарчабай , сагынган , кусалык толгон күндөр да ,
кантип өткөнүн билбей калды .
Шамил армиядан бир аз өзгөрүлүп ,келди.
Мурункудай токтоо эмес , шарт- шарт сүйлөгөн ,
курч мүнөздүү жигитке айланганы , Дүрданага
абдан жакты . Дүрданага көз салган , сөз айткан жигиттерди байкаса , дароо эле төпөштөп , жибермей болду . Жылдан - жылга
бой келбети. сыналган Дүрданага далайлар
ашык болду . Окуусун аяктаган жылы өзү
эңсеген жогорку окуу жайына Дүрдана өтө
албады . Апасы да , кайра - кайрадан ооруп ,
ооруканада жаткан учурда , эгиз синдилерин,
Самаган инисин карап , өзүнүн тикмечилик
өнөрүн улантып , Тараздан тынымсыз келген
Шамил кездемелерден ар түрүн алып келип ,
Дүрданага опол тоодой жардам кылып жүрдү .
Кундуз ооруканадан чыгаары менен Шамилдин ата - энеси кызынын колун сурап
келди . Жашы жыйырмага чыгайын деп калса
да , Кундуз Дүрдананы кичинекей кыздай көрүп , акыры төрт жылга жакын бири- биринен
алыстабай , жүргөн Шамил менен Дүрдананын
ажырагыс , ортодогу таза сүйүүсүнө чек коё
албасына көзү жетип , макул болууга аргасыз
болду . Апасынын кыйылып макул болгонун
сезген Дүрдана "- Апа ! Мен Шамилге турмушка
чыксам да , силерге жардам берип турам .
Шамилдин ата- энеси абдан жакшы кишилер.
Мен эле эмес , Шамил да , Самаган чоңойгончр,
колунан келген жакшылыгын аябайт . Апа ! "деп,
турмуш жолуна аттанаарда , ак батасын берип ,
узатуусун өтүндү .
( Уландысы бар ) Н У Р Г Ү Л.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4