
(биздин да кээде пессимист болгонго акыбыз бардыр)
Заман мелтейип туржурайт, адам үмүтсүз көзүн жылтыратат. Жигит өзүнчө заман жүгүн кыӊылдап ырга салып сыртта кыяк тартат. Мен замандын да, адамдын да жүгүн аш кыла албай өз бөлмөмдө катып, селейип олтурам. Ойго саксайган, үрпөйгөн, самсаалап этек- жеӊи үзүлгөн бирдемелер илээшет. Мен так ошол калыбында баракка түшүрөм.
Дулдуят бул көк бет дүйнө. Думуктурат бул сасык жыт. Сайран курат самтырак этектүүлөр, сагынтат мени каякадыр житип кеткен үзүм ой. Сыртта адам өлөт, адамдарга кошулуп күн, ай, жылдыз анан жылдар өлөт!.. Думугуп, муунуп, ызасын көтөрө албай, арданып, асылып, аӊгырап жиндидей жер кезип, айкырып акыйкатын уурдатып, алдастап артын карап бара жатып жампага чалынып, сырын айтам деп чынын айтып алып, чындыгы өз башын жутуп, өлүп, кулап, урап, майдаланып, бөлүк- бөлүк болуп жер менен жексен болот бул аалам. Көз алдыӊда жан күйөт. Жан чаӊырат. Жан ыйлайт. Ыйды укпай дуулдайт тайкы дүйнө, чачын саксаӊдатып, башын жинди букадай чулгуп- чулгуп алып өз билгенин талкан чалат көркоолук. Өзүнө- өзү көр казат жамандар. Көргө алды жакшылар түшкөн менен ал жер жамандын бейити болорун эл билет. Эл билгенин айтпайт бирок кээде. Билбегендердин үнү кулак тундуруп, жаагын жанып, чаӊырып, чачын жайып, тизесин чапкылап мазени алат. Эл ошону үчүн унчукпайт, теӊелбейт. Теӊелбегенин утулду деп ойлойт жиндиканадагылар!
Жиндиканага сыйбайт бул тоо пейил дүйнө. Жиндикананын булуӊ- бурчунда тоодой адамдар, тоодой болуп өлүп атышат бирок. Тоонун өлүмүн кичинекей дөбөчөгө жашырып, дулдуӊдап жоон топ караан келет. Дүмүрөӊдөп, үӊкүйүп, көзүнүн төбөсү менен карап олтургандардын ызасы кылыч, кусасы канжардыр. Шибеге капка катылбаган бул адамзат ааламына кылыч менен канжарды катып коём дегендик- ЖИНДИЛИКТИР.
Мен да ал арада эл катары сени сагынамын! Кусам ичимди өрттөп, сагыныч көкүрөккө тепчилип, көп ичинде көзүм жалдырап сени күтөм. Иттикти, пастыкты көргөндө беттен алып, жулмалап, тытмалап ийбей ДУЛДУЮП бурулуп кетчү адатымды карматам. Мен бала күндөн майдалыкты үнсүздүк менен жеӊгенге гана көнгөнмүн. Бул менин багым дагы, шорум дагы болсо керек! Тээ каякадыр житип, чөгүп, тынчып калган нерсеге кусам артат. Анын житип, чөгүп, тынчып калганына ишенбейм БИРОК!
Кээде мага бул ой оору болуп келет. Башка аялзаты сыяктуу балдарымды, үй- бүлөмдү, от жаккан коломтомду, кечээ алган беш көйнөгүмдү ойлоп жашай берсем эмне болот деп өзүмдү да жемелейм. Бирок жүрөк дегениӊ жемени угабы? Жүрөк иши башкадыр… Мекенчилдик багым дагы, азабым...
Мээ кайык ойлор менен алп урушуп олтуруп, МЕН ТООЛУУ өлкөдө, тоодой болуп жашап, ТООДОЙ болуп өлө алган, тоо пейил мекендештеримди САГЫНДЫМ деген жазуусу бар баракты МОБУЛ ЖИНДИКАНАнын кире беришине илип койдум. МЕНИН жиндиликке берген жообум ушудур!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев