"ЖАМАНДЫК КЫЛЫП,ЖАКШЫЛЫК КҮТПӨ"
Бир ыймандуу инсан,бир байга кул болуп кызмат кылат эле.Бир күнү бай ага жерге буудай сепкин деп буюрду.Ал инсан буудай ордуна арпа септи.Муну көргөн бай ачууланып.
— Мен сага буудай сепкин деген элем,эмне арпа септиң?—деди.
Анда ыймандуу инсан мындай деди:
—Арпа сепсем буудай өнбөйбү?
Бай каарданып:
—Эсиң барбы, эч качан арпадан буудай өнмөк беле?—деди эле.Ыймандуу инсан.
— Андай болсо, эмнеге сиз калайык ,эл— журтка зулумдук менен жабыр тарттырасыз дагы,алардан жакшылык үмүт кыласыз.Жакшылык кылсаңыз жакшылык,жамандык кылсаңыз,албетте жамандык кайтат.
Арпадан буудай өнбөгөн сыяктуу,калайыкка азар берип,анан дагы жакшылык үмүт кылбаңыз,— деп жооп берген экен.
Баян кылган Аруузат Муслима
aruuzat88
17 Август 2015 - 14:40
"ТАХАЖУД"
Бир улуу шейх айтат."Бир күну түндөсү өтө каттуу уктап түнкү намазга тура албай калдым.Түшүмдө өтө сулуу бир кызды көрдүм, андай сулуу кызды эч жерде көргөн эмесмин.Андан өмүрүмдө эч бир жолу жыттанбаган жагымдуу жыт чыгып атты.Ал мага бир баракча берди.Ошол баракчада мындай деген эки сап сөз бар эле."
"СЕН УШУНЧАЛЫК КАТТУУ УЙКУГА БЕРИЛГЕНДИКТЕН, ӨЛҮМ КОРКУНУЧУ БОЛБОГОН ТҮБӨЛҮКТҮҮ ЖАШАЙ ТУРГАН БЕЙИШТИН БИЙИК ҮЙЛӨРҮНӨН КУР КАЛДЫҢ"
"УЙКУДАН ОЙГОН .....!!!! ТАХАЖУДДА КУРАН ОКУУ БУЛ УЙКУДАН БИР НЕЧЕ ЖАКШЫ"
Ошондон баштап качан уйкум келгенде ушул эки сап сөз эсиме түшөт"
"Фазаил амал"
Баяндаган Аруузат Муслима.
aruuzat88
17 Август 2015 - 14:48
"ҮЧ УЛУУ ТАБЫП"
Бир табып катуу ооруп жатып калды.Анын шакирттери жыйылып устаттын дарылоого киришти.Орулуу устат аларга:
—Сүйүктүү шакирттерим, мени дарылаш үчүн ашыкча азап чекпегиле, мен эми түзөлүүдөн үмүт үзгөмүн,өлүм катарым жакын калган окшойт.Көзүм өткөндөн кийин өтө эле кокуй—наалат кыла бербегиле.Мен өз ордума үч улуу табып калтырып кетемин,Ушул зор үч табыптын кеңештерине баарыңар көңүл буруп,башкаларды дагы ошого моюн сундургула, —деди.
Шакирттеринин бири.
— Биздин азиз устатыбыз, сизден кийин ордуңузда кала турган үч табып кимдер?—деп сурады.
Устат көздөрүн ачты да,жанындагы шакирттерине мындай деп жооп берди.
— Силер айткан үч табыптын биринчиси.
Тазалык.
Экинчиси тамакты кылдат ичүү.
Үчүнчүсү— дене тарбиясы.
Дайыма таза ,тыкан болуу, карын тойгон соң,кайра— кайра жей бербестен,өз өлчөмдө тамактануу, ичимдикти тыюу,дене мүчөлөрүн аракетсиз калтырбастан дене— тарбия менен алектенүү,намаз окуу да дене тарбияга кирет,—мына ушулардын бардыгы адам саламатчылыгын сактоочу эң улуу табыптар эмеспи?— деген экен.
Баян кылган Аруузат Муслима
aruuzat88
17 Август 2015 - 15:03
"АК КӨҢҮЛ, ЫЙМАНДУУ ИНСАН"
Бир ак көңүл ыймандуу,билимдүү адамдын үйүндө чычкандар аябай көбөйүп кетти.Адамдар ага.
— Эмнеге үйүңө мышык бакпайсың?—дешти.
Мышык чычкандардын айгагы экендигин билесиң го,эгер бир эле мышык баксаң,чычкандардын чабуулунан кутуласың,—дешти.
Билимдүү,ыймандуу адам аларга:
—Туура айтасыңар,бирок берген кеңешиңерди дилим ,жүрөгүм кабыл албайт.Эгерде мышык баксам, бардык чычкандар мышыгы жок кошуналарымдын үйлөрүнө таралышат,кошуналарыма көптөгөн азап келтиришет.
Өзүмө каалабаган нерселеримди кошунуларыма каалайынбы?
Өз пайдамды көздөп,башкаларга зыян келтирейинби?
—Жок, бул ишти көңүлүм таптакыр кабыл албайт,—деп жооп берген экен.
"ТУТКАН ЗАТЫҢ ДИЛИҢЕ ТӨП КЕЛБЕСЕ.
АНДАЙ ЗАТТЫ БӨТӨНГӨ ЫРАА КӨРБӨ"
Баян кылган Аруузат Муслима
aruuzat88
17 Август 2015 - 15:19
"ҮЙҮҢӨРДҮ МҮРЗӨГӨ АЙЛАНТЫП АЛБАГЫЛА"
"Пайгамбарыбыз саллаллоху аллейхи ва саллам айтты"
"Үйүңөрдү мүрзөгө окшотуп албай,Куран окуу менен нурлантып тургула,Куран көп окулган үйдүн куту, берекеси артат,Анын ээсине жакшылыктар жаайт,Жердегилерге асмандагы жылдыз кандай жаркырап көрүнсө,асмандагыларга ал үй дал ошондой болуп көрүнөт"—деди. .
ҮЙҮҢҮЗДӨ КУРААНДЫН ҮНҮ ҮЗҮЛБӨСҮН... .
"Фазаил амал" Аруузат Муслима


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2