(23-аяккы бөлүмү.)
Мыйзамдын укуругу узун эмес-
пи,айылдын милиционери районго
билдирип,сөөк чыга электе,бир ма-
шина милиция келди,Кулубектики-
не.Кулубек жоош,момун киши бол-
гондуктан келгендер андан оңдуу
жооп ала деле алган жок,мурдунун
суусун шуу тартып,үн катпады.
Энеси алчы-таасын жебесе да,
катылгандын катыгын берип,өзү
унчукпаган,сырдана аял:-Өлөөр кы-
зым өлдү,өз жанын өзү кыйды.Би-
рөө жарымды күнөөлөгөн жок,өл-
түргөнгө себепчи болгон бирөө жа-
рым жок.Эгерде,бирөөнү күнөөлө-
сө,өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып,
мен жашырып коймок белем.Мол-
до менен мамилеси барбы дейси-
ңер,бир канча жылдан бери,ошол
молдо салган дем менен жашады.
Кана,эмне кагаз жазып,кай жерге
кол коюп берейин,майып шордуу
эч жакшылык көргөн жок,мектепке
бара албады,күйөөгө чыга албады.
Жок дегенде,сөөгү жерге тынч бе-
рилсин,азаны алаңгазар кылбай,
жолуңарга түшкүлө деп,кесе жооп
берди.Милициялар менен сүйлөш-
көн соң,сөөктү жууганга киргендер
тез эле бүтүшүп,казганактаган айылдаштар жаназага турушту.Чу-
чуктай чаңырган үн,Артыктын бир
тууган иниси Сансыздыкы,эжеке-
леп,басылбай,баарынын зээнин ке-
йитти.Сөөктү коюп келгенден ки-
йин,эл тарап,жакындары калган
эле,Ишеналы баштаган Абалбектин
жакын туугандары келип,Кулубек-
тин алдынан өтүшүп,колдоруна
бир топ акча карматып,сөөк сырын
сыртка чыгарбайлы,ансыз да,мой-
нун созуп тургандар толтура.Мили-
ция кулаалыдай,бир нерсе көрсө,
шап жармашат.Акыл-эстүү жансың
кандай болуптур,эмне болуптур,кыз
эмне деп жазыптыр деп,териштир-
бей эле,коёлу.Сөөктүн чыгымын то-
лук көтөрөбүз,аш-суусунун милде-
тин алабыз.Абалбек айылга жүрө
албайт,жер котороор,үй-бүлөсү ме-
нен.Бир айыл туруп,ыркка келгенге
не жетсин.Бечара Артык,жанын кыйбай эле,айтканында,никесин
кыйып,наристесин аман-эсен төрө-
түп,башын байлап,камын деле көр-
мөкпүз,ачуу душман,акыл дос деген ушул,айланайын.Артыктын
жаны жаннатта болсун,наристе "чечпей" кетти,бараары бейиштир,
куран окуп кой,алган силер ыраазы
болсоңор,берген биз ыраазыбыз
деген Ишеналы менен Тиленбүбү
кемпир,бата кылышып,чубала чы-
гып кетишти.
Кулубектикинен салбырап келген Ишеналы:-Тамагыңды эрте-
леп асып,Тиленбүбү жеңемди,Шаа
жеңемди,Эшеналыны,Казатты бай-
бичелери менен чакыр.Абалбектин
келинчегин эрте келип,жардам бер
де,балдарын ээрчитпей эле келсин.
Тигил акмакты бир жакка жылды-
ралы.Келин менен кеңешели.Бал-
ким төркүнүн беттеп кетээр,Балык-
чы орус аралашкан жер,кишини ки-
ши тааныбайт."Кудай менен кулак-
ташмын" деген акмак,молдонун да
атына көлөкө түшүрдү.Майыптын
этегин ачкан неме,жөн адамдын
жанын коёбу,бел куруна алы жетпе-
ген,көркоо.Төрт аяктуу айбан да,ак-
сак тескегин айланчыктап,арам-
дыкка барбайт.Арбак урган арам,
Жан акем жөн жатпай жатат го,кө-
рүндө."Молдоке" деп,баарыбыз кас
тарлап жатып,эки буттуу айбан эке-
нин билбеппиз го.Кудай арбактан
корктум,элге салганда,айылдын
балдары керип кетмек же,түрмөдө
чиримек.Санда жок тура,алаасына
алы жетпеген ит.Ээ,Жантөрө эмне
турасың,энеңе жардам бер,ал уулун
да акырая чаары чыккан көзү менен карап,жерге кагып жибере
жаздады.Айтылган сөздүн баары,
Абалбек эмес,өзүнө айтып жаткан-
дай сезилип,самоорго суу куйбай
эле,от жагып киргенин,ал өзү да,
байкабай калды.Качан гана мелт-
калт суу менен турган сыр чаканы
көрүп,самоорду кулактан алды.
Күүгүмдө,сөөк Ишеналыныкы-
нан чыккансып,уруунун аксакалда-
ры бириндеп,жерди оё басып,үйгө
кирип жатышты.
- Келин келе элекпи деген Ишеналыга:-Пейил түндө эле,эки баласын алып кетип калыптыр,Бе-
шимдин аялына ачкычын таштап,
издеп барбасын,ажырашам деп,
бир ооз гана айтыптыр.Баары тең
колунан бир нерсесин жулдурган
баладай олтуруп калышты.
- Эмне,итке иттей мамиле,иттин
ит экенин билип олтура бермек бе-
ле,чакыр айры бут акмакты деп,
заары бетине чыккан Ишеналы,
Жантөрөнү карады.Алдына Жантө-
рөнү салган Абалбек,шукшуюп,
амандашып,этекке олтурду.
Түркүн сөздөр айтылып,акыры
"көзгө көрүнбөй жогол" дегендей
эле,айтышты Абалбекке.Аялынын
балдарын алып кетип калганын ук-
канда,жер астын-үстүн болду Абал-
бекке.Күкүмдөй нерсе тамагынан
өтпөдү.
Бул кечки уруунун сакалдуула-
рынын аш чарасынан Жантөрө көп
нерсени өзүнө кабыл алды.Намыс
деген,ыйман деген,атанын атын булгабагандык,балдарыңдын ал-
дындагы жоопкерчилик,адамдык
сапат,деги койчу,жазылбаган адам
баласынын жашоо мыйзамын бузуу дегендик,суроо сопкуту жок,
бетиңе айтылган туура сөз,жөн эле
жиби жок муунтчудай тура.Менин
тирөөчүм бек,ата-энем бар үчүн ку-
туруп жаткан турбайымбы.Сен ушу-
ну туура эмес кылдың деген киши
болгон жок.Шоруң каткан атам,ме-
ни ээрчип,түшүнө кирбеген Нукуска
барып,болгон малын сатып,мен ба-
гаар учурда,мени багып жатканын.
Шордуу Абалбек кантет,аялы да ке-
тип калыптыр деп,эшикке чыгып,
кампа тамга кирди эле,канчага че-
йин кампа тамда жатмак эле,үйгө
киргиз.Кулубек издеп келип,өлтүр
өм десе,мени өлтүрөөр деген Ише-
налы Жантөрөнүн артынан кыйкыр
ды.
Абалбек Жантөрө кирээри менен:-Жаке,мен өлгүм келет,кайда
барам,балдардын бетин кантип ка-
райм,Пейил кечирбейт деп буркура-
ды эле:-Мен да жанымды кыя ал-
бай жатам,муну көрдүңбү,кетебиз
деп турганын деп,жанында деми-
тип турган Элчини көргөздү:-Ким
ал,мага эч ким көрүнгөн жок деди
Абалбек.Жантөрө Абалбекке болго-
нун болгондой айтты да,бизге ок-
шогон иттерге ит эле өлүм артык деп,кырчаңгы эшикти ачып,атасы-
нын мылтыгын алып чыкты да,
өлөсүңбү,азыр өлтүрөм.Өзүм да
өлөм,жарыкчылык биздей чөөлөр-
дөн арылат деп,Абалбекти мээле-
ди эле,ал кыйкырган боюнча,колу-
на жармашты."Тарс" деген мылтык
үнү жакындан угулуп,Каранар иттер
ди аңдып жатам деди эле,жайлады
окшойт деп,маасы өтүгүн чечип жаткан Ишеналы оозун жыя электе
дагы тарс деп үн чыкты.Чыкканда
да,жакын жерден чыгып,өтүгүн ко-
ңултак кийген Ишеналы эшикке
чыкты.Тымтырс тынчтыкты сарай-
дын шамалга ачылып,жабылып жаткан кыйчылдагы бузду.Эшигин
ачып,кампа тамдын жарыгы күйүп,
жерде сулап жаткан экөөнү,өзүнүн
мылтыгын көрүп,бакырды.
Айыл эли андайда,бүтүн кайгы-
га малынат эмеспи,заматта түрүлө
келип,эмне деп айтышаарын да би-
лишпей,эмшеңдеп,сөөктөрдү жай-
гарганга киришишти.
Адамдын көзү өткөн соң,анын
артынан "жер жамандап барбасын"
деп,кеп кылбаса,деги эле маркум тууралуу жаман кеп айтканга абийир деле жол бербейт эмеспи.
Той берчүдөй жаңы көтөргөн алты
канат ак боз үйдүн ички жасалгасы
бүтпөгөндүктөн,Жантөрө үйлөнгөн-
дө,жентек тойго чейин бүтүп,анан
тигем деген Сарамжалдын тилеги
катып,боз үйү уулунун сөөгүнө тиги-
лип,көгөрбөгөн көшөгөсү тушуна тартылып,ал аз келгенсип,эки төрөдөй жигиттин сөөгүнүн бирдей
жатышына,жашыбаган киши жок.
Бир гана ата сынып турду,бири өз
уулу,бири бир тууганыныкы,кечээ
эле арам өлгүр,арбак ургур деп ай-
тып,тилдин уусун өткөрүп жибер-
дим окшойт.Ит болсо да,аман жү-
рүшсө болбойт беле деп,ичинен
кан өтүп,боздосо адам жанына тура алгыс.
"Атышышыптырды" уккан айыл-
дын милициясы түндө келип,аяды-
бы,документи жок болсо,мылтык-
ты кайдан,ким алып келгенин бил-
бейм деп,түшүнүк жазып бер деп,
жаздырып кетти,Ишеналыдан.
Айылдагылар сөөк артынан сөөк жөнөтүп,жакаларын кармана,
Жантөрө менен Абалбекти жерге
берип жатканда,кулпу кошо көмү-
шүп,Артык бечара менен көрүшөөр
бекен дешип,Абалбек тууралуу кеп
ти узартып,Жантөрөнүн эмнеге өзүн атканына таң калышып,аялы
"кыз" боюнча кеткен,эркекчилиги
"мант" берсе,"катын өмүр" сүрбөй,
өлгөнү артык да деп,тыянак чыга-
рып коюшту.
Сөөктү жайына алып кирип ба-
ратканда,упузун кара көлөкө кошо
кирип кеткенин көргөн Ишеналы
"өх",акыры ээрчитип кетип жаның
тынды,акыретте кездешээрбиз,
баары бир жанын коймок эмессиң
деп,сүйлөнүп жатты ичинен.
Сөөкчүлөр өкүрүп кайтканда,Са-
рамжалдын кошогу кулак титире-
тип,"кулунуму"баарынын кулагына
сиңип,ыйлабаган жан калбады.
Экөөнүн кырк ашын өткөрүп жатканда,почточу Ишеналыга те-
леграмма берди."Корабльдар көрүс
төнү"сүрөт көргөзмөсү,Москвадагы
Третьяковский галереясынын кичи
көргөзмө залында өтөөрлүгүн,сый
конок катары Жантөрө менен Аймирди чакырган Ниададан келген телеграмма экен.
Ишеналы көпчүлүктөн Аймирди
издеп тапты да,телеграмманы колуна карматты.
(А Я Г Ы.)
Ханифа САДЫКОВА,08.10.2022.
УРМАТТУУ МЕНИН СҮЙҮКТҮҮ АСЫЛ ОКУРМАНДАРЫМ,"КҮҮГҮМДӨГҮ КӨЛӨКӨНҮ" АЯГЫНА ЧЫГАРЫП ЖАТЫП,БИР КАНЧА ТҮРКҮН ЭПИЗОДТОН ТУРГАН АҢГЕМЕЧЕЛЕР,КАДИМКИ ЭЛЕ ЖАШООБУЗДАН АЛЫНГАН НУКУРА ЖҮРӨК СЫЗДАТКАН ЧЫНДЫК ЭКЕНИН ӨЗҮҢҮЗДӨР ДА,БААМДАГАН ЧЫГААРСЫЗДАР.
БИР ГАНА ТИЛЕГИМ,КООМУБУЗ АКМАКТАРДАН ТАЗАЛАНЫП,ЖАЗА ЖАНЫН ЖЕГЕНДЕЙ,ЭКИНЧИ МЫНДАЙ ОКУЯЛАР КАЙТАЛАНБАСА ЭКЕН!
АТА-ЭНЕ БАЛА АЗАБЫН ТАРТПАСЫН,АР БИР ҮЙГӨ ЫРЫС
УЯЛАП,БАКЫТ БАЙЫРЛАСЫН!
ЫЛАЙЫМ,БЕКЕМ ДЕН СООЛУКТА
БОЛУП,ТИРҮҮЛҮКТҮН ЫРАХАТЫН
КӨРҮП,ӨМҮР КЕЧИРИҢИЗДЕР!
СИЗДЕРДИН АР БИР АЙТКАН,ЖАЗГАН ЖЫЛУУ СӨЗҮҢҮЗДӨР,СУНГАН ГҮЛҮҢҮЗДӨР,МЕНИ ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ҮНДӨП,СИЗДЕР МЕНЕН АР КҮН САЙЫН САГЫНЫШЫП ЖОЛУГУУНУ
НАСИП КЫЛДЫ.
БАР БОЛГУЛА,АСЫЛ ОКУРМАНДАРЫМ,ТАЗА ТИЛЕКТЕРИМДИН БААРЫН КАБЫЛ
АЛЫҢЫЗДАР,КАЙРАДАН ЖОЛУГУШКАНЧА,АМАНЧЫЛЫГЫҢЫЗДАРДЫ ТИЛЕЙМИН.
ТЕРЕҢ УРМАТЫМ МЕНЕН,
Ханифа САДЫКОВА.
08.10.2022-жыл.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9