
Имам Газали (رحمہ الله تعالــﮯ) айтат:
«Бир адам Абдуллах ибну Мубаракка келип, балдарынын арасынан кээ бирлери начар экенин айтып арызданат. Ошондо ал адамдан:
– Ал балаңа каршы дуба кылган жок белең? Каргыш сөздөрдү айткан жок белең? – деп сурайт.
– Ооба, айткам, – деп жооп берет. Ошондо ага:
– Анда аны өзүң бузган турбайсыңбы, – деп айтты». («Аль-Ихья», 2/230)
Ата-эненин баласына кылган жакшы тилеги да, каргыш сөздөрү да кабыл кылынат. Эгерде баланы жаштайында ар кандай сөздөр менен каргай берсе, анда анын айткан сөздөрү ал чоңойгондо сөзсүз таасирин берет. Кээ бир ата-энелер басса-турса балдарын каргап шилей берет, мисалы, өлүп кет, кара жерге кир, какпаш, көк мээ, адам сыягың жок, шалсың, колуңдан эч нерсе келбейт, итсиң, эшексиң деген сыяктуу каргыш сөздөрдү айтышат. Бул айтылган сөздөр ошол жерде эле калат деп ойлойт. Бирок ал сөздөр баланын тагдырына, келечегине терс таасирин тийгизерин билбейт. Ата-энеси баласына кичинесинде кандай сөздөрдү айткан болсо, анын мөмөсүн баласы чоңойгондо көрөт. Ошондуктан балага жакшы тилектерди, жакшы сөздөрдү гана айтуу зарыл.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4