Ал бул тууралуу «Твиттердеги» баракчасына жазды.
Трамптын администрациясы 2020-жылы болчу саммитти өткөрүүгө жаңы жер издей баштаганы кабарланды. Эми дүйнө лидерлери келерки жылы Кэмп-Дэвид резиденциясында жолугуп калышы мүмкүн.
17-октябрда Кошмо Штаттардын президентинин администрациясы Флорида штатындагы Дональд Трампка караштуу гольф-курорттордун бири «Чоң жетинин» саммитин өткөрүш үчүн тандалып алынганын жарыялаган.
Администрация башчысынын милдетин аткаруучу Мик Малвейни 2020-жылдын 10-12-июнь күндөрү өтө турган саммит үчүн 12 жай караштырылып, Майамидеги «Trump National Doral» гольф-курортун тандашканын айткан.
Өкүлдөр палатасынын юридикалык комитетинин төрагасы Жерри Надлер бул чечимди «президенттин жемкорлукка барып жатканын айгинелеген мисалдардын бири» деп атаган. Ошондой эле бул чечим коомчулуктун сынына кабылган. (BTo)
https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев