*
Пайгамбарыбыз(с.а.в) баш болгон сахабалар Мадинага кайтып келе жатышты. Мадинага жакындап калганда баары эс алууга токтошту. Эртең менен азан чакырылып, намаз окулган соң кайрадан сапарларын улантышты. Дал ушул учурда, өз кажети үчүн алыска басып кеткен Айша энебиз моюнунда тагынып жүргөн мончогун жоготуп алып, аны издеп калды. Мончок эжесиники болчу. Аманатка бекем аял таштап кете албай же же таба албай бир канча убакыт буйдалап калды. Ал эми сахабалар Айша энебизди, төөсүнүн комунда(кабина)ичинде деп кете беришти. Анын сыртынан көрө алышпайт эле. Ошентип Айша энебиз эрме чолдо озу жалгыз калып калды. Бир канча убакыт откон соң алыстан бир төөчөн адам чыкты. Ал талаада жалгыз олтурган каранды коруп бурулуп келди. Софван бин Муътал деген сахаба эле жакындап келгенде Айша энебизди тааныды. Анткени хиджаб парз болгонго чейин аны коруп жүргон эле. Ал Айша энебиздин жанына келип төөсүн чоктуруп, артын карап туруп алды. Салам да айткан жок, сүйлогон да жок. Айша энебиз тоого минген соң гана келип төөнү жетелеп жөнөдү. Алар Мадинага жакындап калган кезде, аларды мунафыктардын кээ бироолору корүп калган болчу. Бузукулуктун баары мына ушундан башталган болчу. Алар Пайгамбардын аялы жаман жолдо журөт деп доомат кылып, Айша энебизге жалгандан жалаа жаба башташты. Аны укканда Пайгамбарыбыз(с.а.в) катуу кайгыга чөмулду. Бирок Аллахтын каалоосу менен катуу ооруп тошокко жатып калган Айша энебиз бул кабар анданда коп кайгырды козунон аккан жаштан улам жаздыгы суу болду.
Пайгамбарыбыз (с.а.в) Абу Бакрдын уйуно барып, Айша энебиздин жанына олтуруп, келме келтирип, Аллахка мактоо айткандан кийин:
- *Айша эгер таза болсоң, Аллах жакында таза экенинди билдирет. Эгер күнөө кылсаң, анда Аллахга тооба кыл, Аллах тообаларды кабыл кылат-* деди.
- *Бул жалааны угуп ишенип алдынар, мен эми тазамын десем ишенбейсинер. Өзүм барбаган жаман нерсени аткардым десем ишенесинер. Өзүм үчүн да силер үчүнда Юсуфтун атасынын <<Жакшы сабыр кыл,Аллах өзү жардам берүүчү>> сөзүн гана үлгү кылам деп. Дуба кыла баштады.*
Мына ушул учурда Пайгамбарыбыз(с.а.в) га вахий келди
*-Оо Айша суйунчу. Аллах Таала жети кабат асмандын үстунөн сени таза экенинди жарыя кылды-* деди.
_*<<Чындыгында, абийрдүү, ак ниеттүү момун аялга жалаа жапкандар -бул дүйнөдө да, акыретте да каргышка калышат. Албетте, алар үчүн чоң азаптар бар. Кыямат күнү алардын тилдери, колдору жана буттары эмне иш кылгандарына күбө болушат. Ошол күнү Аллах аларга ылайыктуу жазасын толук берет. Анткени, алар Аллахтын ачык Акыйкат экенин билишет. >>*_ деген аяттарды тушурду(Нур, 23-25аяттары)
Адамдардын жалаасына торт кубө болмоюнча ишенууго болбойт.
Кимдир бирөө сага экинчи бирөөну жамандай баштаса андан батырак алыстап кет. Анткени, ал эртен сенида бирөөгө жамандоого жөндөмдүү.
📖 _Өчпөс өмүр_
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев