
Повесть (56- бөлүм )
Машине токтоор замат, Надираны мектепке келген чоң апалары тосуп чыкты эле , экөөбүн эки жакка түртүп , бакырып кирди боз үйгө . Кирээри менен алдын тоскон аялдар : - Надира ! Айланайын ! Атаңдан айрылып калдык !
- Ишенбейм ! Ишенбейм ! Ата ! Ата !
Надира байкуштун колу - буту тырышып , үнү чыкпай , заматта эле көздөрүн жумуп ,эсин жоготту .
Боздогон , сыздаган үндөр . Боз үйдүн сыртында аталап өкүрүп турган Надиранын инилери Макулбек , Максат , Мундуз .
Муңай эжеке Надиранын бетине суу чачтырып , алдына көрпө салдырып , башын жөлөп , сыртта ыйлап жаткан инилеринин , боздогон ыйларын уккан сайын , жүрөгү канап , кара жоолук салынып отурган , кыркка да , толо элек Надиранын апасынын кошогу , жүлүнүн сыздатып , жаңыдан эсине келип баштаган Надира көзүн ачып , түш көрүп жаткандай , көздөрүн чоң ачып , акырын башын көтөрүп , эки жагын таң кала карап , апасынын :
"- Бей ажал кайдан келди бейм !
Береним момун киши элең , Оо!!!
Мезгилсиз салдың дүнүйө !
Мертинтип кетти , бей ажал ,
Түбөлүк салып күйүткө Оо!!!
Билектен тартып кетти го !
Бир зымга кара чок болуп ,
Береним күйүп кеттиң го !!!
Белиңдеги беш балаң ,
Бешиктен бели чыга элек , Оо !!!
Бейиште болсун сапарың . Оо !!!
Пендеге жаман сөзү жок ,
Пейили кенен кырааным , Оо !!!
Кыяматты салдың го ,
Кызматың элге арнадың !
Кырсыктап гана кеттиң го ,
Кыйбасым эми өзүңдү ,
Каяктан гана табамын . Оо!!!
Карааның тоодой киши элең ,
Кастарлап элиң сыйлаган ,
Кадырың бийик пенде элең Оо !!!
Апасынын ыйы , апасынын атасын жоктогону , Надиранын кулагына эми кирди . Так эле ордунан секирип турду да , бети - башын чүмкөп , кара жоолук салынган апасына ,
- Апа ! Апа ! Айтчы апа ! Атам неге өлдү апа !!!
Апасын кучактап ыйлап , ордунан тура калып , өлүк жаткан көшөгөнү ачты эле , чоң апалары ,, Көрсүн , көрсүн ! Көксөөсү суусун !"- дешип , атасынын бетин ачып эле , жаба салышты да , кыйкырып , өкүрүп боздогон Надираны баары жабыла , араң басышты .
Надира бир аз эс алып тынчыган соң , Муңай жанында отуруп ,, Апаңды , бөбөктөрүңдү ойло!Сен ушинтип , эс учуңду жогото берсең , сенден кичүү инилериңди ким карайт . Өзүңө кел Надира ! Кырсык деген каш - кабактын ортосунда , менин алты жашар инимди короонун жанынан эле трактор коюп кеткен ,,- деп , Надира менен кошо ыйлашып , ,, Ысык чайдан бир чыны болсо да , ичип алчы ,, - деп ,
окуучусу , өзүнө келгичекти жанына отуруп , ал жердеги туугандарына кайрат айтып , сыртка чыкты Муңай .
Ал үйдүн короосунан чыгып бара жатып , Зоотбек машинесинен азык - түлүктөрдү алып чыгып , жаш балдарга көтөртүп жаткан экен .
Муңайды көрүп таң кала карады да , :
- Каякка кетип баратасың ? Мектебиңден суранып келдиң беле ?
- Ооба ! Бүгүн үч саатым эле болчу . Сабагымды бүтүп келдим да . Тиги , Надира кыз менин окуучум да , өзү жалгыз жибербей , кошо келгем . Ал азыр , эсине келип , тынчыган соң , чыктым .
-. Надира менен келгениң жакшы . Кайра эмне кетип баратасың . Булар биздин жакын туугандар да , сен келиндерге баш көз болуп отурушуң керек да .
- Анда , костюм , юбканы чечип келейин да .
Зоотбек машинесинен жүктөрүн түшүрүп бүтүп эле , Муңайды үйүнө алып жөнөдү .
Жолдо келе жатып ,. - Келгениңе он беш жылдан ашса да , менин туугандарымды тааныбай койдуң го . Биз эми аксакал болуп калдык . Жамандык - жакшылыкта , жаштарга кеңеш айтып , сырттан келгендерди кандай тейлеп жатышат , көз салышыбыз керек да . Сен мектеп , мен мал деп жүрө берсек , эртең мен өлүп калсам , жанагы , менин ак кол балдарымдын колунан эчтеке келбейт . Ушул туугандар жайгарат баарын . Жашым жетимишке барайын деп калды , ким билет эртең кандай күн болуп кетет .
- А , сиз мага айта жүрбөйбүзбү ? Кимдер бизге жакын , кимдер бизге алыс . Өзүңүз деги мени туугандарга аралаштырбайсыз го ?
Машинесинин артындагы отургучтарды алып таштагандыктан , Муңай биринчи жолу Зоотбектин жанында отуруп келатканын өзү этибар алган жок . Муңайдан биринчи малына кетип , аялынын мынча сымбаттуу мүчөсү , мынча жарашыктуу кийимдери бар экенин да , көрбөгөнгө , түптүз буттарына , өкчөлүү кара туфлиси жарашканына , көзү түштү абышкасынын . Бир жагы , орус мүнөздүү , анча - мынча , кыргыздын салт - санаасын эске албаган , аялынын үстү - башына көңүл буруп ,,,Ушул капрон колготки , костюм -юбка кийип , аза күтчү жерге барып калганын кара-" деп , оюнда эч нерсе албай , бир гана окуучусу Надираны ойлоп бараткан Муңайдын ойлуу жүзүн карап , үйүнө жеткенде , жаш келиндердей чуркап кирип кеткен Муңайды күтүп , айылдын жаш электриги , өзүнүн жаңылыштыгынан , шашмалыгынан , жан бергенине , ичи ачышып отурду .
Бекен жигиттин капилет кеткенине , айыл элинин баары өкүрүп , ыйлап , батага келгендер көңүл айтышып , нан ооз тийип гана узап жатышты . Сырттан келген Бекендин бир тууган карындаш - эжелеринин кайын журтуна , алыстан келген жээк - жааттарына , ысыкчылык беришип , туугандар тууган милдетин , коңшулар коңшулук милдетин аткарышып , кырчындай кырк жашында , айылында жыйырма жыл электрик болуп иштеген Бекенди акыркы сапарга узатышты .
Зоотбектин шаарда иштеген тергөөчү уулу Эрлан , прокурор уулу Мирлан , дарыгер уулу Медет атасынын чакыруусу менен батага келишип , кызмат көрсөтүштү . Ушул убакка чейин уулдарынын жамандык - жакшылыкка аралашпай жүргөнүн, туугандар да , көз кырын салып кеп кылышты . Кээ бир шор сөздүү кишилер ,, Зоотбектин да , өлөөрү жакындап калган го , жаш аялы да , шаардагы келбеген балдары да , келип , кызмат кылып калыптыр ,, дешип , мыйыгынан күлгөндөрү болду.
Ал эми ошол жердеги бир да жан , жаш аялмет , бөөдө кырсык алып кеткен Бекенди жайга берүүдөгү кара малын , азык - түлүгүнө чейин Зоотбек көтөргөнүн билишкен жок . Бир гана Бекендин майып агасы Мекен Зоотбекке ыраазычылыгын айтып , жээк - жааттардан кошумча акча түшсө , азык - түлүктүн жообун өзүм берем деген оюн айтканда , Зоотбек : ,, Мен тууганмын , тууганчылык кылдым . Жети атабыздын түбү бир ! . Эч убакта , иниме жумшалган каражатты кайтарып албайм ! Эгер жээк - жааттардан тыйын - тыпыр түшсө , Бекендин балдарына жумшагыла ! -" деп , Мекен инисине катуу айткан .
Эркектер Зоотбектин кызматкер уулдарын айтып кеп кылса , катын - калачтар Муңай эжекени кеп кылышты . ,, Жолунун улуулугун да , билбей , жаш келиндердей болуп , казандын башында , идиш -аяк жууп , жаштар менен тең жарышып жүрөт . Болбосо , чалы бир топ жашка келип калды . Боз үйдүн ичинде эле , тиги кемпирлер менен отурбайбы ,, - дешип , күлгөндөрү да , болду .
,, Атаганат ! Өмүр деген ушу тура ! Жараткандын буйруган күнү кете берет турбайбызбы . Чиедей беш бала атасыз калды . Эң улуусу Надира тогузунчу класска жаңы көчтү . Кудайым , апасына Кайрат берсе экен . Надиранын жүрөгү жаш кезинен жараланды ,, - деп , Муңай эжеке ал үйгө өзүнүн улуулугун же , алыс , жакындыгын , кандай кызмат кылганын оюна албастан , чын ыкласынан күйүп - бышып , нары - бери кеп кылып отурган абысындарынын сын көз караштарын , ким бирөөсү мылжыйып күлүп отурганын көрсө да ,
,, Пендебиз да , бирибиз өлүп жатсак , бирибиз күлөбүз ,, - деп , өзү жөнүндө кандай кептер болсо да , ошол жердеги бардык аялзатын өзүндөй , эч кимди кеп кылып күлбөгөн , эч кимдин өөн жагын көрө албаган адамдардай көрдү.
( Уландысы бар )
Автор :. Нургүл Чоюбекова


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3