
-Кагылып кетейин, бери келчи,-небересинин кылык жоругуна тойбой кагылып алган Айша, "эгерде өз жатыныман чыккан балдарымдын балдары болсо кандай болмок" ойго чөмүлө түштү.
Ойносо оюнга тойбой турган кези каргашалуу согуш учуруна туш келип калды. Эртеден кечке кыбырап тырмалап тапкан ташыганын фронтко жөнөтүп турушбады беле. Анда айылда бирин серин эле үйлөр болгон.
-Ата апа сорпо ичесиздерби?- биринен бири өтүп жарышкан тогуз он жаштагы үч кыз жарыша сурашты.
-Иий ананайындарым кандай сорпо экен, - деген кемпир сыйпалап таягын таап сыртка чыгып тосуп алды. Оңойлук менен киши баспаган дөңсөөгө жайгашкан эле үйлөрү. Жалгыз карааны болуп жүргөн уулу да согушка аттанып кеткенине көп болгон. Ошондон бери бири бирин жетелеген көзү азиз кемпир-чал өлбөстүн күнүн көрүп жашоо кечирип келишчү.
-Ысыгында ичип аласыздарбы?
-Макул садагаң болоюндарым. Өзөк жалгабаганыбыз эле болбосо ысык тамак ичпей калбадыкпы. Атың өчкүр согуш болбосо , жалгызыбыз караан болбойт беле? Мууну бошой түшкөн кемпирин абышка тыйган болду. Кыздардын куюп берген сорпосун ичип алып отуруп калышты. Күлкүлөрүн тыя албаган үчөө :
-Көр болсо ушул экен да, көр чычкандын сорпосун ичип, этин жеп алдыңар го.
-Ок эмне дейт,- кемпир окшуп жатып калды.
-Ооба, жеп алдыңар,- деп төмөн чуркап кыздар өөнгө түшүп кетишти. Жолдо токтоп алып, кылган иштерине маашырланып күлүп жатышты. Талаада иштеп жүрүшүп кармап алышкан эле да. Акылдуусунуп Калипанын айткан акылы эле , экөө аны коштоп калышкан.
Кемпир ыйлап күбүрөнүп отурат.
-Тукумуңар уланбай калсын, жарыбагырлар. Абышка да арданып отурган.
Арадан канча жыл өтүп , жыргал жашоого да жетишишкен. Ар бири түтүн булатып жашоонун жыргалын татып отуруп да армандары бар үчөөнүн. Колдорунда бапестеп баккан балдары бар. Бирок..... аттиң. Өз кан жанынан чыкпады, баары багып алышкан эле. Үчөөнүн тагдыры үч түрдүү эле. Калипанын күйөөсү үстүнөн аял алып экинчи турмушунан көргөн балдарын асырап калды. Бирөөсү балдар үйүнөн багып алды. Ал эми бирөөсү аялы каза болуп калган жигитке турмушка чыгып балдарын карап калды. Кудайдан тилегендери эле күнөөсүнүн кечирилиши эле.
Бул дүйнөгө түркүк болчу киши жок экен го. Жашоо өз нугунда өтүп, улам жыл өткөн сайын бирден кете беришти. Аллахым билип билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип , бейиштен орун берсе экен.
ИНТЕРНЕТТЕН АЛЫНДЫ.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев