17-БОЛУК
Жигиттин жигиттигине суктанып,озунон козу отуп,эки бети чоктой жанып,анда-санда ичинен дем алып,журогу турсулдой согуп,арзуусу артып олтурган келинди байкап Байбура минтип айтыптыр:
-Андай болсо,намыстуу кыз айтканынан кайтпас,аке. Салтанат оз уруусунан башка эл,башка уруудан бозум тулок шумкардын чыгаарын билген эмес экен анда.Ошондой болсо да,ошол башка уруунун уландарын адам катарында корбогон,Салтанат сулуунун кабарын угуп,атайын келип олтурабыз ак тилек менен.Айдай болгон,атактуу кызды алууга арзыбасак да,алдынан отуп,бир коруп кетууго болбос бекен?-деп,Байбура уй ээсине отунуч кылган болуптур.Ошондо, коздору оттой жанган сулуу жигиттин сурунон апкаарый тушкон Салтанаттын агасынын тили курмоого келбей буула тушкон имиш...
Ушул кезде,келген жигиттердин жон-жайын женесинен уккан Салтанаттын журогу алып-учуп,делебеси козголот.Бирок жигит,жигиттин гулу болмоктон,кундун кукуму болсо да,адамды адам корбой туруп,башка бироолордун айтуусу боюнча суйуп жибермек беле.Салтанат канчалык эр кокурок,тайманбас кыз болсо дагы,Байбуранын устуно даап кире алган эмес дешет.Ал каш карарып,тун киргенде женесин жанына алып,Байбура конок болуп,оргуп жаткан оргоого басып барган дейт.Ошондо Салтанат сулуу,жабыктан шыкаалап карап туруп,эрдин кесе тиштеген экен,Жайнагул балам.Баягы оз уруусунан башканы тенине албаган жаш журок,Байбураны бир коргондо эле ашык болуп,жактырып калыптыр.
-Адамзаттан мындай асыл чыгат деп ойлогон эмес элем,жене.Акем бекер айткан экен мен жонундо.Байбура менен озум беттешип,озум жооп берсем болмок экен,-деп эсин жыя албай,капшытка суйонгон бойдон туруп калган имиш.
Ушул саамда тордун тобосундо,ачылган гулдой болуп,жайнап олтурган Байбура капшыт жактан чыккан шоокумду сезип,кантсе да болду,болбоду Салтанат келип,мени сынап турбасын деген ниетте,озунчо эле бир жаштык журоктон сызылып чыккан,арзуу менен энсоонун ортосунан канаттуу куштай оболоп,канат серпкен мукам кууну чертет.Бул куунун сыбызгыдай бирде сыздап,бирде толкуп,бирде мунканып,бирде шаттанып мин туркун кайрыкка болонуп чертилиши Салтанатты ого бетер талытып салат.Кеткиси келбей уй-жабык менен жабык болуп жабышып турган кайын синдисин алып кетуунун аракетин кылып,женеси минтет:
-Журу,кагылайын бийкеч,агаларын корсо уят.
-Кое турчу женеке,коркуно козум тойгончо карап,куусуно кулагымдын кумары канганча угуп алайын,мырза жигиттин,-деп Салтанат Байбураны жабыктан тээ бир оокумга чейин карап туруп.-Ой тобо,кулак менен коздо курсак болсочу ыя ,жене,-деп журогуно куйут тушуп кайра тартат.Ал Байбураны эртен эле аттанып кетуучудой коруп,энесине барып минтип айтыптыр:
-Эне,мен башка элде,башка жерде жакшы жигит жок болсо керек деп жанылгандыгыма бушайман болуп,оз арманым озумдо болуп,бармагымды тиштеп олтурам.Бутунан мудурулгон турат,оозунан мудурулгон турбайт дегендей,бул мырза жигитти коргондо эсимден танып,эмне кылаарымды билбей калдым.Акем, ага менин айткан создорумду токпой-чачпай айтып,кесе жооп берип тунултуп коюптур.Кокус учкул кыял,курч муноз,орттой жанган Байбура,кайра аттанып кетип калбасын,энеке, атама айтып,акем менен суйлошуп кор.Эрди намыс,коенду камыш олтурот.Атагы алыска кеткен,Бугу элинин мунарасы болгон атактуу уруунун айлына келип,ат оргутуп,эр тыныкпай кетсе болбос.Кокус Байбуранын конулуно жагып калсам,жок дебей макул болуп,озум жообун берейин.Той болуучу кунду болжоп,Байбурага ак жол каалап,карегиме кан толгончо караанын карап,озум узатып калайын.Туурубузга кайып-каскагынан озу келип конгон,бозум тулок шумкарды байкоостон, чочутуп учуруп жиберсенер, Салтанат кызынар омур бою окутто журуп,козунон жаш,кокурогунон дарт кетпей арманда отоор дуйнодон.Атама айтыныз эне,айтканымды чеки дебей,арт жагын абайлап,кызынын тагдырын ойлосун...
Ачка айланып,токко толгонуучу, белдуу жерден куда-соок кутуу,кыз баланы ыйлабай турган жерге тапшырып,конушуна кондуруу эзелтен бери келаткан ата-эненин тилеги эмеспи.Салтанаттын созун уга электе эле,кыраакы ата,Байбураны жактырып,пейили тартып турган болучу.Байбичеси кызынын айткан аманатын айтканда кым дей тушту.Ушундан кийин Байбуралар конок болуп,эки-уч куну туруп калышат...
Экинчи кун дегенде эки келин,эки кыз Байбуранын устуно Салтанатты алып киришет.Ак куудай мойну койкоюп,кош этек салынган,бирде жашыл ,бирде кызыл,бирде кок,бирде гулгун сары болуп,кыздын кыймылы менен кошо токсон кубулган лампук койногунун устуно уч белдуу кызыл кыжымы чыптама,бутуна кооздоп оюуланган кончу узун кызыл отук кийип,тундой кара чачы ай далыга тогулуп боркунун укусун улпулдото,аземдене баскан Салтанат кызды коргондо,кош жаздыкты чыканакка коюп,менменсинип, чирене тартып жаткан байбура ордунан туруп,кыздарга ызаат корсотуп,он колун коодонуно алып:
-Салам айттык, Салтанат. Жогору отунуздор, "Кыздын кырк чачы улуу" эмеспи,-деп ышкы оту журогундо ойной тушкон жигит, кызды жадырай карап, кош кареги жайнап, озунон жогору жактан орун коргозуптур.
Анда Салтанат:
–Саламынызга таазим
кылдык, Байбура мырза. Кыздардын орду адата жуктун бурчунда болот эмеспи. Канна,
олтурунуздар, ат арытып алыстан келген меймандар менен саламдашпай койсок, не
болоор деп, устунузго руксатсыз кирип калдык, мырза, айып корбонуз – деп Салтанат
ак жибектей созулуп курбу кыздары менен жуктун бурчуна салынган атлас тошоктун
устуно барып олтуруп калган имиш…
Эртеси Салтанатты жактырган-жактырбаганын
ачык айтпай сыр бербеген Байбура аттанмак болот. Бул кабарды уккан кыз, эмне
кылаарын билбей шашып калат. Акыры жигиттин оозунан, бир ооз жылуу соз угуп
каламбы деген умуттуу кыялга жетеленип, атасы менен кошо чыгат уйдон. Кулуктор токулуп
басмайылдар тартылып, ооздуктары салынат. Жалындаган Салтанат тайманбай басып
барып, гулдуу бадам ак бозду жылоодон алып, жарданып турган адамдарга карап,
анан атасына минтип айтат:
-Ата, Байбура мырзаны мен аткарайын. Калган жигиттерди
башкалар аткарсын, - деп гулдуу бадамды жетелеп четке чыгат. Жигитти колтуктап
аткарып, камчысынын учунан кармап туруп, кыз мындай дейт: - Баатыр болсон
Байбура, жигит болсон Байбура, арзып келсен алыстан Салтанаттай бир кызга, алып
кетсен мынакей, татырмын дейм арзууна, башка жерде, башка элде, сендей жигит
болоорун, билбептирмин мен мурда…
Ансыз деле, Салтанат сулууга
ашыктыгы артып, суйуп калган Байбуранын журогу арманга толуп, алсыздыгына капа
болуп, толгоно тушуп чыйралат. Артында озун аттап-тондон узатып калган
эл-журтунун намысын эстеп, журогу тилинип турган жигит Салтанатты минтип
качырат:
-Калп айтпайын басынтып, татыктуусун
арзууга, бирок менин Салтанат, аялым бар айлымда, ыраа корбой турамын,
токолдукка алууга.
-Мейли, анда кантейин, мен макулмун Байбура,
токол болуп барууга.
–Жок, экинчи аялым да бар, Салтанат!
Байбуранын албасына козу жеткен
сезимтал кыз, акыркы жолу жигиттен минтип отунот:
-Анда сизди эстеп, жок дегенде
конулумо тотоп кылып журойун. Коштошоордо бир куу чертип кетиниз, мырза. Эч болбогондо
ушу отунучумду кабыл алып коёрсуз, - деп Салтанаттын кош карегине жаш айлана тушуптур.
Ошондо он бутун аттын жалына арта
салып, журогу суйуу менен армандан алоо болуп оттой куйуп, ОЗУ эле жарыла албай
аран турган жигит Салтанаттын суроосу боюнча минтип черткен экен балам.
Мансур комузунун кулагын кайрадан
толгоп, бир демге куу келтирип, кынкылдатып туруп, шартылдатып чертип кирди. Уйдун
ичи бир заматта жанырып, айлана шанга болонду. Жайнагулдун коз алдында
кайнатасы Мансур эмес эле, кандайдыр кереметту жаш жигит комузда кол ойнотуп, ат
устундо тургандай сезилип кетти. Эки жаштын армандуу корунушунон Жайнагулдун
журогу тилинип, окуяга кандай аралашып кеткенин билбей калды. Качан Гана Мансурдун
уну чыкканда селт этти.
-Ушундай Жайнагул балам, - деп
Мансур умсунуп алды. – Байбура комуз чертип жатканда, ону очкон Салтанаттын кош
ийни ыйдан солкулдап, журогунун согушу менен ун алышып жаткансып, башындагы
кундуз тебетейинге тагылган укусу кошо, озунон ОЗУ тынымсыз титиреп турган
имиш, дешет…
- «Т-у-у, Байбура менен
Салтанаттын арманы озунчо эле бир дастан турбайбы. Кандай арман, кандай окунуч!
«Аккан арыктан суу агат» дегендей, булар тукуму менен сулуу, тукуму менен
комузчу турбайбы. Талант деген касиет атадан балага, укумдан тукумга отуучу керемет
окшобойбу, - деп ойлоду Жайнагул. – Артында созу айтылып, куусу чертилип калган
Байбура атада не арман. Чындыгында эле черте турган куу, айта турган соз тура…»
Ошентип, Мансурдун
уйундо бактылуу кундор окум суруп турду.
Билбеген Адам Кына менен Жайнагулду
кайнене-келин деп айта турган эмес. Тим эле, эне менен кыздай ынтымактуу. Баягы
эле адатынча Кынанын Жайнагулга айткан эки созунун бири: «Келиним да сенсин
Жайнагул, кызым да сенсин Жайнагул, тируумдо сыйлаарым да, олсом ыйлаарымсын да
сенсин!»
А Жайнагул болсо ушинтип жылынаарга соз
таппай, омочуктоп турган адамдын конулун кокус калтырып калбасам экен деп
озунчо сак. Ал шаардан уйуно келген сайын кайненесине Толкунбектин алган
маянасын, озуно тийген степендиясын кайда жумшап, эмнелерди алып жок
кылгандыктарын айтып келип, эсебин чыгара албай кулуп калат.
- Э эне, эмне учун биздин алган
акчабыз эчтекеге жетпейт. А атам экоонуздордун пенсиянар бардыгына жетет,
озунорго да, бизге да. Биз канчалык кысып, уноомдоп оокат кылалы десек да
болбойт бат эле жок болуп калат.
- И балам ай, бул акча дегенин
салаадан аккан суудай нерсе тура. Четинен алдым дегенче, аягына чыктым дей бер.
Шаарда оз уй, олон тошогунор болбосо, квартирага туруш онойбу. Анын устуно
баардыгы сатык. Анан дагы кийим-кечени кем-карчы болот. Ойногон-кулгон
жоро-жолдошторунар бар. Бири келсе, бири чакырат дегендей. Атан экообуз ушуга
тушунбойт дейсинби, балам. А бул жакта эмне, нан жасагандан эринип эле,
дукондон анда-санда нан сатып албасак, баардыгы озубуздуку да. Киреше кирбече,
чыгаша жок. Силер келген сайын которунмойунчо келбейсинер. Кудая шугур жаман
эмеспиз. «Мындан жаманымда да тойго баргамын», - деп айтат дейт бироо. Анын сынарындай,
бир кезде эчтекеге жетпей да жургонбуз. Жаман кийип, чалап ичкен кундор да
болгон. Согуш мезгилин эстесем азыр да журогум титиреп кетет. Ошондо курсакта
тамак жок, устудо кийим жок болсо да кунду кун
дебей, тунду тун дебей иштедик. Эми ойлосом чарчаганды да, эс алганды да билбептирбиз. Элдин пейли да жакшы болчу. Бир казан жарма болсо бир айыл чогулуп иччубуз, балам. Ал кезде байлык дегенди билген эмеспиз. Ойлогон ойубуздун баардыгы жениш болчу. Кеткенибиз келсе деп ошону тилечуубуз. Мына азыр байбыз ,балам. Аз болсо да бирин-экин, кой-козу, музоолу уйунар турат. Огорот толгон алма , орук, алмурут. Ай сайын абышка экообуз биригип эки жуз сомго жакын акча алабыз окмоттон. Ал эми атан согуштун инвалиди катарында дукондон каалаганын алат. Экинчи антип сыгып кыспай, бардар адамдардай батырып жашагыла, кагылайын.
Дем алышта Толкунбек келип, керектуу кем карчыны алып кетип турбайбы. Жолго коп болсо ары барыш, бери келиш болуп, беш-он сом кетет экен.
-Эми азырынча эч нерсенин деле кереги жок го, эне.
Мен барганча Толкунбек, абамдыкына барып, барбаса ашканадан тамактанып оокат кылып турар.
-Жайнагул тыштан чыккан даабышты тыншап туруп, мойнун созуп, айнектен тышты карап койуп, кайра ондонуп олтурду.
-Капырай, эрте эле келем деп кетти эле, мынчалык эмне кечикти, ыя, эне уулунуз? Же шаардан жолдош-жоролору кезигип, кармалып калдыбы?
-Озунчо шыпшынып койду.
Эне келининин тынчызданган созун угуп, башын аста чайкайт.
-Олдо окшошкон каралдыларым ай, бирин жок болсон бирин, энесин куткон баладан бетер тамак ичпей, жол карай берет экенсинер. Эми экоон эки жакта кукук менен зейнептей болот турбайсынарбы.
Жайнагул уялып калды. Кына аны байкабай эле, келини энесиникине барып, конуп калгандагы Толкунбектин эмне болгонун суйлоп жатты.
-Ботом, жанагы Толкунбек да жаман экен. Бая куну сен кудагыйдыкына барып конуп калуучуда, кечке уйдон чыкпай уктап жатып алса болобу. Не тургузуп тамак ичире алайын. Оз балана оз созундун отпогону жаман туура.
Тамак ич деп атасы айтса да ичпейм, ичким келбей жатат, мен айтсам да ичпейм. Бир кезде туруп, жуунуп-таранып алып, тышка кеткен бойдон уйго кайрылып кирбеди. Бул бала тамак ичпей кайда кетти деп, карайлап таппай калсам болобу. Корсо, Сенин жолунду тосуп жургон тура. Биринди-бирин издешип, биринди-бирин сагынышып турсанар да корком. «Уул-келинин эн эле ынтымактуу экен. Ысыктары тарай элек тура, деп айыл-ападагылар кеп салса, ичим тартынып турат. Журок ушугон курган Жан бироонун тили, бироонун козу болобу деп санам санга болунуп кетет. Бириндин ракатынарды бирин коруп, ортонорду кара мышык аралабай, кадыр-баркынар менен Аман журсонор экен.
Уландысы бар
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2