
Эшик адаттан тыш катуу ачылды. Түшкү тамактын камын көрүп жаткан Калбү “эмне болуп кетти?” деген ойдо колун аарчып ашканадан чыгып келе жатып уулу менен беттеше түштү.
– Тынччылыкпы?-деди уулунун купкуу өңүнөн чочулап.
– Атам кайда, билесизби?
– Жумушта да ботом, эмне болду? Тынччылыкпы?
– Тынччылык эмес, атам жакында бизди таштап кетет. Сизди жапжаш, менден кичүү кызга алмаштырып жүрөт.
– Тилек, эмне деп жатасың, балам, кайдан уктуң? Душман не дебейт, уккандын баарына ишене берет бекен?..-деди Калбү баласын тынчтандырууга аракеттенип. Ичинен “Кудай ай, калп болсо экен...” деп эрктен тыш тилеп жиберди.
– Апа, мен өз көзүм менен көрдүм, өз кулагым менен уктум. Атамдын ойношу өзүнөн отуз жаш кичүү кыз. Кол алдында иштейт, ага үй алып бериптир.
– Эмне?.. – Калбүнүн кулактары чуулдап кетти да, анан мамыктай жупжумшак, жыпжылуу туманга чөгүп, уулунун “апа, апа көзүңдү аччы?!” деген үнү алыстап барып угулбай калды.
Тилек эмне кылып салганын түшүнбөй калды. Шашканынан эми эле жек көрүүсү көөдөнүн өрттөп жатканы унутулуп атасына чалып жиберди:
– Ата, апамдын абалы начар, тез келиңиз!-деди башаламан.
– “Тез жардам” чакырдыңбы?
– Жок, азыр...
– Сен “Тез жардам” чакырып тур, мен да жетип калам,-деди. Уулунан эмне болгонун тактаган жок. Чын эле “Тез жардамга” удаа эле атасы да жетип келди.
Ата-бала “Тез жардам” машинесине куйрук улай баратышты.
– Апаң эмне болуп жыгылып жүрөт?-деди рулду жай айланткан атасы. Тилектин ызасы кайра башына тээп чыкты.
– Сиз билбейсиз да, ээ?-деди кекете. Азыр баарын төгүп, жүрөгүн өйүгөн суроолорун бүт-бүт сурагысы келип, бирок, аталык сүрүнөн батына албай тартына мукактанды.
– Тилек, сен деген жигитсиң, көптөн бери бирдеме болуп жүрөсүң. Жүрөгүң тынч эмес экенин көрүп турам, эмне болуп жатканын айт да буулуга бербей,-деди токтоо. Тилектин алкымы буулуп чыкты.
– Ата, Жамийланы тааныйсыз да?-деди үнү каргылданып.
– Кайсы Жамийла?
– Сиздин катчыңыз.
– Тааныйм, кол алдымда иштесе кантип тааныбайын? – Атасы дагы эле токтоо. Тилек атасынын жүзүндө, үнүндө кандайдыр бир өзгөрүү болот го деп ойлогон, жок, атасы баягысындай эле бир калыпта.
– Ал кыз ким сизге? Эмнеге үй алып бердиңиз? Эмнеге окуусуна жардам бересиз? Катчы катары мындай жардамдар көптүк кылбайбы?-деди калчылдап. Атасы тунжурап ойго чөгө унчукпай калды.
– Эмнеге унчукпайсыз? Мен баарын билем!
– Эмнени билесиң?
– Баарын, экөөңдүн ойнош экениңди, апамдан жашырып үй алып бергениңизди, окуусун төлөп жүргөнүңүздү, кыскасы, баарын...-деди ызасынан үнү титиреп.
– Бүттүңбү?-деди Чынарбек акырын. Тилек жарылып кете жаздады.
– Эмне, азбы? Же жалганбы? Мен билбеген нерселер калса өзүңүз айтыңыз анда,-деди баягыдан батынып.
– Тилек, азыр апаңдын абалын билели, анан бир жерге отуруп алып эркектерче сүйлөшөбүз, макулбу?-деди алдыдагы "Тез жардамдын" оорукананын короосуна бурулуп жатканын көрүп.
Ата-бала шаардын четиндеги эли аз кафелердин биринде сүйлөшүп отурушту.
– Тилек, сен эми кичинекей эмессиң, түшүнгөн куракка жеттиң го деп ойлойм.
– Угуп жатам,-деди Тилек чыйрыга. Ал азыр бет алдынан атасын эмес, атаандашын көрүп турду.
– Сага ким айтып жүрөт?
– Жамийла өзү айтты.
Атасынын көзү чоңоюп кетти.
– Качан?
– Анын кандай мааниси бар?
– Демек, жакын таанышсыңар?-деди Чынарбек уулун аңтара тиктеп. Тилек да көзүн алган жок.
– Ооба, жакын тааныш болгум келген. Тилекке каршы, Жамийла жаш, чындап сүйгөн, бирок, акчасы аз мени эмес, картаң да болсо акчалуу, үй-бүлөсү, оорукчан аялы бар экенин унуткан көпкөлөң бизнесмен сизди тандап кетти.
– Тилек, сен көп нерсени билбейсиң.
– Эмнени билбейм? Айтыңыз, угайын,-деди Тилек жаалданып.
– Ал сенин бир тууган карындашың.
– Эмне? Калп! Сиз атайын мени андан алыстатыш үчүн ушинтип жатасыз,-деди ордунан ыргып туруп.
– Тилек, отур, уулум, ук шашпай,-деди Чынарбек токтоо.
– Туруп эле угам.
– Сен туруп уккудай бир ооз кеп эмес бул, бүтүндөй бир өмүр, тагдыр. Ачууга алдырбай ук, анан эмне сөзүң болсо угууга даярмын,-деди атасы Тилекти ийинден таптай. Тилек аргасыз отурду.
***
Чынарбек менен Тургунбай бир айылдан, бир мектепте окушкан жакын достор. Ал тургай жогорку окуу жайга да бирге тапшырып, анан да Кудай жалгап бир группада окуп калышпаспы. Алгачкы жылы окууга, шаарга көнө албай окуу жай менен жатакананын короосунан чыкпаган жаштар быйылкы жазда гана баш көтөрүп эки жагын карашты. Бийге, ар кандай оюн-зоок кечелерге баш бага калышчу болду. Ошондой кечелердин биринде Зыйнат менен таанышышты. Таанышаары менен эле эки дос бир кызды жактырып калганын туюшту, бирок, экөө тең ачык айта алышкан жок. Көздөрү бакырайган, кирпиги кайрылып турган арык кыз да жигиттердин кимиси жакканын билдирген жок. Бийден чыккандан кийин экөө кызды узатып келишти.
– Татынакай кыз экен, ушул кыз менин жубайым болсо ээ?!-деди Тургунбай кыялдуу өрөпкүп. Тургунбай дайым озунуп кетет, бул жолу да озунуп кетти. Эми Чынарбек бул кыз тууралуу кеп козгоого акысы жок. Ал өзү ичтен сыза ушинтип чечти. Зыйнат менен күн сайын жолугушушат, ар бир жолугушуу Чынарбек үчүн азап. Кыздын күлгөнү, каректерин мөлтүрөтө ойлонуп калганы, кээде бир сыры бардай телмирип кыя карап кылгырганы жигитти оту жок куйкалайт. Жакшы эле барбайын дейт, бирок, чыдай албай кетет. Акыркы күндөрү Тургунбай Чынарбекти кошо алгысы келбей, жашырынып чыгып кетчү болду. Бир жолу абдан капалуу келди.
– Жүр, пиво ичеличи,-деди шыпты карап жаткан бойдон.
– Жатып алып ичебизби, ээ?-деди Чынарбек ичин ит тытып турса да сыр алдырбай тамашалап.
– Же арак ичелиби? Ушундай бир жаным кыйналып турат, Чыке,-деди муңайым.
– Эмне болду анчалык?
– Ээ, кыздарды түшүнбөй койдум деги, бир карасаң сүйүп өлүп бараткандай, бир карасаң сенден башканы сурап мазеңди алат. Ичеличи...-деди да ордунан туруп кийимин алмаштыра баштады. – Тур, кеттик, эмне жатасың жалдырап?-деди анан корс. Ал негедир кызга эмес, Чынарбекке таарынып жаткандай ызалуу эле.
– Каякка?
– Аракка.
– Эртең сынак барын билесиң да,-деди Чынарбек окуп жаткан китебин көкүрөгүнө коюп.
– Урдум сынагыңды. Сен доссуңбу? Дос болсоң китепти эмес, менин көңүлүмдү ойлосоң боло. Жүрөгүм ооруп жатат,-деди туталанып. Кызык, Тургунбайдын мындай абалын биринчи көрүшү. Макул болбосо болгудай эмес. Азыр өзү жалгыз барып деле кекиртегинен чыкканча иче турган болуп чыңалып турган досун аяды.
– Чынарбек, сен мага чыныгы доссуң, ээ?-деди Тургунбай жүз граммдан кийин негедир бирдеме айта албай жаткандай мукактанып.
– Эмне, шегиң барбы? Тоюңар качан?-деди Чынарбек досун акмалай.
– Күздө деп жатам.
– Зыйнат макул болуп жатат да, ээ?
– Каякка барат эле?
– Ал эмне дегениң, анын макулдугусуз кантип үйлөнмөк элеңер?
– Сага эмне? Биз кандай үйлөнсөк сенин кандай ишиң бар? Эмне, ичиң күйүп жатабы?
– Тургунбай, эмне болуп жатасың? Эмнеге ичим күйөт, ал эмне дегениң?
– Барчы ары, дос имиш... – Тургунбай столду көңтөрүп салып туруп кетти. Чынарбек эмне болуп кеткенин түшүнбөй отурган жеринде кала берди.
Чын эле ошол күздө Зыйнат менен Тургунбай баш кошту. Негедир Тургунбай тоюна эч кимди чакырган жок, Чынарбекти да. Тойдон кийин да негедир жолукпай качып жүрдү. Бир күнү тамак-аш саткан дүкөндөн бет келип калышты.
– Ой, Туке, кандай? Куш боо бек болсун!-деди Чынарбек чын дилинен.
– Ии, рахмат.
– Эмне тойго эч кимди чакырган жоксуң?
– Шашылыш болуп кетти.
– Эмне анчалык?
– Ары Зыйнат да каалаган жок.
– Бизди чакыруунубу?
– Ооба, айрыкча сени,-деди да шарт бурулуп чыгып кетти. Чынарбек эч нерсени түшүнбөй ызаланаарын же кол шилтээрин билбей туталанды. Анан эле Тургунбай да, Зыйнат да сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетти.
Бул табышмактуу мамиле канчага созулат эле ким билет, Зыйнат менен болгон күтүүсүз бир жолугушуу бүт баарын башка нукка буруп кетти. Чынарбектин жараатын да сыйрып кетти ошол жолугушуу.
Мезгил баарын дарылайт экен. Кез-кезде эски сүрөттөрдү көргөндө же достор арасында сөз болгондо гана Чынарбектин Зыйнат деген жарасы сыздаганы болбосо, баары унутулуп бараткан. Айрыкча уулун көргөндө тим эле төбөсү менен жер казууга, эмнени болсун унутууга даяр болуп кетчү. Келинчеги Калбү да токтоо, анча-мынчага серпилбей ичине салган көтөрүмдүү чыкты. Тилек үчкө чыгып калганда биринчи жолу башка шаарга командировкага жиберишти. Өзү окуган, жаштыгы, студенттик курагы өткөн шаар көзүнө ушунчалык жылуу учурады. Кечки тамактан кийин эски малдын көзүндөй болгон шаарды кыдырып чыкмак болуп сыртка чыккан. Жол бойлоп баратып баягыда Тургунбай экөө Зыйнат менен таанышкан чакан кафени көрдү. Шаардын баары өзгөргөн менен ушул кафе өзгөрбөптүр. Баягы эле аталышы, кире бериштеги бөгүп жаткан арстандары, ал тургай өчүп-жанган жарыктары да өзгөрбөгөндөй жылуу учурады. Саамга карап туруп калды да, анан ичине кирмек болду. Кирип баратып куду Зыйнатка жолукчудай тизелери калтырай апкаарыды. “Капырай, унуткан эмес турбаймынбы” деди ичинен. Жаштар аз, музыка да эч ким жок үчүнбү, жай ойноп, тынч экен. Чынарбек тээ бурчтагы столго барып отуруп жатып өзүнөн эки стол ары отурган келинге көзү түштү. Жалгыз отурган келиндин мойнундагы тармал чачтары, желкесиндеги мөлтүрөгөн капкара күрүчтөй калы көзүнө урунду. “Зыйнаттын да куду ушундай калы бар эмес беле” деди жүрөгү дикилдеп. Бир кезде келин өзүн карап турган көздөрдү туйдубу, жалт бурулду. Зыйнат! Чынарбек жазбай тааныды. Экөө саамга тиктешип калышты. Биринчи келин эсине келди. Ууртунан уяң жылмайды да, ордунан туруп жигитти карай басты. Чынарбек да калдастап тура калам деп отургучун жыгытып кетти. Шашкалактап отургучун тургузуп болуп караса келин бет алдына келип калган экен. Зыйнаттын жыпар жыты бур этти, көздөрү коймолжун тартып, жүзү тим эле тийип кетчүдөй жакын туруптур.
– Кандайсың?-деди Чынарбек калтырап.
– Мен жакшымын, өзүңчү? – Зыйнаттын коңгуроо үнү жагымдуу дирилдеп кетти.
– Сен кайдан?-деди не дээрин билбей.
– Тургунбай ооруп келгенбиз, бир айдай болуп калды. Өзүң кайдан, сен да ушул шаарда жашайсыңбы? – Зыйнат көздөрүн ала кача сумсая жер карап, өкүттүү оор улутунду.
– Отур, Зыйнат,-деди келин сүйлөп жатканда өзүнө келе түшкөн жигит. Зыйнат унчукпай отурду да, жаагын таяна жигиттен көз албай тунжурай ойлуу тиктеди. Бир кездеги ипичке Зыйнат бир аз толо түшкөнү болбосо, ошол эле бойдон экен.
– Жашоо кандай, бактылуусуңбу?-деп сурады Чынарбек.
– Бакыт күйөөлүү аял болуу эле болсо, анда бактылуумун. Бирок, мен билген бакыт башкача болчу,-деди Зыйнат муңайым. Чынарбек келиндин үнүнөн армандын шоокумун сезди.
– Сен билген бакыт анда мен билген бакытка окшош го...-деди жигит акырын.
– Сен билген бакыт кандай эле?
– Өзүң сүйгөн адамга бардык тоскоолдуктарды аттап жетүү, анан ошол адам менен өмүр кечирүү деп билчүмүн.
– Эмнеге анткен жоксуң?
– Ал адам башканы, мен башын аттай албас адамды - досумду тандап кетти...
– А сен бир жолу ошол адамыңдын тандоосун сурадыңбы же өзүң эле чечип койдуңбу? – Зыйнаттын көз чарасына жаш толуп, ал мына-мына кулап кетчүдөй кирпигинде титиреди.
– Мен сени Тургунбайды тандады дегем.
– Тургунбайды сен тандадың, а мен сенин тандооңду сыйладым.
Чынарбектин ичи туз куйгандай ачышып чыкты. Ага кыз да Тургунбайды тандагандай сезилбеди беле. Эмне үчүн ошондо бир жолу кызга өз алдынча жолугуп көрбөдү. Көз алдына Зыйнаттын табышмактуу кылгыра карап калганы тартылды.
– Зыйнат, ушул жылдарда мен сени унуттум дегем, унутпаптырмын, болгону алаксыптырмын. Дайым эсимде жүрдүң.
– Мен оболу сени күттүм, анан таарынып жүрдүм, кийин сагындым, азыр ошондо бир жолу сага жекеме-жеке жолукпаганыма өкүнөм.
– Неге жолукпадың, мен го достуктан аттай албай койдум, сен эркин элең, тандоого акың бар болчу.
– Кыз намысым жол койбоду. Жаш экем. Ары Тургунбай сени сурасам эле кызына кетти деп койчу. Эч кандай кызга жолукпаганыңды ар жолуккан сайын көзүңдөн көрчүмүн, бирок, даай алчу эмесмин. Кийин чын эле келбей койдуң. Тойго чакыралы десем Тургунбай көнбөдү. Кийин Тургунбайды аяп жашап калдым. Жүрөгү оорукчан.
– Азыр кандай?
– Жыл өткөн сайын тез-тез кармачу болду, бирок, доктурду жаман көрөт. Акыркы жолкусунда катуу кармап алып келгенбиз.
– Канча балаңар бар?-деди Чынарбек келинди өкүттүү карап.
– Балабыз жок, негедир болбой жатат.
Алар сыртка чыкканда Ай толуп турган экен. Ошол түн өмүр бою сагынтып, саматып өтөөрүн экөө тең билип жүрөктөрү тилинди. Чынарбек командировкадан кайтканча экөө бир күн да айрылышкан жок, Зыйнат түнү гана оорулуу күйөөсүн кыя албай араң кетет, таң атпай кайра Чынарбектин жанында. Экөө бирөө көрөт экен, байкайт экен деген тартынууну да унутуп салышты.
Күйөөсүнүн таптакыр башкача болуп келгенин сезген Калбү ичинен сызып, бирок, сыр алдырган жок. Арадан жума өтпөй издеп барган Чынарбек Зыйнаттын ордун сыйпалап кала берди. Экөө тууралуу айыңды уккан Тургунбай доктурдан чыгаары менен Зыйнатты айылга кайра алып кеткен экен. Ошол бойдон Зыйнатты издеп барбады.
Арадан жылдар өтүп, кайрадан эскирип баратканда бул жараат дагы жаңыланды. Бир күнү кечке маал канча жылдан бери көрүшпөгөн курсташы Айнакан чалып “Чыкен, сүйлөшө турган иш бар, жолугалычы. Атайын Оштон келдим” деди олуттуу. Жөн чакырбаганын жүрөгү туйган Чынарбек тез эле болжошкон жерге жетип барды. Айнакан бойго жеткен кыз менен отуруптур. Чынарбек кызды көргөндө карттанган жарааты сыйрыла чочуп кетти. Анын бет алдында мындан жыйырма беш жыл мурунку солкулдаган жаш Зыйнат турган эле. Чынарбектин купкуу боло аптыгып карап калганын көргөн Айнакан оор үшкүрдү:
– Таанып турасың, аны көзүңдөн көрдүм. Бул менин курбум Зыйнаттын, сенин досуң Тургунбайдын кызы,-деди акырын. Чынарбек бирдеме дейин деп оозун таптаганда столдун астынан Айнакан бутун катуу басып токтотту да, кызга: - Кызым, сен үйгө бара бер, биз байкең экөөбүз сенин жумушуң тууралуу кеңешип, жообун кечинде үйдөн айтам,-деп кызды кетирип жиберди.
– Эмнеге атайын Оштон келдиң? Бул кызды неге мени менен тааныштырдың? Айтчы, бай болгур. Зыйнат өзү кайда?-деди жүрөгү бир жамандыкты сезип.
– Суроолоруңду берип бүттүңбү? Эми мени ук,-деди Айнакан олуттуу.
– Ии?
– Бул Зыйнаттын эле эмес, сенин да кызың. Мындан он жети жыл мурун Зыйнат экөөң бир жума сайрандадыңар беле? Мына, эми ошол жыргал үчүн жооп берчү кез келди. Силер жолуккандан толук тогуз айдан кийин ушул кыз төрөлүп, ошол эле жылы Тургунбай каза болгон. Анан былтыр кышында Зыйнат шордуу жол кырсыгынан каза тапты. Азыр кыздын эч кимиси жок.
– Зыйнат мага неге айткан жок?
– Сага кайдан айтсын көрүнбөй кетсең. Ал артыңдан издеп келе турган баасы жеңил аялдардан эмес болчу, билесиң. Мага айтты, сени бүт өмүр күттү, а сен эстеген да жоксуң.
– Сен мен үчүн жооп бербе, мен Зыйнатты унуткан жокмун...
– Ооба, унутпадың, бирок, эстеп деле кыйратпадың. Жүрөгүңдүн бир коңулунда мезгилдин чаңы басып жатты, туурабы? Укканда не кылмак элең? Кылчуңду мына эми кыл, кызды жумушка ал, окууга өткөр. Өзү көнгөнчө айтпа, анан бир кыябын таап айтаарсың,-деди ойлуу. Чынарбек жоготуу менен табышуунун ортосунда эндиреп отурду. Чын эле эртеси эле Айнакан кызды ээрчитип келди. Ошол эле күнү дароо жумушка алып, анан бир жылдан соң окууга өткөрүп, үй алып бергени чын эле. Канча жолу “мен атаңмын” деп айтууга оозун эптеп барып кайра тилин тиштечү, негедир тээ жүрөк түпкүрүнөн кызы экенине эч ишене албай жанчылчу.
***
– Мына уулум, мен баарын айттым, эми кеп сенде,-деди Чынарбек акырын.
– Ата, мен ишенбейм! Уруксат бер, өзүм изилдеп чыгайын, эгер чын эле бир тууган карындашым болсо апама да, Жамийлага да өзүм айтам. Айнакан эже кайда азыр?
– Ал Ошто.
– Дарегин бериңиз, чоо-жайды оболу андан сурайын,-деди Тилек токтоо.
Тилектин акылына кирип бой жеткенин Чынарбек бүгүн аңдады. Баласынын дилиндеги жүрөк өйүгөн күмөнүн билип жүргөндөй “изилдейин” дегенине ыраазы болду, ары таң калды.
Тилек Ошко келгенде таң эми агарып келе жаткан. Атасы берген даректи көтөрүп алып таксилерге келди.
– Аа, шаардын четиндеги жаңы айылдарда тура, беш жүз бер, таап алып барып коём,-деди токтолуп калган таксист.
– Макул байке, берейин, таап барсаңыз эле болду,-деди Тилек ашыгып. Тилек издеген үй чын эле шаардын четиндеги кичинекей айылда экен. Үйдөн орто жаштагы аял чыгып Тилекти сыдыра карап:
– Сен Айнакандын кимиси болосуң?-деди суз.
– Аяш уулу болом, апам экөө курдаш болгон экен. Колуң бошогондо дарегин биле келчи деген эле,-деди Тилек сыр алдырбай.
– Айнакан азыр шаарда жашайт, бул үйүн биз ижарага алганбыз. Дарегин берейин,- деди аял шыпылдап. Тилек ошол эле күнү кечинде Айнакандын үйүнө барды.
– Сиз Айнакан эжесизби?-деди Тилек эшик ачкан аялды сыдыра карап.
– Келегой, кир үйгө,-деди Айнакан босогодо турган бейтааныш жигитти бүшүркөй карап. Шаарда кимсиң, неге келдиң, эмне жумуш менен деп такымак, бул аял куду эски таанышы келгендей жылуу кабыл алды.
– Кулагым сенде?-деди Айнакан жайгашып отургандан кийин жигитке суроолуу карап.
– Мен Чынарбектин уулумун, атым Тилек, эже.
Айнакандын кашы серпиле, жүзү албырып кетти.
– Кайдан көрдүм эле деп бүшүркөп жатсам, көрсө, Чынарбекке окшотуп жаткан турбаймынбы. Жайынча элеби?-деди токтоо болууга аракеттенип. Бирок, аялдын жанатан бери тынч жаткан болтогой колдорун болоор-болбос калтырак басып, үнү да өзгөрө түштү.
– Жайынча болсо ошондон ушуга келет белем, эже. Мен Жамийланын бир тууганым эмес экенин сезип турам. Аны көргөн күндөн баштап ошол кыз үчүн жашап жүрөм. Эгер ал бир тууганым болсо мурда туйбасам да чындыкты уккандан кийин жүрөгүм ынанмак, жүрөгүм эч ынанбай койду. Мен анын каны башка, бирок, жаны, жүрөгү бир жан экенин сезип турам,-деди үнү каргылдана дирилдеп. Айнакан бет алдындагы жигиттин көздөрүнөн эбегейсиз сүйүүнү көрдү. “Тообо, бир кезде бул жигиттин атасын Зыйнат ушинтип сүйдү эле, эми Зыйнаттын кызын Чынардын уулу сүйгөнүн карачы. Тагдыр кандай калыс” деп ойлоду.
– Уулум, ырас, мен атаңа калп айттым, бирок, башка айлам да жок эле. Зыйнат бүт өмүр Чынарды сүйдү. Айрыкча Чынарбек менен кийинки жолукканда “курдаш, боюма бүтүп калды окшойт” деп абдан үмүттөнүп күткөн эле. Бирок, тагдыр Зыйнатка ал бакытты да ыраа көргөн жок. Анан бир жылдан кийин Зыйнаттын өз күйөөсүнөн боюна бүтүп, ушул кызды төрөдү. Кызы төрөлөөрү менен эле Тургунбай, анан Жамийла он жетиге чыкканда Зыйнат өзү жол кырсыгынан каза болду. Өлөөрдө көзүн көрүп калдым. Мени эле күтүп жаткандай доктурга бараарым менен кызын дайындады да, үзүлүп кетти. Жамийланы бутуна тургузууга менде кудурет жок эле, күйөөм оорукчан, беш баламды араң багып жүрөм. Анан Чынарбекти эстедим. Уулум, эгер кадырына жетем десең жабылуу аяк жабылуу бойдон калат, бакыт гана каалайм,-деди аял көз жашын сүртүп. Тилек Айнакандын “калып конок болуп кет” дегенине болбой кайра түндөп жолго чыкты, азыр Жамийланы көрбөй бир мүнөт тура алмак эмес.
– Апа, биз келдик!
Бүгүн врачы “үйгө чыгасыз” дегенинен камданып жаткан Калбү Тилектин үнүнөн чексиз кубанычты сезди. “Бизи ким ботом, атасы экөө келген го?” деп кайрыла берип коомайлана уяң баскан татынакай жаш кызды жетелеп кирип келе жаткан уулун көрдү.#ангеме
(Аягы)
Айжаркын Эргешова.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Соонун чыгарма,ишими токтотуп коюп окуп чыктым.
Коп коп жазыныз ушундай чыгармалардан
жазыптырсыз. Жамийла менен Тилекке бакыт каалайм. Ата-энеси жетпеген сүйүүсүнө жетип, бактылуу өмүр сүрүшөт деген ишен ч менен бакыт каалайм.