
Абалтан адам баласы жаш болуунун, өмүрдү узартуунун аракеттерин көрүп, айрымдары өмүрүн узартуу үчүн ар кандай эрежелерди да аткарып келишет. Заман улам жаңырып, кылым алмашкан сайын адамдар узак жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Узак жашоого эмнелер өбөлгө болоруна кызыксаңыз, жоопту төмөндөн таба аласыз.
Эң узак жашаган адамдар
Ширалы Муслимов
Өмүр бою тоодо мал багып чабандык кесипти аркалаган азербайжан улутундагы Ширали Муслимов 1805-жылы төрөлгөн. Ал 1973-жылы 168 жаш курагында каза болгон. Өзүн дайым сергек жана кайраттуу алып жүргөн Ширали 136 жашында 56 жаштагы Хатум-ханум аттуу айымга үйлөнгөн. Хатум-ханум 104 жашка чыкканда дүйнө салган. Өмүр бою табигый тамак-аш менен азыктанган Ширали Муслимов узак жашоосунун сыры катары адам ар дайым кыймыл-аракетте жүрүшү керектигин айткан.
Түбөлүктүү Ли
Дүйнө жүзү боюнча эң узак жашаган адам Ли Цинъюнь аттуу кытай жараны болгон. Ал 1677-жылы төрөлүп, 1933-жылы 256 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн тоолуу Сычуань аймагында өткөргөн. Ли дарылык касиети бар чөп-чарларды жыйнап узак жашоонун сырын билүүгө жетишкен. Ал өмүрүндө 23 аялын өзүнүн узак жашы менен жерге узаткан. Ал эми акыркы 24-аялы түбөлүктүү Лини акыркы сапарга узатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал узак жашагысы келген адамдарга: “Жүрөгүңөрдү бир калыпта тынчтыкта алып жүргүлө, таш бакадай жай олтургула, сергек болуп тың жүргүлө жана ит сыяктуу уктагыла”, - деп кеңеш берген.
Дэйзи Макфадден
101 жаштан ашкан америкалык Дэйзи Макфадден узак жашоо үчүн газдалган суусундуктардын ордуна сүт, табигый таза суу жана жемиштердин ширелерин ичүүнү сунуштаган. Мындан тышкары ал узак жашагысы келген адамдар кичине тойбой калгандай болуп тамактануулары керектигин жана жашап жаткан ар бир күнүнө ыраазы болуу зарылдыгын айткан. Өтө тоё тамактануу адам өмүрүн кыскартарын, ал эми тамакты 40 пайызга азыраак жеген өмүрдү бир жарым жылга узартарын окумуштуулар байкоонун жыйынтыгында айтып чыгышкан. Эң кызыгы, Дэйзи Макфадден өмүр бою жумасына бир жолу 50 грамм вино ичип турган.
Виола Кроусон
Карылыкка моюн сунбаган Виола Кроусон ар дайым жүзүнө көңүл буруп боёнуп, тырмактарын заман талабына ылайыктап жасатып жүргөн. Бул аял пенсияга чыккандан кийин “үйдө олтуруп калдым” дебестен өзүнө ылайык жаңы иш ойлоп таап, ар күнү кыймылда болгон. Анын өзүн камсыздаган иши күнүгө эрте менен жумушка барчудай эрте туруп муздак сууга жуунуп, таңкы көнүгүүлөрдү жасап, жүзүнө жана сырткы келбетине көңүл буруп, андан кийин күн бою бир да мүнөт бош отурбоонун аракетинде болуп үйүн, короосун жыйнаштыруу болгон. 101 кышты ашып, 101 жазды тоскон Виола Кроусон узак жашоонун сыры деп ар күнү таң эрте денесине толук муздак суу куюнууну жана ар дайым кыймыл-аракетте болууну айткан.
Элмер Истон
Дайым жөө жүрүүнү адатка айланткан Элмер Истон өткөн жылдын декабрь айында 102 жашка чыкты. Ал: “Менин узак жашоомдун сыры ар дайым жаш муундар менен сүйлөшүп, алар менен пикир алышып эс алганымда. Алардын жанында өзүмдү ар дайым жаш сезгенимде жана бош олтурбай баш катырмаларды таап, эс-тутум көнүгүүлөрүн жасаганымда”, - деп айткан. Узак жашоону каалаган адам буларга кошумча ар дайым спорт менен машыгып, эс алуу күндөрү шаар сыртына чыгып балык уулап, кандай гана иш кылбасын, ишинен ырахат алууну адатка айлантуусу керектигин кошумчалаган.
Жон Рокфеллер
Дүйнө жүзүнө таанымал миллиардер Жон Рокфеллер да узак жашоочу инсандардын катарына кирет. Ал учурда 97 жашта. Анын узак жашоо сырлары: тамакта май жана холестериндер аз болуп, тамак бууга бышырылыш керек, күнүгө аз-аздан ченеми менен жер-жемиштерди чийки түрүндө жеп туруу зарыл, ар дайым дене көнүгүүлөрүн жасоо менен бирге таза абага чыгып эс алууну адатка айлантуу абзел. Эң башкысы кандай гана кырдаал болбосун, адам өзүн бир калыпта кармай билүү керек. Мындан тышкары 8 сааттан кем эмес уктоо - башкы талап. Ал эми уктоочу бөлмөнүн температурасы ар дайым 18 градус болушу керек.
Адам өмүрүн узартуучу азыктар
Кара шоколад. Бул картаюуну жайлатып, оорулардын алдын алууда полифенол деген заттын ролу чоң. Полифенол кара шоколад, кара өрүк, мисте, жүзүм, кара жана көк чайда, цитрус жемиштеринин курамында болот.
Түстүү капуста. Чачтын, тырмактын, теринин абалын жакшы сактап жана сулуулукту арттырууда биотин эң негизги ролду ойнойт. Биотин жетишсиз болгон учурда адам унутчаактык жана кан басымы менен ооруйт. Түстүү капуста, төө бурчак, буурчак жана жер жаңгактын курамында биотин заты арбын.
Күрүч. Узак жашоочу адамдардын негизги тамактарынын катарына күрүч кирет. Узак жашоочу япон эли негизги тамагы күрүч тууралуу “биздин узак өмүр сүрүүбүздүн сыры күрүчтө жатат” деп айтышкан. Бул дан өсүмдүгүнүн курамында туз жок болгондуктан ал организмдеги тузду сүрүп чыгаруучу дары катары колдонулат. Мындан тышкары ал организмдеги шлактарды айдап чыгуучу касиетке да ээ.
Бадам. Бадам жаңгагынын пайдалуулугу өтө көп. Диеталык касиеттери жогору, курамында каныккан майлардын деңгээли төмөн, ал эми каныкпаган май кислоталарынын деңгээли жогору келет. Мындан тышкары курамына марганец, никель жана йодду камтыйт. Андыктан бадамды азык катары гана эмес, дары катары дагы пайдаланышат. Ошондой эле грек жаңгагы, курма, мисте да адамды жашартуучу жана картаюуну жайлатуучу касиетке ээ.
Бал. Ден соолуктун чың болушу үчүн ар бир адам суткасына 3-4 чай кашык бал ичип туруусу керек. Себеби бал нерв системасын эс алдырат, жүрөктүн булчуңдарын чыңдайт, канды тазалап турат жана адамдын күчүн калыбына келтирет. Физикалык оор жумушту аткарардын алдында жана андан кийин бал колдонуу узак жашоого өбөлгө болот.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5