(аңгеме)
Көз байланып калган кеч күүгүм. Жүзүмтак түбүндөгү чарпаяда эки кошуна отурду. Жүзүм жеп отурду. Чатырап бышкан үсөнү жүзүм өтө ширин, ширелүү эле. Дасторконго коюлган ысык тамак да, чай да эбак муздады. Бу бири калпакчан, бири жоолукчан эски кошуналар эзели жүзүм көрбөгөндөй сагынып калышыптыр. Жүзүм эле эмес, булар сагынган башка нерселер да бар эле. Ырыс менен Калбектин кеби, дасторкон сыяпаты бая түштө эле башталган. Андан бери канча чайнек чай, бир бөтөлкө арак ичилиш керек эле, ичилбеди. Булар жүзүм гана жеп атышат. Тиштегенде суусу чачырап турган, таттуу мөмөнүн жагымдуусу шунчалык, жеген сайын көңүл ачылып, көөдөн жеңилдеп...
Жети жылдык араздашуудан кийинки жарашуу Ырыс менен Калбектин ортодогу жаман, жакшы сөздөрүн оголе көбөйтүп койгон эле. Экөө күнү кечээге чейин колхоздон калган эски мал сарайды талашып, көп жылдар бири бирин соттон сотко сүйрөдү. Минтип бир дасторкондо даам татуу эмес, бир көчөдөн чогуу баспай калышканына көп болгон. Үйүндөгү бар нерсесин экөө тең адвокат менен сотторго аянбай чачышты, атаандашып, мелдешип чачышты. Акыры колго илинер бир бүдүрү калбаганда Ырыс бир канистр бензин сатып алып борбор шаарга акыйкат издеп жөнөдү. Түз эле соттун кеңсесине келип, кыйкырып кирди: “менин маселем чечилбесе күйүп өлөм!” Бул жөн эле аялдык долулук, же догурунуу эмес эле. Ырыс, бар дүнүйөсүнөн ажырап жылаңач калган Ырыс, жедеп чарчаган Ырыс бир канистир бензинге чын эле күйүп өлөйүн деп чечкен. Үрөйү учкан сот ошондо гана аялдын пайдасына акыркы чечимин чыгарды.
Ырыстын бу жоругуна башкалар турсун атаандашы, душманы Калбектин да кейпи учту. Анан эмне болду дейсиз, колунда соттун чечими турса да “жеңдим” деген жагымдуу сезимди туя албады бу шордуу аял. Чоң шаарда бир мүнөт да турбай айылына жол алды. Ырыс өлүмгө даярданып, үйү, уул,кызы, айылы менен тымызын коштошуп, шаарга жөнөп атканда бир бутун чын эле көргө сунуп алган эле.
Денесин үч күн бою тынбай калтырак баскан аялдын өзүнө келиши кыйын болду.Канча жыл көзүнө бир алтын сарайдай көрүнгөн эски малкананы азыр эстегиси, элестеткиси келбей турду. Эсине душманы Калбек улам түшө берди. Оюнда мени азыр ал ата- жотомду калтырбай сөгүп атса керек, түгөнгүр деди.
Шаардан келээри менен Ырыс тобокел деп Калбекти үйүнө түшкү тамакка чакырган эле. Эмне максатта минтип атканын өзү да билбейт. Эмнегедир элден мурда Калбекти көргүсү келди, анан калса аны үйүнө келет деп ойлобогон, бирок ал келди. Калбектин келгени бир, анан да ал Ырысты таң калтырып, болгондо да аны биротоло жеңип келген Ырысты таң калтырып аны менен кадим илгерки коңшулук маалдагыдай ылым санай учурашты. Жүзүндө баягы заар жок. Акыркы үч күндө Калбек өзгөрүптүр. Экөөнүн тең көкүрөгүндө көптөн бери бугуп келаткан бир чындык бышкан алмадай топ этип алакандарына түштү бейм. Калбек азыр баарынан да Ырыстын өлбөй калганына каниет кылды. Аны ушундай жолго барат деп түк ойлобоптур. Ырыс кирип келген кошунасын шаша-буша карбаластап, чарпаяга, дасторконго баштады:
-Каке, шаардан келген базарлыктан ооз тийгизейин деп эле, жүзүм да
бышып калыптыр...
Жети жыл бою сүйлөшпөгөн эки кошунанын сөзү ошентип башталды.
Чарпаядагы жүзүм жеп отурган аял менен эркектин барган сайын баштары биригип, жакындашып, бирин бири аяшып, бирин бири кыйбай, бири бирине айтам деп камдап алган ачуу сөздөрү кайда жоголуп кеткенин туйбай калышты.
Анан да ширин жүзүм татып отурган эки кошунанын оозунан кайдагы ачуу сөз чыкмак дейсиң. Ургаачы эмеспи, мындай жылуу мамилеге эреркеп, биринчи болуп Ырыс ыйламсырады:
- Кагылып кетейин Калбек, карачы менин чачтарымды, соттошуп жүрүп
бир тал карасы калбады - Аял кыйшайган жоолугун башынан
шыпырып жиберип, жаш төгүлгөн көздөрү менен кошунасына
тигилди: жети жыл бою соттошот деген эмне, Калбек! Шо биз
экөөбүз талашкан малсарай кара жерге кирип кетпейби! Сен ал
ошону, баш-пайчасы менен, бердим сага! – Аял жоолугунун учу менен
көздөрүн басып алып үнсүз ыйлай берди.
- Антпе, Ырыс, сен жеңдиң да, ал сеники, ал ала бер, мага анын эми
кереги деле жок, чоң сарайга бага турган баягы күтүрөгөн көп малым
кайда дейсиң, баары жок болду, сомуран сотторго сойгонун союп
ташыдым, сатканын пулуча ташыдым...- Калбек чынын айтты. Жети
жыл бою Ырыс менен соттошуп жүрүп мал-келинен бу да ажыраган
эле.
- Шону айтсаң! Карачы, мынабу менин короомду, эки эчкимден башка эч нерсем калбады! Дагы жеңдиң дейсиң! Ушул да жеңишпи, Каке!? “Өзүмдү өзүм өлтүрөм” деп бүтүндөй элге шерменде болгонумду кантейин!
Ушу азыр Каке чын эле өлгүм келип атат! Өлүп калсам бу эчкилерди
эле союп көөмп койгула, мага ырас болот! - Ушинткен Ырыс башын
эки колдоп мыкчый кармап, өңү кубарып кетти:
- Каке, дарың барбы, кан басымым көтөрүлду окшойт...
- Бар, мен такай чөнтөгүмө салып жүрөм...- Калбек төш чөнтөгүнөн
дары алып Ырыска сунду.
- Ушу кесел, экөөбүздө мурда жок эле да, туурабы, Каке? – Ырыс
дарыны жутуп алып, муңайган көздөрү менен кошунасына карады.
Калбек үнсүз, жер тиктеген тейде ал да муңайды. Ырыс туура айтат,
бу экөө ден соолугунан да ажыраган эле.
Калбек, башын көтөрүп, Ырыска жылмая сүйлөдү:
- Сарай талашпаганыбызда экөөбүз азыр балким куда, кудагый
болмокпуз, төрдө отуруп сыйлашып, балдардын чайын чогуу ичет элек,
Ырыс, туура айтамбы? Сенин кызың менен менин уулум сүйлөшчү эле
го, эсиңдеби?
- Эсимде..., экөө бала кездеринен ынак эле. Соттошуп жүрүп
балдардын да көңүлүн буздук...
- Сен баштагансың сотко бергенди, Ырыс ..., сен ырбаттың...
- Мен корктум да, сени эркектикке салып, сарайды күчтөп тартып алат деп..., эрим болбосо, соттон башка кимге таянам дедим ...
- Анан ошол сотторуң кимибиз көбүрөөк берип койсок ошонубуздун
пайдасына чечим чыгара берди да..., пай, пай, пай, сен тапкан экенсиң кимге таянганды... Эсиңдеби, Ырыс, экөөбүз бир ирет сот
Байназарованын үйүнүн кире беришинде оро-пара жолугуп
калганыбыз. Сен чоң кара сумкеңди бошотуп чыгып келатыпсын, мен
да чоң сумкени араң көтөрүп кирип бараткам. Ошондо мен бул ирет
кечигипмин деп кейигем. Сот Ырыска убада берип койду, меникин эми
албай кайтарып берет го деп ойлогом. Билесиңби, ошондо Байназарова
эмне кылганын, менин сумкамды да алып, бошотуп, мага да убада
берген. Анан бир аптадан кийин сотту күзгө жылдырып койбоду беле,
отпускесин шылтоолоп.
- Ооба, эсимде, аның го бир- эки койдун этине көнө берчү, мени
Араппаев кыйнаган, шаардык соттогучу. Доллар сурап туруп
албадыбы. Он коюмду катары менен алып барып сатып жүрдүм го
ошондо. Бар малымдын берекесин ошол акмак учурган, же бир
нормальный чечим чыгарбай... – Ырыстын маанайы чөктү. Жоолугун
башына оңдоп салып, Калбектин жүзүнө эңкейе сүйлөдү:
- Калбек кел, азыр ошолорду эстебей эле койолучу.
- Калбек башын чайкап, жер карады:
– Азыркы акылым ошондо болсочу, сарайдын жартысын сага берип,
жартысын өзүм алып, өз ич ара эле макулдашып алмакмын. Сарайдын
жарымына деле малым кенен батат эле...
- Мен бир эле ирет соттошом деп ойлогом, соттун жылдап эрмегине
айланаарыбызды кайдан билдим, Каке. – Аялдын жүзү ойлуу тартып,
кубара түштү.
Калбек бөтөлкөдөгү аракты ачып, эки чөйчөккө биртикеден тамызды да
бирин Ырыска сунду:
- Кана, кошунам, келе алып жиберели, алтын баш аман болсун, экинчи
“өлөм, житем” дебе. Сенин “өлөм” деп канистр кармап турганыңды телевизордон көрүп алып, чын эле коркуп кеттим, Ырыс. Сен өлүп калсаң күнөөкөр мен болмокмун..., сени ушул акыбалга мен жеткиздим да, ишенсең мал сарай деле көзүмө көрүнбөй кетти...
- Кагылайын Калбек, сенде күнөө жок! Аким колхоздон калган мал
сарайды адегенде мага сатып, анан айыл өкмөт аны сага да сатып...,
бар балээни баштап, бизди уруштурган ошол эки акмак! – Ырыс
калчылдаган колуна чөйчөктү алды:
- Азыр барып ошо кара жерге киргир сарайды өрттөп салгым келип
атат, эми каңгыраган бош малкананын кимге кереги бар! Кайран
жети жылым! Жети жыл сени жек көрдүм, сен эмес, бала-чака, тууган-
уругунду кошо жек көрдүм, бир көчөдө жанаша жашап, бир паста
экөөбүз душманга айландык, канча каргап шиледим сени..., адвокаттар мага канча калп сөздөрдү сага каршы айттырды, кечир Каке, кечир,кааласаң, дагы айтам, мал сарайды сага берейин, эмне кылсаң ошо кыл! Мен эртең ооруканага жатам, жүрөк болбой калды.
Калчылдаганым дале басылбай атат. Кокус жаза тайып кетсем уул, кызыма көз сала жүр...
Ырыс Калбек коңшусуна үмүттүү, бир башкача
жалдырап карады. Ырыстын бу кебетеси Калбектин жүрөгүн түшүрүп койду.
Ордунан козголуп, маңдайында отурган аялды кантип
бооруна тартып кучактап калганын өзү да сезбеди.
- Мен сени кечирдим, Ырыс, сен да мени кечир, эркектей болуп сени
аяп койбогонум үчүн, жесир экениңди билип туруп эптеп жыйган-
тергениңден ажыраттым, убарага салып кыйнадым, кечир. - Калбектин
көздөрүнөн да жаш сызылды. Кучагында титиреп турган чачтары
куудай ак аялдын ушунчалык назик, арык, алсыз болуп калганын азыр
туйду. Ырыс албан, субандай жубан эмес беле. Жүрөгү сыздап кетти,
өзүн өзү жек көрдү. Калбектин анда-мында кызматта иштеген
тааныштары, достору көп эле, ошолорун сотторго ортомчу кылып бу
аялды далай ирет, далай жылдар азапка салганын эстеди. Ырыс эчен
жыл көзүнө кошуна эмес, душман, азезил желмогуз көрүнүп
жүргөнүн эстеди, тагыраагы көрүнүп эмес, өзү ошентип көрүп
жүргөнүн эстеди. “Атаңдын оозун урайын мал сарай, кайдан чыктың
эле, сенсиз деле жашап келгем, эми да жашай берем!”.
Кечээги элдешкис эки душман түн бир оокумга дейре караңгы
жүзүмтакта баштарын тийиштирип отура беришти. Мал сарай деген балээси жок эле кошуна катары тынч, ынтымак өткөргөн күндөрүн эстешти, жаштыгын, балдарынын кичине курактагы кылык-жоруктарын эстешти, бу эки кан кошунанын эстей турган учурларыкөп эле. Картайып бараткан өмүрдүн баркын экөө ушу азыр гана түшүнгөндөй бири бирин аяды, ошончо жылдык аразда, жаңжалда
өткөргөн өмүрлөрүнө, сотторго алданган, алардын кекиртегин
толтурам деп чачылып чабылган күндөрүнө арданышты. Бу эки адам
мунун эсесин бир түн менен жууп салгысы, жок кылгысы келгендей,
караңгы түндү, түндөн да караңгы жүзүмтак түбүн тоотпой отура
беришти. Алардын жети жыл мурда жумулуп калган көздөрү бүгүн
ачылгандай, көөдөй кара түндү жарып, бири биринин жүзүн даана
көрүп, бири биринин көкүрөгүн даана туюп турушту.
Түн жарымда Ырыс айтмакчы “кара жерге киргир” малсарайды,
Калбек айтмакчы “атаңдын оозун урайын” мал сарайды Ырыс
Калбекке: “сен ал” десе, Калбек Ырыска: “мен албайм, ал сеники” деп эки адам эми кажы-кужуга өтүштү.
Ошол,ошол, бу караң калгыр мал сарай далай жылдар, азырга дейре
малсыз каңгырап бош турат дешти. Айылдыктар бу кароосуз калган
сарайдын бири шыйпырын тактайлары менен жулуп кетсе, бири
айнек-терезесин, бири каалгасын..., дубалы эле калган дешет ар
жеринен бузулуп. Анын ээси болгон Ырыс көп жылдар оору менен
кармашып, мал-кел да күтө албаптыр. Күйөөдөгү кызына, аскердеги
уулуна да бу сарайдын кереги тийбеди.
Кан басымы көтөрүлө берген Калбекти болсо уул, кыздары шаарга
көчүрүп алып кетишкен.
Топчугуль Шайдуллаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5