added yesterday at 20:25
Бүгүнкү студиянын коноктору - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Мирлан Бакиров.
added yesterday at 18:25
АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына Роберт О’Брайендин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Трамп 18-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына жазды. Роберт О’Брайен ушул тушта Мамлекеттик департаментте иштейт жана президенттин туткундар маселеси боюнча атайын кеңешчиси кызматында турат. Буга чейинки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ушул айдын башында кызматтан алынган. Дональд Трамп анын себебин Болтондун бир топ кеп-кеңешине макул
added yesterday at 17:17
LIVE. Ыңгайсыз суроолор: Чек ара качан тынчыйт?
added yesterday at 16:46
Каримованын кызы Ташкентти опузалады
added yesterday at 16:20
Варшавада узак мөөнөткө эркинен ажыратылган тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёровго белгилүү укук коргоочу Файзиннисо Вохидова атындагы эл аралык сыйлык берилди. Аны камактагы адвокаттын Европада жашаган бир тууганы Жамшед Ёров алды. Буга чейин Бузургмехр Ёров Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көсөтүлгөн. Ал Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2
added yesterday at 16:15
«Равшандын үч баласы жетим калды»
added yesterday at 16:05
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышууда кыргызстандык чек арачы, 41 жаштагы Равшан Муминов окко учту. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.
added yesterday at 14:45
Ооганстанда 17-сентябрда эки жерде болгон жардырууда өлгөндөрдүн саны 48 кишиге жетти. Бул Ооганстанда 10 күндөн кийин өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы жана АКШ менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан берки эң кандуу чабуулу болуп калды.
added yesterday at 14:35
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда кыргызстандык аскердин окко учканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган факты Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мындан сырткары чек арадагы окуяда аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургандардын жарадар болгону, үй, мектеп, байкоо салуучу мунараны аткылаган факты «Киши өл
added yesterday at 14:15
Орусиянын Москва шаарында жашаган тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон «Өзгөрүү, реформа жана өнүгүү» деген жаңы партия түзгөнүн жарыялады. Ал партиянын башкы максаты чет жерде иштеп, жашап жүргөн мигранттарды Тажикстандагы саясий жашоого аралаштыруу, парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу экенин билдирди.  Иззат Амон партияны жакында Тажикстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, аймактарда бөлүмдөрүн ачуу жагы караштырылып жатканын айтты.  Тажикстанда буга чейин да мигранттар
Show more
46 122 participants in the group
Иранда 29 жаштагы аял, эркектер арасында өткөн футбол таймашына кирүүгө аракет кылганы үчүн айыпталгандан кийин өзүн-өзү өрттөп, көз жумду. Анын өлүмү социалдык тармактарда нааразылык толкунун жаратып, көпчүлүгү Иран бийлигин аялдарга стадиондорго киргенге салган тыюу сынга алышты.
Log in or sign up to add a comment