6-БОЛУМ
Шандор жалаң атасынын аркасы менен атак- даңкка жеткен кара мүртөз, кыялы катаал жигит эле. Каалаган нерсесин алып көнгөн, бала кезинен айтканын бербеген бала болуп чоңойгон. Өзүнө жаккан кыздар менен көңүл ачып, тажаганда таштап кетип, далай кыздын убалына калган.
Шаар башчысына канча эне - ата жалдырап уулунун кыздарынын тагдырын талкалап салганына нааразы болуп арызданып келишчи. Атасы акча берип, жылкы берип, ызы- чууну жаап койчу!
Мирела улам - улам алтын тарагы менен чачын тарап коюп, бийлеп жаткан кыздардын айлампасына түшүп кыткылыктап бийлеп жатты.
Аны кандай коркунучтар күтүп турганын сезген да жок. Маңдайына түшкөн терди сүрүп четтеги отургучка сиңдисинин жанына олтура кетти
- Кандайсың сулуу, атың ким болот сенин?
Мирела өйдө жалт карады да кара тору, кочкор мурундуу, кара мурутчан жигиттин боюн көтөрүп аны карап турганын көрдү. Анын керсейген түрү кызга жакпай калды.
- Жакшы, атымды айта албайм - деп шарт туруп, бийлеп жаткан кыздарды көздөй басып кетти.
- Оо, бул көгүчкөн кантет, мага Шандорго каяша берип, теңине албай басып кеткендей бул кайсы кыз?- Шандор жанындагы досторунун көзүнчө сындырып кеткенине ичинен кекенип кетти.
- Оо Шандор, сени чана турган кыз табылган экен го!
- Ушул кыздын атын сурап таанышып, кийин артымдан ээрчитип койбосом элеби?
Майрам акырына чыгып элдер тараганга чейин Шандор кыздын артынан калбай ээрчип аңдып жүрдү. Акыры Миреланын атасы түшкөн саябан арабанын арабакечин тапты.
- Эй жигит, бул арабанын ээси тетиги эки кыздын атасы эмеспи?
- Сен аны эмне сурап жатасың? Ыя ?
- Жана көйнөккө кездеме алган биздин дүкөндөн...
- Аа, ооба ал биздин айыл башчысы, тиги кыздар анын кыздары ... Улуу кызы Мирела биздин өрөөндүн сулуусу. Карачы сулуулугун жомоктогу перинин өзү, шыңгыраган үнү хрусталь идиштердин кагышындай.. Пай пай кандай гана бактылуу адам, биздин кыздын түгөйү болор экен!- арабакеч бир топко бакылдап калды.
Шандор болсо, кандай кылып бул сулууну колго түшүрүүнү ойлонуп ары карай кетти.
Улам улам Миреланы карап, досторунун жанына басып кетти.
Мирела үйүнө келип, алтын тарагы менен күмүш күзгүнү карап чачын тарап, өзүнө апакай ат минген көрктүү ханзаада жигитти элестетип жылмайып жатты.
- Кызым, эмне эле алдыгы күзгү менен таракты таштабай , уктасан да, тамак ичсең да жаныңдан жылдырбайсын?
- Апа, карасаңыз кандай кооз тарак жана күзгү, күзгүдөн ушунчалык сулуу болуп көрүнүп жатам өзүмө
- Сен чын эле өтө акылдуу, сулуу кызымсын! Буюрса бактылуу болосуң!
- Бирок мен мага жаккан жигитти кезиктире элекмин, түшүмдө гана ак ат минген ханзааданы көрүп, ошону өңүмдө күтүп жүрөм.
- Түшүн туш келсин кызым! Сенин да маңдайына жазылган өмүрлук жолдошуң бир күнү болбосо, бир күнү жолугат.
- Күзгүм менин, сен менин сырдашымсын, эмнеге менин акыркы күндөрү түшүм бузулуп жүрөт? Мени бир коркунучтун элеси курчап жүргөнсүйт.
- Алтын кызым эмне деп эле сүйлөп жатасың, күзгү менен сүйлөшүп жаткан эмнең?
- Жөн эле да апа, эч кимге айтпаган сырымды күзгүдөн өзүмдүн элесиме айтып алам да- жаркылдап күлүп алды.
Эртеси эртең менен бир саябан араба келип токтоду. Ичинен Шандор атасы, дагы эки киши менен түштү.
Миреланын атасы Штефан коноктордун алдын тосуп чыкты.
- Оо кандай урматтуу адамдар келип калган биздин үйүбүзгө! Келиңиз урматтуу Януш!
Өтүңүздор!
Шандор акырын үйдү айланта карап, Миреланы издей баштады бирок көзүнө урунбады.
- Ким бар үйдө?- кошуна кемпир кирип келди.
Миреланын апасы алдынан тосуп чыгып
- Келиңиз, өтүңүз - деди
- Мына кечээ эле кичинекей кыздар минтип чоңоюп жуучулар келе баштады.
-Каяктагы жуучуну айтып жатасыз
- Тигине кирип Штефан менен сүйлөшүп жатышат го!
Кошунасы ала келген буюмун берип чыгып кетти. Бир сааттай олтурушуп келген коноктор кетип калышты. Кечки тамакка олтургандан кийин, Штефан сөз баштады.
- Кыздарым, апасы менин силерге айта турган сөзүм бар. Мирелага жуучу түшүп келишти. Буданын шаар башчысы уулуна кызыңдын колун сурап келиптир. Мен макулдугумду бердим.
- Ата, мен ага турмушка чыкпайм, ал мага жакпайт!- деп Мирела так секирип кетти.
- Аны мен чечем айттымбы болду! Качан ата- эненин айтканына кызы каршы чыкчы эле!
- Атаа- ыйлаган бойдон Мирела чуркап чыгып кетти.
-Кызым, эмне кылайын эми атаң чечкенден кийин, ага каршы чыкканга болбойт! Бизде салт ушундай да атасы кадыр барктуу адам экен, уулу деле жакшы болуш керек!
- Жок апа, уулу жакшы эмес, көптөн бери жаман түш көрүп кара уюган түтүн мени курчап жүргөнү бекер эмес. Карта салсам дагы жаман руналар түшүп жатат.
- Жакшылыкка жоруйлу кызым, баары жакшы болуп кетсин!
Эки күндөн кийин Шандордун атасы белек- бечкектерин алдыда турган үйлөнүү тоюна ромалардын салты боюнча бир топ нерселерди уулунан берип жиберди.
- Мен Мирелага жолугуп кетейин дедим эле
- Азыр чакырып коём.
Мирела моюн толгоп жатып араң чыкты
- Ии сулуу колго түштүң го ! Атыңды айткың келбей жатты эле эми менин аялым болосуң! Мени тоготпой, досторумдун көзүнчө сындырганын үчүн ар бир күнү менин бутума жыгылып кечирим сурап турасың! Ха-ха!
- Бул болсо сага берген белегим- чөнтөгүнөн алтын, сөйкө, билерикти алып чыгып, Миреланын таман алдына ыргытып жиберип, мыйыгынан жылмайып чыгып кетти!
УЛАНДЫСЫ БАР.....
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5