Предыдущая публикация
Эки бөлөк биздин ойлор бир эмес
Ортобузду бөлүп турду кызганыч
Себеби жок тартышуулар аз эмес
Түшүнөлү сезимдерди сураныч
Болбосунчу болбосунчу кызганыч
Кайырма:
Келчи, кызганууну таштайлы
Келчи, жаңы жашоо баштайлы
Келчи, келчи гүлүм сагындым
Келчи, келчи ушул сулуу күз айы
Жүрөгүмдүн добушунда сен бардай
Ызаланган урушу да күч алды
Колумдагы шам чыгарым жаналбай
Жарык өчүп көкүрөктө күл калды
Кызганычтан көөдөнүмдө түн калды
Кайырма:
Келчи, кызганууну таштайлы
Келчи, жаңы жашоо баштайлы
Келчи, келчи гүлүм сагындым
Келчи, келчи ушул сулуу күз айы
Шамал.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев