2-КИТЕП 16-БӨЛҮМ
Ал акырын машинесин от алдырып, жарыгын күйгүзбөстөн төмөн карай айдап жүрүп отурду. Дачалардын арасындагы ээси жок үйдүн артына айдап келип токтотуп анын үнүн өчүрдү. Дачалардын кууш көчөсүнөн солдаттардын эки машинеси өйдө карай биринин артынан бири өттү. Бери жакка жашына аларга акырын көз жүгүртүп турду. Анын ичи толтура автоматчан солдаттар экен. Сыягы алар курчоону дагы бышыктап катуу салгылашка даярданып атышса керек. Спартак кайрадан саатын карады "эки-үч сааттан кийин таң атат, үлгүрүш керек". Бирөө артынан ийне сайып жибергендей жашынып турган ордунан атып тура, өйдө көздөй болгон күчү менен жүгүрүп жөнөдү. Алиги үйгө кайрылып келгенче бир тыным алган жок. Кандуу Ордодо машыгуу мезгилинде мындай бийиктиктен далай чуркап өткөн. Көптөн бери машыкпагандыкы, кадимкидей чарчап калды. Үйдүн тушуна келип бир аз демин басып эс алып отурду да кайра ордунан шар атып туруп алиги терезе аркылуу ичине кирди. Бери жак бетине келип акырын терезенин пардоосун ачып, жылчыктан төмөн жактагыларга көз жүгүрттү. Короонун сыртындагыларга дагы кошумча солдаттар келиптир. Алар бир нерселери менен короонун дубалдарын тешип, оюкча жасап атышыптыр. Ары жакта турган кара чүмбөтүн кайра кийип автоматын алды да өтө тездик менен төмөн түшүп тепкич аркылуу чуркап жөнөдү. Арадан үч мүнөт өтпөй кайра үйдүн экинчи кабатында болду. Үчөө тең үстүндө экен. Тешиктен чыгып келаткан Спартакты көрүшкөндө кубанып кетишти.
- Деги амансыңарбы, эмне болду? Биз аябай сарысанаа болуп эмне кылаар айлабызды таппай аттык эле. Ян Густка жолугуп, силерди бир кырсыкка кабылды го деп ойлоп атканбыз. Спартак аларга эч нерсе деп жооп берген жок, дароо эле терезеге келди да мылтыкты алды. Анан дубалдын төмөн жагын тешип аткандарды мээлеп туруп шашпай бирден ата баштады.
- Силер болгон куралыңарды алгыла дагы өткөөлгө түшүп алып тигил жактагы үйдүн ичинде күтүп тургула, мен беш мүнөттөн кийин артыңардан барам, - үчөөнү жөнөтүп ийген соң снайпер мылтыгы менен тигилерди мээлеп кайрадан ата баштады. Бир маалда дубалдын тешигинен ышкырып келип бир нерсе жарылды эле Спартактын колундагы мылтыгы ыргып кетип көмкөрөсүнөн кулап түштү. Бир аз кыймылсыз жаткан соң ордунан турууга аракеттенди. Жарылганда чачырандылар анын оң бутуна, сол жак ийнине тийиптир. Эптеп ордунан көтөрүлүп туруп короо жакка көз жүгүрттү. Дубалдардын баарына тешик пайда болуп ошол тешиктер аркылуу ок үй тарапка мөндүрдөй жаай баштады. Тим эле баш көтөргөнгө мүмкүн эмес. Ал ордунан эптеп туруп снайпер мылтыгы менен автоматын алып короо жакты бир аз аткылаган соң дубалдагы тешикке кирип чоң сүрөттү кайра мурункудай кылып орнотуп койду. Оң жак буту от менен жалын болуп чыдатпай оорутуп атты. Ошентсе да болгон күчү менен аксалаңдай чуркап жүрүп отурду. Үйдө тигилер аны күтүп отурушуптур. Эч нерсе билмексен боло "кеттик" деп терезе аркылуу чыгып, Спартак көрсөткөн жол менен баары төмөн карай чуркап жүрүп отурушту. Спартактын аксалаңдап чуркай албай улам артта калып атканын көрүшүп, бир нерсе болгонун билишти да экөөсү эки жактан колтуктап көтөрүп алышты. Арадан он беш мүнөт убакыт өтпөй жеңил машине чоң шоссе жолго түшүп алып Кыргызстан тарапты көздөй катуу ылдамдыкта кетип баратты.
* * *
Бишкекке келгенде Спартак жарым айдай үйдөн чыкпай дарыланып жатты. Мурунку Алмаздын тааныш врачын жалдап келип ошол дарылап, кам көрүп жүрдү. Ал айткан керектүү дары-дармектердин баарын даярдап беришти. Арадан он беш күн өтсө дагы Ташкентке кеткен Хамиддин дайыны болбой атты. Ян Густтун оңой жоо эмес экенин бардыгы тең моюндарына алып турушту.
- Ал оңою менен карматпайт, аны капыстан, күтүлбөгөн жерден басып калбаса Орто Азия боюнча тааныштары көп экен. Биз болгону беш гана кишибиз, ал эми тигинин кишилери болсо бизге түшкөн маалыматтарга караганда бир топ эле бар окшойт. Ал азыр ушунчалык сак болуп калды, көптү көргөн карт бөрүчө биздин жытыбызды алыстан эле сезет. Көрдүңөрбү анын ушунчалык куулугун да, сактыгын да. Эки жолу тең аны кармайбыз деп өзүбүз өлүмдөн араң аман кутулуп чыктык. Эми алар, тескерисинче, бизге охотага чыгышы да ыктымал, ишти өзүбүз өтө татаалдаштырып жибердик. Алар менен биз эми эч убакта келише албай калдык. Биз да сак болушубуз керек, - жасаган экинчи жортуулдары да оңунан чыкпай калганы аларды бир топ ойлонтуп таштады. Арадан эки күн-өтпөй күтүлбөгөн жерден Хамиддин келиши алардын күнүмдүк планынын нугун таптакыр башка жакка бурду. Ал өзү менен кошо Ташкент тараптан көп жаңылык ала келди. Ал жактан Абдугапарды таап, калаанын четинен эки кабаттуу үй сатып алып анан келишиптир экөө. Алардын өздөрү менен кошо ала келген кабары күнүмдүк маселелеринин баарын унуттуруп чоң дурбөлөңгө салды.
- Афганистан, Пакистан, Иран тараптан өтө көп өлчөмдөгү наркотикалык заттар келатат. Алар бир жумадан кийин Кыргызстан чек аралары аркылуу өтөт.
- Кыргызстандын кайсы тарабынан, кайсы аймагынан өтөт экен?
- Ош тараптан караңгыда тоолору аркылуу жүрүп отурушуп, Россия, Европа тарапка өтүп кетишет. Алар өздөрүнүн колдоочулары, узатуучулары аркылуу Россиядан иштерин бүтүрүп калгандарын Польша, Чехословакия, Германия дагы бир топ мамлекеттерге өздөрүнүн товарларын өткөрүп кайтышат экен.
- Бул маалыматтарды кайдан алдыңар?
- Абдугапар мурда ошолордун тобунда иштешиптир узатуучу болуп.
- Кыргызстандын чек араларынан алар кантип өтүп кетишет?
- Спартак Абдугапарга кайрылды.
- Чек арачылардын чоңдору менен тигилердин байланышы бар. Алар түн ичинде акырын өткөрүп жиберишет.
- Кыргызстанга бул наркотикалык заттардын тиешеси жокпу?
- Кыргызстан али бутуна туруша элек, а тигилер болсо жалаң бай өлкөлөр менен гана байланыш түзүшөт. Ал жерде миллион эмес миллиарддаган сомдор башкы ролду ойнойт.
- Тигилердин канча узатуучусу бар?
- Тияк жакта канча узатуучусу бар экенин билбейм, Кыргызстандын чек арасына өткөндө жыйырмадай киши болот. Бардыгы тең мындайча айтканда тишинен баштап тырмактарын чейин катуу куралданышкандар. Алар өздөрү да жөнөкөй адамдар эмес жердин шартын, географиясын, согуш тактикаларын аябай жакшы өздөштүргөн кишилер.
- Калктын кишилери?
- Ар кайсы улуттан, ар кайсы мамлекеттен кошулгандар. Араларында кыргыздар да бар, тажик, өзбек, афганец, пакистандыктар, атүгүл арабдар да бар.
- Алар биринин тилин бири кантип түшүнүшөт, көбүнесе кайсыл тилде сүйлөшүшөт?
- Көпчүлүгү түрк тилинде сүйлөшүүгө аракеттенишет. Бирок тил боюнча түшүнүшпөсө да сезимдери менен кол жаңсашып кадимкидей түшүнүшөт.
- Узатуучулардын жетекчиси ким?
- Арабдык киши, наркотикалык заттарды да тигил жак менен ошол соодалашат. Андан түшкөн акчаларды да ошол кармайт.
- Наркотикалык заттардын жалпы өлчөмүн билесиңби?
- Жок, ал эч кимге айтылбайт, "секрет" боюнча гана калат. Таза иштетилген заттар. Анын жалпы өлчөмүн ал жердегилердин эки-үчөөсү гана билет. Бул биринчи гана жолкусу эмес, ал жерден далай жолу алып өтүшкөн. Муну кыргыздар эмес башка өлкөдөгүлөр да эч кимиси билбейт.
- Дайыма силер узатасыңарбы?
- Жок, кээде узатып беребиз, кээде бизге дайындарын билгизбей өздөрү эле өтүп кетишет. Аны биз да билбей калабыз.
- Узатуучулар кандай кийим менен жүрүшөт?
- Ар кандай, көпчүлүгү чет элдиктердин аскер формасында, бир далайы сакал кое берип коюшкан.
- Сенин ал жерде иштеп жатканыңа канча болуп калды?
- Кандуу Ордодон кеткенден кийин төрт жыл өткөн соң алардын тобуна кошулдум.
- Ага чейин эмне иш кылып аттың?
- Өзүмчө топ түзүп Ташкенде "авторитет" боло баштагам. Кокусунан тигилерге жолугуп калып атпаймынбы. Көрсө, алар мени көптөн бери эле сыртымдан байкап, текшерип, сынап жүрүшүптүр.
- Өзүңдүн тобуң менен кошулдуңбу бүт, же жеке өзүңдү гана тандап алдыбы?
- Албетте, өзүмдү гана алышты.
- Тиги тобуң тарап кеттиби?
- Жок, азыр да бар. Алардын башына башка бирөөлөрдү дайындап койгом. Мен да кез-кез баш-көз болуп турам
- Дароо эле кошулуп, аралашып кеттиңби?
- Жок, бир топ сыноодон өттүм, акыры жактырышып кабыл алышты. Алардын мыйзамы да катуу, бир нерсе болсо эле атып салышат. Контрабандалардын иштери тууралуу өтө берилип, кызыгуу менен талкуулашты. Алар кайрадан жортуулга даярдана башташты. Абдугапардын айтуусу боюнча бир жума бою өтө кылдат, так, тыкан эң жакшы пландарды түзүп, иштеп чыгышты. Контрабанда Контрабанданы дээрлик үч күн бою күтүүгө туура келди. "Башка жактан өтүп кетишкенби же келбей калыштыбы же болбосо Абдугапар жаңылыштыбы? " дешип баары тең күмөн санай башташкан эле. Абдугапар да өзүн оңтойсуз сезе баштаган. Бийик дөбөдө бирден кезек менен түнү бою күзөтүп чыгып атышты. Ал дөбөдөн төмөн жакта тээ алыстагылар көрүнүп турчу. Түнкү саат экиге чукулдап калган маал болчу. Түнкүсүн күндүзгүдөй кылып көрсөтүүчү дүрбүсү бар снайпер мылтыгы менен тээ төмөн жакты улам-улам карап коюп аткан Альберт бир маалда тээ алыстан күтүлбөгөн жерден аттарга, эшектерге, төөлөргө байланган мүшөктөрү бар куралчан көп кишилерди көрдү. Алар айланаларына улам-улам көз жүгүртүшө аттарды, эшектерди, төөлөрдү жетелеше жөө келатышкан эле. Альберт аларды бир аз карап турган соң, акырын төмөн карай түшүп келип уктап жатышкан тигилерди ойготту. Спартак ойго эле жатыптыр.
- Эмне болду? - деп сурады.
- Тигилер келе жатышат, - деп акырын шыбырай үн катты. Аны угушкан соң баары жапа тырмак өйдө көтөрүлүштү да куралдарын алып даярдана башташты. Спартак күндүз кылып көрсөтүүчү снайпер мылтыгын алып тээ жогору жакка чуркап чыгып кетти. Алмаз болсо алар келчү жол боюндагы атайын даярдалган чуңкурчага жатып үстүнө чырпык, таштардан билгизбей корумдап коюшту. Андан анча алыс эмес жерде бийиктиги тамдын боюндай болгон таш бар болчу, ошол чоң таштын үстүнө Альберт чыгып жатты. Калгандары эки-экиден бөлүнүшүп өздөрүнүн орундарын ээлешти. Булардын баары алдын-ала тыкан аябай пландаштырылган эле, баары ошол план боюнча иштеп атышты. Асманда кез-кез жеринде эле жылт эткен жылдыздар көрүнбөсө ай жок, айлана капкараңгы болчу. Бирок караңгычылыкка тигилердин көздөрү көнүп, жатыгып бүтүп отуз кадам жердеги караандарды кадимкидей айырмалай алышат эле. Арадан жарым саат убакыт өтпөй тигилердин караандары пайда болду. Аттарды, эшектерди жетелей жай баракат кетип баратышты. Булардан бир чакырым алды жакта ат менен жолду чалгындап бирөө өтүп кеткен болчу. Жарым чакырым тээ арт жакта да экөө келатышты. Спартак дөбөнүн башына чыгып алып алиги күндүз кылып көрсөткүчү бар мылтыктагы дүрбүсү менен баарынын кыймыл-аракетин карап турган болчу. Аттар, эшектер, төөлөр өтүп баратканда алардын туяктарынан чыккан чаң аппак болуп жай өйдө көздөй көтөрүлүп атканы кадимкидей билинип турду. Тигилер бул жерден далай жолу өтүшкөндүктөн эч нерседен бейкапар ишенимдүү кадам коюшуп акырын жылып жүрүп отурушту. Алар Алмаз жашынган жерден да эки жагы менен айланып өтө башташты. Баары өтүп бүткөндө таштын үстүндө жаткан Альберт дабыш чыгарбай жеңил жерге сыйгаланып түштү да, эң артында кетип бараткандын арка далысына акырын бычак урду эле тиги оңкосунан кулады. Ошол маалда Алмаз жашынган жеринен көтөрүлүп эң артындагынын ордун толуктап басып кете берди. Беш кадамдай анын алдында кетип баратканы акырын артына бир карап койду, Алмаздын басып кете бер деген ишаратына кайра кадамын улантып кете берди. Коюу караңгылык тигилерге жакшы жардам берип атты. Булар да атайын ушундай кырдаалды күтүшүп анан жолго аттанышкан сыяктанат. Альберт өлүктү таштын түбүнө сүйрөп барып таштады да арт жакта келатышкан экөөнү күтүп калды. Экөөсү эч нерседен бейкапар өз ара акырын сүйлөшүп келатышкан эле. Алиги чоң таштын тушунан өтө бергенде үн чыкпас автомат тан "пук-пук" деген эки үн чыгып дароо экөө оңкосунан кетишти. Чоң таштын алдынан акырын жылып чыккан караан сулап жаткан экөөнүн жанына жылып келишти, тигилердин даана өлгөнүн бир сыйра текшерип алган соң дароо эбакта узап кеткен топ караандын артынан жөнөдү. Узатуучуларда үч төө, жети ат, тогуз эшек бар болчу. Кишилердин жалпы саны он бешке чукулдап барып калат экен. Алмаз улам арткысын жайлап, анын ордуна жашынып тургандар бирден кошулуп жүрүп отурушту. Абдугапардын айтканындай тигилер да узатуучуларга окшош кийим кийинип алышкан эле. Арт жакта келатышкан үчөө өлүп, алардын ордуна үчөөсү кошулуп, аралашып калган болчу. Эч кимиси эч нерседен шек санабай ылдам басып жүрүп отурушту. Таң атканча белгиленген жерге жетип эс алышып кайра түн киргенде сапарларын андан ары улантышмак. Алды жактан бир нерсе деп акырын кыйкырган добуш чыкты эле бардыгы ылдамдыктарын күчөтүштү. Анткени эки жагында тике жарчалары бар кууш капчыгай бар болчу. Булар үчүн да эң коркунучтуу өткөөл ушул жер эле. Тигилер чочулагандай эле тигилердин жарым бөлүгү дал ушул жерде буктурмада күтүп турушкан. Анткени төмөн жактагыларга жашынаарга жер жок болчу. Кууш капчыгайга кире беришкенде кандайдыр бир куштун сайраган үнү угулуп эки капталдарынан "пук-пук-пук" деп удаа-удаа үн чыкпас автоматтардан атылган үн чыгып эң алдында келатышкан экөө, арт жакта келатышкан үчөө "жалп" дей түшүштү. Аттар бир нерседен үрккөндөй кайра артка кетенчиктеп кошкуруша кишенеп жиберишкенде эч нерседен бейкапар келатышкан тигилер шашкалактап калышты. Дагы "пук-пук" эткен үндөр эки-үчөөсүн жалпайтты. Ошондо гана тигилер эстерине келише кыйкырышып ызы-чуу түшүшө аттарга, эшектерге далдалана беришип туш келди автоматтардын окторун мөндүрдөй жаадырыша аткылап киришти. Мунун баарын Спартак тээ өйдө жактан алиги дүрбүсү менен ар бир кыймылды байкап турган. Аттардын далдоосунда турган бирөөсү чөнтөгүнөн "сотовый" телефонун алып чыгып антеннасын өйдө көтөрө анын номерин баса баштаганда Спартак мээлеп туруп колундагысын ыргыта атты. Анан шашпай ар бирин бирден терип четинен таамай атып өлтүрө баштады. Төмөн жактагы атышуулар дүрбү аркылуу Спартактын алаканына салгандай көрүнүп турду. Алар канчоо экенин үстүртөн баарын бир сыйра санап чыкты, өлгөндөн калгандары сегизөө калыптыр. Бирөөсү акырын алардан бөлүнүп, байкатпай жылып чыкты да чоң таштарга жашына тоо беттей качып жөнөдү. Чын эле муну караңгылыкта Спартактан башка эч кимиси байкабай калышты. Спартак кайрадан мылтыгын октоп аны шашпай мээлеп туруп бутка атты эле ал көмкөрөсүнөн барып сайылды да кайра турууга аракет кылды. Ок экинчи бутуна тийгенде чоң ташка далдалана ошол боюнча былк этпей жатып калды. Анын таптакыр эле кыймылдабай жатканын бир аз кунт коюп карап турган соң Спартак мылтыгын кайра атышып жаткандар тарапка бурду. Алар таптакыр эч жакка кеталышпай буктурмага кабылышып курчоодо калышкан болчу. Курчоодон эки жолу чыгып кетүүгө аракет кылышты эле бир-экөөсү окко учуп кайра артка чегиништи. Тирүү калгандарга Спартак үстүнөн кылдат байкоо жүргүзүп, санап турду. Ал ар бир көздөп мээлеп атканын жазем кетирбей таамай тийгизип атты. Тигилерде болгону бешөө гана калган болчу. Өздөрүнүн кишилеринин аларды улам кысымга алып жакындап келатышканын көрдү да "сотовой" телефону аркылуу: "Кара чүмбөтүңөрдү кийгиле!" - деп буюрду. Бир маалда удаа-удаа ыргытылган кол гранаталарга эки-үч жерде катуу жарылуу болуп анан тынчып калды. Атышуу дээрлик эки сааттан ашык созулуп кетиптир. Айланада акырындап караңгылык суюлуп, тээ чыгыш тарап агарып келаткан болчу. Спартак да шашпастан кара чүмбөтүн, колуна кара ичке булгаары мээлейин кийди дагы төмөн карай чуркап жөнөдү. Атышуу болгон кууш капчыгайга жеткиче кадимкидей айланага жарык кирип, тегеректин баары көрүнүп калган эле. Төмөн жактагы кара чүмбөтчөндөр жерде сулап жаткандардын үстүнөн аттап өтүшүп өлүү-тирүүлөрүн текшерип атышыптыр. Экөө чала жан боло көздөрүнүн кыйыктары менен кара чүмбөтчөндөрдү карап онтоп жатышкан эле. Спартак качып кеткен аттар менен эшектерди кармап кайра алып келгени экөөсүн жөнөттү. Алар кара чүмбөт кийип жүрүшсө дагы өзгөчө белгилери менен бири-бирин жаземдебей таанышчу. Спартак Абдугапардын кулагына шыбырады.
- Булардын жетекчиси кайсы? Ал өлүп жаткандарды бир сыйра кыдырып карап чыккан соң аны таппай кайра келди.
- Булардын арасында ал көрүнбөйт.
- Каякка кетиши ыктымал? Спартак бир нерсени эстегендей дароо эле өйдө көздөй тоо кыялап чуркап жөнөдү. Чоң таштын алдында эки бутуна ок жеген кишинин жанына жетип келди эле ал эбакта эле өзүн-өзү атынып өлүп калыптыр. Артынан чуркап келген Абдугапар аны жаземдебей тааныды.
- Ооба, ушул болчу. Бул бардыгынын үстүнөн карачу, ал акырын эңкейип колтугундагы байлануу булгаары сумкасын сууруп алды, - мынакей анын байлыгы. Чек арачыларга, алардын чоңдоруна ушулар менен эсептешет. Ал сумканы ачты эле анын ичи толтура таңгак-таңгак болуп ирээти менен тыкан салынган Американын долларлары экен. Экинчи сумкасында болсо өзүнүн чет элдик беш-алты паспорту жүрөт. Алар анын жан жерлерин бир сыйра текшерип чыгышкан соң кайра төмөн карай шашылышты.
- Кой эртелебесек болбойт, тияк жакта күтүп турушкандар булардын кечигип атканын билишип шек алып калышса дароо эле жетип келиши ыктымал. Алар төмөн жакка түшүп келишкенде атышууда үркүп качып кетишкен ат, эшек, төөлөрдү чогултуп күтүп турушуптур. Ак порошоктор кичинекей желим баштыкчаларга салынып, алар жыгач жащикчелерге тыкан жыйылып, сыртынан чүпүрөктөр менен оролуп коюлуптур. Бирөөсү алардын бирин бычак менен жарып сөөмөйүн тийгизип, тили менен ###### көрдү.
- Таза иштетилген бангизат бардыгы он алты мүшөк экен. Буларды эмне кылабыз? Спартак бир аз ойлонуп турган соң шашыла тигилерге буйрук бере сүйлөдү.
- Буларды тез арада жок кылуу керек. Бул заттар дүйнө жүзүнө акырындап тарап канчалаган гана адамдарды акыл-эсинен адаштырып, наркоманга айлантып атат. Булардын эсебинен бирөөлөр миллиардер болуп байып атышса, экинчилери анын азабын тартып бейажал өлүмгө учурап жатышат. Өлбөгөндөр же тирүү эмес, же өлүү эмес өмүр бою запкы жеп жүрүп өтүшөт. Бирөө миллионер болсо миллиондогон адамдар мунун туткуну болушууда. Кандай болсо да миллиондогон адамдарды сактап калуу керек. Тез аранын ичинде мунун көзүн куруткула! Кара чүмбөтчөндөр таптаза болуп иштетилген героин, кокаин, дагы ушул сыяктуу мүшөккө салынган наркотикалык заттарды бир жерге алып келип үйө башташты. Анан Спартактын буйругу боюнча алардын үстүнө күйүүчү порошокторду ыргытышып төгүшүп өрт коюшту. Алоолонгон өрт адегенде үстүнө кара түтүн уюлгута асманга көтөрүлүп чыгып анан дүркүрөп өрттөнүп кирди. Алар өздөрү менен кошо ала келишкен күйүүчү порошокторду үстөккө-босток жалбырттап күйүп аткан отту дагы күчөтүп чачырата беришти. Бул жерге экөө калып, калгандары өлүп жаткандардын баарын бирин да калтырбай чогултуп көтөрүп келишип чоң чуңкурга кыдырекей кылып жаткырышты да үстүлөрүнөн көмө башташты. Алиги чала жан жатышкан экөөсү да өлүп калышкан болчу. Бардыгын көмүп бүтүшкөн соң үстүлөрүнө билгизбей таштар менен жаап, араларына чырпыктарды таштап коюшту. Ал эми ары жакта эч нерседен бейкапар турушкан бангизат ташып жүрүшкөн үйрөтүлгөн малдарды туш-туш жакка айдап таратып жиберишти. Бул мезгил аралыгында абакта таң агарып күн уясынан кылтыйып чыга баштаган эле. Бардыгы тең шашылыша өздөрүнө түшкөн олжолорун алыша кууш капчыгайга түшүп алышып мурунку келген жолдору менен тыным албай чуркап жүрүп отурушту. Куугун Алар он чакырым аралыкты бир тыным албай чуркап өтүшкөн соң чоң таштын түбүнө бир аз тыныгуу жасашты.
- Эптеп тиги эски мал сарайдын ичиндеги машинеге жетип алсак аны менен чоң шоссе жолго чыгып кетип көпчүлүк кыймылга, машинелерге аралашып кетет элек. Спартак оозун жыйгыча ары жактан вертолеттун учуп келатканын көрүп, баары жабыла чоң таштын түбүнө кулашты. Бетинде кызыл жылдызчасы бар жашыл вертолет тике эле алардын үстүнөн уча алиги окуя болгон жакка багыт алып көрүнбөй калды. Тигилер бир аз жатышкан соң ордуларынан турушуп, өз ара бул вертолетту талкуулаша кетишти.
- Алар бизди байкап калышкан жокпу?
- Байкап калышы да мүмкүн, күтүлбөгөн жерден чыга калбадыбы.
- Бул чек арачылардыкы го дейм?
- Андай болушу да мүмкүн, бирок чек арачылар бул жакты текшеришпейт. Анткени тигилердин тоо арасындагы жолун жакшы билишет. Менимче, бул вертолет тигил жакка багыт алып шашылыш учканына караганда контрабанданын чалгынга жиберилген вертолету. Тигилер кайра кайтып келиши да мүмкүн, кой тездебесек болбойт. Кана, турдук, кеттик! Жапа тырмак баары ордуларынан атып турушту да кайрадан жүгүрүп жөнөштү. Арадан жарым саат өтпөй арт жактарынан өздөрүн көздөй катуу ылдамдык менен учуп келаткан вертолетту көрүшө таштардын алдына чуңкурларга далдаланышты. Тилекке каршы жашына турган буйтка жерлер, таштар аз болчу. Сыягы, вертолет тигилерди атайын кууп келген окшойт, дал эле алардын тушуна келгенде үстүлөрүнөн окторду мөндүрдөй жаадырып аткылай башташты. Кол пулеметтун огу менен тим эле баш көтөртпөй эч тыным албай аткылап атты. Чоң таштын далдаасында турган Спартак өйдө карай аларга каршы ок атып көрдү эле өзүнө карай мөндүрдөй жааган окко туруштук бере албай таштын түбүнө башын калкалады.
- Мен муну бул жактан алаксытып турайын, силер тигил чоң таштардын коңулуна чуркагыла! - деп Спартак кыйкырып бери жактан өйдө карай эки-үч жолу ок атып көрдү. Вертолет Спартактын жашынып турган жагына айланып, жакыныраак учуп келгенде ал таштын аркы бетине ушунчалык тездик менен оодарылып кетти. Мөндүрдөй жааган ок Спартактын мурунку турган ордуна ташка тийгенде кайып кетип чуулдап башкача үн чыгарып атты. Вертолет улам ташты айланган сайын тиги да ташка далдаланып, айланып жашынып атты. Ошондой маалдан пайдаланышын беркилер да туш-туш жакка чачырата чоң таштарга далдалана беришти. Чуңкурчада көмкөрөсүнөн былк этпей жаткан Альбертке улам-улам көз жүгүртүп коюшуп, эми алыс-алыс жайыла, чачырап кетишкендиктен улам-улам баш көтөрө калышып жооп кылыша өйдө жактагы вертолетту аткылап атышты. Альберт көмкөрөсүнөн жаткан боюнча былк эткен жок. Вертолет ар кайсы таштардын булуңдарында жашынып алышып аткылап аткан төмөн жактагылардын ары жагына бир өтүп, бери жагына бир чыгып, ойкуп-кайкып тигилердин айласын алты кетирди. Таптакыр эле аларга үстөмдүгүн жүргүзүп, бирде жакын учуп келип, кайра алыстап кетип баш көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей атты. Бир таштан экинчи ташка оодарыла тез чуркап өткөн Хамидге да ок жаңылды. Ок сол балтырына тийсе керек чоң таштын коңулуна кире кулай, эки колу менен сол бутун сыйпалай бөк түшүп калды. Кырдаал уламдан улам кыйындап баратты. Өйдө жакта вертолеттогулар төмөн жактагыларды тим эле оюнчук кылып ойнотуп атты. "Минтип отурушса тигилер бирибизди да аман калтырышпайт. Убакытты да утушат, кандай болсо да кырдаалдан чыгыш керек" - Спартак автоматын ары жерге коюп, артында асынып жүргөн снайпер мылтыгын колуна алды.
- Кана, жигиттер, эптеп тигилерди аткылап алаксыткыла! Мен даярданып алайын, - ал ар кайсы таштардын булуңдарында корголоп аткандарга кыйкырып, ошол жаткан боюнча мылтыгын октоду. Беркилер туш-туш жактан аткылап жашына калышып, бир таштан экинчи ташка жүгүрүп өтүшүп вертолеттогуларды алаксыта башташты. Кырдаалдан пайдалана Спартак снайпер мылтыгы менен вертолеттун рулунда отурганды мээлеп туруп чекеге атты. Ал рулду кучактаган боюнча көмкөрөсүнөн жатып калганда аны менен кошо вертолет да ары-бери калдактай баштады. Анын ичиндегилер атканын токтотуша өз алапайларын таппай шашып калышты. Спартак убакытты текке кетирбей мээлеп туруп эртеден бери кол пулемет менен төмөн жактагылардын айласын кетире тындырбай аткылап аткан кишини чекеге атты. Ал вертолеттун оозунан төмөн карай учкан боюнча кетип денеси жерге тийип күмжам болду. Бир аздан кийин вертолет өзү да акырындап төмөндөп келип жерге үч метрдей жетпей боюн таштап жиберди. Жерге катуу түшкөндүктөн темирлери дөңгөлөктөрү мыйрыя, айнектери быркырап жатып калды. Бирок эмнегедир өрттөнгөн жок. Бардыгы ордуларынан атып туруша жабыла вертолетко чуркап барышты. Болгону вертолеттун ичинде үчөө гана экен. Эртеден бери буларды үчөө эле мышык-чычкан ойнотуп атышыптыр. Абдугапар чуркап барып көмкөрөсүнөн жаткан Альбертти өйдө көтөрдү. Ок анын көкүрөгүнө тийиптир, оор дем ала ал акырын көзүн ачты. Бул жолку аткылашууда Хамид, Альберт экөөнө ок жаңылыптыр. Хамидге караганда Альберттики оор экен.
УЛАНДЫСЫ БАР


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2