
Бир жолу жаш жигит устатына кайрылыптыр:
— Устат, ибадаттарымды таштап койбошко, намаздарымды каза кылбашка канчалык аракет кылсам да, ыйманымда алсыздык сезип жатам. Бул нерсени кантип жеңсе болот?
Устат мээримдүү жылмайып, терең тажрыйбасы менен жооп бериптир:
— Балам, көп учурда биздин жүрөгүбүзгө, жашообузга чөйрөнүн таасири чоң болот. Адамдын ыйманы да, адеби да көбүнчө кимдер менен жүргөнүнө жараша бекемделет же алсырайт. Чөйрө адамды өзү тарапка тартат. Эгер сен ыйман жолунда бекем болгуң келсе, алгач чөйрөңө көңүл бур. Өмүр жолуңда сенин жүрөгүңдү нурга бөлөп, көңүлүңдү асыл ойго жетелеген адамдар менен жүр. Кандай адам болгуң келсе, ошондой адамдар менен дос бол, алардын кеңешин ук, алардын чөйрөсүнө кошул.
Билгин, адамдын кандай экенин анын чөйрөсүнөн, досунан тааныйсың. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айткандай: "Адам өзүнүн досунун дининде болот". Эгер ибадатта бекем болууну кааласаң, сени жакшылыкка үндөгөн, акыйкатка чакырган достор менен бирге бол. Алар сени алаксытпай, тескерисинче, сага руханий күч берип, алсыздыгыңды жеңүүгө жардамдашат.
Эстен чыгарба, кээде чөйрөң чөл сыяктуу куру, көңүлсүз болушу мүмкүн. Бирок ошол чөлдү гүлгө айлантуу сенин колуңда. Өзүңдүн жүрөгүңдү асыл сапаттар менен кооздоп, жакшылык үрөнүн сеп. Ал үрөн бир күнү да гүлдөп, айланаңды кооздойт.
Сөзүмдүн аягында ушул сөздөрдү эч качан унутпа. Өзүңдүн ким экениңди айланаңа карап, баарлашкан, мамиле кылган адамдарга карап баала. Кандай жашасаң ошондой өлөсүң. Кимдерди жакшы көрсөң ошолор менен чогу бирге тирилесиң.
🤲🏻Оо, Жараткан Аллах! Бизге жүрөгүбүздү туура жолго багыт берген, ыйманыбызды чыңдай турган, акыйкат жолунда бирге болчу салих досторду насип эт! Бизди жаман чөйрөдөн, көңүлдү кайт кылуучу адамдардан алыс кыл. Ибадатка сүйүү, жүрөгүбүзгө такба, тилибизге зикир, өмүрүбүзгө береке бер. Аамиин!
🧕Автор: Насиба Абдуллаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2