
илгери өткөн заманда бир короз болуптур. Ырас короз болуп жаралган соң короздугун кылып таң эртелеп кыйкырат экен. Үйдүн кожоюну саал нервныйраак неме го, бир күнү чыдабай корозуна "Өй корозбай! Такыр тынчтык бербес болдуң го! Кыйкырганыңы токтотпосоң дароо союп сорпо кылып ичип салам!"деп ызырыныптыр. Анда байкуш короздун көзү үлдүрөп "..урматтуу кожоюн,.. макул мен кыйкырбай койсом эле мемиреп тынчтык орнойбу? Айылда менден бөлөк короздор деле кыйкыра берет да, анда кантесиз?"десе да кожоюн такыр жибичүдөй эмес. Ошентип короз баштагыдай саар-кеч кыйкырбай, ичинен гана секи-иин шыбырап, пысып жашап калат дейт.
А бирок кыйкырбаган менен короз деген короз да, ары кайкалап, бери кайкалап , көкүрөгүн көтөрүп, койкое басып, тоокторду жөөлөп өткөн инстинктин койбойт имиш. Аны байкаган кожоюн "эу короз, сен эмне эле какая басасың!? Көкүрөгүңү кербей тиги тооктордой болуп эле томполоңдоп жүрө берсеңчи, мага чото койкойгонуң жакпай атат!"дейт. Кожоюнунун ачуусун түшүнгөн корозу "..мейличи эми, койкойбосом койкобой калаармын, мен ушинтсем эле бүткүл короздордун аброю түшүп кетмек беле, башка короздор койкоюп жүрсө деле жетиштүү.." деп өзүн сооротуп, кыйкырбай да, койкойбой да момурап жүрүп калат.
Күндөрдүн бир күнүндө кожоюндун кабагы дагы түнөрөт. Корозду чакырат да "..э короче мындай,..сен эмне тоокторго окшоп куркулдабайсың, алардан особыйсыңбы ыя?! Тооктордой болуп эле куркулдап жүргүн, антпесең аларга кошулбагансып бөлүнө берет экенсиң!.."деп күпүлдөйт. Кожоюнга протест кылыш кайда-аан,.. шордуу короз "..куркулдап койсом эмнем кемимек эле.." деп тоокторго аралашып куркулдоого да көнүп кетет...
Анан дагы бир күнү кожоюн куркулдап жүргөн корозуна басып келип "Эй корозбай! Сен эмне тиги тоокторго окшоп жумуртка туубайсың?! Көп особыйланбай эртеңден баштап жумуртка тууй баштайсың, болбосо союп сорпо кылам!!!"дейт жаалданып.😳
Мына ошондо кайран короз "...эээх, мындай болоорун билгенде, тээ мурда эле койкоюп короз бойдон өлгөнүмдө кыйла абройлуураак, кыйла намыстуураак өлбөйт белем.."деп шуу үшкүргөн экен..
** Ушунда-аай туугандар.. Ар кыл мүнөздүү кожоюндарды да, намысы жок куркулдаган короздор менен намыстуу короздорду да, томполоңдогон жоош тоокторду да саал ойлонто койчу икая экен аа?.. 😊
Жакшы жаткыла жакшылар!.. Эч бир кожоюндардан коркпогон, ийилбеген; ийилсе да полусогнутыйраак эле ийилген гордый короздорду түш көрүп жаткыла ылайым..! 👍🥱😊👍 )))


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15
Анан эмне болду экен?.