(22-бөлүм.)
Ишеналы уулунун артынан кирди,өзгөрүп кеткен эч нерсе жок,Жантөрө деле тынч эле,өз бөлмөсүнө кирип кетип,чыкпады.Сарамжалга бир нерсе десе,ал сөзсүз,ким менен сүйлөштүң,кайда кеткен жатасың дээри бышык.Айтор,ою онго бөлүнүп,муну эми кандай кылабыз деп,ойлонуп жатмак болду.Түндүн бир оокумунда эшикке чыкты Жантөрө,эбак камдап үзүлбөгөндөй кылып,түйүп койгон пресстин жибин алып,эскилиги жеткен бастырманын устунуна байлады.Короодо Элчи чымын куюн болуп чуркап жүрөт.Мына сага,ай тим эле сүттөй жаркырап,баягы сарайды жапкан устундардын баарында асылганга ыңгайлуу илинип турган жиптерге сан жеткис,улам бирин кармайм деп,короону букадай эле челип айланды.Канча убакыт өттү ким
билсин,ал суй жыгыла чарчап,жипти көргөзбөй,тооккананын үстүндөгү жем салган эски мискейге салды да,үйдү акырын ачып,бөлмөсүнө кирип кетти.Эртең менен эрте турган Ишеналы,уулунун бөлмөсүн ачып,анын көмкөрөсүнөн түшүп,бышылдап уктап жатканын көрүп,эшигин акырын жаап койду.Жантөрө каалаган убагында турат,эл менен тамак ичкиси келбейт.Бүгүн да чарчагандай болуп тургандыктан,Сарамжал бир
нерсе дейин деп,унчукпады да,Кулубектин оорулуу кызы каза
болуп калыптыр,мен көз көргөзүп
келейин,байкуш оорунун азабын
жакшы эле тартты.Жаны жай алып акка моюн сунган тура деген,Сарамжал ордунан туруп,чыгып кетти.
-Эмне турасың,сени менен кетиш деле,оңой эмес окшойт де-
ген Жантөрө,терезеге жөлөнүп тур-
ган Элчиге,жини келип,тескери ка-
рады.Көзүн жумаары менен короо
ичи толгон асынган кишилер көрү-
нүп,асылган боюнча,терезеге бетин
коюшуп,Жантөрө эшикке кантип чыкканын билбей калды.Картаң кара жыгачтын түбүндө,мылтык майлап олтурган Ишеналы:-Эмне
болду сага,кебетеңди карачы,баш
аягыңды жыйнасаң боло,кара жаныңа бирдеме илештирип,кутула
албай жатасың.Акыл эсиң ордунда
болгондон кийин,тонго оронуп жата бербей,туруп оокатыңды кыл-
байсыңбы,эмне энең экөөбүз өлгөн
чө жатасыңбы,бул кебетең менен
бизге топурак да,салбайсың деп,
окураңдаган Ишеналы,ок-дары сал
ган тери баштыктын оозун бууду да:-Жолбун ит көбөйүп,айылга тынчтык бербей жатат,атаңдын көрү,жарыкта жолобой жатышат,ил
геркидей көз жок,атып жоготпосо,
карышкырдан беш бетер,кой-козуга
кол салып жатат.Айылдын балда-
рын алып,атып салсак десек,сезген
дей жолошпойт деп,кампа тамга
кирди да,мылтыкты жөлөп койду
бурчка.-Мен деле атам да,ата. Бирок,аларды айылдын иттеринен
кантип айырмалай алабыз деген
Жантөрөгө:-Аларды кой жайган жерге барсаң эле,ажылдаган кой-
чунун иттери таап берет деген Ишеналы,ок-дары салган башты-
гын,темир сандыгына салды.
Тээ көчөнүн башынан энеси Са-
рамжалдын карааны көрүнгөндө,
үйгө кирип,чай койгон Жантөрө эм-
негедир,чогуу олтуруп,чай ичкиси
келди.Ал келээри менен,Ишеналы
таза кийинип,кимдидир сөгүп,үй-
дөн чыгып кетти.
Сарамжал:-Чайыңды ич,тиги Абалбекти кудай уруптур,Кулубек-
тин оорулуу кызына дем салам,жин
шайтанын чыгарам деп,зордуктап
жүрүптүр.Кыздын боюнда болуп калып,уксус ичип алыптыр да,кат-
ты катыра жазып кетиптир.Атаң-
дар өлүк чыгымын көтөрүп,азасын
тарталы,өлөөр кыз өлдү,бир айыл
болсок,кечирим кыл деп,Кулубекти
кине кетишти.Чиедей жаш аялмет
неме,элдин ыркынан чыкпас деп
жатышат.Абалбектен дайын жок
дейт,тур чайыңды ичип үч коргонго
барып келчи,элдин түрпөтүн байка
деген,Сарамжал чай демдей баш,-
тады.
Абалбектин атасы Жандаралы менен Ишеналы аталаш,жакшы ка-
тышышып,ортодо улуу сыйы бар,
бир туугандардан.Айылдаштары Жандаралыны өмүрү атынан айт-
кан эмес,жаш-кары дебей,"молдо-
ке" дешип,улуу-кичүү дебей,алды-
нан кыя өтүшчү эмес.Айылдагылар
дын кимисине болбосун,аяр мами-
ле жасап,балдарга дем салып,акыр
кы сапарга узатып,жада калса,мар-
кумга казылган жайга,биринчи өзү
жатып көрчү дейт.Аялы Саябан ка-
за болгондо,баласы Абалбек,жый- ырмага жаңы гана чыккан,энеси-
нин жаназасын окуп,элдин баары-
нын оозун ачырган.Андан кийин,
Селимди майрам сууга алганда,
сөөк жуугандарга,кандай жуушту
көргөзүп берип,айтып "мыкты,мык-
ты",баралына келсе,чоң молдо бо-
лот деп,жалпы элдин,алкоосунда
калган.Атасы каза болгондо да,
өзү жайгарып,айылдын молдосу болуп калган.Аялы да,башы оор,
мыкты келин болуп,Абалбек айыл-
да,кадыр менен сыйга татып,ата-
сынан алып калган илимине бай-
ланып,жаш болсо да,оозго алынып
калган.Жандаралынын ордун баскан баласын кара,"киши болоор
кишинин киши менен иши бар" де-
ген ушул,ордун таап,молдоке бол-
ду дешип,тамшанып жатышканда,
шайтан как "казыкка" сайган тура,
эми эмне болот дешип,кулак түрү-
шүп,айыл уу-дуу.Участкалык мили-
ционер сөөктү көрөйүн десе:-Эми,
өлгөндө да кордобогула деп энеси
жуутпай,кыздын катын бериңиз
десе:-Көзүмө көрүнбөй кет,эмне бо-
луп өлсө да,сөөк меники деген экен,Терек уулунун сакалдуу-көкүл-
дүүсү,жылкысын чалкайтып союп,
"колубуз менен кылганды,мойнубуз
менен тарталы" деп,сөөккө буту-бу-
туна тийбей,кызмат кыла башташ-
ты.Жогорку айылдын молдосун
алып келишти,тээ киши таанылбай
калганда:-Жүрү,тиги акмакка ба-
рып келели,биздин айдоодогу саманда жатат,эптеп караңгыда
үйгө ээрчитип келели,сөөк коюлган
соң,бир жаңсыл болоор.Кулубектин
кун куур алы жок,бир айласын кы-
лаарбыз деген Ишеналы,Ала аягын
токуй баштады.Бири атчан,бири жөө эки караан бирин бири эле таа-
ныбаса,аларды эч ким тааныбайт
эле.Саманга жакындаганда эле,
"молдоке,кайдасың" деп,атасынын
чакырганын уккан Абалбектин боортоктоп,чыгып келе жатканын
көргөн Жантөрө,колундагы кайыш
камчы менен жондон ылдый тартып алгысы келди.
Түбүң түшкүр дүйнө шок,бир боор болбосо,түн катып ушул жерге
келет беле,Ишеналы.Абалбекти атына учкаштырып,жол менен кет-
кенден корунуп,аңыздын алды ме-
нен жөнөштү.Ишеналынын үйүндө
жарык жок,бир чети ырас,көрүнбөй
кирип кетебиз деген менен,бир че-
ти Сарамжал тамак-аш даярдабай
кайда кетип калды деп ойлоду.
Алар ичкери киргенде эле бышкан
эттин жыты мурунду өрдөп,Сарам-
жал сорпого кесме салып жаткан
экен:-Ырас маалында келбедиңер-
би,бирөө жарым көрбөсүн деп,тере-
зелерди да,караңгылатып салгам,
эшикти иле келгиле,сактыкта кордук жок.Элдин кеп сөзү тыйыл-
ганча,көздөн далдоо туруп турса
деп божурап,бир табак этти дастор-
конго койду.Абалбекте үн сөз жок,"ал,же"дегенден башка сөз бол-
боду."Кампа тамга орун сал,ошондо
жатып турсун,Жантөрө акырын та-
магын берип турсун,Кулубек менен
биротоло чечишип алалы деген Ишеналы,сыртка чыгып кетти.Жан-
төрөгө жууркан төшөк көтөрткөн
Сарамжал,Абалбекти тез эле жай-
гарып,сырттын жарыгын күйгүздү.
Жантөрө Абалбектен кичүү бол-
гон менен,чыбык ат минип,чогуу
чоңоюшкан.Ата-энеси жаткан соң,
кампа тамга барып,Абалбек менен
сүйлөшкүсү келди,эшикти акырын
ачты да:-Коркпо,менмин.Бир аз
сүйлөшөлү,чыныңды айтсаң,чын
эле ошол ишке бардыңбы,аялың
бар го,деди жай гана.
-Ээ,Жаке шайтандын иши да,
зордугу жок эле,макулдугу менен
кошулуп жүрчүмүн.Билесиң,тубаса
майып,ага эч ким деле үйлөнбөйт
эле,өзү дем салып бериңиз дей бе-
рип,сообуна калайын,эркек көрбөй
кетеби деп,барганым чын.Кичине-
кей кезинде,энеси талаа станында
тамак жасачу,бир жаш тракторист
бала бузуп коюптур деп укканым
бар эле,анан кирип кеттим.Чын
эле кыз экен,боюна болуп калаарын кайдан билдим.Андан кийин ал деп,кыйнай баштады,ой-
лосоң кантип алам,болбойт десем,
"өлөм" деген,"өлө бер" дедим,өлөт
деп,ойлогон жокмун.Минтип,өлөө
рүн билсем,башкача кылаар элем.
Барынан да,жаманаттысын айт,үй
бүлөм кантет,селдеме чок түштү
Жаке,андан калса,көзүмө да,көрү-
нүп жатат шордуу,эми эмне кылам
Жаке,элдин бетин кантип карайм.
Бул көрүнүш Жантөрөгө тааныш
болгондуктан,ал анча деле маани
бербестен:-Эмне дейт,жаныңа келип алдыбы деп сурады эле:-Кой
соңчу тамашаңды,өлүм кимди кор-
кутпайт,жаныма келсе,жан берээр-
мин.Эстесем,эле элестеп,көз алды
ман кетпей жатат.Айылдан көчүп,
кайда барам,аялым да,кечирбесе
керек,жашагым келбей жатат Жаке,эмне кылам деп,зыркырады
Абалбек.-Эмне кылмак элең,жан
таттуу да,байкуш Артык кантип кый
ды жанын,кыйгың келсе,кый ошен-
тип,уксус ич,асылып өл.Бирок,адам
жанын тек кыя албасын жакшы би-
лем.Андан көрө,көзүмө көрүнүп,жа
ныма жакын жолобо,деп тиле.Аа,
сен молдосуң да,"сүфүлөп"жоготуп
коёсуң деди карт күлүп.
Абалбек Жантөрөнүн мазактап
жатканына жаны ачыса да,ооз ач-
пады.
-Бол кеттик деп,желкелеген Элчиге,кеттик деди жай гана.Мени
айттыбы деген ойдо:-Кайда,деген
Абалбекке,сага айткан жокмун деп,
"ырчы"эшикти ачкан Жантөрө сырт
ты көздөй кадам таштады.
-Коё турсаң,сүйлөшөлү деди Аб
албек,көзүмдү ирмей албай жатам.
-Уктабай деле каласың,көнүп кете
сиң,андан көрө Артык келбесин деп тиле деди Жантөрө,кайрылып.
-Мазактачу убак эмес,Жаке.Кел-
се,ажалдан биринчи өзүм кетээр-
мин.Бирок,жашагым келбей жатат,
Жаке.Жанымды кыйнабаган өлүм
болсо,кейибес элем.Элге батпай,
жерге батпай күн өткөрүү да,тозок
ко тете.Мага жарыкчылыкта да,
чын дүйнөдө да,орун жок.Тозок-
тун отуна күйсөм керек.
-Ха-ха-ха тирүүчүлүктө кылган
ыплас ишиңден коркпой,тигил жак-
тагы тозогуңдан корксоң,жаша анда,эмиле эле,кантип жашайм деп,жатпады белең,эки дүйнөнү тең билген үчүн,бир бечеранын ма-
йыптыгынан пайдаланып койдуң-
бу?Экөөбүздүн орун тозоктун тозо-
гунда,балким чогуу барсак,тигил
жактан сактап калаарсың,молдо-
келер жакынырааксыңар,бейиш-
тин төрүн көрүп,тозоктун отун жа-
гып келгенсип,элге акыл айтып,ый
манга үндөсөңөр,көмөкөйүңөрдөн
чаң чыгат.Өлүмдөн молдо коркобу,
айылдын молдосу деп,астыңдан
чыккан итти да кууп,улуу кичүү де-
бей,"молдоке" деп,ыйманын ыйбаа
кылган сыйды көтөрө албай,жан
жериңе ээ боло албай,ата тегиңди
булгадың,мен да булгадым,экөө-
бүз эки буттуу айбандан айырма-
быз жок.Ажал бизди алгандан жи-
йиркенип качып жүрөт деди,Жантөрө жанды күйгүзө.
(Уландысы бар.)
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3