
Кыргызча аталышы : Семиз от.
Орусча аталышы : Портулак огородный.
Латынча аталышы : Portulaca oleracea.
Семиз от — бул отоо чөп эмес, тамак - ашка колдонууга боло турган жашылча сыяктуу чөп болуп саналат. Бул чөптү корооңузда өскөнүн көрсөңүз, жулуп ыргытууга ашыкпаңыз. Себеби бул чөптө витаминдер, макро, микро элементтер көп болгондуктан аны чийки бойдон тамак - ашка кошуп колдонсоңуз ден соолугуңузга пайда болот. Бирок бир күндүк норма 200 граммдан ашык болбошу керек.
Семиз от инсульттун алдын алат, кандагы холестеринди азайтат, жүрөк - кан тамыр ооруларына, геморрой, ичеги - карын, ич өткөкө жана тизе - муун ооруларында колдонулат. Ошондой эле бул чөп эркектердин жыныстык жактан ооруларында жакшы жардам берет. Семиз отту чийки бойдон жана кургатып да колдонсоңуз болот. Чийки бойдон майда туурап бетиңизге жабып маска жасап жүрсөңүз, ал беттин терисин жакшыртат. Жараларга коюп таңсаңыз, жараны тагы жок айыктырат. Чиркей же аары чакканда бул чөптүн маңызы менен сүртсөңүз, жара болуп ырбап кетпей кычыткыны басат.
Эркектердин жыныстык ооруларында : 200 мл кайнак сууга 1 аш кашык кургатылган семиз отту салып 60 мүнөт тундургандан кийин сүзүп алып, бир күндө 3 же 4 жолу 2 аш кашыктан кабыл алуу керек.
Артрит оорусуна : 1 аш кашык кургатылбаган чийки семиз отко 200 мл суу куюп 10 мүнөт кайнатып, жылуу жерге 2 сааттай коюп, анан сүзүп алгандан кийин, бир күндө 2 аш кашыктан 4 жолу кабыл алуу керек.
Семиз от кимдерге болбойт? Боюнда бар аялдарга, гипертония менен ооругандарга жана катуу нерви чыңалып турган адамдарга.
***
Портулак огородный, или дандур (лат : Portulaca oleracea) — однолетнее травянистое суккулентное растение, вид рода Портулак, семейства Портулаковые. Время цветение в июне - июле. Цветет маленькими желтыми цветками. Созревание плодов : август. Стебли лежачие, красноватого цвета.
Портулак не сорняк, а овощ продукт. Поэтому его молодые листья и стебли используют сырыми в пищу. Но суточная доза должна быть 200 грамм в сутки.
Противопоказания : беременным, гипертоникам и при сильном нервном напряжении.
Фото : Портулак огородный. Кыргызстан.
Бактыгул Кадырова..
Окуп жана бөлүшүңүз мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1