2-КИТЕП 17-БОЛУМ
Кумдуу чөлдүн пираттары
Учу-кыйры жок түптүз кумдуу талаа. Кез-кез жерлерде чекеге чыккан чыйканга окшоп борсоюп чыгып турган бирин-серин кыпкызыл болгон кум дөбөчөлөр эле көрүнө калбаса, айланада бир да тоонун карааны көрүнбөйт. Ар кайсы жерде жоон-жоон болгон куураган сөксөөлдөр, көп бадалдуу коён сөөктөр, андан сырткары бирин-серин өсүмдүктөр өспөсө бул жер кыпкызыл эле талаа, кээ бир ойдуң жерлери камыштуу келет. Мындай жерде коён, түлкү, карышкыр, суукка, ысыкка чыдамдуу ак бөкөндөр эле жашабаса, дегеле бир дагы башка жаныбарларды көрүүгө болбойт. Ушундай учу-кыйры жок ээн талаада беш жүргүнчүнүн жеңил машине менен келатышканына алты сааттын жүзү болду. Жол карата рулду улам алмашып бир тыным албай келатышты. Даңгыраган тептегиз асфальт жолдон чыгып жүк тарткан машинелерге ылайыкталган нандуу жолго чыгышканына эки саатка чукулдап барып калган. Бир жагынан күн да ысып, ага кошул-ташыл кумдун илеби 35 градус, аба табын 40-45 градуска чейин көтөрүп ийди, тосол куюлбагандыктан термостору иштебей, жеңил машиненин суусу кайнап кетип, жолдон эки жолу алмаштырышты. Машиненин ичиндеги термометрди карап Хамид башын чайкап койду.
- Пай-пай-пай, күндүн ысыгы кантет, тим эле бизди майсыз куйкалайт го. Көлдө эле чардап эс алып жатчу мезгил экен. А биз Кудайдын азабын тартып...
- Антпесе да болбойт, бир нерсени бүлдүрдүңбү, анын изин жашырыш, тазалаш керек. Эс алып жатчу убак эмес. Биздин сары изибизге түшүп калышкан из кубарлар жүрүп отурушуп, биздин ким экенибизди билип калышса узакка кете албай калабыз.
- Ооба, биздин ички иштер министрлигинин адамдары менен анча байланышыбыз жок да. Болбосо тиги Ян Густун адамдарындай болуп тынчыраак жашабайт белек, ал жактарда да биздин кишилерден иштесе биз үчүн жашоо анча коркунучсузураак болмок... Мына, кадам сайын бизди бир нерсе күтүп турат. Баскан-турганыбыздын баары кан аралаш, сөзсүз түрдө же биз, же кимдир бирөөлөр өлүшү керек. Биз мындай жашоого көнүп да калдык окшойт.
- Биз буга башынан көндүк. Тээ Кандуу Ордодо кызмат өтөп жүргөндө атууга жазаланган канча адамды өлтүрдүк. Өмүрүбүз өткөнчө киши өлтүрүп жүрүп өтөбүзбү же качандыр бир убакта токтолобу?
- Айлана-чөйрөбүздөгү кылмышкерлер жоголгондо гана биздин да киши өлтүргөнүбүз токтолот. Ал эми кылмыш дүйнөсү менен мафия эч убакта жоголбойт. Биз бейкүнөө, карапайым адамдарды эч убакта өлтүрбөйбүз да. Аларды өлтүрүүгө кол да барбайт. Кандуу Ордодо жүргөндө оор жаза алышкан кылмышкерлерди кандай жазаласак, азыр да аларды ошондой жаза күтөт.
Аңгыча тээ алды жактарынан биринин артынан бири ээрчише топурактуу жолдун чаңын асмандата үстү чүмкөмө КамАЗдардын келатышкандарын көрдү. Алар жакындаганда алдыңкы фарасынын жарыгын өчүрүп-күйгүзүшүп, кандайдыр белги берип өтүштү. Атүгүл колдору менен жаңсап бир нерседен кабар бергендей да болушту. Жүк тарткан машинелер биринин артынан бири удаа зуулдап катуу ылдамдык менен өтүшкөндүктөн чаң уюлгуп тигилер эмне белги беришкенине анча түшүнө албай калышты.
- Тигилердин берген белгисине караганда сыягы жолдо наркотик текшерип жатышкан солдаттар же милициялар бар го дейм?
- Ким билет, ошентсе да сак болушубуз керек. Алар чөнтөк-баштарды, машиненин ичин эч нерсесин калтырбай аңтарышат Автомат-пистолеттерибизди таап алышса алардан жакшылык күтүүгө болбойт. Эмне кылалы?'
- Эмне кылмак элек, кайра артка кайтмак белек. Уруп-согуп токтобой өтүп кетебиз да, артыбыздан кууса атышууга туура келет. Тобокел, мындай тобокелдик бизге биринчи жолу эле эмес.
- Тобокел, - баары бир ооздон жооп беришти.
Артына чанды уюлгуткан чет элдик жеңил машине кызыл кумдуу чөлдүн жолунда катуу ылдамдыгынан жазбай бир калыпта кетип баратты.
- Поезд менен бул кумдуу ысык чөлдү аралап өткөндөр кантип барат болду экен, сырт мындай ысык болгондон кийин ичи ого бетер ысыйт да.
- Чыдабаска айла жок да, "чычкан аке суу келе" деп сууга топук кылгандай салкынды элестетип кете беришет да.
Бул кумдуу жол менен жүк тартканы да, автобусу да, жеңил машинеси да көп өткөндүктөн кум топурак аралашып борпоң болуп кичине эле бир нерсе өтсө чаңы асманга көтөрүлөт. Ошо себептен машинелердин келатканы тээ алыстан эле билинип турат. Бир маалда оң жактагы акча бийик эмес дөбөчөдөн Совет мезгилиндеги Нива машинесине түспөлдөш, бирок андан бир топ эле чоң чет элдик ак машине пайда болду да, өздөрүн карай жылып жөнөдү. Анан алдыңкы фарасын өчүрүп, күйгүзүп, токтогула дегендей белги бере баштады.
- Эми мунусу ким болуп кетти экен?
- Кете бер токтобой эле, көрмөксөн болуп.
Тигилер отурган жеңил машине бир калыптагы ыл-дамдыгынан жазбай кетип баратты. Аңгыча сол тараптан дал эле ошондой машине чыга калды да, ал да тигилер тарапка багыт алды. Эки машине эки жактан өздөрүн көздөй жакындап келатты.
- Булар кимдер болду экен?
- Эгер наркотик текшерген солдаттар же милиция кызматкерлери болгондо жол боюнда эле алдыбызды тосуп турмак, булар түрлөрүнө караганда андай адамдарга окшошпойт. Жашырынып туруп күтүлбөгөн жерден чыгышты, сыягы жанатан бери дүрбү менен карап, байкап турушса керек. Менимче болду болбоду, булар кумдуу чөлдүн пираттары, көңүл бурбай кете бер. Эгер кууп жете турган болсо андан аркысын көрө жатарбыз.
Жеңил машине алардын тушунан зуулдаган боюнча өтүл кетти. Эки жактан келаткан эки машине узун жолдон биригише калышты да, тигилердин соңуна түшүштү.
Машинелериндин фарасын өчүрүп-күйгүзүшүп, бапылдатып сигнал беришип, ушунчалык ылдамдык менен тигилерге жакындап келатышты. Бири-бирин кууша катуу келатышкан үч машиненин чаңы асманга көтөрүлө буруксуп эле жатып калды. Арт жактарын улам кылчак карашып булар кимдер экенин түшүнбөй келатышкан тигилердин бирөөсү "күңк" эте кетти.
- Бул түрлөрүнө караганда ошолор окшойт. Эгер ок чыгара тике эле кол сала турган болсо, жооп кайтарууга даяр тургула.
Машинедегилердин баардыгы катылуу турган жерлерден автоматтарын алып чыгып октой башташты. Алдынкы машине канчалык ылдамдык менен айдаса да баары бир арткы чоң дөңгөлөктүү Нивага түспөлдөш төөгө окшош чет элдик эки машине улам жакындагандан жакындап келатышты. Артка карай урган буруксуган чайдан эки машине эки жагына чыгышты. Бир маалда алдыңкы машинени кууп жетишип экөө эки жагына тушташ келише токто дегендей белги бере башташты. Ортодогу машиненин айнеги капкара болгондуктан ичиндегилердин бирин да көрсөтпөй, анда канча киши бар экенин тигилер биле албай атышты. Булардын токтобосуна көздөрү жеткен соң, тигилер экөө тең алдыга озуп чыгып кетишти да бири-бирине куушурула биригишип ортодогу машинени улам кысып барып акыры мажбурлап токтотушту. Ортодогулар кайра эки-үч метр аркараак айдап барып машиненин моторун өчүрүштү. Бир маалда эки машиненин тең капталдарындагы бүт каалгалары ачыла ал жактан куралчан кишилер жабыла чыгышты.
- Бир, эки, үч, төрт... значит баардыгы сегиз адам экен. Үчөөңдө автомат, экөөндө обрез, калгандарында болсо пистолет бар окшойт, да-аа, жаман куралданышпаптыр. Кана, кимиңер чыгып сүйлөшөсүңөр?
- Мен барайын, кандай болсо да местный эмесминби, -Эрбол пистолетин октоп чөнтөгүнө салды да, шашпай эшикти ачып сыртка чыга жөнөдү. - Сак болуп, бир нерсе болуп кете турган болсо даяр тургула. Бул түрлөрү менен баары бир булар бизди соо кетиришпейт.
Эрбол акырын машиненин эшигин жаап, ары жакта тургандарды көздөй кадам таштады. Эки-үчөөсү, кадимки ээн аралда жашаган жапайы адамдардай чачтарын, сакал-мурттарын кое беришип, белден өйдө чечинип алышыптыр. Баарынын тең денелеринин оң жак колдорундагы булчуң эттеринде чегилген кандайдыр бир эмблемалар бар экен. Күндүн ысыгынанбы же сүрдүү көрүнгүлөрү келиштиби, айтор теңинен көбү кара көз айнек тагынып алышыптыр. Бою эки метр келген далдайган киши Эрболдун жанына басып келип ай-уйга келбей эле атырылып бир тийди.
- Биздин сигналга эмнеге токтогон жоксуңар?
Эрбол жооп бергиче барскандай муштуму менен аны ичке катуу уруп калды. Эрбол саал-паал өзөрө түшүп бөктүшө калды ла, кайра дароо түзөлдү.
Тигил киши кайрадан опулдады.
- Силер кимсиңер, кайдан келатасыңар?
- Ушул суроону мен силерге берейин дедим эле, Эрболдун сөзү тигиге жакпай калды окшойт, көзүн жүлжүйтө кабагын түйдү.
- Борзый, деловой адам окшойсуң, эсине түйүп кой, биз андайларды жактырбайбыз. Түз суроого түз жооп бер. Биз деген бул өрөөндүн кожоюну болобуз.
- Мурун жок эле го..?
- Мурун жок болсо азыр бар, бул жерден ары-бери өткөндөр өздөрүнүн жүктөрүнө, машинелерине жараша "отметкаларын" төлөп өтүп турушат. Эгер каяша айтып "герой" болгондорду же- жакпай калгандарды, мисалы сен сыяктууларды, эч нерсесин калтырбай тоноп алып калып, өздөрүн куру жалак же жөө жөнөтөбүз.
- Тоноп калып дейсиңби, силер эмне, пират-сыңарбы. ..
- Оозуңду карап, ары-бери жагыңа көз кырынды салып, абайлап сүйлө жигит. Болбосо кайра артка жөө-жалаңдап кетип каласыңар. Кана, тез жооп бер, силер кимсиңер, каякка барата-сы-ңар, машинеңерде эмне жүк бар?
- Наркотик, башка эч нерсе жок.
- Тамашаңды токтот жигит, аны азыр эле текшере коебуз.
- Ага менден улуксат сурашыңар абзел.
- Ошондойбу? Баса айтмакчы, туркменский танецти билесиңби, улутуң ким сенин?
- Бул жерде кандай тиешеси бар танды менен улуттун?
- Сонун тиешеси бар, сен кайсыл улуттан болсоң, ошол улуттун бийин бийлетем, - ал чөнтөгүнөн пистолетин сууруп чыгып арт жактагыларына карап койду эле, алар жылмайыша жандана түшүштү.
- Кана кеттик, - ал Эрболдун буттарынын баштарына атты эле, жердин чаңы "бурр" эле дей түштү. Ары жакта тургандар каткырып күлүп калышты. Эрбол төмөн жакты карап да койгон жок. Далдайган кишинин ачуусу келе түштү.
- Кана бийле, эмне, бийлегин келбей атабы? Азыр бийлетем сени, тим эле ордунан туйлатам, - ал пистолета менен буттарынын тегерегин аткылай баштады. Пистолеттен чыккан ок чандак жерди буркуратып атты. - Бийле дейм, кана... - ал Эрболдун жанына ачуулана басып келди, - эмне, бийлегин келбей атабы ыя, герой жигит көрүнөсүң. Бийлей-сиңби, бийлебейсиңби айт, - ал пистолетин Эрболдун бутуна сунду, - же атайынбы бутка.
Бир кезде "тарс" эткен үн чыгып Эрбол анын колундагы пистолетин кагып түшүрдү. Ок анын бутуна тийбей жерге тийди да, пистолетин өзүнөн үч-төрт метрдей алыс учуп кетти. Ошо маалда Алмаздар отурган машиненин терезесинен залп менен атылган үндөр чыгып, курал кармап тургандардын баары колдорундагы куралдарын таштап жиберишти. Анткени залп менен атылган ок бардыгынын колдоруна тийген эле. Ошо маалда көз ачып жумганча кайдандыр бүркүт учуп келип, алиги далдайган кишини моюнга тепкендей болду. Ал бор-поң топуракка күү менен учуп түшүп чаңга оонай эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Аны Эрбол кокого секирип келип тепкен эле.
Ары жакта тургандардын кээ бирлери чөнтөктөрүндөгү пистолеттерине кол салыша, бирок сыртка сууруп чыккандан коркуп туруп калышты. Анткени өздөрүн карай автоматтарын сунуша төрт кара чүмбөтчөн киши жеңил машинеден чыгып келатышкан эле. Анын үстүнө ушунчалык таамай атылган окко баары тең сестенип калышкан болчу.
Боз ала болуп чаңга оонап калган алиги далдайган киши бетин басып, башын силкине ордунан тура келди, анан күтүлбөгөн мындай көрүнүшкө көзүн алайтып туруп калды. Кара чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү тигилер таштап жиберишкен куралдардын баарын терип алды да, ар биринин чөнтөктөрүн аңтарып кирди. Чөнтөктөрүндөгү пистолеттеринин баарын сууруп чыгып, Эрбол тепкенде учуп барып ары жакка чаңга оонап калган алиги кишинин пистолетин көтөрдү. Кара чүмбөтчөндөрдү көргөндө тигилер ого бетер чочуркай карап турушту. Чүмбөтчөндөрдүн бирөөсү машинеде киши жокпу дегендей ары жактагы машинелердин ичин текшерип карап чыкты. Ушунча жылдардан бери мындай күтүлбөгөн куралчан кол салууну дегеле күтүшпөгөндүктөн баары тең кооптоно түшүштү. Эрбол алиги далдайган кишинин жанына басып келди да, чөнтөгүнөн пистолетин сууруп чыгып анын кекиртегине матыра такай, көзүнө тике карады.
- Кана, туркменский танецти мага караганда сен жакшы билет окшойсуң. Мага үйрөтчү, аны.
Эмеле далдайып баатыр болуп турган жигит унчукпай бүшүркөп турду. Эрбол кайра артка кетенчиктей пистолетин дароо төмөн карата тигинин батинкесинин учун теше атты.
- Эскертип коеюн, бутуңду тартып алганга үлгүрбөсөң манжала-рыңдан айрылдың дей бер.
Эрбол шашпастан батинкесинин тегеректерин ата баштады. Ал аткан сайын алиги киши бутун сактай, болгон күчү менен секирип кирди. Бою эки метр келген далдайган кишинин жан далбас ура ары-бери так текедей так секирип атканы бери жакта карап тургандар үчүн күлкү келээрлик көрүнүш болуп атты. Он беш мүнөттөй тыным албай ары-бери так секирген соң алиги кишинин секиргенге таптакыр эле дарманы калбай калды. Күшүлдөп-бышылдап араң эле үнүн чыгарды.
- Болду го дейм, болдучу?
- Ыя, болдубу, анда бутка атайынбы, - Эрбол пистолетин тизесинен төмөнүрөөк жагына мээледи эле, алиги киши жанталаша чөгөлөй калды.
- Албетте, жан деген таттуу, ким эле жөндөн жөн туруп өлгүсү келсин. Силер жүргүнчүлөргө салык салганда алар бекеринен акча же башка нерселерин төлөбөйт. Алар да жашагысы келет туурабы? Акча деген жеңил-желпи келе койбойт, тиягы Россияны, бул жагы Кытай, Пакистан, Турцияга чейин барып жол азабы көр азабын тартып, соода кылып келишет, а силер болсо бир жерге туруп алып эле алардын эмгегин тартып алып атасыңар. Анан да бүтүндөй кумдуу чөлдүн кожоюнубуз деп мактанасыңар. Бул кумдуу талаанын кожоюну эч убакта болгон эмес жана да болбойт. Кимде ким бул жакка суу алып келип жерин иштетип, бир нерсе өстүрө алса, ошол гана бул жердин кожоюну боло алат. Жөндөн жөн туруп учу-кыйры жок ээн талааны менчикке айлантып, кожоюну болуп алганыңар бизге эмес, Кудайга да жакпайт. Эми кожоюн болгуңар келсе болуптур, түбөлүк бул жерге кожоюн болосуңар, сөөгүңөр калат жер үстүндө ач карыш-кырларга жем болуп. Кана баардыгыңар тең бул жерге бир катарга тургула, - анын берген буйругуна сегизөө тең кыдырекей тизилип калышты.
- Буларды эмне кылалы, атып салалыбы? - Эрбол тигилерди карап көзүн кысып койду.
Аны угушканда баардыгынын үрөйлөрү учушту. Алиги далдайган чоң киши Эрболдун алдына чөгөлөй калды.
- Өлтүрө көрбө, булардын да бала-бакырасы бар, алардын көрөр күндөрү не болот?
- Бизнесмендердин чыкыйына мылтык такап коркутканда "алардын да үй-бүлөсү, бала-бакырасы бар" - деп ойлодуңарбы? Албетте, ойлогон жоксуңар. Анда көзүңөргө бекер олжодон, акчадан башка эч нерсе көрүнбөй калган да туурабы? Болуптур, давай чечингиле анда! - анын сөзүнө баары түшүнбөй бири-бирин карап туруп калышты. "Чечингиле! " деп Эрбол экинчи жолу катуу кыйкырганда гана жанталаша чечинип киришти. Бир аздан кийин сегизөө тең турсийчен Эрболду жалдырай карап турушту. Кара чүмбөтчөндөрдүн экөөсү ары жактан аркан жип алып келишти да, адегенде коддорун таңып, андан кийин баарын бириктирип туруп байлап салышты. Андан соң эч нерсесин калтырбай машинеге жүктөшүп үч машинеге бөлүнүп олтурушту. Өздөрүнүн ак машинесине отурганы бараткан Эрболго алиги далдайган киши артынан кыйкырып калды.
- Жок дегенде колубузду бошотуп койсоңор боло, бул жерде ачкадан өлөбүз!
- Эч нерсе эмес, жолдо бараткан бизнесмен жүргүнчүлөрдү жалы-нып-жалбартып акчаларын кандай тартып алсаңар, дал ошондой болуп аларга жалынып-жалбарсаңар, алар чечип коюшу мүмкүн. Эгер алар силерге боору ооруп бошото турган болсо, эскертип коеюн, экинчи силерди бул жерден көрбөйлү. Сөз берем, ит аткандай гана атып салам!
Үч машине от алыша ордуларынан козголуп, биринин артынан бири ээрчите кайрадан чаң учура машине жолу менен алга карай жылып жөнөштү. Колдору катуу таңылып, үймөлөктөшкөн топ унчукпастан кетип бара жаткан машинелерди жалдырай карап турушту. Учу-кыйры жок ээн талаада үч машиненин карааны улам кичирейип отуруп, кичинекей чекит болуп калды да, абага сиңип кеткендей көздөн кайым болуп кетишти.
Биринин артынан бири ээрчиткен үч чет элдик жеңил машине катуу ылдамдыктарынан жазбай кетип баратышты. Алардын кумдуу, учу-кыйры жок талаа менен бир тыным албай кетип баратканына төрт сааттан ашып кеткен эле.
- Кызык, Сахаранын чөлүндө бараткандай алдыбыздан бир да жандык көрүнбөйт го, - Алмаз мелтиреген боюнча рулду кармап өзүнчө ойлонуп кетип баратты.
Кумдуу талаа акырындап жашыл түскө өтө баштады. Сөксөөл, коен талдар азайып, дүпүйгөн жапайы бак-дарактар аларды тосуп алды. Акыры тээ ары жактан кыштактын карааны көрүндү. Үч машине сүйлөшүп алгандай чоң бак-дарактуу шаркырап агып аткан суунун жээгине келип катарлаш тизилип токтоду. Бешөө тең машинеден жабыла чыгышып сууну көздөй басышты. Белден өйдө чечинише бир сыйра чайынып да алышты.
- Өх, кандай ырахат, тим эле тозоктон бейишке келгендей эле болдук.
- Анын үстүнө күндүн ысыгын да карабайсыңбы, кумдуу талаа да ого бетер ысытып жибербедиби, - Алмаз шам-шум эткенге ары жактагы машинеден сумкада толтура бир нерсе алып чыкты. Бактын түбүндөгү көлөкөгө аларды алып барып, жерге ак чүпүрөк жая, анан колбаса, жумуртка, нан, бөтөлкөдөгү ар кандай суусундуктарды, жүзүм койду.
- Бышкан тооктун эттери жыттана баштаптыр, Кудай кечирсин деп тигил жакка ыргытып жибердим.
Баары унчугушпай дасторконду тегерете отурушту да ортодогу тамактан алып жеп, суусундуктардан ичип отурушту.
- Мына, айылга чейин аз калды, бул эки машинени эмне кылалы? Жардырып, өрттөп салалыбы?
- Кой, жапжаңы машинелер экен убал го, жолдо платный стоянкалар болсо калтырып, таштап кетебиз.
- А бул автомат, мылтык, пистолеттердичи, аларды да ичине калтыралыбы?
- Аларды ичине калтырганга болбойт, аны өзүм көздөрүн курутам, - Раббил машинеге барды да, тигилердин куралдарынын баарын алып чыгып, агып аткан суунун жээгине келди. Анан суунун дал ортосуна бирден ыргытып отуруп эч нерсесин калтырган жок, колун чапкылай кайра бери басып келди.
- Ушундайда ысык тамак болсо, - Хамид өзүнчө тамшанып алды.
- Эч нерсе эмес, бир аз жүрсөк жолдун боорунда жайкы ашканалар бар, ошол жактан ичебиз, кана кеттик, Оомийин, жолубуз шыдыр болсун, - баары бата беришип, ордуларынан туруша, чачыраша ар ким келген машинелерине отурушту. Баары дүрүлдөп от алыша биринин артынан бири ээрчишип, кайрадан сапарлары н улантып жолго чыгышты.
Анча бактуу эмес чакан айылды аралап токтобостон, жүрүп отурушуп, андан бат эле чыгып кетишти. Күн кызарып, акырындап уясына батып баратты. Артына чаңдарын калтыра үч машине токтобостон жүрүп отурушту. Ошол калыптары менен эки-үч айылды басып өтүштү.
- Кийинки айылдан кийин райондун центри болот. Ошол жактан ашканага кирип тамактанабыз. Ал жакта... - Эрбол сөзүнүн аягына чыкпай калды. Анан машиненин ылдамдыгын жайлатты. Алды жагында МАИнин машинелери менен эки-үч милиция формасындагы кишилер турган эле. Токтотот го деп ойлоду эле, токтоткон жок, тескерисинче колдорун чекелерине ала честь берип туруп калышты. Алардын түрүн көрүп Хамид бырс эте күлүп жиберди.
- Честь берип атышканы эмнеси, же бизди бирөөлөр менен чаташтырып алыштыбы?
- Ким билет?
Алар райондун борборуна жетишкенде айланага жаңыдан иңир кире баштаган эле. Эрбол кайсыл жерде жакшы ашкана бар экенин билчү. Түз эле ошол жакка айдады. Үстүндө "Мэреке" деген жазуусу бар чоң кафенин алдына келип токтошту да, ысык тамак ичишкени ичине киришти. Кафенин ичинде музыка ойноп, тээ төр жакта узун столго заказ менен тамак даярдалып атыптыр, сыягы кимдир бирөөлөр банкет уюштуруп жатса керек. Бешөө бери жактагы чакан столго келип отуруша, жанына келген официант жаш кызга меню боюнча өздөрүнө жаккан тамактарга заказ беришти.
- Бул машинелерди эмне кылабыз илээштирип, ушул жакка эле бир жерге калтырат окшойбуз.
Уландысы бар...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев