---- Махатма Ганди
1- Сиздин аракетиңизден кандай жыйынтык чыгаары белгисиз.Бирок аракет кылбасаңыз эч кандай жыйынтык чыкпайт.
2- Алсыздар эч качан кечире алышпайт.Кечиримдүүлүк күчтүүлөргө тиешелуу касиет.
3- Кечээги жеңилүүлөр тууралуу ойлоп тынчсыздана берсеңиз бүгүнкү жеништериңиздин саны аз болот.Келечегиңиз азыр эмне кылып жатканыңыздан көз каранды.
4- Жеңишке жетүү аркылуу күчкө ээ болбойсуз.Көптөгөн кыйынчылыктарды көргөндөн кийин багынбоону чечесиз.Мына ушул күч деп аталат.
5- Ойлоруңузду кылдаттык менен көзөмөлдөңүз,сөздөрүңүз ойлоруңуздан пайда болот.Сөздөрүңүздү көзөмөлдөңүз ,сөздөрүңүз иш-аракетке айланат.Иш-аракеттериңизди өзүнүзчө иликтеп көрүңүз,иш-аракеттерден адаттарыңыз келип чыгат.Адаттарыңызды иликтеп көрүнүз,адаттардан баалуулуктарыңыз пайда болот.Баалуулуктарыңызды түшүнүңүз жана кабыл алыңыз,баалуулуктарыңыз тагдырыңызды түзөт.
---- Гораций Манн
1-Эгер келесоо адам сага бир жыл бою бир эле окуяны кайра-кайра кайталап айта берсе ошого ишенип аласың.
2-Жалпы адамзат үчүн пайдалуу болгон бир жеңишке жетишпей туруп өлүү-уят.
3-Билим кемесинин тегереги бүт суу менен камсыздалган.Билим кемеси коопсуз,ал чөкпөйт.
4-Адам керектүү билимге ээ болмоюнча каалаган бийиктигине жетпейт.
5-Китепсиз турган үй терезесиз турган үй менен барабар.
---- Альберт Эйнштейн
1- Алсыз адамдар өч алат,күчтүү адамдар кечирет,акылдуу адамдар байкамаксан болуп коет.
2-Ар бир адам гений.Бирок балыкты даракка чыга албаганы үчүн жазаласаныз ал өзүн өмүр бою акылсыз деп ойлоп жүрүп өтөт.Ар кимди өзүнүн жөндөмүнө карап баалоо керек.
3-Түркөйлүктөн дагы коркунучтуураак нерсе бул-текеберлик
4-Акылдуу адам көйгөйлөрдү чечет.Даанышман адам көйгөй пайда болуусуна жеткирбейт.
5-Балаңыз акылдуу болуусун кааласаңыз ага аңгеме айтып бериңиз,эгер балаңыз дагы акылдуу болуусун кааласаңыз дагы аңгеме айтып бериңиз,эгер балаңыз өтө акылдуу болуусун кааласаңыз ага өтө көп аңгеме айтып бериңиз.
#Акылман_ой


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев