Бул эки негизги эрежени аткара билүүң керек.
1. Өзүң менен дос бол.
Жандүйнөңдөгү кыйкырыгың, өзүңдүн катаңды, кемчиликтериңди, өтмүшүңдү кабыл алып, алга карай жүр. Өзүңдү баалай бил.
Сен өзүңдө өзүң барсың. Сенде баары жетиштүү: сүйүү, бакыт, жакшылык. Эң керектүү нерсе - сүйүү, бакыт. Чынында, ал сенин көкүрөгүңдө. Сен өзүң бакыттын булагысың. Ушуну унутпа.
2. Өзүңдү абайла.
Өзүңдөн көйгөй издебе. Көйгөй артынба. Жөн гана өзгөчө экениңди кабылда. Күл, жаркыра. Сен укмушсуң!
Бул жашоо. Ооба, татаал, бирок кызыктуу. Ал сага өзүңдө болгон жакшы сапаттарыңды көрсөтүүгө берилген. Жашоонун жакшы жактарын гана кабыл ала билүүң керек.
Сен тоону томкоро аласың.
Бул дүйнө Сенин таманыңдын астында. Бул жөн гана сөз эмес, чындык. Сенин колуңдан келет. Мен сага ишенем.
Өзүңдү сындаба, жамандама. Айланага көңүл бурба. Негизгиси, жандүйнөңдүн тынчтыгы маанилүү.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1