
*📖Илгерки той*
Үйлөнүү тою жаны түзүлгөн үй-бүлө үчүн эң маанилүү майрамдардын бири. Анткени, бул улпотто эки жубайдын жакын адамдары, тууган-уругу, жоро-жолдоштору никесин куттуктап
келет. Алар чын ыкласы менен жубайларга жана
алардын келечеги үчүн бата беришет. Ар бир элдин өзүнүн салты бар жана тою да ар
башка өтөт. Илгери кыргыздын колунда бары элге улак, эр сайыш, кулук чабыш, курош өткөруп, аламанга акын чыгарып ырдатып, конок болуп той берсе, колу жукалары алачыгына батаар
гана туугандарын чакырып, чакан болсо да шаанисин кылган экен. Канткенде да аламанга уул
үйлөгөндөгү той молураак берилген. Аны белгилүү бий башкарган. Анын айтканындай откон
той. Анткени, ал наркты, кааданы жана салтты да билген киши болгон.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Алыстан келген меймандар конокко бөлүнгөн,
тууганынын мейманын коноктоо жогору бааланган. Конок тийбей калса таарынган. Тийген конокту сыйлоо менен той ээсине болгон урматын, жакындыгын билдирген конок баккан тууганы.
Кыздын ата-энеси, тууган-уругу да союш союп той кылган. Тойго уул тараптан жоон топ кудалар келген. Аларды кучак жайып кыз төркүнү тосуп алат. Алаакыда жай кылдырып кудаларды
ошол жерге түшүрөт. Кудалар да кур кол келбейт, кылдап мал, күрүч-сабизине чейин каптап, кээде акындары коштоп кыздын элине да тойлук ала келет. Кудалары жакшы келсе: *«Жакшы жер экен»* деп эл сөз кылат. Кыздын атасы да көкүрөгүн керип калат.
💫💫💫💫💫💫💫💫
Тойдун аягында атайын үйдө кыз курбулары менен жолго камынып отурат. Ал жерде сандыктар, килемдер, кийимдер илинип, кыз тарап мактангысы келеби, же кызын камсыз узатып жатканын көрсөтөбү, иши кылып кыздын себи илинет. Мурдараак айыл аялдары сеп көргөнү келип, кемпир
байбичелер бата берип кетишет. Анан кыз курбулары менен күйөөнүн келишин күтүп отурат. Кээ бир жерлерде кыз отурган уйду бекитет. Куйөө жолдоштору менен ошол уйду табышы үчүн жеңелердин эбин табыш керек. Ал үйдү тапса да ага кириш түйшүк. Эшик алдында бир катар оюндар, күйөө тарапты кыйнамай башталат. Женелер кызды жөн эле берип койбойт. Күйөө ырчысын ырдатып, бийлегенин бийлетип, жолдоштору бул жерден да женелерди кепке келтирип анан үйго
киришет. Андан ары күйөөнү жугунтмой, ысырык салмай, күйөө жолдоштордун бут кийимин бекитмей, кулак чоймой, дагы ото коп салттар,
ырымдар отот, баарын эстоо, эсептоо да оңой
эмес. Айтмакчы, кыз узатууда кээде *<<өпкө менен чапмай, эчки айландырып садага бермей>>* сымал шариятка туура келбеген ырымдар болгон. Ошентип, ал үйдө күйөөнү, анын жолдошторун
сыйламай башталат. Дасторкон бети бош эмес. Бул учурда кыздын себи жуктоло берет. Аламан той да кызыйт, кудалар кучакташат, эл
да куунак, курсагы тоюп, батасын берет. Белгиленген убакытта кыз-күйөө отурган уйго молдо келип, никесин кыят. Анан кызды узатышат. Кыз
коштошот. Эрин ээрчип ботон журтка було күткөнү жол тартат.
Ал ортодо уул тарапта да той кызыган учуру. Келинди жана аны коштоп келген жеңелерин күйөө
тараптын аялдары тосуп алат. Келинди атайын тагылган көшөгөгө киргизишет. Анан күйөө тараптын аялдары улуулап келиндин жоолугун
көтөрүп, анын жүзүн көрүп, ала келсе жоолугун салып, батасын беришет. *«Ак жуумал, жылдыздуу экен, садага, өркүнү өссүн!»* деп жалпы кол жайып да кылышат. Келин келатканын байкагандан
баштап келин тосмой, жугунтмой, сеп тушурмой сымал ар түркүн салттар, ырымдар болуп өтөт.
Кийинчерээк совет доорунун өзүнүн той маданияты пайда болду. Эскиден келаткан салт барган
сайын женилдеп, жоюлуп отура берди. Барган сайын комсомолдук кечелер үстөмдүк кылып, күндузу аламан той, кечинде узунунан столдор коюлуп, ага арак тизилип, музыканттар чакырылып,
көбүнчө жаштардын гана үлпөтүнө айланды.
*📗Нике кереметери китебинен:*


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев