Бир күнү аялдамада өзүмө ылайыктуу маршрутканы күтүп турсам, мурун бизге кошуна болуп жашаган бир бала да аялдамага басып келип калып, жолугуп калдык.
--Кандайсыз эжеке?-деп мени менен жылуу учурашып, ал-жайды амандашып сурашкандан кийин, адатынча бал тилге салып бир нерселерди айтып берип күлдүрүп жатып, бир убакта катуу ойлоно түшүп, кабагын чытып бүркөп:
--Эжеке, мени жакшы билесиз да. Калп сүйлөгөн адамдарды ушундай жек көрөмүн!!-деп калды. Ал баладан мындай сөздү күтпөгөн жаным, таң калганымдан эмне деп айтаарымды да билбей, жалдырап оозумду ачып карап туруп калыптырмын.😅 Аңгыча күткөн маршруткам да келип калып түшүп кеттим. Үйгө келгенден кийин алиги кошуна баланын кабагын түйүп алып айткан сөздөрүн эстеген сайын башымды чайкап, бир күн кечке күлүп жүрдүм... 😅
Анда түшүнүктүү болушу үчүн сөз башынан болсун.
***Бул баланын эч кимге деле зыяны жок, болгону ушундай каратып туруп апыртып, калпты укмуштай кооздоп айткан жагы бар болчу. Кошуна турган адамдардын көпчүлүгү бул баланын мандемин жакшы билип калсак деле, баары бир окшоштуруп туруп бал тилге салып айтып бергендерин оозубузду ачып угуп туруп калаар элек...🙈😅 Бирде туруп ачууң келсе, кээде айла жоктон кол шилтеп күлүп калчубуз.
Бир күнү дем алыш күн болгондуктан үй жумуштары менен алек болуп жатып, жер төшөктөрдү эшикке алып чыгып күнгө жайып коюп, жаңы эле үйгө кирген элемин. Иреттөөчүлөрүмдү иретке келтирип жатып, дагы майда - чүйдөлөрдү жайайын деп эшиктеги тартылып турган кермеде бош орун калды болду бекен деп терезени карап калдым. Короодогу отургучта алиги баланын өзүнчө эле катуу ойлонуп отурганын көрүп, баары жайында элеби деп ойлонуп койгон элемин. Аңгыча ары жактан үч, төрт жаш кыздар басып келишип, тигил бала отурган отургучтун бош жеринен орун алышып өздөрүнчө сүйлөшүп отуруп калышат. Бир убакта кыздардан көзүн албай карап отурган алиги кошуна бала ордунан туруп басып, улам кыздарды кылчактап карап келе жатып чалынып кетип бутун оорутуп алды өңдөнөт бирок, кайра боюн түзөп алып, койкоюп үйү жакка басып кирип кеткенин көрүп, башты чайкап күлүп койдум. Кыздар болсо, кошуна балага деле эч бир көңүл бурушпастан өздөрү менен өздөрү болуп сүйлөшүп отурушкан. Өйдөңкү кабаттан ылдый түшүп келе жатсам, кошуна бала тепкичтен өйдө жакка көтөрүлүп басып келе жаткан экен, мени көрүп, учурашкандан кийин:
--Иий эжеке, кыздардан качып келе жатамын десеңиз?!-дейт...
--Иий анан? Ал эмне болгон кыздар экен?- десем:
--Мени билесиз да, өзүм келинчегимдин үлгүлүү жолдошумун. Мен үчүн үй-бүлө баарынан дагы жогору турат. Ойдо эч нерсе жок эле эшикте дем алып отурсам, жапжаш, татынакай, мөлтүрөгөн кыздар жаныма басып келишип отурушуп, мага тийишип башташса болобу... Шумдугуң кургур десе... "Ой кыздар койгула, үй-бүлөм бар... Уят эмеспи?"-десем дагы тийишип болушпайт... Сиз абдан сулуу, жакшынакай байке экенсиз, таанышып алалы"-деп чап кенедей жабышып алышса болобу... Бирөө жарым көрүп калса же "эл укса эмне дейт"- деп уялганымды айтпаңыз... Деги заман эмне болуп бара жатат... Деги каякка бара жатабыз?!-деп ушунчалык кейип сүйлөгөнүнө мен дагы:
--Анан эмне болду?-десем:
--Ой эжеке, айлам түгөнүп ал кыздардын бура бастырбай жолумду торошконуна да карабастан алардан эптеп кутулуп, артымды карабай качтым да... Качып келе жатып караңызчы, чалынып кетип бутумду да оорутуп албадымды...-десе болобу?!🤣😂🙈🙈
Бир жолу жумуштан үйгө шашып келе жатсам келинчеги жолугуп калып, көзүнүн жашын көлдөтүп:
--Эжеке... Эмне кылаарымды билбей калдым... Жолдошумдун апыртмасы тим эле жаныма батты... Адамды күйгүзүп, куйкалап жиберет го чиркин... Эже, бул дагы кадимкидей эле өзүнчө бир ооруу өңдөнөт... Эч качан айыкпайт окшойт...- деп кейигенинен эмне болду деп сурасам, ачуусу келип жолдошунун кылыктарын токтоно албай айтып берип жатып, бир убакта кайра ойлонуп туруп калып:
--Тобоо...-деп калды да үшкүрүнүп алып:
--Ой тобоо эже... Ушундай да адамдар болот экен ээ... Ажырашып кетейин десем бизге эч бир зыяны жок десеңиз... Өзү деле мээнетчил, аракетчил. Бирок, адамды бал тилге салып туруп апыртып койгону жанга батып кетип жатпайбы...-деп көзүнүн жаштарын сүртүп жатып кайра жолдошунун кылыктарын эстеп, айла жоктон экөөбүз тең күлүп калдык... Андан бери ортодон бир топ жылдар өтүп, жанагинтип капысынан жолугуп калгандан кийин эч өзгөрүүлөр болбогондугун, ошол эле "бал тил" боюнча калганын көрүп: "Каап, көнгөн адат калбайт тура... Адам калыптанып калгандан кийин, өзгөрүлүүсү да кыйын болот тура..."-деп кейип ойлонуп калдым... Андан дагы окуянын башында жазылгандай: "Калп сүйлөгөн адамдарды ушунчалык жек көрөмүн"-дегени таң калтырып, эстеген сайын айла жоктон башты чайкап күлөт экенсиң...😅
😅😊
НУРЖАМАЛ БЕКТЕНОВА.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1