5-БОЛУМ
- Ромалар дагы кыргыздар сыяктуу байыркы эл.Биздин тубубуз Индиянын түндүк тарабында жашаган экен.
Илгерки замандарда жашаган арийлердин тукуму болобуз.Кыргыздар аны аруу эл деп коюшат,кыргыз өзү да аруулардан болот .Адамдын өткөн кезин , келечегин алдын ала көргөн олуячылыгы, көз боочулук азыркылар гипноз деп жүрүшпөйбү,деги эле магиялык касиетке ээ эл экенбиз да.Ошол касиеттерибиз үчүн куулуп ,ар кайсы жакка тентигенбиз.
Кайсыл цивилизация болбосун Египет фараондору,Византия ,Рим ...деги эле койчу жашап өткөн ар бир заманда цыгандарды кырып ,кубалап ,жок кылууга аракет кылышкан.Акыркысы тиги жырткыч Гитлер концлагерлерде 1500000 цыганды өлтүрүп,газ камераларда өрттөп жок кылган.
Дүйнөдө фашисттер еврейлерди эле кырган деп түшүнүп калышкан.Ал эми цыган болгону үчүн канча адам өлдү.СССРдин учурунда гана биз башка элдер сыяктуу окуганга, иштегенге укук алганбыз.
Бирок ,баары бир цыган десе эле , көзүнүн төбөсү менен карашат.Баары эле ууру эмес, көз боёмочулукту баары кыла бербейт.
Менин түпкү чоң атам " барон " болгон.Барон десе эле , алтындын баарын мойнуна ороп алган курсагы салаңдаган байды элестетет.
Барон - бул укум - тукумунан бери келе жаткан ромалардын аристократтары.Алар цыгандардын общинасын ,тобун башкарып балдардын келечегине,алыш- бериш , ич ара ромалардын мыйзамынын так аткарышына көз салган жетекчилер болуп эсептелет.Угуп жүрсөң керек,ромалар " табор" менен көчүп жүрүшчү, жылкыларды жанындай көргөн көчмөн эл болгон.
Кыздары ырга ,бийге жакын болушат.
-'Рада чоң апаң дагы убагында чимирилип,буту- бутуна тийбей укмуш бийлечи...
- Ээ Алия кызым,бул кемпир мынча эмне көп сүйлөйт деп жатасың го! Бабырап тээ илгерки кездин баарын айтып баштаптырмын да!
- Жок чоң апа,мага уккан аябай жагат.Таенемдин жомокторун дагы жатып алып уга берет элем,дагы айтып бериңизчи деп кыйнай берет элем...
- Анда тарактын жайын айтайын менин Мирела деген чоң апамдын эжеси болот.Ал укмуштуудай сулуу ,колунан иш келген,ырдаса кубулжуган үндүү ,бийлесе көргөн адамдын көзү кубанган керемет кыз болгон экен.
Атасы ошол кызын өзгөчө жакшы көрчү экен,Кайсы жакка барбасын ,кыздарына кооз зер буюмдарды алып келип берчи экен.
Ал кезде биз Дунай дарыясынын жээгинде жайгашкан шаарда жашачу экенбиз.
Күндөр өтүп,кыздары чоңоёт,атасынан чоң шаарга барганда,бизди да ала кетиңизчи деп сурана беришет.Мирела менен Флорика ( менин чоң энем) атасынын жанын койбой сурана беришип ,акыры атасы Будага экөөнү ала кетет.
Чоң шаардын базарын , дүкөндөрүн кыдырышып бир күзгү ,тарак жана башка буюмдарды жасаган бир зергердин устаканасына келишет.
- Менин кыздарым кайсы буюмду жактырышат болду экен ,каалаганыңарды тандагыла!
- Ата мен бул күзгүнү тандайм- деп Флорика бул күзгүнү кармайт.
Ал эми Мирела болсо эч нерсени жактырбайт ,ошондо зергер
- Мен өзүмдүн кызыма жасаган тарагым бар ,ошону көрсөтөйүн,бирок ал алтын менен сөөктөн жасалган,баасы да кымбат болот - деди уста зергер
- Акчасына карабай алам ,кызыма жаккан буюмду кантип алып бербей коём - деп алтын таракты сатып берет.
Жакында күн жылыганда цыгандардын Май- Маэто жаздын келишинин ,тамашанын майрамы болот.Ошондо таракты чачыма сайып алып бийлейм ,кыздардын баары кызыгат го деп ойлоп койду Мирела.
Күндөр өтүп ал майрам дагы келди,кыздар чуркашып , эң кооз көйнөктөрдү кийишип ,далыларына кооз гүлдүү жоолуктарын жамынышып койкоюп майрам өтө турган аянтчага бара башташты.
Акырындап бардык алыскы ,жакынкы шаар айылдардан келген ромалар чогулушуп ,шаар башчылары сүйлөшүп майрамды ачык деп жарыялашты.
Жаңыдан бой жеткен кыздар , өзүнчө топ- топ болушуп кыткылыкташып ,өзүлөрүнө жакындай албай карап турушкан кыл мурут боз уландарды шылдыңдап күлүп да жатышты.
Бийдин убактысы да келип ,музыкант цыгандар гитарасын чертип,бийлей турган кыздар четинен чыгып ,бийге кошула башташты.Кызгалдактуу талаада ,көп кооз көпөлөктөр учуп жүргөндөй болуп , жалаң жаш рома кыздар бийлеп жатышты.Кемпирлер өздөрүнүн жаш кездерин эстешип , түшүп калган тиштерин катууну унутуп ырсайышып ,юбкаларын обондун ыргагына салып чайпап бийлемиш этип жатышты.
Бийлеген кыздардын арасынан эң эле сулуусу , эң эле шыктуусу жибектей кара чачы согончогуна жеткен,кашы чабалекейдин канатындай,бели бир тутам ,көзү топтоголок карагаттай болгон Мирела эле.
Тегеректеп бийди карап турган элдердин көңүлүн Мирела буруп жатты.
Топтолушуп турган жигиттердин арасында шаар башчысынын уулу Шандор да карап турган эле.
УЛАНДЫСЫ БАР.....
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1