“Бет – жан дүйнө күзгүсү” дегендей, организмдеги өзгөрүүлөрдү жүзүбүз аркылуу билсек болот. Жүздөгү ар бир бырыштын, кычышуунун келип чыгуу себеби бар. Ошондуктан жүзүңүздөгү маселе жараткан аймактарды жакшылап карап ден соолугуңуздун абалын билип алыңыз.
Ооздун айланасы
Ооздун айланасындагы сызыктар тамекини көп тарткандан пайда болот. Жарылып кеткен жер болсо В витамининин аздыгынан кабар берет. Эриниңиз кургап кетсе, анда организмиңизде суу жетишсиз же гемоглобиниңиз төмөн.
Маңдай
Маңдайдагы горизонталдык сызыктар тамак сиңирүүнүн начардыгынан, ал эми эки каштын аралыгындагы бырыш стресстен, тамакка же суусундукка болгон аллергиядан кабар берет. Маңдайдагы безеткилер болсо боордо же ичте маселе бар экендигин билдирет.
Кулак жана ээктин айланасы
Кулактардын кычышуусу – аллергиянын жана D витамининин жетишсиздигинин белгиси. Ээгиңизге безетки чыкса, май түтүктөрүңүз таза эмес жана А витамини жетишсиз.
Тери
Териңиздин алдында анча чоң эмес дөбөчөлөр болсо, анда сизге туура келбеген косметиканы колдоносуз, же болбосо макияжыңызды чала өчүрөсүз. Эгер териңизде сепкил көп болсо, ички органдарыңызда токсиндер чогулуп калган. Териңиз майлуу болсо, туура эмес тамактанасыз, тагыраагы, майлуу, ачуу, таттуу жана куурулган тамактарды рационуңуздан чыгарыңыз.Көз
Көзүңүздүн асты кара шишик тартып турса, демек, сүт, дан азыктарын көп колдонбойсуз же алкоголду көп ичесиз. Көздүн агынын карарышы болсо канда темирдин жетишсиздигинен кабар берет.
Башка аймактар
Ооздогу жара, тамактын сезгенүүсү – тиш этиндеги оору, иммунитеттин төмөндүгү.
Ооздогу жагымсыз жыт – боор, ичеги-карын оорулары, же тиш оорунун белгиси.
Ооздун кургашы – организмде суунун жетишсиздиги жана диабеттин белгиси.
Тиштердин саргаюусу – кара чай, кофени көп ичкендиктин, антибиотиктерди көп колдонгондуктун белгиси.
#11
#Бакыт_Уйу тайпасы


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1