*ИФК (ЖАЛАА ЖАБУУ) ОКУЯСЫ.*
Пайгамбарыбыз(с.а.в) баш болгон сахабалар Мадинага кайтып келе жатышты. Мадинага жакындап калганда баары эс алууга токтошту. Эртең менен азан чакырылып, намаз окулган соң кайрадан сапарларын улантышты. Дал ушул учурда, өз кажети үчүн алыска басып кеткен Айша энебиз моюнунда тагынып жүргөн мончогун жоготуп алып, аны издеп калды. Мончок эжесиники болчу. Аманатка бекем аял таштап кете албай же же таба албай бир канча убакыт буйдалап калды. Ал эми сахабалар Айша энебизди, төөсүнүн комунда(кабина)ичинде деп кете беришти. Анын сыртынан көрө алышпайт эле. Ошентип Айша энебиз эрме чолдо озу жалгыз калып калды. Бир канча убакыт откон соң алыстан бир төөчөн адам чыкты.