
Аңгеме. ( 15- бөлүм )
Дүрдана да ,ошол күнү кечке жуук , Таразга
кирип барды . Жатаканын алдындагы арчаларга жалтырак - жултурактар илинип ,
терезелерге чейин , саймаланган кагаздар
чапталып , сыртта жаап аткан аппак кар да ,
Дүрдананы көрүп , чуркап чыккан курбуларындай , кучагын жайып тосуп алды .
Канчалык өзүн бекем кармап отурса да , ошол
күнкү түнкү күзөткө келген Нурдаулет агайы
алардын бөлмөсүнө кирип , кыздар жайып
аткан дасторкондун үстүндө , Дүрдананын
атасына Куран багыштап , көңүл айтып кеткен
соң , буркурап ыйлап , бөлмөнүн ичи тымтырс
болуп , ага кошулуп , кыздар да аны кучактап
ыйлашып , бир топко чейин Дүрдана менен
алышышты . Дүрдана да , төбөсү лакылдап
ооруп келатканын сезип , өзүн кармап улуу
эжесинин "- Дана ! Эгер сен өзүңдү - өзүң
кармай албасаң , майып болосуң , оорукчан
болосуң , ошондо кимге керегиң бар ? Апамдын
эле шору болосуң да . Эгер , окуу жайдан эс -
учуңду жоготуп кое турган болсоң , эсиңде
болсун ! Окууңдан чыгарып туруп , өзүм иштеген ооруканага алып барам да , эч жакка
чыккыс кылып , тушап коем " - деген сөзүн
эстеп , бети - башын жууп келип , үйүнөн алып
келген бышкан эт , боорсок , таттууларынан
дасторконго коюп , кыздардан уккан жаңылыктарга кулак төшөп , кайраттанып ,
курбуларына көңүлүн буруп , алар жылмайып
бир нерселер жөнүндө кеп кылышса , ал да,
жылмайымыш болуп отурду .
Окуусуна барганда , Дүрдананы көргөн
Шамил көргөн көзүнө ишенбей , кечээ эле
үйүнө барганда , окуусу жөнүндө , жакында
келээри жөнүндө сөз болгон жок эле деп , таң
кала карап жатты . Чоң аудиторияда төрт
группанын студенттерине мугалим лекция
окуп жатты . Алды жактагы студенттер какыйып , отурса , арт жактагыларды " сокур
молдо,, жетелеп , уйкуга кетип калгандары бар . Дүрдана такай алды жакта отурат .
Кандай сабак болбосун , ар бир сабакка кирген
окутуучулардын маанайын көтөрүп , кызыккан
суроолорун берүүдөн тартынбайт..Өзүнүн берген суроосуна карата , мугалимдин аргументтуу фактылар менен жооп бергени ,
90- мүнөттүк сабактын кызыктуу болгонун ,
далилдейт .
Ошол эле учурда , Шамил Дүрданадан көзүн албай , ал да , жарыша , мугалимине суроо
узатып , өзүнүн лидерлигин , аракетчил экендигин. айгинелеп , бир канча студенттин
арасынан суурулуп , Дүрданадан кем калышпайт .
Жаңы жылдык кечеге катыша албасын айтып,
куратору Кадыр агайынан суранып , Дүрдана
айылын көздөй бет алды . Атасынын машинасын айдаган Шамил Дүрдананы
постко чейин жеткирип барып , анын мурункудай маанайы. жоктугун байкап , ага
болгон сагынычын , кусалыгын , акактай таза
сүйүүсүн айта албады . Дурдана да , атасын
канчалык жоктоп , канчалык куса болуп жүрсө
да , анын жүрөгү Шамил үчүн да , өзүнчө согуп,
өзүнчө кыйналаарын билди .
Казак- кыргыздын чек арасына келгенде ,
экөөбү тең , үнсүз , сөзсүз көздөрү менен сүйлөшту . Дүрдананын кайрылган кирпиктери
сууланып , жаш журөгунун эрте жанчылып ,
эриндери бозомук тартып , алсыз болуп
турганына Шамилдин боору ооруп , аны кучагына бекем кысып , чачынан сылап , чекесинен өпкусу келди . "- Кайгырбачы , Дана!
Мен ар дайым сенин жаныңдамын . Сенин
Самаган бөбөгүңө атаңдай мээрим төгүп ,
атаңдай камкордук кылайынчы . Атаң жасап
жүргөн жумуштарды мен жасайынчы . Апаңдын
күйөө баласы эмес , уулу болоюнчу ,деген сөздөрүн айткысы келди . Дүрдананын колун
кармап айтайын деди ...Жок , анте албады...
Дурдана да , Шамилдин кең көкүрөгүнө башын жөлөп , бугун чыгара ыйлагысы келди.
Атасына эркелегендей , эркелеп , сырдашкысы
келди ...Жок , ал да , Шамилге жакындай
албады ...
Экөөбү тең , жанатан сүйлөшүп , жанатан
көп аңгеме кургандай .. Пока ! Пока ! Көрүшкөнчө ! деп , кол булгалап , бири казактын талаасында , бири кыргыздын аймагында калып , Дүрдананы карааны алыстап , көрүнбөй калгыча , Шамил бир ордунан кыймылдабай карап турду .
Дүрдана да , улам андан алыстаган сайын ..
улам- улам кылчактап , артын карай берди. ..
Шамил жолдо баратып , Дүрдананын балбылдаган көз карашын , көмүрдөй капкара
чачын , капалуу көздөрүн элестетип , машинасын токтото калып , кышкы каникул
канча күн болоорун , манжалары менен санап,
эки жума качан , качан өтөт , деп машинасын
жай гана айдап келе жатты .
Дүрдана да , Шамилдин өзүнө жарашкан ,
тармал чачын , капкара кашын , рулда отуруп,
ойлуу келатканын , көз карашындагы ,көөдөнүн
көтөргөн , терең деңиздей , махабаттын толкуну
чайпалып турганын көрдү . Жүрөгүндөгү сүйүү
отунун учкунун көрдү . Эки жумалык эс алуунун тез өтүшүн самап , айлына жетээрде ,
атасынын калдайган карааны жок экенин
эстеп , көздөрүнөн , аккан ачуу жашты токтото
албай келе жатты ..
Шамилдин кабагы ачылбайт. Кечке китеп окуйт . Ата - энеси уулунун көзү менен тең
айланып , сыртка чыгып кино театрларга. ,
көңүл ачуучу маданий борборлорго барып келүүсүн өтүнүшөт . Ал эми Шамил көчөгө
чыгууну каалабай , убактысынын көбүн китеп
окуу менен өткөрөт ..
Атасы көптөн бери жеке ишкерлик менен
алектенип жүргөн . Жаңы жылдын алдында
уулуна. жаңы чыгып аткан экрандуу телефон .
болгондо да , эки телефон белекке берип ,
куттуктады . Шамилдин "- Мага эки телефонбу?-
деген суроосуна "- Албетте , уулум ! Сенин жүрөгүң жалгыз эмес ,эки жүрөк болуп калбадыбы . Бирөөсүн Дүрданага алдым .
Жаңы жылын менен деп , куттуктап бер,балам!
Азыр ал кыздын көңүлү жарым гой ! Сен не
кырарыңды билбей турганда , звандап сүйлөшүп аласың , кааласаң , бири - бириңди
көрүп суйлөшө бересиңер ."- деп , Шамилге
күтүлбөгөн зор белек тапшырды . атасы .
Шамил аппаратты тез эле үйрөнүп , тез эле
ага көнүгө баштады ..Өзүндөй болуп Дүрдана да, бул телефонго ээ болсо , кандай жакшы
болмок деп , бир күнү атасына Кыргызстанга
барып келүүсүн өтүндү . Атасы дароо эле
уулунун айтканына көнүп , Дүрданага белегин
бердиргиси келди . Апасы да , алардын оюн
ишке ашыргысы келип , баласынын элеп - желеп болуп турганына сүйүнүп , "- Жакшы
барып , жакшы келгиле "- деп , узатып жатып
"- Шамил ! Сен ал кызды чындап жакшы көрсөң , мен да силер менен чогуу барайын .
Силер апасына , эмне деп бармаксыңар ?
Белегиңерди көчөдөн ,же бирөөдөн чакыртып
бересиңерби ? Андай болбойт . Ошол кызга
сырга салабыз . Апасы менен өзүм сүйлөшөм .
И. баса ! Жыргал деген чоң апасына барабыз
да , жагдайды айтып , тушундурөбуз ..
Ал кыз окуусун бүтсө , он сегизге толсо ,ары жагын шашпай. көрөбүз да "- деди апасы .
Шамил апасын карап эле , аны бүгүн үйлөнтүп
жиберчүдөй ,. "- Апа ! Сиз эмне деп турасыз ?
Атасынын өлгөнүнө , бир ай да боло элек .
Жаңы жыл өткөндөн кийин ,биринчи жумалыгында , кыркылыгын өткөрөбүз деген
болчу Дүрдана . Бул телефонду өзүм эле берип
келем. Кабатыр болсоңуз , атам менен барайын. -" деп , апасынын сунушун четке какты.
Ошентип , Шамил атасы менен Дүрдананын
айлына барып , Аманат акесинин бир уулун
таанып калганын айтып , Дүрдананы чакыртып берүүсүн өтүндү . Ал эми Дүрдана
апасы экөөбү ыйлап- сыктап , сүйлөшүп
отурган күндөрдүн биринде Шамилди жакшы
көрөөрүн айткан эле . Анда апасы "- Сен Али
жашсың , эки - үч жыл коё тур . Атаң сени
дагы жогорку окуу жайдан билим алса экен
дечү , эжелериң укса. секирип кетет го "- деп
унчукпай калган.
Дүрдана сыртта кир жайып жүргөнүндө ,
көчөдөн Шамилдин атасынын машинасын
көрүп чоочуп кетти . Аманат акесинин уулу
Арген "- Эже ! Сизди чакырып атат -" деп ,
машинадан түшүп - түшпөй жатып , кыйкырды
Дүрдана үйүнө кирди да , апасынан жолугуп
келүүнү суранганында , апасы "- Атасы жакында өлүп кызы ээнбаш болуп кетиптир
дебейби , коло- коншулар , үйгө эле кирсин,
үйдөн сүйлөшкулө , жок өзүм эле , киргиле деп
айтайын деп , сыртка жаңы эле чыкканында ,
Жыргал апа Шамилди атасы менен үйдү
көздөй келе жатканын көрүп , дасторконун
иреттеп , Дүрданага Жыргал апанын да ,
алар менен келатканын кабарлады .
Шамилдин атасы Жыргал апанын тосуп чыкканын , жайылган дасторконго отургузуп,
кабыл алганына күбө болуп , ,, Каап ! Апабыз
кошо келсе , болмок экен да , деп , чай ичип ,
шашпай отуруп , Жыргал апанын , Кундуздун
кабагына жараша сүйлөп отуруп , Шамил
курсташына белек алып келди эле "-
мүмкүн болсо , балдар өздөрүнчө сүйлөшүп
алышсынчы -" деген оюн тобокелге сала
билдирип жиберди . Анда , Жыргал апа "- Ооба!
айланайын ! Бирге окуса , бирге жүрсө ,белек
берет да , анын эмнеси бар экен "- деп ,
Дүрдананы. менен Шамилди конок бөлмөнүн
бирине киргизип . Жээн кылып табышып
алган Шамилдин атасына заматта , куурдагын
куурутуп , кенен сөзгө тартып отурду Жыргал
апа .
( Уландысы бар )
Н У Р Г Ү Л


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев