Ал жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, бул тууралуу облустук бийликке кабар беришпегенин "Азаттык" радиосуна айтты.
- Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу тууралуу маалымат, райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды, - деди Сатыбалдиев.
Бүгүн, 9-ноябрда социалдык тармактарга Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы жазылган маалымат тараган.
Мындан кийин Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев «Азаттыкка» айылдагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганын ырастаган болчу.
Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт.
Жакында эле Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы ачыкка чыгып, ал коомчулуктун сын-пикирин жараткан.
Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон. (RsK)
https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
Биринчи болуп 2000 жылдардын башында Чолпон-Ата шаарынын бир кочосуно Жуман Акималиевдин атын берген эле, уялышпай. Ал атактуу академик Жамин Акималиевдин иниси ошол кезде "Когултур Ысык-Кол" санаторийинин башкы дарыгери эле, болгону. Эч кандай элге эмгек синиргени, же ашыкча кадыр-баркка деле ээ эмес.
Азыркы тапта бул оору Казакстанда жайылган - Назарбаевдин ысымын ажатканалардан башкасынын баарына коюшат