2-китеп 16-болум
- Болду, көп сүйлөбөй эс ал, ар кимге
карылык ар кандай келет, - Салима аны
бекем кучактай жатып алды. Экөө тең
унчукпай кучакташып бири-биринин демин
тыңшап жатып уктап кетишти.
Марияга бул жер чындап эле көңүлсүз
боло баштады. Мурда эки чыныны жууп
коюп Салима менен кобурашып күн
өткөрчү, эми ал күйөөсүнүн жанында,
Сагынды ойнотот, Мария керээли кечке
ашканада, анан да Марсты көргөнү тууган-
уругу келет, жоро-жолдоштору куттуктап
келип күндө элдин аягы тыйылбайт. Үч-
төрт кишинин киргогун жуумай, кайра кечки
тамак жасап бермей... Койчу, баары анын
мойнунда. Бир күнү Салима ага боору
оорудубу же жөн эле ошенттиби:
- Эже, кыйналган жоксузбу, мындан ары
сизге көп эмес, айына миң сомдон берейин,
эртеңден ары Марс менен чогуу кечке
сыртта болобуз, мен сизди кантип капа
кылайын, - деди.
- Салима, ошонуң кантип болсун, кудайга
шүгүр, кардым ток, үстүм бүтүн, жаткан
жерим жылуу, таза. Эмнеге, төлөбөй эле
кой, мен сени көрүп турам го, иштебесең,
кайын-журтуң жакшы экен, кут кылсын! -
деди Мария кысына.
- Айтканыңыз келсин эже, ошентсе да
көңүлүңүз көтөрүлөт да, кантсе да эмгек
акы алып турсаңыз, - Салима күлүп койду.
Ошондон баштап ага аң-сезими менен
караган Салима эртели-кеч өзү
жардамдаша коюп жүрдү. Күндүз кечке
машина аз жүргөн көчөдө ары-бери айдап
Салимага айдоочулукту үйрөтө баштады
Марс, туура бир ай дегенде Салиманы
өзүнчө айдаганга үйрөтүп койду. Жол
эрежесин үйрөнүп дагы бир ай өттү, акыры
өзүнчө айдаганга ишенгенде гана барып
айдоочулук күбөлүк алды. Арадан көп
өтпөй өзү тандап машина алды. Марс эч
нерсе дебеди: "Мейли, төрөбөдүм деген
арманы унутулуп аз да болсо алаксып,
эмнеси болсо да өзүм сүйгөн адамым
кашымда жүрсө болду" деп ойлоду.
Машинаны алгандан кийин алар уулун
салып алып ата-энесиникине, эже-
агаларыныкына барышты. Макулбек ушул
тушта ооруп төшөктө эле, алардын үйүнө
да келишти. Кызгалдак анын өзүнө
энчилеп машина алганын көрүп кубанып
килем жаап, баласынын колуна миң сом
карматып, анан балдарын салып алып
чогуу эки курбу рулга отуруп тоого
жөнөштү. Макулбек да алар менен бирге
баратат. Ал кээде өкүнчү болду: "Аттиң,
өмүр деген сааттын жебесиндей чыкылдап
өтүп кете берет тура, балдарым жаш, кокус
болуп кетсем эмне болот? Өлбөгөндөй
оокат бар, Кызгалдак тең көрүп
бөлүштүрсө баарына жетет" деп ойлонуп,
жан далбаска түшөт. Эми ушул жаштар
менен того чыгып келүүнү каалады:
"балким менин акыркы эс алуум чыгаар,
эмне болсо да бирге болоюн", деп ичтен
сызып, оорлошуп көңүлү чөгүп турса да
билгизбей сыртынан күлүп-жайнап, көнгөн
адатынча тамаша сүйлөп койот. Кызгалдак
бул кезде толуп, өз тагдырына ыраазы
болуп бактылуу эне, сүйүктүү жар болуп,
алган жарынын көңүлүн көтөрүп
жаркылдап турат. Көк майсан чөбү
көйкөлгөн тоонун этегине жеткенде эки
машина кубалашып келип токтоп калды.
Марс дароо Шамбеттер менен бирге келип
Зайна менен таанышканын эстеп алды:
"Тандаган тазга жолугат деп, ошондо анын
ата-энесинин кандай экенин билбей
үйлөнүп алганымды кара" деп улутунуп
алды. Аңгыча Кызгалдак:
- Алия, сен балдарды тигиндей суудан
алыс ойното бер, жакшылап кара, - деп
төшөк салып алдыларына ала
келгендеринен коюп берди. Сагын алар
менен чогуу ойноп кирди. Марс менен
Макулбек көк шиберге жамбаштай отуруп
пиводон ичип сүйлөшүп атышты, эки курбу
сууга түшүп ысыганынан сергип алууга
кетишкен.
- Марс, сен азыр врачтарга көрүнүп
жатасыңбы?
- Жок, андан көрө массаж жасатсамбы деп
атам, көпкө доктурда жүрүп укол-дарыны
көргүм келбей калды.
- Аа-аа, оору айтып келбейт тура. Эчтеке
эмес, дагы ушунча жакшы болуп калдың,
бара-бара кадимкидей болуп кетесиң, -
Макулбек ойлуу отуруп калды, - Мына
мени айт, картайганда үйлөнүп балдарым
жаш, бирдеме болуп кетсем чиедей балдар
менен Кызгалдак кыйналаар бекен…
- Жо-ок андайды айтпаңыз, кудай ден-
соолук берсин деңиз, жамандыкты эстебей
жүрүңүз, - Марс эмне дээрин билбей шашып
калды.
- Ээ балам, анан кантем, Кызгалдакка
эчтеке айтпайм, мени айыкпайсың деди
врач, менин ашказаным рак болуп өтүшүп
кетиптир дейт, ал укса ыйлап-сыктайт.
Ичкенимди кусуп атам, таза абага чыкканга
кичине эс алып куспай калдым… -
Макулбек "өх" деп алды. Марс үн дебеди,
не демек, атасындай кишиге эмне деп
акыл айтмак же сооротмок? Тек жерди
карап үнсүз отуруп калды. Кызгалдак
менен Салима бир топтон кийин суудан
чыгып аларды көздөй келатты, ошондо
Макулбек:
- Марс, Салимага деле айтпа, экөөбүз эле
билели, аял немелер ичине сактай
албайт, - деп аларды карап калды.
- Ийи жигиттер, отурасыңар кобурашып?
Кандай экен келген жерибиз - кооз,
бейиштин эле өзү бекен? - Кызгалдак
аларга жадырай карап эки жагына көз
жүгүртө суктанып, - Карасаңар, тээтиги
тоонун башын, биз биякта ысып-күйүп
атсак аерде мөңгү бар экен, жараткандын
өзү кол менен жасап койгондой кооздугун
кара! - деп ушул учурда тим эле эргип
алыптыр.
- Ошону айтсаң. Марс, тетиги жерден бир
булак көрдүм, бир башкача сезилди мага,
ошол жерге барып жок дегенде буту-
колуңарды жууп келгилечи, экөөңөр тең
сакайып кетсеңер ажеп эмес, - Салима
экөөнү карады, - Сиз дагы… - Макулбектин
укпагандай мелтиреп отурганына таң
калып аны карады, - Сиз дагы барып
суусунан ууртап, жуунсаңыз тез сакайып
кетесиз, - деди.
- Кайда-ан, ал булак жөнөкөй эле
булактыр… - Макулбек кайдыгер үн катты.
- Андан көрө атайын келгениңерге жараша
бир аз ары-бери басып, балдарды ойнотуп
көңүл ачкыла.
- Мейли, көңүлү келбесе кыйнабайлы,
андан көрө өзүң жакшы сезип атасыңбы
өзүңдү, куспадыңбы? - Кызгалдак отура
калып Макулбектин чекесин басып көрүп
анан Марска карады, - Таза аба, салкын
жерде мындай басып келсеңер боло, отура
бербей.
- Азыр, биз силерди карап отуруп сууга
түшкүбүз келди, бирок ден-соолук начар,
коркуп атабыз, эгер ооруп калсак, силер
кыйналасыңар, - Марс күлүп койду,
жүрөгүндө каткан сыр бардай.
Салима балдардын жанына барып:
- Кана садагаларым, көңүлдүү
отурасыңарбы, - деп Сагындын ууртунан өөп
анан Артисбекти көтөрүп ала койду, -
Келгиле эмесе ойнойбуз, - баланы эки
ууртунан өөп-өөп алып жерге түшүрдү да,
- Азыр силер менин көзүмдү таңасыңар,
мен силерди кармайм. Ким кармалып калса
анын көзүн таңып биз качабыз, макулбу?
- Ма-акул! - дешти чоңураак үчөө.
Салима өзүнүн көзүн таңды да,
- Мен азыр силерди кармайм! - деп колун
эки жакка суна жөнөгөндө балдар
борсулдай күлүп качып кетишти, аңгыча
Кызгалдак жетип:
- Күкүк, күкүк! Кана Салима, мени тапчы!
- деп үн чыгарып улам, ал жакындаганда
качып кетип атты. Аны туураган Алия
менен Замир, Амир үчөө дагы "күкүк,
күкүк" дешип каткыра жакындап келип,
кайра качып черлери жазылгыча ойноп
атты. Бир кезде Кызгалдак капысынан
кармалган болуп ага шыбырады:
- Мына, мени карма, бир эле сен таппай
атсаң балдарга көңүлсүз болуп калбасын.
- Оо-ой мына-мына, мен кимди кармадым?
- Салима Кызгалдакты кармап алып көзүн
чечти да, - Кызгалдак, сен ойной албайт
экенсиң, карачы Алиялар бир карматпай
койду, - деп күлүп калганда балдар да
кубана каткырып кол чаап калышты. - Апа сиз кармалып калдыңыз, көрдүңүзбү
биз жеткирген жокпуз, - Замир кубанычтуу
жетип келди.
- Эми сиздин көзүңүздү таңабызбы? - Алия
апасын карап сурады.
- Ооба, эми апаңдын көзүн таңабыз,
карматпагыла ээ? - Салима аларды карай
жылмайды. Ошол кезде Марс менен
Макулбек тээ төш таяна катарлаш басып
жүргөн, бир убакта Макулбек көкүрөгүн
баса отура калды:
- Ка-ап, келбей эле койсом болмок экен,
көңүлүм айнып кускум келип атат.
- Эс алыңыз, көп басып койдук окшойт, -
Марс аны колтугунан ала таш үстүнө
отурууга жардамдашып бир колу менен
сүйөй калды. Макулбек отуруп эңкейе
калып окшуп-окшуп жиберди. Марс
ылдыйта ойноп аткан аялдарын карай кол
шилтеп калды. Алар бул жаңдоону көпкө
чейин байкабады, балдар менен кубалашып
ойноп атып Алиянын көзүн таңып качып
жүрүшкөн. Салима төш тарапты карай
калып Марстын кол булгап жатканын көрө
койду да:
- Кызгалдак, мен тигилерге барайынчы,
Марс чакырып жатат, - деп жөнөй бергенде
ал дагы артынан басты. Алар келгенде
Макулбек кусуп-кусуп бир аз эс ала
түшкөн. - Эмне болду, кустуңбу? - Кызгалдак
чебелектей кетти, - Шамалдап калдың
окшойт, жүрү ылдый түшөлү, ашказаныңа
жакпай калды бейм?
- Ошондой болду го, этият кылыңыз эми,
карачы кусканга өңүңүз кубарып кетиптир,
- Салима да кабатырланып кейип калды, -
Марс, сен да ооруп калып жүрбө, бас эми
кетели, - Макулбекти Кызгалдак экөө
сүйөй өйдө кылды да көк шиберди аралап
жөнөштү. Балдар өздөрү да кызуу ойноп
жаткан экен, алардын оюнун бузгулары
келбей ала келген термостогу чайынан
ысык сүт кошуп берди Макулбекке, анан
төртөө тегеректеп отуруп алып
тамактанышты. Кызгалдак менен Салима
экөө винодон ичишти, Марс ичпей койду.
Анткени ал намазга жыгылсамбы деп
жүргөн эле. Макулбек ооругандан бери
ичпей калган.
Алар күн кечтей баштаганда гана
машиналарына отуруп үйлөрүнө жөнөй
баштады. Канчалык өзүн карманган менен
Макулбектин кыйналганы билинип турду,
ал үйүнө келгиче үндөбөдү. Келип эле
Кызгалдак врач чакырып көрсөттү эле,
ооруканага жатууга кагаз жазып берди.
Ошондон көп өтпөй Сопубек менен Айсара,
карындашы, алардан кийин Калбүбү да
келип үйгө толуп эле калды. Макулбектин
ден-соолугу начарлап кеткенин угуп жетип
келген бир туугандары улам бири барып
көрүп турушту. Врачтар ага канчалаган
укол сайып, дары берген менен эч жылыш
болбоду. Айсара аны үйүнө чыгарып келди
да:
- Сени өзүм карайм, мени менен барып
бээнин сүтүн ичесиң, дары чөптүн баары
тоодо, доктурларың акча алмайдын эле
амалын кылат, - деди ага.
- Эже, чын эле бээнин сүтү жакшы деп мен
да уктум эле, барса барып келсин, -
Кызгалдак кайнежесин үмүттүү караганда
ал:
- Сен дагы барасың, үйгө да чакыра элек
элем, силерди эптеп алып кетейин,
шылтоо менен Макем жакшы болуп кетет! -
деп Айсара айтканда Кызгалдак:
- Эже.. мен беш бала менен кантип барам?
Алия азыр жаштык кылат, болбосо таштап
койот элем, - деди.
- Балдарга мен эмне башкача казан асат
белем, бешөө эмес онуң болсоң да
барасың, андан көрө камын, эртең эрте
жолго чыгабыз, - деди Айсара өктөм.
Ошентип Макулбектин оорусуна карап
эртеси эле Кеминди көздөй жол алышты.
Алия тестиер кыз, он төрттөн он бешке
карап калган. Эстүү, көп сүйлөбөгөн кыз
болгон. Замир менен Амир деле окуп
калганга эсине кирип калышкан. Эң
тентеги Азизбек, Кызгалдакты тажатчу
ошол. Артисбек азыр жаш, жаңыдан басып
жүрөт. Ошентип бул чоң үй-бүлө
Айсаранын үйүнө жетип келишти. Ал күнү
аерде түнөп, эртеси эле жайлоого ат
менен чыгууга туура келди. Макулбекти боз
үйгө жылуулап жаткырып үч маал
жылкыны саап келип эле жылуусу менен
бир чыныдан сүт берип, анан ар кайсы
чөптөрдөн күн батканда терип келип
Айсара өзү кургатып анан кайнатып бал
кошуп берип атты. Келгенине он күндөй
болгондо бир аз куспай калды. Адеп
келгенде Кызгалдак бээ саагандан коркуп
жүрдү эле кийин көнө түштү. Алия кол
арага жарап кол кабыш кыла койот. Туура
бир ай дегенде Макулбектин ден-соолугу
оңоло түшкөнү билинип өңү тазара түштү.
- Эже, - деди ал бир күнү, - Кызгалдакты
үйгө жиберсем, балдар менен бара берсин,
өзүң билесиң азыр ууру-кески көп, көз
болбосо болбойт.
- Мейли, мага сен кымбатсың Маке, сен
үйүңдү ойлоп жатасың, барса барсын,
бүгүн бир козу соеюн да коноктоп
энчилерин берип жөнөтөйүн, сен күзгө
чейин биерде бол, ынак сүт менен ак
талкандын жармасын, анан дары чөп
ичирип жатам.
- Мейли эже, сенин табыптыгыңды
билбепмин, өзүбүздө доктур турса башкага
барганымды кара, - Макулбек күлүп
калды.
- Билесиңби Маке, - Эже, агасы аны дайым
ушинтип аташчу, - атам абдан кыл
тамырчы болчу, болбой турган кишини
карачу эмес, айыга турганын жан-алы
калбай тоого чыгып не бир чөптөрдү күн
баткандан кийин терип келчү да, көлөкөгө
кургатып ушалап ар бирин ар башка
баштыкка салып алып, ошондон кайнатып
берип карачу. Бал дагы абдан жакшы
дарычылык касиети бар. Негизи чөптү
эртең менен эрте, кечинде күн батканда
терсе сапаты жогору, дартты тез айыктырчу
энергиясы күчтүү болот экен. Күндүзү күн
нуруна алар дарылык касиети алсыз болуп
калат дечү атам.
- Ошону үйрөнүп алганыңды кара, атамдын
тамырчы, ооруларды көрүп жүргөнүн
билем.
Кызгалдак сырттан кирип келгенде Айсара
аны карай:
- Жайлоонун машакаттуу турмушунан
тажадыңбы келиним, бизде ушундай, таң
аткандан күн киргенче "айда, байла!" деп
атып көз байланып иңир киргенде зорго
көчүк басабыз.
- Жо-ок эже, эмнеге тажамак элем, тоонун
жашоосу мага өзү жагат, - Кызгалдак
кайнежесинен ийменгендей отуруп калды.
- Жайлоодогу жашоо керемет билгенге,
билбегенге тозок, - Күлүп калды ал, -
Кел бери отуруп чай ич айланайын, эртең
силерди мен жөнөтүп, анан үйгө барып
келейин, жаш келин эмне болуп атат,
көрүп келбесем болбойт, - деген Айсара
чай куюп келинине сунду. Ушул кезде ал
инисине өмүрлүк жар болуп, бала төрө
берип, ысык суугуна чыдаган жылдыздуу
келинине ичи жылып турган.
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9