Эл өкүлү мындай пикирин парламенттин 12-сентябрдагы түрдүү маселелер каралган жыйынында билдирди.
“Мен бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып, кырдаалды курчутууну жана адам укуктарын басмырлоону токтотуусун талап кылам. Мыйзамдык талаада гана маселени чечүүгө өтүү керек. Мен ошондой эле саясий партиялар, парламенттик системаны өнүктүрүү үчүн укуктук шарттарды түзүү сыяктуу жыйындарды өткөрүп келген Бириккен Улуттар Уюмун жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) алдындагы Демократиялык институттар жана Адам укуктары боюнча бюросун (БДИПЧ) 7-8-августтагы окуяларга, экс-президенттин камакка алынышына, “Апрель” жана “7-канал” телекомпанияларынын жана КСДПнын мүлктөрүнүн камакка коюлушуна эл аралык баа берүүнү өтүнөм”,- деди Ирина Карамушкина.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.
Окуядан кийин Атамбаев өзү, КСДПнын жана "Апрель" телеканалдарынын мүлктөрү кошо камакка алынган. (ErN)
https://www.youtube.com/watch?v=Q3N4mE2dL0k Баткен коогалаңынын актай барактары (2-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=Aec3mNAmfcc Баткен коогалаңынын актай барактары (3-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=dy3WRH2vH2E Баткен коогалаңынын актай барактары (4-бөлүм) https://www.youtube.com/watch?v=mGw5MjwSm4k
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев