Адамдын ою.
Адамдын ою өтө күлүк. Ошону менен кошо ой төрт касиетти камтып турат:
1.Биринчи касиет – Ойдун кубаты зор, болбосту болтурчу ой.
2.Экинчи касиет – Өзгөртүү касиети.
Бул ойдун кубаты менен, демдин күчү менен касиеттин алкагында айланага өзгөртүү киргизүү. Мисалы :катуу шамал, бороон, куюн, жаан, туман, мемиреген тынчтык ж.б.у.с. өзгөрүүлөр.
Буга өтө сейрек адамдардын кубаты жетет.
3.Үчүнчү касиет – Жашоону ой менен өзгөртүү.
4.Төртүнчү касиет – Мезгилге таасир берүү. Убакытка ээ болуу. Өлчөлүү мезгилди токтотуп же улап кетүү. Башка өлчөм болуп калат, өзү үчүн токтотуп, көп нерсеге үлгүрүп калат.
Төртүнчү касиетке ээ адамдын саны өлчөлүү.
Үчүнчү касиетке бүт адамдар ээ. Жашоону ой менен өзгөртүүгө болот. Жашоодо санаага алдырса ошол улана берет, кандай ойлосо ошол турмушуна келе берет. Мисалы: Ой менен баарын оңдоп койсо болот.
Экинчи касиет кээ бир элде такыр жок, кээ бир элдин арасында бар.
Тилек ойго караганда күчтүү, тилек тилегенде адам күч коротот. Ойго күч анча коробойт.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев