
4-БОЛУМ.
– Мезгилиңди таптым...
Кимди? Оо, Кудай, Мезгилге жолуккан белем, шарт жаткан ордумдан тура калдым.
– Мына, мына... Сенде кайдагы уйку?
Кайрат мени шакабалагандай, өзүнө жарашыксыз жылмайды.
– Мезгилге кайдан жолуктуң? Аманбы деги?
– Алия, мен күйөөңмүн го. “Кайда жүрдүң? Каякка бардың?” деп сурап койсоң боло? Менден дагы ошол Мезгил артыкпы?
– Сен мени мажбурлап аял кылганыңды унутуп койдуңбу?
– Демек, дагы эле койнуңда жаткан эриңди жаныңа жакын жолоткуң келбейт экен да, ээ?
– Кандай ойлосоң ошондой ойло...
– Бир турмуштан өткөндөн кийин, жанагы Мезгилиң сени караарына деле көзүм жетпейт.
– Бир билип кой, биздин ортодо сүйүү бар. А сен сезимдерди түшүнгүң келбейт.
Саамга унчукпай калганынан Мезгилге кайдан жолукканын кайталап сурадым.
– Алия, мен эс алышым керек. Саат ондо маанилүү иштерим бар. Катуу айтсам кечирип кой. Мен сен ойлогондой сезим эмне экенин билбеген карамүртөз, орой адам эмесмин. Менде дагы эл катары жүрөк бар. Ошол жүрөк бир сен деп согорун эсиңден чыгарба.
Буурчак-буурчак жаштарым Кайратка көнүмүш болуп калгандай, ыйлап-ыйлап сооронот деди көрүнөт, унчукпастан коңурукту кош тартып уйкуга кирди. Ошону менен Кайраттын Мезгилге жолугуп-жолукпаганы мага табышмак бойдон калды. Алгылыктуу жооп бергиси келбегенден кийин, андан кайталап суроонун кажети жок болчу...
Жакында боло турган үйлөнүү тойго Нарындан мал алмакчы болуп кайнатам айылга кеткен. Таң эрте чай үстүндө кайненем кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өңү кумсарып жаман боло түштү.
– Жеңе, сизге эмне болду?
– Акыркы күндөрү бардык жаман-жакшыга эле ушинтип жүрөгүм кармап кала турган болду. Өткөндө Алияны алып келгенде да кубанычтан дал ушинтип жүрөгүм лакылдап, жаман боло түшкөм. Тиги бөлмөдө дарым бар, алып келип бергилечи...
Кайнагам менден муздак суу алып келишимди өтүндү. Мурда-кийин мындай абалын көрбөгөнгө баарыбыз коркуп турдук.
– Телефондон ким менен сүйлөштүңүз? Деги тынччылыкпы?
– Ой, тиги Сагида аяшыбыз аварияга учураптыр... Ошого катуу кайгырып, жүрөгүмө жакын кабыл алып жибердим окшойт.
Дары ичкенден кийин деле жакшы оңоло албай турган кайненемди доктурга кайнагам аялы менен алып бармай болду.
– Мен үйдө эле калсам болобу?
– Жок, жалгыз калтырып Кайраттан тил уккудай алым жок. Анын үстүнө үйдө жалгыз коркосуң.
Мени үйгө жалгыз калтыруудан кетип калбасын деп коркуштубу, айтор, бирге барарыбызды айтышты. Жолдо катар "бул шартты пайдаланып качып кетсемби" деген ойго берилип, өз оюм менен алекмин.
– Өх, Кудай! өлсөм да Кайратымдын балдарын көрүп, небере жыттап кетсем арманым болбос...
– Койчу, жеңе... Капкайдагы жаман кептерди айтканыңды токтот. Ал күндүн келери да алыс эмес.
Кепке абысыны кошулду.
– Дагы далай жакшылыктар алдыда. Жаман сөздү экинчи айтпаңыз, тфү-тфү-тфү!
Эки жагына түкүрүнүп, кайненемди жооткотуп баратты.
Ооруканада тааныш доктурга телефон чалышып, кезекке турбастан жүрөгүн текшерүүгө түз алып кирип кетишти. Биз сыртта коридордо орундукта күтүп отуруп калдык. Кайнагам Кайрат менен сүйлөшүп, ооруканада экенибизди эскертип койду.
– Бул жакта экенибизди угары менен Кайрат азыр келип каларын айтты. Келсе, мен барып байкемди тосуп келейин. Жылкыны алып жолго чыгышкан. Келер маалы болуп калды.
Көп өтпөй коридордун аягынан Кайраттын карааны көрүндү. Кайнагам Аман утурлай басып, экөө сыртка чыгып кетишти. Апамдын абысыны кара торусунан келген, толмоч тарткан көп сүйлөбөгөн аял. Оозуман кеп чыкпай кабагым карыш түйүлүп турса, сүйлөгүсү деле келбеди окшойт. Бири-бирибизди кепке тартып сүйлөшө албадык.
Доктурдун кабинетинин эшиги ачылып, медайым бизди чакырды.
– Бул кишиге көп толкунданганга, кайгырганга болбойт. Бул Республикалык кардиологиялык борборго жолдомо. Дарыланууну ошол жактан улантасыздар,- деп доктур жылуу-жумшак узатып койду.
Кайненемди абысыны экөөбүз эки жагынан колтуктай сыртка чыгып баратканбыз,
"Алия, Алия!" деген кимдир бирөөнүн артымдын чакырышы мени тык токтотту. Артымды карап Мезгилдин эжеси Жамалдын мени утурлай келе жатканын көрдүм.
– Силер бара бересиздерби?
Эжеси халатчан жүргөнүнө караганда бул жерде дарыланып жатса керек. Демек, Мезгилди да ушул жерден табууга толук мүмкүн. Азыр жок болсо да, баары бир ал эжесине келет. Билем, ал эжекеси дегенде ичкен ашын жерге коёр эле.
Баягы жайдары Жамал эженин ордунда көздөрү муңайым тарткан, жүдөңкү келин турду. Кучакташып көрүштүк. Ичимден бир шумдуктун болгонун сезип турдум.
– Сенин келериңди билгем. Мезгилдин достору сени таба алышпай канча убара болушту?..
Башымды чайкай, эмне жаңылык айтып жиберет деп эженин оозун карап калдым.
– Алия, эч нерседен кабарың жокпу? Мен куруюн... Апам... байкуш апам... Апамдан айрылып калдык.
– Коюңузчу, Батма апа жакшы эле жүрбөдү беле?
– Ажалга айла жана ар жок экен. Бөөдө кырсык айттырбай келет тура. Ал аз келгенсип, Мезгил дагы оор абалда бул жерде.
– Жок, ишенбейм...
Батма апаны өлүмгө, Мезгилимди ооруга кыйбай турдум. Билгем, жүрөгүм сезген бир нерсе болгонун. Бирок жакшылыкка гана жоруп келбедимби.
– Ал кайда, кайсы палатада? Мен Мезгилге жолугушум керек...
Жамал эженин артынан ээрчий палата жакка басарым менен Кайрат келип “бас кеттик” деп билектен алды.
Кайраттын кабагы түйүлүп, кумсарып, жеп жиберчүдөй теше тиктеди.
– Алия, билип турам, ал жакта Мезгил бар…
– Билсең ошо…
– Жолугуунун зарылчылыгы жок… Ал...
– Ал эмне экен?
Колумду бар күчүм менен силкип туруп Жамал эженин артынан ээрчидим. Кайын журтум тиреген асманы болсо түшүрүп жиберсин, мага азыр баары бир болчу. Сүйгөн адамыңдын оор абалда, өлүм алдында жатканын элестеткен учур эч бир адамдын башына келбесин. Ошол он кадам алыс, коридор башында жайгашкан Мезгил жаткан палата он чакырымга барабардай сезилди го, чиркин! Көзүмө эч нерсе көрүнбөй, кулагым чурулдап, алдыга карай жүткүндүм. Азыр жанына жетсем, экинчи сүйүктүүмдүн жанынан чыкпайм, трактор менен сүйрөтсө да… Ички сезимимде дал ушинтип өзүмө сөз берип бараттым.
Палатанын эшигин ача берип Жамал эже жол бошотту. Терезеге катарлаш коюлган керебетте аппак бинтке оролуп, эки көзү гана араң көрүнгөн Мезгилим жатыптыр. Бир бутун чоң асма темирге асып коюшуптур. Оо, Кудай, Мезгилимде ала албай турган эмне өчүң бар эле? Сыноонун дагы чеги болот го? Башы эшик жакка бурулуп, көздөрү биз жакта. Жалтыраган, үмүт менен караган көздөрүн кантип тааныбай коёюн? Ооба, ошол көздөр… Мени сүйө караган сезимтал көздөр, эркелете тиктеген мээримдүү көздөр…
– Мезгил, Мезгил… Сага эмне болду?
Керебет тушуна жетерим менен Мезгилимдин айланасы ак кымкапка бөлөнө башка дүйнөгө сүңгүп кеттим. Калганы эсимде жок.
Саамай чачтарымды артка тарай, жылуу алакан чекемден сылай кимдир бирөө мээрим төгө жүзүмдү тигилип карап турганын сезип жаттым. Ошол ким экенин билүүгө менде дарман жок. Алсырап, каным катып, аба жетишпей «суу, суу» деп оозумду алсыз кыймылдатканга араң жарадым.
– Алия, өзүңдү кандай сезип жатасың? Кел, суудан уурта...
Маңдайымда бир колу менен башымды жөлөп, экинчи колу менен стакандагы сууну эриниме такап мага ичиргени турган Кайратты көрдүм. Суунун таттуулугу, ай!
– Мен кайдамын? Мезгил кайда?
– Эч кабатырланба, алтыным. Эң негизгиси, болочок балаңдын атасы жаныңда. Ал эми эч качан келинчегин, баласын эч кимге кор кылбайт. Болгону жубайы анын сезимин бааласа, барктаса... Жолдошу аны сүйгөндөй сүйсө...
Бул эмне деп турат? Баласы дейби? Сүйлөгөнүнө караганда, мен... менин боюмда барбы? Кандайча? Аз эле убакытта да кош бойлуу болууга мүмкүнбү?
Эшик ачылып, толмочунан келген, ак халат кийген врач кирди да, түз эле Кайратты колунан кысып куттуктаганга үлгүрдү.
– Мына, дагы бир жолу текшерүүнүн жыйынтыгы, келинчегиңиз кош бойлуу экен. Куттуктайм!
– Рахмат, абдан кубанычтамын!
Кайраттын толкунданганы сүйлөгөнүнөн билинип, а мен, тескерисинче, бул сүйүнүчтү кабыл ала албадым.
– Алгач ишене албай турдук эле. Эч нерседен кам санабай келинчегиңизди үйүңүзгө алып кете берсеңиз болот. Толук бир айдан кийин жубайыңызды өзүм тизмеге алганга күтүп алам, буюрса.
Билем, эне болуу, кош бойлуу болуу – аялзатынын эң бир жагымдуу, алтынга татыгыс зобололуу бактысы. Бирок... Ушул мүнөттөрдө ошол бакытымды чанып турдум. Доктур болсо арыдан бери кан басымымды ченеп, "баары жайында, сиз эне болууга даярдана бериңиз" деп мени кошо куттуктады.
Тагдырдын кыйноосу эми башталды окшойт. Ооруканадан чыгып баратып "Мезгилге жолугушум керек" деп көгөрдүм. Бирок Кайрат мени зордоп туруп, кандай ала качып келсе, дал ошондой бөктөрө үйгө алып келди. Күйпөлөктөп кайненем өзүнүн ооруп турганын унутта калтырып, маанайы жайдары. Үйдөгүлөрдүн баары сыртка чыгарбаса да, тымызын сүйүнүп тургандарын алардын кабак-кашынан байкоого болот.
Кайрат мени эс ал деп уктоочу бөлмөгө жалгыз калтырып чыгып кетти. Жалгыз ойлонсун дедиби, айтор, ашыкча эч бир кеп козгободу. Ушундай убакта ичимде эки Алия урушуп, кеп-сөзгө келе албай жатышты. Бири "Алия, сен Мезгилди эсиңден чыгардыңбы? Сүйгөнүңдүн оор абалда жатканын көрүп, баары бир деп баса бергениңе жол болсун! Ал адамсыз таңың атпай, күнүң батпай калчудай сүйүү толгон кездер унутулдубу? Ага болгон аруу, таза сезимиңчи?" деп жемелесе, экинчиси менден өткөн акмак адам жок экенин, Кайраттын ак сүйүүсүн тебелеп турганым Кудайга жакпаган иш болорун кайталап, "Ичтеги түйүлдүктүн тагдырычы? Ага толук кандуу ата-эне керек" деп кошумчалайт. Иретсиз ойлорумду башкара албай, алар мени башкарып, кең ааламга сыйбай бараттым…
УЛАНДЫСЫ БАР....


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14
2- болуму