
59-БӨЛҮМ
Мани Ясо бети албырып толкунданды. Өзүнө бойлош, бирок кууш далылуу, жука чапан кийген түгөйүн карап көзү жалжылдады, сүйүнгөнүнөн жылмайып күлгүсү келди эле, анте алган жок. Анткенге үлгүрбөй калды– ыйык Миларепа сүйлөй баштаган:
– Бүгүн адамзатка бир ишеним келип турат. Ошонүчүн Сиздин айкелиңизге түздөн-түз кайрылдым, кудурети улук Саки Муни.
– Ишенимби? Адам баласын кайгы-муңдан, азаптан арылта турган ишеним табылдыбы?
Миларепа жооп бербей бир далайга үнсүз туруп калды. Андан соң эмнегедир мукактанып, ишенимсиз сүйлөдү:
– Мынабул жигиттин кыргыз ысымы Адилет, Тибет аты Мани Ясо. Бир жыл бою өткөргөн бул жигиттин «Агни-йога» сүкүтүн баштан аяк тирмийип аңдып отурдум. Бул жигит адамдагы эң негизги залалды – анын ички өзүмчүл «Эгосун» түздөштүн амалын тапты. Будда жана лама текстеринин бардыгын карап отуруп акыры түбү
1 Бул айтылган айкел Тибеттеги манаскөлдүн жээгине белгисиз замандарда салынган Саки Муни монастрынын алдындагы Шамбала шаарынын өтө терең өтмөктөрүнүн биринде бүгүнкү күндө да турат. Тибет жазмасында бул айкел көчүрмө эмес, Будданын накта өз доорүнда жасалган деп айтылат.
мурда жок, жалаң адамдын ой жүгүртүүсүнүн күчүнө негизделген жаңы нускама жаратты. Ал нускаманы өзү да ишке ашыра алат, же болбосо ар бир Адам машыгуу жана мантра жолу менен өз «Эгосун» өзү түздөй алат. Ушундай эки жол тапты бул жигит.– Адамзат бу жарыкта төрт миллион жыл жашайт. Өсүп-өнүктүм дейт. Бирок
алдына тыңгылыктуу чоң максат коё албады. Кана, болсо айтып бериңизчи, ыйык Миларепа?! Адамзаат дегениңиздин алдында жаркын максаты барбы? Жок! Ошонүчүн мен «Өмүр айлампасынан» чыгып, сансараны таштап, биротоло Нирванага кетпедим беле. Менин адамдар үчүн болгон кайгы-муңум, менин жеке өзүмдүн көртурмуш азабым ошондо гана токтогон. Сиз аны жакшы билесиз да, ыйык Миларепа.
– Ооба, ооба кудурети улук Саки Муни. Бирок сиздин даанышман окуу бүткүл чыгыш элдерин касталарга бөлүнүүдөн, биринен-бири өйдөсүнүп, бирин-бири кордоп, кул кылып жашоодон арылтпадыбы. Азыр сиздин окуу дүйнө жүзүнүн үчтөн бирине тараган. Дагы арылап тарап жатат, кудурети улук Саки Муни!
– Ошонун баарысы биригип келип, менин жана менден башка өздөрүн пайгамбар атагандардын окуусунун баардыгы биригип келип жаңы төрөлүп аткан бир баланын эти ооруп, жаны кейип ыйлагандагы ыйын баса албадык го. Анан сиз, алдагы жаш жигит экөөңөр эмне кылалы деп турасыңар, ыйык Миларепа?
– Биз кишилерге ишенип турабыз, кудурети улук Саки Муни! «Эгосун» түздөгөн адамдын пейили оңолооруна, ыйманы тазараарына, сабыры төп болооруна ишенип турабыз. Ошентип барып ал кишилер акыры ыйык «Адам» атына көтөрүлүп жетет деп ишенип турабыз, кудурети улук Саки Муни! – Ишениппи?
Саки Муни дал ушул суроону берген кезде чала жабылуу көздөрүн саал ачып, алдында турган экөөнү бир карап алгандай болду. Андан кийин мурунку суроосуна дагы бир сүйлөм кошту:
– Адам өзүн баардык жан-жаныбарларга түбөлүк мөмө берип турган даракка айланта алса гана бактылуу болмок.
– Ага кандай жол менен барабыз, кудурети улук Саки Муни?!
Бул өзүнө тааныш эмес үндү укканда Будданын күндүн нуру сыяктуу жылтылдаган кирпиктери серпилип кеткендей болду. Ооба, дал ошентти. Анткени, эмелеки суроону берген башка, таптакыр башка үн эле ыйык Миларепаныкы эмес, башкача үн болчу. Ал үн ыйык Миларепанын жанында турган мынабул бейтааныш баланын үнү эле. Анын азандагы кыргыз аты-жөнү Адилет Нарбаев, Тибет астрологиясы берген аты Мани Ясо. Далай ламанын өкүмү менен ыйгарылган наамы Лама Ясо, бирок антип башкалар атаса да жигит өзү бир мертебе бул наамын оозанган эмес.
Мына минтип капыстан сөзгө аралашкан жигитти Миларепа ийинден сүйө кучактап, экөө тең Будданын жообун чыдамсыз күтүп турушту.
– Ага барчу жолдун бири Жерде болчу, уулум. Бирок адамдар пейилин оңой албай келет. Кечигип жатат. Эми ал жолго түшүш кыйындап баратат. Бул ишти аткаруу менин да, мага окшогондордун да колунан келбеди. Буга менден бир жарым миң жыл кийин дүйнөгө келген ыйык Миларепа, сиз өзүңүз күбөсүз, туурабы!..
Кудурети улук Саки Муни ушуну айтып алып унчукпай көз жашына муунуп, оор кайгыга төнүп калгансыды. Ошол эле учурда балбылдап күйүп турган жүздөгөн майчырактардын нуру өчө баштады окшойт, айлана түнөрүп, күүгүмдөп барат.– Мына ушул Сизге суроо тарткан жигиттин ишеними бар, үмүтү бар! Кишилерден үмүтү бар! Сүкүтүнө Идам болуп бериңиз, кудурети улук Саки Муни Будда! – деди шашып калган Миларепанын үнү кенен үңкүрдүн ичинде чайылдап. – Анда эмесе шашылгын уулум. Шамбаланын үнүн тыңша. Аны «Калагия» дейт, белгиси санскриттин беш тамгасы – «Манас»1. Жылына бир гана жолу, күн менен түн теңелген саатта, сүкүткө отуруп сөздү 108 жолу ичиңден кайырганда кулагыңа доош угулат. Шамбаланын айтаар сөзү ошол үндө. Бала кезиңде селкинчектин, дарбазанын кыйчылдаганын тыңшап жүрчү элең го. Эми ошол темирге бийик жаңырган Калагиянын жандырмагын тыңша, уулум!
– Ушул насаатын айтып болуп Будданын алтын жүзү караңгыга улам батып баратты. Көздөрү болсо бакырайып апачык эле.
1 Санскрит тилиндеги байыркы жазууларда «Манас» деген сөз адам баласы оозанган эң алгачкы сөз. Ал «асман» деген түшүнүктү билгизет дейт.
Көк муздун алдынан шылдыраган суунун үнү угулуп калган жаздын бирин
чи эле күндөрүндө бүткүл Тибет жерине чуулгандуу имиш таркады. Ооздон-оозго, телефондон-телефонго, чагылгандай тез өтүп жаткан бул кабар былтыр ушул маалда кайдадыр житип жок болгон Мани Ясо жөнүндө эле. Бирдаары: «Лхасада коркунучтуу кара сыйкыр Мани Ясо пайда болуптур, сактангыла» десе, бирдаары: «кара сыйкыр эмес, борбор шаарга Миларепа өзү келиптир» деп оозун ачкан карапайым элдин башын маң кылууда.
Мурда эле бул «качкынды» издөө ишин жеке өзү катуу көзөмөлдөп турган Далай лама тигиндей каңшаар угулаары менен Мани Ясону кармоо аракетин бүткүл Тибет боюнча өз колуна алды. Баардык чегара посттору, аскер бөлүктөрү «өзгөчө авалга» келтирилип, монастрлар менен храмдар, мейманканалар менен ресторандар тымызын күзөткө алынып, базар сыяктуу көпчүлүк жайлар полицайлар менен курчалды.
Тибетти коргоо комитетинин телефондоруна болсо Адам түшүнбөгөн таңкаларлыктай кабарлар биринин артынан бири түшүп жатты. Мани Ясону өз көзү менен көргөндүгү жөнүндө бир туруп кайсыл бир монастрдан, бир туруп храмдан, же ресторандан, ошол эле кызматкерлер, атүгүл жетекчилери телефон урат. Ал жердеги даяр турган полиция же аскер отряддары болсо жүгүрүп кирип, тинтип жүрүшүп же эч кимди табалышпайт.
Ошол ар кандай чалды-куйду кабарлар ТККнын эле ичинде калбастан Далай ламанын өзүнө да жетип атты. Бир күн кечке андайларды уга берип башы айланкөчөк болгон Далай лама түн бироокумда ачуусуна чыдабай ТККнын башчысын тезинен өзүнө чакырды.
– Качкынды адеп даана көргөн ким бар?! Дегеле чынбы бул кабарыңар, же бир жиндинин оюнубу?! Жалган дүрбөлөңбү?!
– Качкынды адеп даана көргөн, Саки Муни монастрына сакчылыкка коюлган чегара аскеринин көрсөтмөсү жанымда, улуу даражалуу таксыр. – Кана бериңчи бери!
ТККнын башчысы папкесинен чегарачы алгачкы сурак жүргүзгөндөгү магнитофондук жазуунун текстин сууруп чыгып Далай ламанын үстөлүнө койду. Анда төмөндөгүдөй сөздөр бар эле: «Өтө жашыруун документ»
Тергөөчү: – Аты-жөнүң ким? Толук айт.
Чегарачы: – Кытай элдик армиясынын аскери, Мандан Ли. Тергөөчү: – Бул жерде азыр эмне кызматтасың? Чегарачы: – Командирим сакчылыкка койгон.Тергөөчү: – Эмнени кайтарасың? Чегарачы: – Монастрды. Тергөөчү: – Чегара постуна сен кабарлаган шектүү адам кайсыл күнү, саат канчада бул жерге келди? Шашпай толук айт. Жакшылап эсте! Чегарачы: – Өткөн үчүнчү күнү. Тергөөчү: – Так айткын, саат канчада? Чегарачы: – Саат ондордо.
Тергөөчү: – Так айткын деп атам мен сага!
Чегарачы: – Ондон өтүп калган. Беш, он мүнөт өтүп калган. Тергөөчү: – Кантип, кай тараптан келди?
Чегарачы: – Кепеде отурсам эле кирип келди. Жаман чоочуп кеттим. Тергөөчү: – Туристтер жок беле? Жаныңда ким бар эле? Чегарачы: – Бир группа жаңы эле өйдө, тигил Кайлас тоону көздөй чыгып кеткен.
Тергөөчү: – Жаныңда дагы ким бар эле дейм? Чегарачы: – Жалгыз болчумун.
Тергөөчү: – Баардыгын жакшылап эстеп, толук айт. Кирген адам кандайча кирди, эмне жөнүндө сөз болду ортоңордо.
Чегарачы: – Узун бойлуу, жеңил репа чапанчан жаш неме экен. Ак чапан экен.Тергөөчү: – Канча жаштарда?
Чегарачы: – Мен курактуу эле. Тергөөчү: – Сен канчадасың? Чегарачы: – Жыйырма төрттөмүн. Тергөөчү: – Анан, кирген адам эмне жөнүндө сөз кылды? Чегарачы: – Бул жердеги жатакчы монах кайда, деп сурады. Мен айттым алар колго түшүп кармалып калган деп. Тергөөчү: – Анда тигил эмне деди? Чегарачы: – Ким колго түшүрдү? Жатакчы монахтын жанында дагы ким бар эле, деди. Мен айттым билбейм деп.
Тергөөчү: – Эмне үчүн билбейм деп айттың? Чегарачы: – Ал деген аскердик жашыруун сыр да. Тергөөчү: – Жашыруун сыр деп коёт. Кеңкелес! Дагы кандай суроо берди сага?Чегарачы: – Ошол. Башка суроо берген жок. Мени таанып аткансып тике
карап турду да тез эле сыртка чыгып кетти.
Тергөөчү: – Эмне үчүн токтотууга аракет кылган жоксуң? Чегарачы: – ... аракет кылдым. Тергөөчү: – Кантип аракет кылдың? Чегарачы: – Автоматымды алып артынан чыксам кетип калыптыр. Тергөөчү: – Дароо чыктыңбы?! Эмне мылжыңдайсың?! Чегарачы: – Жылаңач болчумун. Киймимди отко кургатып отургам. Анан мен кийинип чыкканча кетип калыптыр.
Тергөөчү: – Аскердик постто жылаңач отурдуң беле? Уставды билесиңби сен! Чегарачы: – Киймим бүт суу болсо эмне кылайын. Турсама дейре суу болуп кеткем. Монастрдын ичин тазалап атып тамчынын астында калгам.
Тергөөчү: – Жанагы келгенде эмне, тырдай жылаңач белең? Чегарачы: – Ооба.
Тергөөчү: – Куралчан беле келген неме? Чегарачы: – Куралын байкаган жокмун. Тергөөчү: – Колунда эмне бар эле? Чегарачы: – Бир таңгак кагаздары бар болчу. Тергөөчү: – Дагы?
Чегарачы: – Башка эч нерсеси жок болчу.
Тергөөчү: – Кай тарапка кетиптир. Изин кууган жоксуңбу?
Чегарачы: – Куудум. Кар менен он беш метрдей басып барыптыр. Андан ары эч из жок.
Тергөөчү: – Эмне, учуп кетиптирби? Чегарачы: – Билбейм. Ушуга дейре таңгалам. Тергөөчү: – Аты же эшеги жок бекен? Чегарачы: – Эч кандай башка из жок. Тергөөчү: – Жашырып атасың. Билесиңби эгер жашырсаң кандай жаза алаарыңды?
Чегарачы: – Жашырган жокмун дейм!
Тергөөчү: – Мен сурап атам сенден. Билесиңби кокус жашырсаң кандай жазага тартылаарыңды. Чегарачы: – Билем. Тергөөчү: – Эми, көргөн адамыңдын өңү-түсүн айткын. Чегарачы: – Мына мобул сүрөттөгү эле неме. Бирок мындан кыйла арыгыраак. Тергөөчү: – Дал өзүбү?
Чегарачы: – Дал өзү. Көздөрү дал ушундай. Мурду да ушундай. Оозу дагы. Тергөөчү: – Анан эмне чара көрдүң?
Чегарачы: – Биздин постко чалып рапорт бердим. Тергөөчү: – Эмне деп айттың рапортуңда. Чегарачы: – «Жолдош командир! Сиз бизге таратып берген сүрөттөгү качкын адам азыр эле мага келип кетти» дедим. Тергөөчү: – Алар кандай чара көрдү? Чегарачы: – Келишти. Баарын карашты, жазып алышты. Мени болсо изоляторго камап салышты.
Тергөөчү: – А мобул сүрөттөгү адам ким экенин командириң айтты беле сага. Билесиңби ким экенин мунун?
Чегарачы: – Билем. Тибеттин Далай ламасынын эң биринчи душманы Мани Ясо.Ушул жерге келгенде Далай лама окуп аткан кагазын ыргытып жиберди.
– Былжыраган аскерге-келжиреген командир! –деди анан ал ТККнын башчысына көзүнүн чаарын чыгарып.
Дал ошол тушта Далай ламанын ТКК менен байланышкан кызыл түстүү телефону шыңгырап калды эле:
– Сиз алыңыз трубканы. Мен жадап бүттүм силердин дейди звонокторуңардан! – деди өкүмдар ТККнын башчысына.
ТККнын башчысы калчылдаган колу менен телефондун трубкасын бирпаска тыңшап турду да өзүнүн оперативдүү штабынын башчысын кекетип коё берди:– Мээңер биротоло айнып калган болсо тезинен психиатрияга жаткыла! Баарың тең жаткыла!
– Эмне дейт?! – деди аңгыча Далай лама жаман көзү менен тигиге акырайып. – Айтууга ооз барбайт улуу даражалуу таксыр. Менин эле кызматкериме жин тийгенби десем, бүт эле Тибеттен келип жаткан кабарлар оозго алгыс.
– Эмне дейт, тигиңиз?! Генерал Бхарати чалып атабы? Ошолбу штабдын башчысы?!
– Ооба улуу даражалуу таксыр. Ошол. Кылмышкер Мани Ясо деген неме дал биздин ТККнын борбордук имаратын аралап жүрөт дейт. – Кармашпайбы андай болсо, дароо!
– Улуу даражалуу өкүмдар! Мага улуксаат бериңиз. Тезинен иш ордума жетейин. Кармоого бардык чараны көрүп туруп Сизге мен өзүм доклад берем. Кармайбыз аны! Эч кайда качпайт!
– А берки Дей деген акмакты качан Пекинден алдырасыңар?!
– Аз күндө, таксыр. Пекиндин аны бизге бергиси жок. Сиз сүйлөшкөндө беребиз деп коюшат. А бирок иш жүзүндө бербей жатышат.
– Аракет керек анүчүн. Аракет. Бүгүндөн калбай алдыргыла!
Эшиктен чыгып бараткан ТКК башчысы Далай ламанын кыйкырыгына кашка башын тез-тез ийкегиледи да жок болду.
– Качып жүргөн дейдибаш, издеп жүргөн каңгибаштардын имаратын аралап жүрсө жыргаган экенбиз!
Иш бөлмөсүндө жалгыз калган Далай лама жинденип оң колу менен жүрөк тушун укалады да Пекинде психиатриялык ооруканада жаткан кызын эстеп билинээр-билинбес онтолоп алды.
* * *
Качкынды издөө операциясы бүтүндөй өлкө боюнча өтө кызуу деңгээлине жеткен жаздын чыкыроон түнүндө кара репа чапанчан Мани Ясо Лхасанын шаардык көрүстөнүндө, Лама Цунун боз топурак мүрзөсүнүн алдында чөгөлөп отурду.
Лама Цудан бул сапар көпкө күттүрбөй эле телепаттык толкун келип Мани Яcонун сезимдерин жылуу аймалап өттү. «Мен сиз менен баарлашууга даярданып отурам» деди Лама Цунун телепаттык толкундары.
«Мен келдим, ата. Кудурети улук Саки Муна сүкүтүмө Идам болуп берди. Аны мен үчүн ыйык Миларепа жасады. Андан кийин Сиз болбогондо баардык иштин ойрону чыкмак, ата. Кантип өзүңүзгө рахматымды айтаарымды билбей отурам».
«Рахматтын мага кереги жок, уулум. Кеп сиздин нускамада. Кыскача мага түшүндүрө аласызбы. Канткенде адамдын пейилин оңой турган болдуңуз?»
кача айтканда тең салмактоо керек. Анткени уруктун ядролук термелүүсү анын генетикалык «Эгосуна» жараша – эгерде «Эго» сезими ашыкча болсо уруктун ядролук термелүүсү кескин, бир калыпта эмес, өйдө-төмөн жана чаржайыт. Ошону ыраатка келтирүү – адамдын дилиндеги «мен» деген өзүмчүл сезимди түзөтүү дегендик болуп эсептелет. Кеп урукта болуп жатат, ата. «Эгонун» жашынган «уясы» дал ошол жерде экен.
Сүкүттүн экинчи этабында уруктарды кайрадан түйүлдүккө, түйүлдүктү кайрадан адамга генерировка жолу менен айландырып отуруп каалаган жыйынтыкты ала алабыз».
«Агни-йога деген жаңы нерсе эмеспи, уулум. Ошондуктан нускамаңды тажрийбалап туруп анан ишке киргизишиң керек го».
«Азырынча өзүмдөн баштадым, ата. Баардыгы жайында болчудай. Андан соң ТККнын түрмөсүндө «эл душмандары» деп камалган баягы үч офицерден баштадым. Бир жумадан бери ошолордун жалгыздан жаткан караңгы камераларында отурдум. Азыр кайрадан ошолорго барам.
«Европага да жайылтасызбы бул нускамаңызды?»
«Адам баласы болгон жердин баардыгына жайылтам, ата».
«Жердин асты-үстүндөгү өзгөртүүгө мүмкүн болгон нерсенин баардыгын тең адам өзү өзгөртүп келе жатат, уулум. Ошол өзгөртүүлөрдүн дээрлик бардыгы тескери натыйжа берсе да болбой өзгөртүп келе жатат. Киши бир гана өзүнүн жан дүйнөсүн өзгөртө албай келет. Ошого сиз бел байлаган турбайсызбы. Кыйын болоор ишиңиз».
Нускамамдын үчүнчү баскычы «Толерант»1 деп аталып музыка менен сөздүн күчүнө негизделет. Адамзаат жараткан бардык акылман, насаат сөздөрдүн ичинен: укканда адамдын денесин дүркүрөткөн, жүлүнүнөн өтүп чучугуна жеткен, канын кызытып эсакылын нес кылган, мээсине кыт куйгандай кадалып, сезимине от койгон тупатуура он сүйлөмдү тандап алып сыйкырлуу музыканын коштоосунда санскрит тамгалар менен шифрладым, ата.
Бул мантраны ийгиликтүү өздөштүргөн киши дүйнөдөгү эң зор жеңишке – өзүн-өзү жеңгенди үйрөнөт. Өзүн-өзү жеңе алган гана адам алдына татыктуу максат коё алат жана ал максатына жете билет.
Нускамамдын үчүнчү баскычы «кишилерди» «Адам» атына жеткире турган жол деп эсептейм, ата. Проектимдин жалпы аты «Толерант».
Нускамаларымды көп тилдерге котортуп, аларды таратуу, иштетүү борборлорун түзөм, укмакассетага жаздырам. Нускамадагы мантраларды интернетте атайын сайттарды ачып, түшүндүрмө жарнамаларды берип атам. Андан сырткары өлкөлөрдүн бардыгында коомдук уюмдарды түзөбүз. Кыскасы пландарым бүтүндөй иштелип чыккан, ата».
«Эски пергамент жазуулардан мен нускаманын багытын таптым, ата. Тибет элинин буддага чейинки бонуишениминде, заттын ядролук деңгээлдеги термелүүсү жөнүндө илим буга тупатуура келди. Аны мен азыркы динсиз илимдеги молекулярдык генетиканын тукум куучулук законуна айкалыштырып отуруп мындай жыйынтыкка келдим. Эгерде биофизиканын ретроспектик усулу менен агни-йога сүкүтүн туура айкалыштыра алсак, кандай гана адамдын болбосун жашын артка карай жылдырып отуруп аны түйүлдүк (эмбрион) авалына чейин жеткирүүгө болот экен. Андан кийинки
УЛАНДЫСЫ БАР....
КАЗАТ АКМАТОВ.
Урматтуу окурмандар чыгарма жакса класс басып комментарий жазып колдоп кетиңиздер уланталыбы?
Кызыктуу чыгарма бекен?
Биз билбеген көптөгөн сырлар бар экен ушул китепте илим боюнча,бирок канчалык чындыгы бар бир авторго гана маалым...


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8