2-БОЛУМ
-Жанар байке менин курбуларым ал тарапта жашабайт.
-билем.
-сиз кайдан билесиз, аларды тааныбасаныз.
-мен кайда бара жатканымды билем, багытыбыз сенин курбуларын тарапка эмес.
-а сиз азыр эле курбулары менен бирге айланууга барабыз дебединизби, жалганчы.
-сен жалган айтуумду каалабадынбы.
-жок, сиз өзүңүздүн күнөөнү мага оодара салбан антип.
-андай эмес дечи, анда эмнеге мен жалган айтып жатканда токтотподун.
-сиз дайым ушундайсыз, өзүңүздүн оюнузду гана туура деп билип башкаларды да ошондой ойлонууга мажбур кыласыз, эч озгорбопсуз.
-сен дагы, боюндун эле узарып калганы болбосо ошол-ошол эркелиги калбаган секелек бойдонсун.
-жок мен секелек бойдон эмесмин, мен дүйнөнү таанып, жашоонун даамын сезе баштагам.
-ошондой дечи, кандай экен жашоонун даамы?
-жашоонун даамы кай жеринен татканына жараша, мен таттуу жеринен таттым өзүм ошого татыктуумун. Дүйнө кооз, күчтүү, өжөр, ажайып бир укмуш, ал күчтүү колдору менен ороп турганда эч нерсе коркунучсуз.
Кыздын көздөрүн жумуп алып элестетип берилуу менен айтып жатканын көрүп, Жанар унааны токтото калды жолдун ортосуна эле.
Айланадагы унаалардын чалынган сигналдарынан улам көзүн ача калган Назик таныркап,
-эй сиз эмне кылып жатасыз? деди Жанарга жинди адамга карагандай карап.
-сени угуп жатам.
-жолдогу кыймылга тоскоол жаратып коюппу.
-азыр мага алардын кыймылы эмес сенин сөзүн манилууроок. Сен айтып жаткан дүйнөгө мен да сунгуп кирип кетким келди.
-хе, ал менин гана дүйнөм, ал жерде менден башкага орун жок.
-анда мен андан да кооз дүйнө курам кенен кылып, сага ал жерде сөзсүз орун болот.
-мага андан кооздун кереги жок, өзүмдүн дүйнөм жетишет, сиздин дүйнөнүз өзүңүзгө эле буйрусун.
-макул ойлонуп көр, эч бир дүйнө түбөлүк эмес, бир күн жабылып калат, кеч боло электе кирип улгуруп кал.
-сиз дайымкыдай озунуздукун бербейсиз.
-Бул нерсе мага абдан жарашат ээ.
Жанардын эч сөзгө женилбесин көрүп өзүн элестетип кетти, өзү дагы кудум ушундай. А Уланычы, ал такыр башка Назик менен такыр талашпайт, баарына макул болуп же бир сөз менен айтып макул эместигин билдирет, кээде ушунча жумшак кээде эң катуу адам, ал өзүнчө эле табышмак. Андан баары тайсалдап турушат балдар да Назиктин курбу кыздары да, бир гана Назик өзүн эркин сезет анын жанында. Эгер курбулары Жанарды көрсө сөзсүз жактырышат, албетте мындай келишимдүү маданияттуу америкалык сыпайы эркектерди ким эле жактырышпасын. Кыздардын мага жигит кылып бер, жок мага деп талашып биринен бири өтүп жасанып ага жагынып жаткандарын элестетип кыткылыктап күлүп жиберди.
-эмне болду, менин сөзүм жактыбы же унааны токтотуп коюп сенин сөзүңдү угуп жатканымбы?
-деги эмнеге эле сиз өзүңүздү гана ойлой бересиз, мен өзүмдү ойлоп жыргап жаткандырмын.
-ичи таар дуйнондубу?
-эмнеге ичи таар?
-анткени ал дүйнөн эч кимде сыйдырбайт тура.
-Ооба ошондой, ал дүйнөм ичине эч кимди киргизбейт, мага кенен орун болсун деп. Каалайсызбы мен аны азыр сизге таныштырам.
-жок керек эмес, мен сыйбаган дүйнөнүн мага эмне кереги бар, мен сага өзүмдүн кен дуйномду көргөзөм, деп унааны башкарып илгертен өзү билген өзү сүйгөн жайга алып келди.
-ушулбу дүйнөнүз?
-Ооба.
-Бул жерге бир гана айылдыктар келет да.
-адашасын, мен бул шаарга ар келген сайын келем бул жерге, а мени билесиң айыл эмне экенин билбейм, бир эки күнгө эс алууга тоого чыккан күндөрдү эске албаганда айыл жашоосун дегеле көргөн эмесмин, . Бул борбордук аянтча менин дүйнөм, туура борборго келген ар бир адам жок дегенде бир жолу бул жайга келип кетишет, биринчи көрүп жаткандар суктанышат, көнүп калгандар жөн гана жаңы жылда балаты көрүү үчүн гана келишет, жоокерлер марш тебишет, өлкө башчылар чыгып эл алдында сөз беришет, мунун баары ушул жерде өтөт. Бирок эч ким бул жерде биротоло калып кетпейт бир желектен башка, ошол суктанып карагандар жөн эле келгендер баары тең жөн эле кетип калбай булгап да кетишет, бирок бул аянтча эч кимден эч качан наалыбайт экинчи ирет киргизбей койбойт, качан келсе кучак жайып тосуп алат. Карачы жүрөгү кандай кенен ээ, бирок бул аянттын түбөлүктүү ээси жок, мында келгендер ар дайым алмашып турат, жада калса жасалгасы да бат бат озгорот, ким билет балким бул жер да шыбырап жаткандыр мага окшоп, "жүрөгүмдө өлүк таштар менен жалтыр жултур буюмдардан көрө тирүү бир жан болгондо түбөлүктүү" деп.
Кызыгуу менен угуп жаткан Назик бир саамга ойлуу боло түшүп, айланасын тегерене карап алды.
-чындап эле бул жер кенен ээ, бирок бул жер жансыз да тирүү адамды эмне кылат?
-балким жандыдуудур, биз кайдан билебиз, жер дагы ага көңүл бөлүп аны менен сырдашканды жактыраар, ар ким өз билгенин жасай бербей. Жер биздин эмне каалап жатканыбызды сезет эмеспи, эгин эксек мөмө күтүп жатканыбызды сезип аны берет, жол курусак денесин кээрип тегиз жатып, казсак оюбузду тушунгондой суу чыгарып, а биз өзүбүздү андан акылдуу сезип жандуу болуп жүрөбүз, жердин бизден эмне каалаганын ойлонбой. Балким бул аянт да анын үстүндө топурап жүргөндөрдү жактырбаган чыгаар, марш тепкенде денеси ооруйттур, бизди көтөрүп жүргөн оор болоттур, бирок ал бизге айта албайт, тили жоктугунан эмес бизди чексиз суйгонунон, милдетим ушул деп билгендиктен. Болбосо бир силкинип үстүнөн баарыбызды ыргытып салууга күчү жетет. Бул жерге келгенде өзүмдү тапкандай болом, эгер милдетим ушул болсо жашоомо кирген ар бир жанды чексиз сүйүүгө тийиштүү экенимди эстейм, алар кандай адам болгондон, мага эмне бергенден айырмасы жок жыргалчылыкпы азаппы. Мен бул аянтчадан сабак алам, кандай болгон күндө да өз милдетимди аткаруу керектигин эсиме туйом.
Айтчуусун айтып болуп, эки колун чонтогуно салып көзүн жуумп демин ичине тартып туруп калды, кудум жерден, абадан өзүнө дем алып жаткандай.
Назик аны карап туруп бир нерсени түшүндү, ушул нерсе жетпей жаткан экен жан дүйнөсүнө, жөнөкөй кыялдануу. Улан мынтпейт, анын жашоосу бир гана максаттардан турат, баары так туура коюлган максат. Ооба, деп аны дагы бир ирет аяп кетти, ал башка, Жанардай мендей кыялданганга, кайдагы жансыз жер жөнүндө ойлонууга убактысы жок, анын ата энеси баарын даярдап койгон эмес өзү баарына жетишуусу керек. Ал бийиктерге умтулуп көп нерсеге жеткиси келет, ал үчүн так туура эсептелген максат гана керек. Эгер ал Жанардай бардар үйдүн эрке баласы болгондо, ал да тоскоолдуктарды эмес бийиктиктерди кыялданмак, мен ага ишенич беришим керек, деп анын максаттарына жеткируусуно өзүн милдеттүү сезип жатты.
Өз ойлору менен алышып турган эки жаштын жымжырттыгын Назиктин телефонуна келген конгуроо бузуп жиберди.
-ало угуп Жатам. Азыр сага бир адамды алып барам бизди кут, деп телефонду очурду.
-биз эч кайда барбайбыз Назик, бекер убада кылдың, эми жалганчы болосуң, деди Жанар көзү жумулган абалында.
-эмнеге?
-мен жашоомо киргендин баарын сүйүүм керек дебедимби, ошол, жакшы билбеген адамды ал жерге киргизгим келбейт, эгер кирсе аны да суйушумо туура келет кандай экенине карабай. Бирок түшүн мен жер эмесмин да баарына тутпой калышым мүмкүн. Ошондуктан өзүмдү да бир аз аяшыма туура келет, азыр сени үйүнө жеткирем андан кийин эмне кылсаң өзүн бил.
-кен жүрөк болуп коёт, сиз жеткен өзүмчүлсуз, деп тултундаган Назик баттан басып унаага карай жөнөдү. Оюнда Жанар баары бир анын айтканын кылат деген бирок адашыптыр, артынан жете келген Жанар ундобой унаага отуруп Назикти үйүнө жеткирип койду.
-жакшы жат таарынчак, таарынычын жазылганда кабар бер, деп жылмайган сөзү жоопсуз калып Назик ундобой дарбазадан кирип кетти.
Атасы уктабай залда отурган экен.
-кызым келдинби? деди жайдары.
-келдим ата, сиз мени күтүп отурасызбы?
-Ооба жүрөгүм тынчтанбаганынан уктай албай отургам, эми мына жата берсем да болот деп өз бөлмөсүнө карай жөнөдү. Бирок адашкан экен, жүрөгү өзү ойлогондой жайланбады, андан бетер сыгылып согушу тездеп бараткандай.
Назик бөлмөсүнө кирээр замат телефонуна дагы конгуроо келди.
-угуп жатам.
-жалгызым сени күтүп олтурам, качан келесин, деген Уландын үнүн укканда алаканы менен маңдайын чаап.
-тигиге таарынып жатып телефон кылууну унуткан турбаймынбы, биз барбай калдык жаным кечир, деди күнөөлүү.
-тигин ким эле?
-байкем, алып барбай койбодубу.
-а эч нерсе эмес, байлар каалаган убакта чечимин өзгөртө алат да, бизге эмне, кутуп чарчаганда күтпөй калабыз да.
-Улан эмне таарындынбы?
-жок жалгызым, сага мен эч качан таарынбайм, таарына албайм да, байкенди айтып жатпаймбы. А баса кандай байкен? Сенин байкен жок эмес беле.
-аяш атамдын баласы, Америкадан келген экен.
-Назик.
Ал ачуусу келгенде ушинтип калчуу.
-аяш атанын баласы байке болбойт, алыс жүр андан, деди ачуусу келгенин жашырбай.
-сен мени андан кызганып жатасыңбы? Ооба кызганып жатасың, жиндисин сен билесинби ушуну. Ал менин байкем гана, андан артык болушу мүмкүн дагы эмес. Менин жалгызым бар, мен да анын жалгызымын, бизге башканын кереги жок, ошондой эмеспи ээ? деди кыткылыктап.
-айттым сага алыс жүр, эсинде болсун сен мендик ганасын, жалгызымсын.
-айтканыныздай болот "начальник" деп кыткылыктап коштошушту.
Анын кызганганы Назикке ушунчалык жагымдуу, жан дүйнөсү жыргап эле калат.
Улан да андай эле жыргай албады, жүрөгү түпөйүл болуп бүт денесин кызганыч ээлеп алды.
Бул учурда Жанардын да жүрөгү туйлап жаткан, биринчи жолу белгисиздикке капталып өзүнө ар дайымкыдай ишене албай калды. Үйүнө келсе ата энеси али келишпептир, алардын келишин күтүп шылтоо кылып уктабай короодо ары бери басып жүрө берди.
Кадыр да керебетке жатып кайра туруп тынчтана албай жаткан, жубайынын жат дегенине да маани бербей туруп кетти. Саатына караса бир кыйла болуп калган экен, жогору көтөрүлүп кызынын бөлмөсүнун алдына келип каалгадан тыншаса музыканы жай коюп алып угуп жаткан экен, короого чыгып карап келди баары жайында, бул эмнеси деп өзүнө өзү түшүнбөйт. Телефонун алып досуна конгуроо чалды жакшы жеткенин сураганча Жанар кандай маанайда келгенин сурайын деп, анткени дагы деле ою кызына барып такала берген, Жанарга чалайын десе анын номуру жок. Көпкө куттурбой телефонго жооп болду.
-Совет жакшы жетип алдынарбы?
-Бул ким? деди арыдан бей тааныш үн.
-мен Кадыр, а силер ким? Совет кайда? деп катар-катар суроолорду берип жиберди.
-биз ооруканадан, телефондун ээси борбордук ооруканада жатат, жанында эч бир документи жок, телефону кулпуда болгондуктан ушул чалууну күтүп жатканбыз.
Кадырдын колунан телефону ыргып кетти...Кышылдап кирип келип кийинип жаткан жолдошуна карап,
-эмне эле болуп жатасың? Кайда жөнөдүн түн ортосу? деди ойгонуп кеткен Жамила.
-Советбек ооруканада дейт.
-ал эмне дегенин? Качан? Эми эле жакшына кетпедиби.
-ай мен кайдан билдим, азыр уктум мен дагы.
-токтой тур, мен дагы деп шашыла туруп жолдошу менен жарыша кийинип жөнөп кетишти.
Дарбазадан чыккандан кийин гана эсине келгендей,
-Назикке айтып койбодук деди Жамила.
-ай койчу эми шашылып жатканда, кичине кыз беле эмне, үйдө жалгыз эмес корксо тигине Карамат эжесин чакырат, деди үй жыйнаган аялды айтып.
Жолдошунун биринчи жолу кызы жөнүндө мынтип сүйлөп жатканына таң калган Жамила, кызынын чоңоюп калганын байкап калган болсо маселе оорго окшойт деп ундобой отуруп калды.
Ооруканага жете келишкенде коридордо бирин экин гана адамдар жүргөн экен, ооздо отурган кароолго да карабай шар кирип келген Кадырды токтотмокчу болду эле арыдан жете келген жаш дарыгер кароолду токтотуп койду.
-Саламатсызбы Кадыржан Алимбаевич, бизден эмне кызмат.
Бул ысым эч нерсени эстетпесе да маанилүү инсан экенин түшүнгөндөй бир ордунда туруп калган кароол кийинки ысымды укканда селт эте түштү.
Дарыгердин саламына алик албай туруп, шашылган Кадыр андан сурап жаткан.
-силерге Советбек Акматбаев түштү дейт, ал кайда?
Дарыгер да муну кутпосо керек.
-Советбек Акматбаев? деди анын ысымын кайталай.
-Ооба, азыр эле телефонуна чалсам ушунда дешти.
Көздөрү аландап калган ак халатчан жаш жигит алдыга карай жол баштады.
-мында жүрүн.
Жандандыруу бөлүмүнө кирип келген Кадыр эми баарын түшүндү, бекеринен аны тааныбай калышкан эмес экен, доосун өзү да тааныбай турду, жүзүнүн сол капталы шылынып эле калгандай.
-эмне кылды? Ким? деди көзүн андан албай туруп керебеттин аркы тарабында турган дарыгерге.
-кырсыкка кабылган эки жарым саат алдын, деди дарыгер саатына карап.
-кечиресиз биз тааныган жокпуз, деп кошумчалай.
-жубайы кайда?
-ал да ушул жайга жеткирилген, тилекке каршы бир саат алдын дем алуусун токтотту. Муну уккан Жамила кыйкырып жиберди. Аны бир карап алып көнүмүш эле нерседей сооротуп да койбостон кайра досуна бурулуп,
-жаша досум, карман! деди да шарт бурулуп бөлмөдөн чыгып кетти.
Артынан жүгүрүп жүргөн жигитке кайрылып,
-кай жерде ал? деди өкүм.
-ал... ыы... деп мукактана түшкөн жигитке карап,
-Бул жерде сенден башка эч ким жокпу? деди жай гана, жаш жигиттин сурдоп турганын көрүп.
-бүгүн мен мөөнөттөмүн.
-оор жаракат менен келгенде башка дарыгерлерди чакыртпайсынарбы?
-чакыртканбыз азыр жетип келишет.
-алар эмне кылат, эмнеден олгондугун аныкташ үчүн келишеби.
-Кадыржан Алимбаевич көңүл айтам, бирок анын абалы өтө эле оор болчу.
-шайтан алгыр, абалы жеңилдер жандандыруу бөлүмүнө келеби? Ошол оорлорду карасын деп силерди ойлоп табышкан, мынча адамдын так ушул ооруканаларда жан берип жатканы таң калычтуу эмес, абалы оорлорго бирден жаш жигиттерди дайындап жаткан болсо, абалы женилдерди санитаркалар карап жатабы.
Кадырдын кыйкырыгынан коридорго жүгүрүп чыккан Жамила жолдошун жоошута албай убараланып жатты. Анын мындай ачууланганын көрө элек экен, үйүндө көрүп жүргөн эле күйөөсүн тааныбай турду. Анан эмне жалаң гана сылык сыпаа жумшак кыял менен азыркы ээлеп отурган орунга келип калды дейсинби, мындай адамдар талап коюшту жана аны аткартырышты билиши керек да, андай иштер кечирип коюн, суранам деген сөздөр менен бүтпөйт, ошондуктан бийлик адамдарында экинчи жүз болот. Экинчи жүз болгону жакшы, демек үйүндө башка дегени, бир эле жүзү болсо анда куруду, үйүндө да ошондой катаал дегени.
Аяшынын олукканага жеткирилгенин укканда өзүнөн чыгып кетти.
-бир сааттын ичинде дароо жеткирип салдынарбы, мына эмне менен алектенип жүргөнсүн, деп кадамын баттан таштап ылдыйга баратты. Артынан келе жаткан жигитке карап,
-сен тиги оорулуунун жанынан чыкпайсын, башкаларын эмне болот менин жумушум жок, менин артымдан ээрчибе табам өзүм жолду, деп күчүнүн барынча кыйкырды да түшүп кетти.
Ооруканада болгон бардык жумушчулар уккандай болушту окшойт, алдынан артынан чуркаган эле адам. Аны олукканага жеткирбей издеген адамын алып келе калышты.
Он тарабы жанчылган, терезеге жабыша ыргып кайрадан сол тарабына жыгылгандай, кол тормузуна кабыргасы менен урунуптур дешти, кабыргасы сынып опкосун тешип кеткен экен. Канча өзүн токтотуп муздак акыл менен ойлонууга аракет кылганы менен эч болбой жатты. Кол тормузуна урунган болсо демек токтотууга аракет кылган, эмне болду экен, эмнеге кол тормузун көтөргөн, буту менен тепкенге улгурбодубу, деген ойлор келип жатты акылына.
-окуя кай жерде болгон, деди бир убакта өзүн жыйып.
Алардын бар билгенин уккандан кийин бет алдын түз карап эч кимди көзүнө илбей сыртка жөнөдү. Ал чыгып баратканда тердеп тепчип ооруканын башкы дарыгери кирип келе жаткан экен, ананчы өзүнүн министри өлүм менен алп урушуп жатканда келбей көрсүнчү, түн жарымы болмоктон айдын отуз экинчи күнү болсо да жетип келмек. Өкүнүчтүүсу ал оорулуунун ким экенин кеч угуп калды, эми анын тирүү калышын жалбарып сурашы керек, антпесе онбой калат.
Токтоп ага бир деме демекчи болгондо артынан Жамила жетип келди, куйугуп.
-Назик телефон чалып жатат, сага чалса албай жатыпсын, ыйлап алыптыр.
Ошондо гана эстеди телефону колунан ыргып түшкөн боюнча короодо калып кеткенин.
-эмне болуптур? деди жактырбагандай.
-үйгө милиция кызматкерлери келди дейт, сенин унаан кырсыкка кабылып ооруканага жеткирилгенин кабарлаганы келишиптир.
-Эми аныкташкан экен да, унаа кимге таандык экенин, деп сүйлөнүп алып башкы дарыгерге да карабай чыгып жөнөдү. Жамила артка жүгүрүп ооруканага кирип кеткен.
-Кадыржан Алимбаевич биз колубуздан келгенин жасайбыз, деп суйлонуп калган дарыгерге кайрылып,
-колуңдан келбегенин да жасайсын, деди да басып кетти.
Үйүнө келсе кызы опколоп алган экен, үй кызматчыларынын да көздөрү алайган, милиция кызматкерлери аны көрүп таң кала карашат.
-Кана айткыла эмне болгон?
-Кадыржан Алимбаевич кечиресиз, биз сизди ооруканада экен дегенбиз.
-мен эмес, Советбек Акматбаев. Кана айткылачы куноокорду таптынарбы.
Бири бирин карашкан эки милиция.
-эч ким күнөөлүү эмес, унаа өзүн башкара албай калса керек, бурулуштан бурула албай жолдун ортосундагы чоң тосмону сүзүп сол капталга оодарылып калган. Балким тормуздун ордуна газды басып алгандыр.
-кол тормузу көтөрүлгөн бекен?
-ооба, бирок кечиккендей, мунун баарын изилдей элекпиз, эртең толук себебин аныктайбыз деп ойлойм.
-сен ойлобо, аныкта, деди Кадыр.
Экөө ундобой баш ийкеп чыгып кетишкенде гана Назик атасына жетип келип кучактап ыйлап кирди.
-ыйлаба кызым, азыр ыйдын убактысы эмес. Жанардын номурун бер.
-а мен анын номурун билбейм.
Ал кызынан үмүт кылып келбеди беле, ага таң кала карап туруп,
-а мейли ушунусу жакшы, озум барып алып келем, деп сыртка бет алды.
Атасынын сүрдүү жүзүн көрүп бир деме суроого батынбай ичтен кыжаалат болуп кала берди кызы.
Али да үйгө кирбей короодо басып жүргөн Жанар дарбаза кагылып атасы эмес аяш атасы кирип келгенине таң кала туруп калган.
-уулум журу, деп эч нерсе тушундурбостон аны унаага салып алып жөнөдү.
Биринчи суроо берүү Жанардын адатынан эмес эле, бирок Кадыр да ундобой кете берди. Канча жолу оозун таптап барып бирок сыртка чыгара албай койду сөздөрүн, достун жолу башка туугандын жолу башка экенин эми түшүндү. Дос канча жакын болсо да алыскы туугандын ордун баса албайт тура, досунун жамандыгын ойлонбой угузуп коё беришет, бирок туугандыкын угузуу мынчалык оор экенин билбептир. Качан оорукананын алдына келип токтогондо гана,
-аяш ата, деди Жанар.
-уулум өзүңдү карма, дегенде эле унаадан түшө калып ичкери жугурду.
Алар жетип келгенде ооруканада ар министрликтин адамдарынан сырткары кабарчылар да толуп кеткен экен. Көрсө адамдар тундосу деле уктабайт тура жумуш болсо, болгону тундосу жасаарга жумуш жок үчүн эле үйлөрүнө таркашат экен да.
Алар жүгүрүп ичкери кирип кеткен Жанарга маани деле беришкен эмес, анын Акматбаевдин уулу экенин билишпесе деле керек. Кадыр түшүп келгенде ороп эле калышты, экөөнүн достугу эч кимге жашыруун эмес эле кийин кырсыкка кабылган унаа ага таандык экенин да угуп болушкан экен. Анча мынча тааныгандар менен саламдашып коюп ал да ичкери кирип кетти. Жанардын абалын ойлоп кыжаалат болуп жаткан, бирок бекер эле кыжаалаттаныптыр, ал Кадыр ойлогондон алда канча күчтүү экен, жаш болсо да жашоонун бороонуна туруштук берип тик тура билет тура.
Апасы жаткан керебеттин башында турганын көрүп жанына жете келип,
-уулум карман, атаң үчүн өзүңдү колго ал! деди далысынан куушура кармап.
-атама алып барынчы, деди Жанар токтоо үнү менен.
Аны кучагына бек кысып атасынын жанына алып келгенде,
-ухх, деп катуу ушкуруп алды. Тирүү, деп өздөрүн кыбыратып. Байкуш атасын дгы өлүп калган экен десе керек.
-тирүү уулум, тирүү. Куда кааласа биз аны жашатабыз, ал оңой эле бизди таштап кетүүгө акысы жок.
Ах пенденин оозунда Кудайдын кулагында деген бекер сөз эмес экен да, канча аракет кылышса да бир ай комада жатып жубайындай оңой эмес кыйналып жатып акыры чарчаганда ал да кете берди.
Эми Жанар томолок жетим аталды да калды, чонойсо эмне экен, ага баары бир ата эне керек эле, жалгыз жашап кеткенге али да болсо жаштык кылат. Аны көрүп эле Кадырдын жүрөгү куушурат кандай жардам беришин билбей, ансыз да жарылып же ыйлабай бир калыпта жүргөнүн көрүп, кокус кызуу кандуулук кылып журбосун деп кыжаалат. Анын үстүнө унаанын тормузу узулгон деген жыйынтыкты уккандан бери өзүн коюуга жер таппай жүргөн. Жөн эле үзүлүп калбайт, Кадыр анчалыкка жеткидей эски унааны үйүндө кармай турган адам эмес, демек атайын жасалышы мүмкүн, бирок кимдин колунан келээрин териштиргенге азыр убактысы жок. Эгер бул тузак болсо анда ал тузакка Кадыр тушуш керек эле, Куданын кудурети экен "кырк жыл кыямат болсо бей ажал чымын өлбөйт" демекчи ал али да тирүү, ошон үчүн да өзүн ыңгайсыз сезип жүргөн. Жанар Аяш атасынын жанынан чыкпай айланчыктап жүргөнүн көрүп аяп кетти көрүнөт, жанына басып келип,
-баары жайында аяш ата, менден кыжаалат болбон. Өлүп калуу оңой эле нерсе, бирок күч топтоп жашоо жөнөкөй эмес, мен жашайм, жашоомо али да толтура себептер бар. Менин азап чеккеним жетишет, сиз мени деп азапталбан, мындай болушуна эч ким күнөөлүү эмес, бул тагдыр деди.
Жаш болсо да анын оюн билип койгонуна баа берип, ичинен эгер ошол себептердин бири менин колумдан келчүү болсо жаным садака деди...
Уландысы бар...
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7