
Аңгеме ( 14- бөлүм )
Тараз менен Таластын ортосун бөлүп турган " Айша - Би - Би ,, постунан өтүү , эки сааттык
убакытты алса да , таң атпай Дүрдана
эжелери менен айлына кирип барышты . Алардын үйү чоң көчөдөн кийинки эле көчө болгондуктан , алардын алдынан эки - үч
машина чоң көчөдөн ылдамыраак келип ,
биринин артынан бири жарыша Дүрдананын
көчөсү жакка бурулганында эле ,сезимтал
кыз , ал машиналар апасынын төркүндөрү ,
тайкелери экенин тааный койду да , "- Эже !
Атам аманбы ? Эже ! Жезде ! Неге унчукпайсынар ? Неге мага айтпайсынар !-"
Тайкелерибиз биз жакка кайрылып кетти го ?
Эжеке ! Жезде ! Силер билдиңер беле ? Атам
барбы , жокпу айткылачы "- деп , Дүрдана
боздоп , баштаганда эле боз үй тигилген үйүнө
кирип барып калышты . Алардын артынан
бир топ кишилер " Эсил кайран акем ой ,акем ой"- дешип ,өкүрүк салып , машинадан жаңы
түшкөн Дүрдана эс учун жоготуп , жездеси
аны көтөргөн бойдон түз эле үйүнө алып кирип , колоң - коңшу апалар бетине суу чачып ,
анын эс ала албай , тырышып жатканынан
чочулашып , боз үйдүн ичинде апасын кучактап
чуулдашып ыйлап аткан эжелерине Кайрат
айтышып , туугандардын аксакалы Жыргал
апа ,,- Сабыр кылгыла ! Тартып ыйлагыла !
Өкүрүп , бакырсак жакын адамдарыбызды
Жараткан колубузга кайтарып берсе , мына
мага бермек ! Эки баламды удаа авганистан
согушу жутуп алды . Кана ! Мен ыйлаганда
ошол балдарым бери карадыбы? Ыя ? Он гүлүнүн бири ачылбай кетти го . Шүгүр дегиле !
Силерди окутту , чокутту , жээн неберелерин
көрдү . Эч нерсе көрбөй кеткендер канча !
Өлмөктүн артынан өлмөк жок .Гүлбара ! Тур !
Жашыңды тый ! Тиги тамда Дана кызыңар эс
ала албай жатат . Укол- пукол салып эсине келтир ! "- деп , Жыргал апа таягын таянып
алып , бирде үйдүн ичине , бирде боз үйдүн
ичиндеги боздоп аткандардын. сестисин кайтарып , катуу - катуу , кыйкыра сүйлөп ,
казандын башындагы келиндерге да барып ,"-
Жай казгандардын тамагын тездеткиле ! Ушу
чилдеде оңой эмес , жай казуу "- деп , тууган-
туушкандардын ар кимисине жүктөлгөн иштин
баарын абышкасы., туугандардын бийи - Адыл
ата экөөбу көзөмөлдөп , кычыраган суукка
карабай , сыртта да , үйдө да жандары тынбай ,
келген - кеткен жээк- жааттарга көз салып ,
тыным алып отурууга да , чамалары жеткен жок.
Солкулдап соолуп , кара жоолук салынган
Кундуз да , эсин жыя албай , бирде солго ,
бирде оңго кулап , боздоп атты . Жыргал апа
Кундуздун жанына келип , " Ай , Кундуз !
Шалактабай өзүңдү карма ! Сени көргөн кыздарың кантип кайраттанат ! Ыя ! Күйөөң
менен отуз беш жыл жашадың ! Карышкырча
улуп , үңкүлдөбөй , мобу мен берген кагазды
карап , кайталап ,кайталап көз жүгүртүп кошок
кошуп ыйла ! Эмне күйөөң жаман киши беле ?
Жакшы жагын айтып , кошуп ыйла .-" деди..
Атасын алып чыгып баратканын гана көрдү
Дүрдана .Кайра - кайра эсин жоготуп , өңү
бозоруп , өзүнө келе албай , эжелеринин эсин
чыгарды . Жыргал апа ысык чайдан баса - баса ичтиртип , ой - боюна койбой , ысык камырдан
эки жалбырак болсо да , оозуна салып жедиртип , "- Кагылайын ! Дурдана ! Атаңдын
керээзин ук ! Кан басымы көтөрүлүп , жыгылды. Өзүнүн жакшы болбосун билди
окшойт . Биз жанында болдук .Бизге аманат катымды , окуп бергиле , менин айткан
сөзүмдү Дүрданага айткыла "- деген атаң-".. Үпөл ! Сен окуп бер , келегой "-деди ,Жыргал апа
"- Дана !
Жети уулга тең кыз болдуң ! Сенин чайыңды
ичтим .Сен тигип берген кийимдерди кийдим.
Сен мага жетпей калаарсың , кызым !
Жанагы чала казак катын сени башы.оору
кылып кетпедиби . Өзүңдү кара . Кайраттуу бол !
Сен , эжелериң менен тынбай ыйлай берсең ,
мен тынч жата албай калам . Менин жайымды
сурагыла ! Дана ! Сендей кыздуу болуп , бул
жашоодон өтүп баратканыма өкүнбөйм!
Менин айткандарымды Апал жазып жатат.
Ыйлап жатат. Мени эстегиле ! Көз жаш төгүп
эмес , силерге кылган камкордугумду , эстегиле!
Дана ! Ыйлаба суранам ! Башка кыздарымды
билем.Сенчелик ыйлабайт . Дүрдана өзүңдү
ойло ! Сен бактылуу болушуң керек . Дана!
Самаганды жакшы карагыла "- деп, Үпөл сиңдиси үнү каргылданып , буулугуп , араң
окуп берди да , кагазды Дүрданага карматты .
Ал кагаздагы жазуулардын аягындагы.
атасынын кол койгонун көрүп , "- Ата ! Неге ?
Неге ооруп калдың ? Дарыларыңды ичпей
койдуңбу ? Ата ! Мен мындай болоорун билсем,
окуума барбай , өзүм карайт элем го ?- деп,
кайрадан боздоп , көпкө буралып жатып
ыйлады . Атасы кат жазганда этегине ушинтип ,
кол коюп койчу . Колу коюлган кагазды карап,
"- Жок ! Жок ! Ишенбейм ! Атам жаңы жылда
каникулга келгениңде , сагынычты таратып
жүрүп кетесиң ээ , кызым "- деген болчу .
О. Кудай ! Жарым жан атамды неге алдың ?- деп,.үнүн чыгарбай , солкулдап , бүт денеси
бүлкүлдөп , узун кирпиктери жумулуп ,
Дүрдана кайра - кайра эс учун жоготту . Врач
эжеси кашынан чыкпай отуруп , эс алдырып,
"- Эй кыз ! Биз атабызды да , узатпай , сени
менен алыштык го , ыя ? Атабыз өлбөй эле ,
сен өлүп , же атабыздын артынан өлүп калбай ,
сен бизди да , өлтүрөйүн деп койдуң . Андай
артист болгонуңду токтот ! Болду сага , дары
бербейм, укол да салбайм ! Өлсөң өлүп кал !
Сеники өттү го. ! Атабыздын күйүтү жетиштүү !-
деп , Дүрдана отурган бөлмөдөгү бир туугандарынын баарын чогултту да "- Ар
кимиңер өзүңөрдү карагыла , тамак алдыңарга
келгенде , ичкиле ! Атам баарыбызды жетилип
кетти , жакшы көргөн аманат баласы
Самаганды жакшы карагыла ! Мени атамдай
болгон , апамдай болгон оорулуулар күтүп
атат ,ооруканада . Эгер атамдын арбагын
сыйлай турган болсоңор , атамдай иштеп,,
атамдай туз болгула ! Атамлы жайына койгон
уч кундо́н бери уктабай , жургөн туугандарга
рахмат айталы . Апа ! Белиңизди бек бууп,
атам түптөп кеткен үй -жайга ээ болуңуз !
Атам сизге , жерден чырпык алдырбай , кара
күчү , ак эмгеги менен жети кызын чоңойтуп ,
баарыбызды окутуп, чокутту . Биздин сыйыбызды көрөйүн дегенде , чолок болду.
Ошондо да , мал- кел ,дүнүйө калтырып кетти.
Эми көз жашынарды төгүп , атамды өзү
айтканындай , тынч койгула ! - деп , Казакстандагы тун кызы , Гүлбара бир чыйралып , бир муңканып ,шолоктоп ыйлап
аткан бир туугандарын бекем болууга ,
сабырдуу болууга чакырды .
Өлдүң- өчтүң дегендей , бир жума өтүп ,
келим- кетимдин аягы суюлуп , атасын ыйлап
отуруп таппасына көзү жеткен Дүрдана да ,
окуусуна кетүүгө камынды . Аны - мунусун
салыштырып жолго чыгууга даярдык көрүп
атканында , сырттан машиненин үнү угулуп ,
короодогу ит арсылдап калды . Дүрдана
короонун сыртында токтогон аппак жеңил
машинадан. Шамилдин жана ата - энесинин
түшүп келатканын көрүп , селейе түштү .
Үйүнөн келе жаткан Аманат акеси аларды батага келген жек- жааттардын бири деп ,
болжолдоду да , Кундуз отурган бөлмөгө
алып кирди . Дүрдана да , апасынын жанына
отура калып , Шамил кызык го , силер кимсиңер
десе Аманат акеме эмне деп айтат болду экен.
Ачуусу жаман акем мени урушат го эми.
Булар ким десе эмне дейм., деген уйгу - туйгу
ойлор заматта башына чыгып , үнүн чыгарып
ыйлап аткан апасына кошулуп , ыйлап отурду
Жыргал апа киши келгенин көрсө эле жетип
келип аткан .Булардын артынан эле киргендей
болду .Ал чоң апам , баарын териштирет го эми
деп, Дүрдананын ою онго бөлүндү .Аңгыча эле
Шамилдин атасы "- Кайрат кылыңыз эже ?
Сабырдуу болуңуз ! Менин балам кызыңыз
менен бирге окуйт экен .Курсташтарынын ,
жолдошторунун атынан көңүл айтайын деп,
өзү чыга турган болду эле , мен Кыргызстанды
жакшы билем , тубум кыргыз деп , баламды
өзүм алып келдим .-" деди. Жыргал апа
Шамилди ата- энеси менен дасторкон жазылган бөлмөгө кийирип , чайдан сунуп ,
аларды кепке тартып , отуруп ,Шамилдин
атасын жээн кылып алды . Сөз ортосунда
Шамил "- Дүрдана ! Кайрат кыл ! Мен жалпы
курсташтардын атынан сага , жакындарыңа
көңүл айтканы келдим . Ошол достордун
атынан Самарбек атага Куран окутуп коюуңарды өтүнөбүз "- деп , Дүрданага конверт
сунду . Булар өздөрүн ким болобуз деп айтат
эми деп өңү бозоруп жүргөн Дүрдананын эки
бети кызарып отурган эле . Атасы менен
Шамилдин сөздөрү Аманат акесине ,Жыргал
апага түшүнүктүү болгондой , аларды ичкиле ,
жегиле деп отурушту .Шашпай отуруп тамак
ичип кеткиле дегендерине көрүшкөн жок .
Аларга Дүрдана мен да окуума кетет элем деп,
айтууга даай албады . Шамил экөөбү өзүнчө
да , сүйлөшө алышкан жок .Шамил Дүрдананын
туугандарынан тартынып , ата- энеси менен
ээрчишкен бойдон сыртка чыкты .
Дүрдана эшиктин оозуна туруп , " Жакшы
барыныздар "- деп ,Шамилдин да , капалуу ,
аны аяган көз карашына , ичинен ыраазы боло
Шамилге купкуу болгон , колун сунуп , көздөрүнөн аккан жашын тыя албай , " Рахмат!
Шамил !- Жолуңар болсун ! - дегенинде ,
Шамил да , көзүнө жаш алып , Дүрдананын
үйүнөн узады .
( Уландысы бар )
НУРГҮЛ


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев