"Рейтер" маалымат агенттигинин билдиришинче, парламентте бул жагдай каралып жатканда кворум болгон жок, ага кызматтан кеткенин жарыялаган президент Эво Моралестин "Социализмди көздөй кыймыл" партиясынын депутаттары катышпай койду.
Мунун алдында Конституциялык сот өлкөдө бийлик президент кызматтан баш тарта турганына байланыштуу алмашып жатканын, ошондуктан сенаттын макулдугу зарыл эмес экенин билдирген.
Муну менен сот өлкө башчынын ыйгарым укуктары Жанин Аньеске өткөнүн бышыктаган.
Мексикадан саясий башпаанек алган Ево Моралес "Твиттердеги" баракчасына оппозиция лидерин "өзүн өзү президент деп жарыялап алды" деп айыптады.
Борбор калаа Ла-Паседе Жанин Аньес менен Ево Моралестин тарапкерлери кагылышты.
Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган.
Анда Моралес 47 пайыз, ал эми анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.
Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан.
https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев